Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-БӨЛҮМ

«Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»

«Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»

1, 2. а) Эмне себептен сакчылар Исаны кармабай, өздөрү эле кайтып барышкан? б) Исанын мыкты окутуучу болгонунун сыры эмнеде эле?

ФАРИСЕЙЛЕРДИН жаалы бетине чыгып, каары кайноодо. Анткени Иса ибадатканада элди Атасы жөнүндөгү чындыктарга окутуп жатат. Аны угуп тургандар өз ара эки топко бөлүнгөн: көптөрү ага ишенишсе, айрымдары аны колго түшүрүүнүн айласын издешүүдө. Ачуусуна ууккан диний жетекчилер Исаны кармап келүүгө сакчыларды жиберишет. Бирок сакчылар аны кармабай, өздөрү эле кайтышат. Жогорку дин кызматчылар менен фарисейлер сакчылардан: «Аны эмнеге кармап келген жоксуңар?» — деп сурашканда, алар: «Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»,— деп жооп беришет. Сакчылар Исанын окутканына ушунчалык таасирленгендиктен, аны кармоого батына албай коюшат * (Жакан 7:45, 46).

2 Исанын окутканына жалгыз эле сакчылар таңданган эмес. Аны угуш үчүн абдан көп эл чогула турган (Марк 3:7, 9; 4:1; Лука 5:1—3). Исанын мыкты окутуучу болгонунун сыры эмнеде эле? 8-бөлүмдөн билгенибиздей, ал өзү окуткан чындыктарды жана адамдарды жакшы көргөн. Ошондой эле натыйжалуу окутуу ыкмаларын жакшы билген. Бул бөлүмдөн ал колдонгон окутуу ыкмалардын үчөөнү карап чыгабыз жана аны бул жагынан кантип туурай аларыбызды билебиз.

Жөнөкөй окуткан

3, 4. а) Иса эмне үчүн жөнөкөй окуткан? б) Исанын жөнөкөй окутканы Тоодогу насаатынан кандайча көрүнүп турат?

3 Исанын сөз байлыгы аябагандай кенен болгон. Ал, ошентсе да, угуучуларынын көбүнүн «билими жок карапайым» экенин эске алып, түшүнүүгө кыйын болгон нерселерди айткан эмес (Элчилер 4:13). Алардын эске тутуу жөндөмдүүлүгүнүн чектелүү экенин билгендиктен, өтө көп маалымат берүүдөн качкан (Жакан 16:12). Ал жөнөкөй эле сөздөр менен терең чындыктарды жеткире билген.

4 Мисалга анын Матай 5:3—7:27-аяттарда жазылган Тоодогу насаатын алалы. Исанын ошондо айткан акыл-насааттары терең маанини камтыйт жана жүрөктү козгойт. Иса баш катырган ойлорду же сөздөрдү айткан эмес. Анын айткандарын атүгүл кичинекей бала да оңой түшүнө алат. Ошондуктан Иса Тоодогу насаатын айтып бүткөндө, эл, анын ичинде көптөгөн дыйкандар, койчулар, балыкчылар «анын окутуусуна абдан таң калган» (Матай 7:28).

5. Исанын терең маанини камтыган жөнөкөй ойлорунун айрымдарын айтып бер.

5 Адамдарды окутууда Иса көбүнчө терең маанини камтыган жөнөкөй, кыска ойлорду айткан. Ушундан улам анын айткан кабары маалыматты негизинен оозеки түрүндө кабыл алган угуучуларынын акылы менен жүрөктөрүнөн терең орун алган. Анын айткандарынын айрымдарын эстесеңер: «Айыпталбашыңар үчүн, мындан ары эч кимди айыптабагыла»; «дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж»; «рух сергек, ал эми дене алсыз»; «падышага тиешелүүнү падышага, Кудайга тиешелүүнү Кудайга бергиле»; «алганга караганда берген бактылуу» * (Матай 7:1; 9:12; 26:41; Марк 12:17; Элчилер 20:35). Анын бул сөздөрдү айтканынан 2000 жылга жакын убакыт өтүп калса да, алар күнү бүгүнкүдөй таасирдүү жана эстеп калууга оңой.

6, 7. а) Жөнөкөй окутуу үчүн түшүнүүгө оңой болгон сөздөрдү колдонгонубуз эмне себептен маанилүү? б) Кызыгуучуга өтө көп маалымат берүүдөн канткенде кача алабыз?

