Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

«Акылмандык менен билимдин бүт кенчи жашырылган»

«Акылмандык менен билимдин бүт кенчи жашырылган»

1—3. Б.з. 31-жылы жаз айында Иса Тоодогу насаатын айтканга чейин кандай окуя болгон жана аны угуп отурган эл эмне үчүн таң калган?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 31-жылы. Жаз айы. Иса Машаяк Галилея деңизинин түндүк-батышындагы эл жыш жайгашкан Капернаум шаарынан алыс эмес жерде эле. Ал ошол жердеги тоодо жалгыз калып, түнү менен тиленип чыгат. Таң атканда шакирттерин чакырып, арасынан он экисин тандап, аларды элчилер деп атайт. Аңгыча Исага көп эл келип, тоо бооруна чогулушат, алардын айрымдары алыстан жол арытып келген эле. Алар Исанын сөздөрүн угууну, ооруларынан сакаюуну самап келишкен. Иса алардын мүдөөсүн орундатат (Лука 6:12—19).

2 Иса келгендердин баарын ооруларынан айыктырат. Алар сакайып, өздөрүн жакшы сезип калышкандан кийин, Иса аларды окута баштайт *. Ошол жаздагы анын айткан сөздөрү угуп отурган элди абдан таң калтырса керек. Анткени алар Исадай окуткан кишини эч качан көрүшкөн эмес. Анын айткандары ооздон-оозго өтүп келген накыл кептерге же жүйүттөрдүн белгилүү раббилеринин окутууларына негизделбегендиктен, адамдарды ого бетер таасирленткен. Анын ар бир айткан сөзү Кудайдын руху менен шыктандырылып жазылган Эврей Жазмаларына негизделген. Анын кабары жүрөктү козгоорлук, жөнөкөй, түшүнүктүү болгон. Иса сөзүн аяктаганда, эл абдан таң калган. Алардын таң калганы түшүнүктүү эле. Анткени алар жер бетиндеги эң акылдуу кишинин айткандарын угуп жатышкан (Матай 7:28, 29).

● Сени таарынтышса же кыжырыңа тийишсе, Исанын сөздөрү туура иш кылууга кандайча жардам берет? (Матай 5:38—42).

3 Исанын бул насааты жана анын айткан башка сөздөрү менен кылган иштери Кудай Сөзүнө жаздырылган. Биз ошол насааттан Иса тууралуу эмнелерди билсе болорун терең изилдеп чыгышыбыз керек. Анткени Исада «акылмандык менен билимдин бүт кенчи жашырылган» (Колосалыктар 2:3). Билимди, түшүнүктү жана иш жүзүндө колдонуу жөндөмүнө ээ кыла турган акылмандыкты Иса кайдан алган? Ал акылмандыкка ээ экенин кантип көрсөткөн жана биз андан кандай үлгү ала алабыз?

«Мындай акылмандыкты кайдан алган?»

4. Назареттин тургундары кандай суроо көтөргөн жана эмне үчүн?

4 Иса кабар айтып жүргөн күндөрүнүн биринде чоңоюп-өскөн шаары Назаретке келип, ал жердеги синагогада элди окута баштайт. Анын сөзүн уккандардын көбү таң калып: «Бул... мындай акылмандыкты кайдан алган?» — дешет. Алар анын карапайым үй-бүлөдөн экенин, ата-энесин, бир туугандарын билишкен (Матай 13:54—56; Марк 6:1—3). Ошондой эле аларга элди тамшандырган курч сөздөрдү айткан жыгач устанын раббилер мектебинде окуп билим албаганы маалым болгон (Жакан 7:15). Андыктан алардын берген суроосу жөндүү болсо керек.

5. Иса акылмандыкты кайдан алган?

5 Иса жеткилең болгону үчүн эле акылман болгон эмес. Кийинчерээк ал ибадатканада элди окутуп жатып, акылмандыкты жогору жактан алганын ачып берген. Ал: «Менин окутуум меники эмес, мени жибергендики»,— деген (Жакан 7:16). Ооба, Иса акылмандыкты Атасынан алган (Жакан 12:49). Кандайча?

