Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮМ

«Мен ошол үчүн жиберилгем»

«Мен ошол үчүн жиберилгем»

1—4. а) Иса самариялык аялга кандай күбөлөндүрүү берген жана анын натыйжасы кандай болгон? б) Исанын элчилери буга кандай карашкан?

ИСА жолдоочулары менен бир нече сааттан бери жол жүрүп келатат. Алар Жүйүт жергесинен түндүктү көздөй Галилеяга баратышат. Эң кыска жол Самария аркылуу өткөн үч күндүк жол эле. Түшкө маал алар Сихар деген шаарчанын четине келип, бир аз эс алуу үчүн токтошот.

2 Элчилери тамак сатып келүү үчүн кеткенде, Иса шаардын сыртындагы кудуктун жанына барып отурат. Анан кудукка бир аял суу алганы келет. Иса «жолдон чарчагандыктан» ага көңүл бурбай деле коё алмак (Жакан 4:6). Ал көзүн жумуп, аны байкамаксан болуп койсо деле, аны эч ким айыптамак эмес. Бул китептин 4-бөлүмүнөн билгенибиздей, сууга келген аял жүйүт кишинин аны байкамаксанга салганына таң калбайт деле болчу. Бирок Иса аны менен сүйлөшөт.

3 Иса сөзүн аялдын күндөлүк жашоосуна байланыштуу нерседен баштайт. Аял кудукка суу алганы келгендиктен, Иса ага рухий муктаждыгын канааттандыра турган өмүр берүүчү суу жөнүндө айткан. Самариялык аял Исага талаш-тартышка алып келиши мүмкүн болгон бир нече суроо берген *. Бирок Иса аны менен талашып-тартышып кирбестен, маегин сылыктык менен уланта берген. Ал анын көңүлүн рухий нерселерге — чыныгы сыйынууга жана Жахаба Кудайга — бурган. Исанын сөздөрү аялга күчтүү таасир эткендиктен, ал Иса жөнүндө шаардагыларга айтып барган, натыйжада алар да Исаны угууну каалашкан (Жакан 4:3—42).

4 Элчилер кайтып келгенде Исанын ал аялга күбөлөндүрүү бергенине кандай карашкан? Алар буга кубанышкан деле эмес болуш керек. Элчилер Исанын самариялык аял менен сүйлөшкөнүнө таң калышкан. Алар ал аял менен сүйлөшкөн эмес көрүнөт. Аял кеткенден кийин, элчилер Исага тамактанып алууну айтышат. Иса аларга: «Менин силер билбеген тамагым бар»,— дейт. Башында элчилер анын сөздөрүн түзмө-түз түшүнүп, таң калышат. Ошондо Иса аларга: «Менин тамагым — мени жибергендин эркин аткаруу жана ал тапшырган ишти аягына чыгаруу»,— деп айтат (Жакан 4:32, 34). Ошентип, Иса шакирттерине жашоосундагы эң негизги иштин тамактан да маанилүү экенин түшүндүргөн. Ал шакирттеринин да ал ишке карата ошондой көз карашта болушун каалаган. Ал эмне болгон иш?

5. Исанын жашоосундагы эң маанилүү иш кайсы эле жана бул бөлүмдө эмнени карап чыгабыз?

5 Бир жолу Иса: «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деген (Лука 4:43). Ооба, Иса Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтуу үчүн жана окутуу үчүн жиберилген болчу *. Анын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары да ошол ишти аткарууда. Андыктан кабар айтууга Исага эмне түрткү бергенин, эмне жөнүндө кабар айтканын жана кызматына карата кандай көз карашта болгонун карап чыкканыбыз абдан маанилүү.

Кабар айтууга Исага эмне түрткү берген?

6, 7. Иса «ар бир окутуучунун» жакшы кабарды башкаларга айтууга карата кандай көз карашта болушун каалаган? Мисал менен түшүндүр.

6 Келгиле, адегенде Исанын өзү окуткан чындыктарга кандай караганына токтололу, андан соң окуткан адамдарына карата кандай көз карашта болгонун карап чыгабыз. Жахаба үйрөткөн чындыктарды башкалар менен бөлүшүүгө кандай караарын көрсөтүү үчүн Иса айкын мисал колдонгон. Ал: «Асман падышалыгы жөнүндө билим алган ар бир окутуучу өзүнүн казынасынан жаңыны да, эскини да алып чыккан үй ээсине окшош»,— деген (Матай 13:52). Бул мисалдагы үй ээси казынасынан баалуу нерселерин эмне себептен алып чыккан?