6 Канткенде биз да жөнөкөй окута алабыз? Ан үчүн көптөргө түшүнүүгө оңой болгон сөздөрдү колдонушубуз керек. Кудайдын Сөзүндөгү негизги чындыктар татаал эмес. Жахаба өзүнүн ой-ниетин жүрөгү таза, момун адамдарга ачып берет (1 Корунттуктар 1:26—28). Андыктан Кудай Сөзүндөгү чындыктарды башкалардын жүрөгүнө кылдат тандалган жөнөкөй сөздөр менен эле жеткирүүгө болот.

Жөнөкөй окут

7 Жөнөкөй окутуу үчүн кызыгуучуга өтө көп маалымат берүүдөн да качканыбыз оң. Аны менен Ыйык Китепти изилдеп жатканда ар бир ойду майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүүнүн кажети жок. Ошол эле учурда өтүлүп жаткан материалды тезирээк бүтүрүүгө шашпашыбыз керек. Канча маалымат талкуулоо керектигин кызыгуучунун муктаждыктарына жана жөндөмдүүлүктөрүнө жараша аныкташыбыз зарыл. Биздин максат — кызыгуучуга көбүрөөк маалымат берүү эмес, ага Исанын жолдоочусу жана Жахабанын кызматчысы болууга жардам берүү. Ошондуктан кызыгуучунун материалды өздөштүрүшүнө канча убакыт керек болсо, изилдөөгө ошончо убакыт бөлүшүбүз кажет. Ошондо гана ыйык китептик чындыктар анын жүрөгүн козгоп, үйрөнгөндөрүн иш жүзүндө колдонууга түрткү берет (Римдиктер 12:2).

Суроолорду чебер колдоно билген

8, 9. а) Иса суроолорду эмне үчүн колдонгон? б) Петирге туура жыйынтык чыгарууга жардам берүү үчүн Иса суроолорду кантип колдонгон?

8 Иса адамдарды суроолорду натыйжалуу колдонуу менен да окуткан. Ал угуучуларына кайсы бир ойду убакыт коротуп отурбай эле дароо айтып коё алса да, көп учурда суроолорду колдонгон. Эмне үчүн? Ал кээде суроолорду душмандарынын анык ниетин ачыкка чыгарыш үчүн берчү. Берген суроолорунан улам анын душмандары ага каршы ооз ача албай калышчу (Матай 21:23—27; 22:41—46). Бирок Иса көбүнчө суроолорду шакирттерин оюн ачык айтууга жана ой жүгүртүүгө түрткү берүү үчүн колдончу. Мына ошондуктан ал «кандай деп ойлойсуң?», «буга ишенесиңби?» деген сыяктуу суроолорду берчү (Матай 18:12; Жакан 11:26). Ушундай суроолордун жардамы менен шакирттеринин жүрөгүн козгогон. Буга байланыштуу бир мисал карап көрөлү.

9 Бир жолу салык жыйноочулар Петирден: «Устатыңар ибадаткана салыгын төлөйбү?» — деп сурашканда, ал ойлонбой туруп эле: «Ооба»,— деп жооп берген *. Анан Иса андан: «Кандай деп ойлойсуң, Симон, жердеги падышалар киши башына төлөнчү салыкты же алымды кимден алышат? Өз уулдарынанбы же бөтөн кишилерденби?» — деп сурайт. Петир: «Бөтөн кишилерден»,— деп жооп берет. Иса ага: «Демек, уулдары салык төлөбөйт турбайбы»,— деп айтат (Матай 17:24—27). Петирдин Исанын айтайын деген оюн түшүнгөнү шексиз, анткени падышанын үйүндөгүлөрү салык төлөчү эмес. Ал эми Иса асмандагы Падышанын сүйүктүү уулу болгондуктан жана адамдар ибадатканага келип анын Атасына сыйынгандыктан салык төлөөгө тийиш эмес болчу. Иса Петирге дароо эле ток этер жерин айтып коё алмак, бирок сылыктык менен суроолорду берип, ага туура жыйынтык чыгарууга жана жооп берерден мурун жакшылап ойлонуу керектигин түшүнүүгө жардам берген.

Үй ээсине кызыктуу боло турган суроолорду бер

10. Үйдөн үйгө кабар айтууда суроолорду канткенде натыйжалуу колдоно алабыз?