6, 7. Иса Атасынан акылмандыкты кандай жолдор менен алган?

6 Жахабанын ыйык руху Исанын жүрөгүнө жана акылына таасир эткен. Ышая пайгамбар Исанын убадаланган Машаяк экенин төмөнкү сөздөр менен баса белгилеген. Ал: «Анын үстүнө Теңирдин Руху, даанышмандык жана акылмандык руху, кеңеш жана күч руху, билим жана Теңирден коркуу руху түшөт»,— деген (Ышайа 11:2). Ышая пайгамбар айткандай, Исада ой жүгүртүүсүнө жана чыгарган чечимдерине таасир эткен Кудайдын ыйык руху бар болсо, анда анын асмандан келген акылмандыкты чагылдырганына таң калып болобу?

7 Иса Атасынан акылмандыкты дагы башка жол менен алган. Экинчи бөлүмдөн белгилүү болгондой, Исада жерге келгенге чейин сансыз кылымдар бою Атасы менен бирге болуп, анын ой жүгүртүүсүн, көз карашын өздөштүрүүгө сонун мүмкүнчүлүк болгон. Биз анын «чебер жардамчы» катары Атасына жандуу жана жансыз нерселердин баарын жаратууга жардам берип, кандай терең акылмандыкка ээ болгонун элестете да албайбыз. Андыктан Исанын асманда жүргөндө акылмандык катары сүрөттөлгөнү бекеринен эмес (Накыл сөздөр 8:22—31, «ЖД»; Колосалыктар 1:15, 16). Иса Атасынын жанында жүргөндө ээ болгон акылмандыкты жердеги кызматында колдонгон * (Жакан 8:26, 28, 38). Андыктан анын ар бир айткан сөзүнөн, ар бир кылган ишинен көрүнүп турган билиминин кеңдигине, түшүнүгүнүн тереңдигине таң калууга себеп жок.

8. Исанын жолдоочулары акылмандыкка канткенде ээ болушат?

8 Исанын жолдоочулары да Жахабаны акылмандыктын булагы катары карашы керек (Накыл сөздөр 2:6). Албетте, Жахаба бизге акылмандыкты керемет жолу менен бербейт. Бирок андан турмуштагы кыйынчылыктарды жеңүүгө зарыл болгон акылмандык беришин жалынып сурансак, ал суранычыбызды жоопсуз калтырбайт (Жакып 1:5). Акылмандыкка ээ болуу үчүн өзүбүз да аракет кылышыбыз керек. Биз аны «кенчти издегендей издешибиз» кажет (Накыл сөздөр 2:1—6). Ооба, Кудайдын акылмандыгы жашырылган Ыйык Китепти дилгирлик менен изилдеп, алган билимибизди жашообузда колдонушубуз зарыл. Бул жагынан Жахабанын Уулу бизге жакшы үлгү. Келгиле анда, Иса акылмандыкты жашоосунун ар кандай тармактарында кандайча чагылдырганын жана биз андан кандай үлгү алсак болорун карап көрөлү.

Акылман экени сөздөрүнөн кандайча көрүнгөн?

● Жашоодо биринчи орунга эмнени коюуну чечүүдө Исанын үлгүсү кандайча жардам берет? (Лука 4:43; Жакан 4:34).

9. Иса эмне себептен акылмандык менен окуткан?

9 Исага анын сөзүн угууга куштар болгон көптөгөн адамдар келишчү (Марк 6:31—34; Лука 5:1—3). Мунун таң калыштуу эч нерсеси жок, анткени анын оозунан чыккан ар бир сөз адамдардын акылына акыл кошчу. Исанын окутууларынан анын Кудай Сөзүндөгү терең билимге ээ экени жана абдан кыраакы экени көрүнүп турган. Ырас, анын сөздөрү ар кандай адамдардын жүрөгүн козгой алат жана эч качан эскирбейт. «Кереметтүү Кеңешчинин» акылмандык камтылган сөздөрүнүн айрымдарына токтололу (Ышайа 9:6).

10. Иса кандай сапаттарды өрчүтүүгө үндөгөн жана эмне үчүн?