7 Ал, байыркы убактагы Хиския падышадай болуп, байлыгын жөн гана элге көрсөтүү үчүн алып чыккан эмес (2 Падышалар 20:13—20). Анда Исанын мисалындагы үй ээси байлыгын эмне себептен алып чыккан? Бир мисалга токтололу: сен кадыр-барктуу бир мугалимдин үйүнө бардың дейли. Ал тартмадан бири эскилиги жетип, саргарып кеткен, экинчиси болсо жаңы эки кат алып чыгат. Каттарды мугалимге атасы жазган: биринчисин анын бала кезинде, экинчисин жакында эле жазган. Мугалим каттарда жазылгандардын ал үчүн канчалык баалуу экенин, алар анын жашоосун кандайча өзгөрткөнүн жүзүнөн нур жанып, кубаныч менен айтып берет. Ошондой эле ал каттардын сага да жардам берерин айтат. Ал атасы жазган каттарды бапестеп, жогору баалайт (Лука 6:45). Мугалим каттарды сага мактануу үчүн же кандайдыр бир жол менен пайда көрүү үчүн эмес, алардан сенин да пайда алышыңды каалагандыктан жана алар ал үчүн канчалык баалуу экенин көрсөткүсү келгендиктен алып чыгат.

8. Кудайдын Сөзүнөн билген чындыктарды эмне үчүн кенч деп айтууга болот?

8 Улуу Окутуучу болгон Исага да Кудайдын чындыктарын башкаларга айтууга дал ушундай каалоо түрткү берген. Ал чындыктар Иса үчүн баа жеткис кенч болгон. Иса ал чындыктарды жакшы көргөн жана аларды башкалар менен бөлүшүүгө ынтызар болгон. Ал өзүнүн жолдоочуларынын да — «ар бир окутуучунун» — ушундай маанайда болушун каалаган. Биз ушинтип жатабызбы? Бизде Кудай Сөзүнөн билип жаткан чындыктарды баалоого көптөгөн себептер бар. Биз чындык сөздөрүн, мурунтан билген окууларбы же жакында эле билген чындыктарбы — баарын жогору баалайбыз. Жахаба үйрөтүп жаткан нерселерди башкаларга чын жүрөктөн айтуу менен, ошондой эле чындыктарга болгон сүйүүбүздү суутпоо менен аларды Исадай баалаарыбызды көрсөтөбүз.

9. а) Иса окуткан адамдарына кандай караган? б) Исанын адамдарга кылган мамилесинен биз эмнеге үйрөнө алабыз?

9 Иса окуткан адамдарын да сүйгөн. Бул тууралуу 3-бөлүктө көбүрөөк талкууланат. Машаяктын «кедей менен жакырга ырайым кылары» тууралуу алдын ала айтылган (Забур 71:13). Чынында эле, Иса адамдарга чын ыкластан кам көргөн. Ал адамдарга кандай ойлор, көз караштар таасир этип жатканы жөнүндө ойлончу, алардын түйшүктөрүн жеңилдетүүгө умтулчу жана чындыкты кабыл алууга аларга эмне тоскоолдук кылып жатканын түшүнүүгө аракет кылчу (Матай 11:28; 16:13; 23:13, 15). Самариялык аялды эстесең. Ага Исанын кызыгуу көрсөткөнү терең таасир эткени шексиз. Иса ал аялдын жашоосундагы айрым нерселерди айтканда, ал Исанын пайгамбар экенин түшүнүп, ал тууралуу башкаларга айтууга түрткү алган (Жакан 4:16—19, 39). Албетте, биз, Исадай болуп, кызматта жолуктурган адамдардын жүрөгүндөгүсүн окуй албайбыз. Бирок, андан үлгү алып, аларга чын ыкластан кызыгуу көрсөтө алабыз. Маселен, алар жөнүндө ойлонуп, сунуштообузду аларды кызыктырган нерселерге, алардын муктаждыктарына, жашоосунда кездешип жаткан көйгөйлөрүнө жараша ылайыкташтырсак болот.