10 Суроолорду кызматта канткенде натыйжалуу колдоно алабыз? Үйдөн үйгө кабар айтып жүргөндө адамдардын кызыгуусун туудурган, жакшы кабарды угушуна өбөлгө түзө турган суроолорду колдонгонубуз абзел. Мисалы, улгайып калган кишиге сылыктык менен: «Ушунча жашка келгенге чейин дүйнөдөгү кандай өзгөрүүлөргө күбө болдуңуз?» — деген суроо берсек болот. Анын жообун уккандан кийин: «Кандай деп ойлойсуз, жашообузду ким жакшы жакка өзгөртө алат?» — деп сурасак болот (Матай 6:9, 10). Ал эми кичинекей баласы бар аялга жолугуп калсак, ага: «Балаңыз чоңоюп, бойго жеткенде жашоо кандай болот деп ойлонуп көрдүңүз беле?» — деген суроо бергенибиз ылайыктуу болушу мүмкүн (Забур 36:10, 11). Үйдөн үйгө кабар айтууда баамчыл болсок, үй ээсине ылайыктуу суроолорду беребиз.

11. Ыйык китептик изилдөө өткөрүүдө суроолорду кантип натыйжалуу колдоно алабыз?

11 Ыйык китептик изилдөө өткөрүүдө суроолорду кантип натыйжалуу колдоно алабыз? Жакшы тандалган суроолор адамдын жүрөгүндө эмне бар экенин билүүгө жардам берет (Накыл сөздөр 20:5). Кызыгуучу менен «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» * китебинин «Жашооңду Кудайга жаккыдай өткөр» деген бөлүмүн изилдеп жатасыңар дейли. Ал бөлүмдө жыныстык адеп-ахлаксыздыкка, аракечтикке жана жалган айтууга Кудайдын кандай караары талкууланат. Кызыгуучунун жоопторунан Ыйык Китептин эмнеге окутарын түшүнөрү көрүнүшү мүмкүн, бирок аларга кошулар-кошулбасын билүү үчүн андан: «Кудайдын ушул сыяктуу нерселерге байланыштуу койгон талаптарынын акылга сыярлык экенине кошуласыңбы?» — деп сурасак болот. Ошондой эле: «Бул жерде айтылгандарды жашооңдо кантип колдоно аласың?» — деген суроо берсек болот. Бирок кызыгуучунун кадыр-баркын сыйлап, сылык болуу керектигин да унутпаганыбыз маанилүү. Ошондуктан аны ыңгайсыз абалга калтыра турган суроолорду берүүдөн качабыз (Накыл сөздөр 12:18).

Логиканы мыкты колдонгон

12—14. а) Иса логиканы кайсы учурларда колдончу? б) Иса фарисейлерге кандай логика келтирген?

12 Жеткилең акылга ээ болгондуктан Иса логиканы чебер колдонгон. Ал логикалуу далилдерди келтирип, каршылаштарынын жалган жалаасын төгүнгө чыгарчу. Бирок Иса көп учурда логиканы жолдоочуларын маанилүү нерселерге үйрөтүш үчүн колдончу. Буга байланыштуу айрым мисалдарга токтололу.

13 Иса сүйлөй албаган, көзү көрбөгөн кишини айыктырганда, фарисейлер: «Бул деген жиндерди жиндердин башчысы Белзебулдун [Шайтандын] жардамы менен кууп чыгарып жатат»,— деп айтышкан. Фарисейлердин сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, алар, табияттан тыш күч болбосо, жиндерди кууп чыгаруу мүмкүн эмес экенин билишкен. Бирок алар Иса жиндерди Шайтандын күчү менен кууп чыгарып жатат деп ырасташкан. Фарисейлердин ырастоосу жалган эле болбостон, акылга да сыярлык эмес болчу. Алардын ой жүгүртүүсүнүн туура эместигин айгинелеп, Иса мындай деген: «Ич ара бөлүнгөн ар бир падышалык кулайт, ошондой эле ич ара бөлүнгөн ар бир шаар же үй кыйрайт. Ошо сыяктуу эле, эгер Шайтан Шайтанды кууп чыгарып жатса, анда ал ич ара бөлүнгөн болот. Андай болсо, анын падышалыгы кантип туруштук бере алат?» (Матай 12:22—26). Бул сөздөр менен Иса: «Эгер мен Шайтандын өкүлү болуп туруп, анын иштерин бузуп жатсам, анда Шайтан өзүнө өзү каршы иш кылган болбойбу? Ушундай болсо, ал жакында кыйроого учурайт»,— деп айткысы келген. Фарисейлер мындай логиканын төгүндөлгүс экенин четке кага алышкан эмес.