10 Тоодогу насааттан аны жазган жазуучунун сөздөрүн кездештирбейбиз; анда башынан аягына чейин Исанын гана сөздөрү жазылган. Иса насаатында адамдарды жакшы сөздөрдү сүйлөп, өздөрүн жакшы алып жүрүүгө эле үндөбөйт. Сүйлөгөн сөздөрүбүз, кылган иштерибиз ойлогон оюбуздан жана сезимдерибизден көз каранды болгондуктан, Иса оюбузду жана жүрөгүбүздү өзгөртүп, жумшак болууга, адилдикти эңсөөгө, кайрымдуу болууга, тынчтыкка умтулууга жана башкаларды сүйүүгө чакырган (Матай 5:5—9, 43—48). Эгер ушундай сапаттарды өрчүтсөк, сүйлөгөн сөздөрүбүз жана жүрүм-турумубуз Кудайга жагат. Андан тышкары, башкалар менен жакшы мамиледе болобуз (Матай 5:16).

11. Иса күнөөгө алпара турган иштер жөнүндө кеп кылуу менен көйгөйдүн тамыры эмнеде экенин кантип көрсөткөн?

11 Иса күнөө кылууга алпара турган иштер жөнүндө кеп кылуу менен көйгөйдүн тамыры эмнеде экенин көрсөткөн. Башкача айтканда, ал зордук-зомбулукка барбоо керектигин эле эмес, кимдир бирөөгө ичибизден кыжырданып, каарданбашыбыз керектигин айткан (Матай 5:21, 22; 1 Жакан 3:15). Ошондой эле ойноштук кылууга тыюу эле салбастан, жаман каалоолордун жүрөктө пайда болуп, арам ишке алып барарын эскерткен. Ал бизге башка бирөөнү кумарлануу менен карап, туура эмес каалоолорду өрчүтпөшүбүз керектигин айткан (Матай 5:27—30). Иса эмне кылуу күнөө болорун эле эмес, күнөө кылууга эмне себеп болорун көрсөткөн. Башкача айтканда, жүрөктө пайда болгон туура эмес ой жүгүртүүлөр менен каалоолор күнөө кылууга алып келерин баса белгилеген (Забур 7:15).

12. Исанын жолдоочулары анын кеңештерине кандай карашат жана эмне үчүн?

12 Исанын сөздөрүндө кандай гана акылмандык камтылган! Андыктан элдин «анын окутуусуна абдан таң калганы» түшүнүктүү (Матай 7:28). Исанын жолдоочулары анын даанышмандык менен берген кеңештерин жетекчилик катары карашат. Биз боорукердик, сүйүү сапатын өрчүтүүгө жана башкалар менен тынчтыкта болууга умтулсак, Кудайга жагарыбызды билебиз. Ошондуктан каардануу, кумарлануу сыяктуу терс сезимдердин жүрөгүбүздө уялашына жол бербөөгө аракет кылабыз. Ошентүү менен күнөө кылуудан алыс болобуз (Жакып 1:14, 15).

Акылман экени жашоосунан кандайча көрүнгөн?

13, 14. Исанын туура ой жүгүртүүгө ээ болгону кандай жашоо өткөрүүнү тандаганынан кандайча көрүнүп турат?

13 Иса акылмандыгын сөздөрү менен эле эмес, иштери менен да көрсөткөн. Анын чыгарган чечимдеринен, өзү жөнүндө кандай көз карашта болгонунан, башкаларга жасаган мамилесинен, деги эле бүткүл жашоосунан анын чексиз акылман экени көрүнүп турган. Исанын акылмандык менен иш кылып, туура ой жүгүрткөнүн көрсөткөн айрым мисалдарга көңүл буралы (Накыл сөздөр 3:21).