Иса эмне жөнүндө кабар айткан?

10, 11. а) Иса эмне жөнүндө кабар айткан? б) Эмне үчүн Кудайдын Падышалыгы керек болгон?

10 Иса эмне жөнүндө кабар айткан? Айрым чиркөөлөрдүн окууларын изилдеп көргөндөр Исаны коомдук же саясий өзгөрүүлөр тууралуу кабар айткан деген тыянакка келиши мүмкүн же ал адамдын куткарылуусу баарынан маанилүү деген ойду жактаган деши ыктымал. Бирок, буга чейин сөз кылынгандай, Иса: «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды... жарыялашым керек»,— деп ачык эле айткан. Эмне себептен ал Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтышы керек эле?

11 Эстесең, Шайтан Жахабанын башкаруусунун тууралыгына шек туудурганда, Иса асманда болчу. Ага адил Атасына Ибилистин жалган жалаа жаап, анын башкаруусун адилетсиз деп, жаратууларын жакшы нерселерден куру калтырып жатат деген айып коюп жатканын көрүү аябай эле оор болсо керек. Андан сырткары, Адам менен Обонун — адамзаттын болочок ата-энесинин — Шайтандын калпына ишенип, ага кошулуп кеткенин көрүү андан бетер жүрөгүн ооруткан болуш керек. Ал козголоңдун айынан адамзаттын күнөө менен өлүмгө кул болуп калганын да көргөн (Римдиктер 5:12). Бирок Атасынын бир күнү баарын өз калыбына келтирерин билгенде аябай сүйүнсө керек.

12, 13. Кудайдын Падышалыгы эмнелерди калыбына келтирет жана ал Иса айткан кабардын негизги темасы болгону эмнеден көрүнүп турат?

12 Биринчи кезекте эмне калыбына келтирилиши керек эле? Шайтандын жана анын жактоочуларынын жалган жалаасынан улам Жахабанын караланган ысмы ыйыкталышы жана ал гана адилеттүү башкаруучу экени далилдениши керек болчу. Бир да адам бул маселени Исадай толук түшүнгөн эмес. Иса жолдоочуларын тиленүүгө үйрөткөндө Атасынын ысмынын ыйыкталышын, анын Падышалыгынын келишин жана эркинин жерде аткарылышын сурап тиленүү керектигин айткан (Матай 6:9, 10). Машаяк Иса башчылык кылган Кудайдын Падышалыгы жакында Шайтандын бузулган түзүлүшүн жок кылып, Жахабанын адилеттүү башкаруусун түбөлүккө орнотот (Даниел 2:44).

13 Ошондуктан Кудайдын Падышалыгы Иса айткан кабардын негизги темасы болчу. Анын ар бир сөзүнөн жана иш-аракетинен Падышалык деген эмне экени жана Жахабанын ой-ниетин кандайча ишке ашырары ачык-айкын көрүнгөн. Иса Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабар айтуу ишинен алаксытышына эч нерсеге жол берген эмес. Ал жашаган убакта эл көп жагынан кыйналган, адилетсиздик өкүм сүргөн, анткен менен ал көңүлүн биринчи кезекте айткан кабарына жана аткарган ишине бурган. Анда Иса өзүнүн эле көз карашын жактай берген, башкаларга кайдыгер мамиле кылган, зериктирме киши болгонбу? Түк да!

14, 15. а) Исанын «Сулаймандан да улук» экени эмнеден көрүнүп турат? б) Кабар айтууда Исаны кантип туурай алабыз?

