Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7-БӨЛҮМ

«Туруктуулук менен чыдаган Иса жөнүндө терең ойлонгула»

«Туруктуулук менен чыдаган Иса жөнүндө терең ойлонгула»

1—3. а) Гетсемани багында Иса канчалык кыйналган жана эмне үчүн? б) Исанын туруктуулугу жөнүндө эмне айтууга болот жана кандай суроолорго жооп алгыбыз келет?

ИСА жанын коёрго жер таппай кыйналып турган. Ал мындайды эзели башынан өткөргөн эмес. Анын жердеги өмүрүнүн акыркы сааттары эле. Ал элчилери менен бирге дайыма келип жүргөн Гетсемани багына келет. Бирок ошол түнү Иса жалгыз болуу үчүн, элчилерин калтырып, бакты аралап алысыраак барат да, чөгөлөп отуруп тилене баштайт. Ал ушунчалык жаны кыйналгандыктан жалындуу тиленет. Ошондо «анын тери кан тамчыларындай жерге тамат» (Лука 22:39—44).

2 Иса эмне себептен ушунчалык кыйналган? Ал душмандарынын колунан азап чегерин билген, бирок анын жан дүйнөсүн кыйнап турган нерсе башка эле. Ал Атасынын ысмын ойлоп тынчсызданган жана адамзаттын келечеги анын ишенимдүүлүгүн сакташынан көз каранды экенин түшүнгөн. Ооба, Иса туруктуу болуу канчалык маанилүү экенин билген. Эгер ал туруктуу болбосо, Жахабанын ысмына сөз тиймек. Бирок Иса аягына чейин туруктуу болгон. Ал туруктуулуктун эң сонун үлгүсүн калтырган. Ошол күнү жан берерде ал жеңүүчү катары: «Аткарылды!» — деген (Жакан 19:30).

3 Ыйык Китепте: «Туруктуулук менен чыдаган Иса жөнүндө терең ойлонгула»,— деген чакырык камтылат (Эврейлер 12:3). Андыктан төмөндөгү маанилүү суроолорго жооп алууну каалайбыз: Иса кандай сыноолорго дуушар болгон? Ага туруктуу болууга эмне жардам берген? Аны кантип туурасак болот? Ушул суроолорго жооп алардан мурун, келгиле, туруктуу болуу эмнени билдирерин карап көрөлү?

Туруктуулук деген эмне?

4, 5. а) «Туруктуулук» деген эмнени билдирет? б) Туруктуулук деген башка түшкөн кыйынчылыктарга чыдоону эле билдирбей турганын кайсы мисалдан көрүүгө болот?

4 Баарыбыздын эле «ар кандай сыноолордон улам... кайгырган» учурларыбыз болот (1 Петир 1:6). Сыноолорду баштан кечирип жатканыбыз аларды туруктуулук менен көтөрүп жатканыбызды билдиреби? Жок. Грек тилинен «туруктуулук» деп которулган сөз «кыйынчылыктарга моюн сунбай, аларды кайраттуулук менен көтөрүп кетүү» дегенди билдирет. Бир окумуштуу Ыйык Китепте жазылган туруктуулук сапатын мындай деп мүнөздөйт: «Туруктуулук деген бул кыйынчылыктарды айла жок болгондуктан эмес, алдыда жакшы нерсе күтүп турганына кымындай да шектенбей, үмүт менен көтөрүүнү билдирет... Ошондой эле ал бороон-чапкын сымал кыйынчылыктарга да туруштук берүүгө жардам берет. Эң оор сыноону да жагымдуу нерсеге айландырат, анткени анын арты жакшылык менен бүтөрүнө ишендирет».