14 Иса фарисейлердин шакирттеринин айрымдары жиндерди кууп чыгарып жүргөнүн билгендиктен, андан ары сөзүн улап, алардан: «Эгерде мен жиндерди Белзебулдун жардамы менен кууп чыгарып жатсам, анда силердин шакирттериңер кимдин жардамы менен кууп чыгарып жатышат?» — деп сураган (Матай 12:27). Мындайча айтканда, Иса: «Эгер мен жиндерди Шайтандын күчү менен кууп чыгарып жатсам, анда силердин шакирттериңер да ошол эле күч менен кууп чыгарып жаткан жокпу?» — деп айткан. Фарисейлер буга каршы эч нерсе айта алышкан эмес. Анткени алар шакирттери жиндерди Шайтандын күчү менен кууп чыгарат дегенди эч качан мойнуна албайт болчу. Ошентип, Иса алардын туура эмес ой жүгүртүүсүн өздөрүнө каршы колдонуп, алардын ырастоосунун таптакыр негизсиз экенин көрсөткөн. Бул окуя тууралуу окуунун өзү эле бизге ушунчалык терең таасир этет. Анда Исанын жанында жүрүп, ошол сөздөрдү анын кандай тон менен айтканын өз кулагы менен уккандарга канчалык күчтүү таасир эткенин элестетсеңер!

15—17. Атасы жөнүндөгү жүрөк козгоорлук чындыктарга окутууда Иса салыштыруу ыкмасын кандайча колдонгон? Мисал келтир.

15 Иса башкаларды Атасы жөнүндөгү жүрөк козгоорлук чындыктарга окутуу үчүн да логиканы жана жүйөлүү далилдерди келтирген. Ал угуучуларына тааныш чындыктарды тереңирээк түшүндүрүү үчүн көп учурда «ого бетер» деген сыяктуу ойду күчөтүп берген сөздөрдү колдонгон. Салыштырууга негизделген анын бул ыкмасы адамдарга абдан күчтүү таасир эткен. Буга байланыштуу эки мисал карап көрөлү.

16 Шакирттери тиленүүнү үйрөтүшүн сураганда, Иса алардын суроосуна жооп берген соң, адамдардын жеткилеңсиз болсо да, балдарына «жакшы белектерди берүүгө» даяр экенин айткан. Анан: «Силер күнөөкөр болуп туруп балдарыңарга жакшы белектерди бергенди билсеңер, анда ого бетер асмандагы Атаңар өзүнөн сурагандарга ыйык рухун бербейби?» — деген (Лука 11:1—13). Иса бул жерден салыштыруу ыкмасын колдонгон. Эгер жеткилеңсиз ата-энелер балдарына кам көрсө, анда асмандагы жеткилең, адил Атабыз андан момундук менен ыйык рух сурап тиленген ишенимдүү кызматчыларына ыйык рухун сөзсүз берет!

17 Тынчсызданбоого байланыштуу кеңеш бергенде да Иса салыштырууну колдонгон. Ал мындай деген: «Каргаларды карагылачы: алар эгин экпейт, оруп-жыйбайт. Алардын сактай турган жайы да, кампасы да жок. Ошентсе да Кудай аларды азыктандырат. Силер канаттуулардан алда канча баалуу эмессиңерби?! Лилия гүлдөрүнүн кантип өсүп жатканын карагылачы: алар эмгектенбейт, жип ийрибейт... Бүгүн талаада өсүп, эртең мешке ыргытыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди кантип кийиндирбей койсун, ишеними аздар?!» (Лука 12:24, 27, 28). Чынында эле, эгер Жахаба чымчыктар менен гүлдөргө кам көрсө, аны сүйгөн жана ага кызмат кылган адамдарга андан бетер кам көрбөйбү?! Ушундай салыштыруу менен Иса угуучуларынын жүрөгүн козгогону шексиз.

18, 19. Кудайдын бар экенине ишенбегендерге кандай логика келтирсек болот?