14 Бул бөлүктөн Исанын абдан кызыктуу, адамдардын ой-сезимин козгогудай окутканын билебиз. Анын сөздөрү адамдардын жүрөгүнө жетчү. Окутуу жөндөмдүүлүгү жөнүндө сөз жүргөндө, балким, акылман Сулайман падышаны да эстейт чыгарбыз. Ал Жахабанын ага ыйык руху аркылуу берген ойлорун жеткирүү үчүн көркөм сөздөрдү табууга, чындык сөздөрүн так жазууга аракет кылган (Насаатчы 12:10). Сулайман жеткилеңсиз болсо да, Жахаба берген «кеменгерликтин» аркасында канаттуулар, балыктар, бак-дарактар жана жан-жаныбарлар жөнүндө кызыктуу көп нерселерди айткан. Анын айткандарын угуш үчүн көптөгөн адамдар алыстан келишчү (1 Падышалар 4:29—34). Бирок Иса «Сулаймандан да улук» болгон (Матай 12:42). Ал андан да акылман, андан да кеменгер болгон. Исанын Кудайдын Сөзү жөнүндө зор билими бар болчу, ошондой эле жан-жаныбарлар, айыл-чарба, аба ырайы, ошол кездеги окуялар, тарых тууралуу, адамдардын жашоосу жөнүндө жакшы билген жана адамдарды окутууда ошол билимин колдонгон. Бирок Иса билимин эч качан башкаларды таасирлентүү максатында колдонгон эмес. Ал дайыма жөнөкөй жана түшүнүктүү окутчу. Андыктан адамдардын аны берилип укканы таң калыштуу эмес (Марк 12:37; Лука 19:48).

15 Бүгүнкү күндөгү Исанын жолдоочулары аны тууроого аракет кылышат. Биз аныкындай чексиз акылмандык менен билимге ээ болбосок да, бизде кандайдыр бир деңгээлде билим менен тажрыйба бар жана аны башкаларга Кудай Сөзүндөгү чындыктарды айтууда колдоно алабыз. Маселен, ата-энелер бала тарбиялоо жагынан тажрыйбага ээ болгондуктан Жахабанын адамдарды канчалык жакшы көрөрүн түшүндүрүп бере алышат. Башкалар болсо жумушта, мектепте болгон окуяларды, адамдарга мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү же кайсы бир көйгөйдү мисал катары колдоно алышат. Бирок ошол эле учурда айткан кабарыбыздын негизги темасынан — Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабардан — алыстап кетүүдөн сак болушубуз керек (1 Тиметей 4:16).

Иса кызматына кандай караган?

16, 17. а) Иса кызматына кандай караган? б) Иса кызматын жашоосунда биринчи орунга койгонун кантип көрсөткөн?

16 Иса кызматын кенчтей баалаган. Адамдардын окуулары менен үрп-адаттарынын туура эместигин ачыкка чыгарып, башкаларга асмандагы Атасы тууралуу чындыкты билүүгө жардам берүүдөн кубаныч алган. Ал адамдарга Жахаба менен достук мамиле өрчүтүүгө жана түбөлүк өмүр сүрүү үмүтүнө ээ болууга көмөктөшүүгө дилгир болчу. Жакшы кабар айтуу менен адамдарга сооронуч жана кубаныч тартуулоодон канааттануу алчу. Ал ушундай маанайда болгон деп эмне үчүн айта алабыз? Буга байланыштуу үч нерсени карап көрөлү.

17 Биринчиден, Иса кызматын жашоосунда биринчи орунга койгон. Падышалык жөнүндө кабар айтуу иши ал үчүн баарынан маанилүү болгон, ал ага өмүрүн арнаган жана ал ишке бүт дитин бурган. Мына ошол себептүү, 5-бөлүмдөн талкуулаганыбыздай, Иса жөнөкөй жашоо өткөргөн. Башкаларга көздү эң маанилүү нерсеге багыттоо керектигин кеңеш кылып, өзү да ошого жараша жашаган. Ал жакшы абалда күтө билүүгө көп күч-аракетти, убакытты талап кылган кымбат баалуу буюм-тайымдарга ээ болууга кызыккан эмес. Иса жөнөкөй жашоо өткөргөндүктөн кызматын эч нерсеге алаксыбай аткарган (Матай 6:22; 8:20).

18. Иса өзүн кызматка кандайча толугу менен арнаган?

18 Экинчиден, Иса өзүн кызматка толугу менен арнаган. Ал жакшы кабарды уга турган адамдарды табуу үчүн болгон күчүн жумшап, Палестинаны аралап, жүздөгөн чакырымдарды жөө басып өткөн. Иса адамдарга үйлөрүндө, коомдук жайларда, базар аянттарында жана кишилер көп болгон дагы башка жерлерде кабар айткан. Ал чарчап турганда да, ачка болуп турганда да, суусап турганда да, жакын достору менен эс алып жатканда да кабар айтчу. Ал Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды атүгүл өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө да айткан (Лука 23:39—43).