14 Акылмандык туура ой жүгүртө билүүнү да билдирет. Иса кандай жашоо өткөрөрүн тандоодо ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн колдонуп, туура чечим чыгарган. Анын өзү үчүн эмнелерди кыла алмактыгын, мисалы, кандай үй курмактыгын, кандай кирешелүү иш менен алек болмоктугун жана кандай атак-даңкка ээ боло алмактыгын элестете аласыңбы? Иса жашоодо ушуларга умтулуу «курулай убаракерчилик» экенин жакшы билген (Насаатчы 4:4; 5:9). Ырас, мындай жашоо өткөрүү акылсыздык. Иса жөнөкөй жашоону тандаган. Ал баюуга жана дүнүйө топтоого умтулган эмес (Матай 8:20). Ал өзүнүн окутууларына жараша, жашоосун бир эле нерсеге — Кудайдын эркин аткарууга — арнаган (Матай 6:22). Иса убактысын жана күчүн материалдык нерселерден алда канча маанилүү болгон Падышалыктын иштерине жумшап, акылдуулук кылган (Матай 6:19—21). Ошонусу менен бизге эң сонун үлгү калтырган.

15. Исанын жолдоочулары көзүн бир эле нерсеге багыттаганын кантип көрсөтүшүүдө жана муну эмне үчүн акылдуулук менен чыгарылган чечим дешке болот?

15 Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары көздү бир эле нерсеге багыттоо акылдуулукка жатарын баамдашууда. Андыктан алар карызга батуудан, убакытты жана күчтү ала турган иштерден качышат (1 Тиметей 6:9, 10). Көптөр Падышалыктын иштерине көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн жашоосун жөнөкөйлөтүп, толук убакытта кызмат кылышууда. Падышалыктын иштерин биринчи орунга коюу акылдуулук менен чыгарылган чечим, себеби бул чыныгы бакыт жана канааттануу алып келет (Матай 6:33).

16, 17. а) Иса мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин түшүнгөнүн жана өзүнөн көптү талап кылбаганын кантип көрсөткөн? б) Биз кантип көрсөтө алабыз?

16 Ыйык Китепте баса белгиленгендей, акылдуу адам мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин билет (Накыл сөздөр 11:2). Иса жерде жүргөндө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экенин билген жана өзүнөн көптү талап кылган эмес. Ал аны уккан ар бир киши анын жолдоочусу боло калбасын билген (Матай 10:32—39). Ошондой эле чектелүү гана адамдарга кабар айта аларын түшүнгөн. Ошондуктан акылдуулук кылып, шакирт даярдоо ишин жолдоочуларына тапшырган (Матай 28:18—20). Ал жолдоочуларынын «андан да чоң иштерди жасаарын» билген, анткени алардын көп адамдарга кабар айтууга жетиштүү убактысы болмок (Жакан 14:12). Андан тышкары, Иса жардамга муктаж экенин да моюнга алган. Ал чөлдө жүргөндө ага кызмат кылуу үчүн келген периштелердин жана Гетсемани багына аны бекемдөө үчүн келген периштенин жардамын кабыл алган. Жардамга өзгөчө муктаж болуп турганда ал Атасына жардам сурап, жалыныч-өтүнүч менен кайрылган (Матай 4:11; Лука 22:43; Эврейлер 5:7).

17 Биз да мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүү экенин эске алып, өзүбүздөн көп нерсени талап кылбашыбыз керек. Албетте, кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин жан-дилибизден аткарып, бүт күчүбүздү жумшагыбыз келет (Лука 13:24; Колосалыктар 3:23). Ошол эле учурда Жахабанын бизди башкаларга салыштырбай турганын эстен чыгарбай, өзүбүздү башкалар менен салыштырбашыбыз керек (Галатиялыктар 6:4). Акылмандык бизге жөндөмдүүлүктөрүбүзгө, жагдай-шартыбызга жараша акылга сыярлык максаттарды коюуга түрткү берет. Андан тышкары, жыйналышта жоопкерчиликтүү милдеттерди аркалаган бир туугандарга мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин эске алууга, алар өздөрү да кээде бекемдөөгө муктаж болорун моюнга алууга жардам берет. Андай бир туугандар Жахабанын аларга ишенимдештери аркылуу көрсөткөн жардамын ыраазычылык менен кабыл алышат (Колосалыктар 4:11).