18 Жалган окууларды төгүнгө чыгаруу үчүн биз да кызматыбызда жакшы ойлонуштурулган логиканы колдонууга аракет кылабыз. Ошондой эле башкаларды Жахаба жөнүндөгү чындыктарга окутуу үчүн ынандырарлык далилдерди келтиребиз (Элчилер 19:8; 28:23, 24). Бирок сөзсүз эле татаал далилдерди келтирүүнүн кажети жок. Исанын үлгүсүнөн көрүнүп тургандай, жөнөкөй логика таасирдүүрөөк болот.

19 Мисалы: «Кудайды көрбөсөм, ага кантип ишенем?» — дегендерге эмне десек болот? Андайда, балким, «себеп — натыйжа» принцибин колдонуп көрөттүрбүз. Биз бир нерсенин натыйжасын көрсөк, анын себеби да болорун билебиз. Ошон үчүн мындай десек болот: «Чөлдөн ичинде бардык азык-түлүгү бар заңгыраган үйдү (натыйжа) көрсөңүз, аны кимдир бирөө (себеп) салганына шектенет белеңиз? Анда жашоого керектүү зарыл нерселери арбын, баары майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуштурулган табиятты (натыйжа) да Кимдир бирөө (Себеп) жаратканы акылга сыярлык эмеспи? Ыйык Китептин өзүндө да: „Ар бир үй кимдир бирөө тарабынан курулат, ал эми бардыгын курган — Кудай“,— деп айтылат» (Эврейлер 3:4). Бирок канчалык жүйөлүү далилдерди келтирбейли, айткандарыбызга баары эле ынана бербесин унутпашыбыз керек (2 Тесалоникалыктар 3:2).

Адамдын жүрөгүн козгой турган жүйөлүү далилдерди келтир

20, 21. а) «Ого бетер» деген сыяктуу сөздөрдү кантип колдонсок болот? б) Кийинки бөлүмдөн эмне тууралуу билебиз?

20 Ошондой эле, кызматыбызда болобу же жыйналыштабы, башкалардын көңүлүн Жахабанын сапаттарына жана мыйзам-принциптерине бурууда «ого бетер» деген сыяктуу ойду күчөтүп берген сөздөрдү колдонсок болот. Маселен, тозок оту жөнүндөгү окуунун Жахабага тил тийгизерин көрсөтүү үчүн, балким, мындай дейттирбиз: «Мээримдүү ата тил албай койгон баласын жазалоо үчүн анын колун отко кактайт беле? Анда биздин асмандагы мээримдүү Атабызга тозок оту жөнүндөгү ойдун өзү эле канчалык жийиркеничтүү!» (Жеремия 7:31). Ал эми көңүлү чөккөн ишенимдешибизди Жахабанын аны сүйөрүнө ынандыруу үчүн мындай десек болот: «Эгер кичинекей эле таранчы Жахаба үчүн аябай баалуу болсо, анда жердеги кызматчыларынын ар бирин, анын ичинде сени да андан бетер баалабайбы?» (Матай 10:29—31). Ушундай ыкманы колдонуу менен башкалардын жүрөгүн козгой алабыз.

21 Исанын окутуу ыкмаларынын үчөөнү эле карап чыгуу менен аны кармап келүүгө жиберилген сакчылардын: «Эч ким эч качан бул кишидей сүйлөгөн эмес»,— дешкенде ашыра айтышпаганын көрдүк. Кийинки бөлүмдө Исанын эң белгилүү ыкмасы, мисалдардын жардамы менен окутуу ыкмасы, талкууланат.

^ 1-абз. Сакчылар, кыязы, Синедриондун кызматчылары болгон жана жогорку дин кызматчыларга баш ийишкен.

^ 5-абз. Элчилер 20:35те жазылган бул сөздөрдү элчи Пабыл гана цитата келтирген. Ал сөздөрдү Пабылга, кыязы, Исанын жанында жүргөндөр айткан же тирилген Исадан өзү уккан. Же болбосо ал сөздөр ага аян аркылуу айтылган болуш керек.

^ 9-абз. Жүйүттөр жыл сайын ибадатканага эки күндүк айлык акыны түзгөн эки драхма төлөшчү. Бир эмгекте: «Ал салык күн сайын элдин күнөөсү үчүн чалынган бүтүндөй өрттөлүүчү жана башка курмандыктарга кеткен чыгымдарды жабууга жумшалчу»,— делет.

^ 11-абз. Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.