19, 20. Кабар айтуунун шашылыш иш экенин Иса кантип көрсөткөн?

19 Үчүнчүдөн, Иса кызматынын шашылыш түрдө аткарылышы керектигин эсинде бек сактаган. Анын Сихар шаарынын четинде самариялык аял менен курган маегин эстесең. Исанын элчилери ошол учурда кабар айтуунун шашылыш иш экенин толук түшүнүшкөн эмес көрүнөт. Ошондуктан Иса аларга: «Силер оруп-жыюу маалына дагы төрт ай бар дейсиңер. Бирок силерге айтарым: башыңарды көтөрүп, талаага көз чаптыргылачы; эгин орууга даяр болуп, бышып калды»,— деген (Жакан 4:35).

20 Иса ошол учурдагы жыл мезгилин мисал катары колдонгон. Кыязы, ошондо кислеп айы (ноябрь/декабрь) болсо керек. Арпаны оруп-жыюу маалы 14-нисандын Пасах майрамына туш келчү. Ага чейин дагы төрт ай бар болгондуктан дыйкандар ал учурда оруу-жыюу тууралуу ойлонушчу эмес. Ал эми каймана маанидеги оруп-жыюу иши тууралуу эмне дешке болот эле? Көптөр угууга, үйрөнүүгө, Исанын жолун жолдоого жана Жахаба тартуулаган үмүткө ээ болууга даяр болуп калган болчу. Иса каймана маанидеги талаага көз чаптырып, эгиндин бышып, сыдырым желге ары-бери термелип, оруп-жыюуга даяр болуп калганын көргөн. Ишти токтоосуз түрдө баштоого убакыт келген эле! Ошондуктан бир шаардын тургундары Исадан дагы бир аз калышын суранганда, ал аларга: «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деп айткан (Лука 4:43).

21. Исаны кантип туурай алабыз?

21 Биз Исаны ушул үч жактан тең туурай алабыз. Алсак, кызматыбызды жашообузда биринчи орунга коё алабыз. Үй-бүлөлүк же башка милдеттерибиз бар болсо да, Исадай болуп, кабар айтуу ишине ынталуу жана үзгүлтүксүз катышуу менен кызматыбыздын жашообузда биринчи орунда турарын көрсөтөбүз (Матай 6:33; 1 Тиметей 5:8). Ошондой эле кабар айтуу ишине катышууда убактыбызды, күчүбүздү аябай, каражатыбызды марттык менен жумшап, өзүбүздү кызматка толугу менен арнасак болот (Лука 13:24). Андан тышкары, кабар айтуунун шашылыш иш экенин эсибизде бек сактоо менен да Исаны туураган болобуз (2 Тиметей 4:2). Ооба, кабар айтуу үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек!

22. Кийинки бөлүмдөн эмне жөнүндө билебиз?

22 Иса кабар айтуу ишинин өзү өлгөндөн кийин да улантылышы керек экенин айтуу менен анын маанилүүлүгүн көрсөткөн. Ал өзүнүн жолдоочуларына кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин тапшырган. Бул тууралуу кийинки бөлүмдөн билебиз.

^ 3-абз. Маселен, эмне үчүн Исанын жүйүт болуп туруп самариялык аялга кайрылып жатканын суроо менен ал кылымдар бою эки элдин ортосунда өкүм сүрүп келаткан кастык тууралуу кеп козгогон (Жакан 4:9). Ошондой эле самариялыктардын Жакыптын тукумунан экенин айткан. Ошол учурдагы жүйүттөр муну дароо четке какмак (Жакан 4:12). Жүйүттөр самариялыктардын башка элден тараганын баса белгилеш үчүн аларды куталыктар деп аташчу.

^ 5-абз. «Кабар айтуу» деген жарыялоону, жар салууну билдирет. Ал эми ушул сөзгө мааниси жагынан жакын «окутуу» деген сөз кылдат күбөлөндүрүүнү жана терең ойлор менен бөлүшүүнү билдирет. Жакшы окутуучу окуучуга билгендерин иш жүзүндө колдонууга түрткү берүү үчүн жүрөгүн козгоого умтулат.