18, 19. а) Исанын шакирттерине эстүүлүк жана боорукердик менен мамиле кылганы эмнеден көрүнүп турат? б) Бири-бирибизге эстүүлүк менен мамиле кылып, жакшы жактарыбызды көрүүгө кандай себеп бар жана канткенде ошенте алабыз?

18Жакып 3:17де: «Жогорудан келген акылмандык... эстүү»,— делет. Иса шакирттерине эстүүлүк жана боорукердик менен мамиле кылган. Ал алардын кемчиликтерин билсе да, алардын жакшы сапаттарына көңүл бурган (Жакан 1:47). Ал душмандарынын колуна түшкөндө, шакирттери аны таштап качып кетерин билген, бирок алардын берилгендигине шектенген эмес (Матай 26:31—35; Лука 22:28—30). Мисалы, элчи Петир Исадан үч жолу баш тарткан. Ошого карабай Иса ал үчүн тиленип, ага ишенерин билдирген (Лука 22:31—34). Өлөр түнү Иса Атасына тиленүү менен кайрылганда ага элчилеринин каталарын айткан эмес. Тескерисинче: «Алар сенин сөзүңдү сакташат»,— деген сөздөрдү айтуу менен аларга карата оң маанайда экенин көрсөткөн (Жакан 17:6). Шакирттери жеткилеңсиз болсо да, аларга Падышалыктын иштерин ишенип тапшырган (Матай 25:14, 15; Лука 12:42—44). Анын ишеним артканы шакирттерине тапшырылган ишти аткарууга күч берген.

19 Бул жагынан Исаны тууроого анын жолдоочуларында орчундуу себеп бар. Кудайдын Уулу жеткилең болуп туруп шакирттерине чыдамдуулук менен мамиле кылса, анда биз, күнөөлүү адамдар, бири-бирибизге мамиле кылууда андан бетер эстүүлүк көрсөтүшүбүз керек эмеспи? (Филипиликтер 4:5). Бир туугандарыбыздын кемчиликтерине эле көңүл бура бербей, алардын жакшы сапаттарын көрүүгө умтулалы. Аларды Жахаба өзү тандап алганын эстен чыгарбаганыбыз акылдуулукка жатат (Жакан 6:44). Жахаба алардын жакшы сапаттарына көңүл бурат, биз да аны туурашыбыз керек. Эгер башкаларга карата оң маанайда болсок, алардын кемчиликтерин эле көрбөстөн, мактоого татырлык жактарын да көрө алабыз (Накыл сөздөр 19:11). Бир туугандарга ишеним артуу менен аларга Жахабага бүт күчүн жумшап кызмат кылууга жана кызматтан кубаныч алууга жардам беребиз (1 Тесалоникалыктар 5:11).

20. Инжилде камтылган акылмандыкты кантип колдонушубуз керек жана эмне үчүн?

20 Исанын жашоосу жана кызматы баяндалган Инжилдеги билдирүүлөр, чынында эле, акылмандыктын булагы болуп эсептелет. Бул баа жеткис белекти кантип колдонушубуз керек? Тоодогу насаатынын соңунда Иса элди угуучулардан эмес, аткаруучулардан болууга үндөгөн (Матай 7:24—27). Ой жүгүртүүбүздү, ниет-каалоолорубузду жана иштерибизди Исанын даанышман кеңештерине ылайык өзгөртүүнүн аркасында азыр чыныгы бакытка жетип, түбөлүк өмүргө алып баруучу жолдон чыкпайбыз (Матай 7:13, 14). Ооба, ошентүү менен эң сонун өмүр жолун тандаган болобуз!

^ 2-абз. Исанын ошол күнү айткан сөздөрү азыркы учурда Исанын Тоодогу насааты деп аталат. Ал насаатты Матай 5:3—7:27-аяттардан окууга болот. Ал 107 аяттан турат жана аны 20 мүнөттөй убакыттын ичинде эле айтып коюуга болот.

^ 7-абз. Иса чөмүлтүлгөндө «асман ачылган», кыязы, ошондо ал асмандагы жашоосун эстеген (Матай 3:13—17).