5 Демек, туруктуулук деген башка түшкөн кыйынчылыктарга чыдоону эле билдирбейт. Ал, Ыйык Китепке ылайык, багынбастан сыноо учурунда туура маанай сактап, келечектен үмүт үзбөөнү билдирет. Эки башка себеп менен түрмөгө түшкөн эки кишини мисалга алалы. Алардын бири кылган кылмышынын жазасын тартып, жашоого нааразы болуп, ошол эле учурда моюн сунуудан башка аргасы жок жүзүнө көлөкө түшүп отурат. Ал эми экинчиси түрмөдө Исанын жолдоочусу болгону үчүн отурат, бирок багынбастан оң маанай сактайт. Себеби ал ошол жагдайды Кудайга болгон ишенимин далилдөөнүн мүмкүнчүлүгү катары карайт. Бул мисалдан көрүнүп тургандай, кылмышкерди туруктуулук көрсөтүп жатат деп айтууга болбойт. Ал эми Исанын жолдоочусу ал сапатты эң сонун чагылдырган дешке болот (Жакып 1:2—4).

6. Туруктуулукту кантип өрчүтө алабыз?

6 Куткарылышыбыз үчүн туруктуу болуу маанилүү (Матай 24:13). Бирок биз төрөлгөндө эле туруктуу болуп төрөлбөйбүз. Ал сапатты өрчүтүшүбүз керек. Аны кантип өрчүтө алабыз? Ыйык Китепте: «Кыйынчылыктар туруктуулукту жаратат»,— деп жазылган (Римдиктер 5:3). Ооба, эгер биз чындап эле туруктуулук сапатын өрчүткүбүз келсе, ишенимибиз сыналганда кыйынчылыктардан качпашыбыз керек. Тескерисинче, аларга каршы турушубуз зарыл. Биз күнүмдүк турмушубузда кагылышып жаткан кандай гана кыйынчылыктар болбосун, кичинеби, чоңбу, аларга каршы туруп, жеңгенде гана туруктуулук сапатын өрчүтөбүз. Ар бир кыйынчылыкты жеңген сайын такшалып, бышып жетиле беребиз. Албетте, туруктуулукту өз алдыбызча өрчүтө албайбыз; биз «Кудай берген күчкө таянабыз» (1 Петир 4:11). Багынбай, туруктуу болушубуз үчүн, Жахаба өзүнүн Уулун үлгү катары жиберген. Келгиле эмесе, Исанын туруктуулугу жөнүндө жазылгандарды тереңирээк талдап көрөлү.

Иса кандай сыноолорду башынан кечирген?

7, 8. Иса жердеги өмүрүнүн аягында эмнелерди башынан кечирген?

7 Жердеги өмүрүнүн акырында Иса биринен сала бири келген, адам чыдагыс оор сыноолорго дуушар болгон. Өлөр түнү анын жан дүйнөсүнүн кыйналганынан тышкары, көңүл кайттыкка учураганы жана кемсинтилгени жөнүндө ойлонуп көрөлү. Аны ишенип жүргөн кишиси сатып кетсе, кыйышпас достору таштап качып кетишкен. Ошондой эле ал жүйүттөрдүн жогорку сотунда мыйзамсыз түрдө жоопко тартылган. Аны шылдыңга алышып, бетине түкүрүшүп, жаакка чабышкан. Бирок Иса ошонун баарына чыдап, өзүн татыктуу кармаган (Матай 26:46—49, 56, 59—68).

8 Өмүрүнүн акыркы сааттарында Иса катуу азап чегип, абдан кыйналган. Аны аябай катуу сабашкан. Бир белгилүү медициналык журналда айтылгандай, «денеси жанчылып, булчуң этине чейин тилинип кеткен жонунан кан токтобой аккан». Ал устунга кадалгандан кийин да «сай сөөгүн сыздаткан жарааттарынан бир топко чейин кыйналып барып жан берген». Колу менен бутуна чоң мыктарды кагышканда, жанынын сыздаганын элестетсең (Жакан 19:1, 16—18). Устунду өйдө көтөрүшкөндө, денесинин оордугунан мык кагылган жердин жарааттары жырылып, тытылып, канжалаган жону устунга тийген сайын ого бетер сыздаганын ойлоп көрсөң. Ал ошол азаптуу кыйноо менен бирге бөлүмдүн башында айтылган оор милдетти да көтөргөн.

9. «Жаза устунун» алып, Исанын жолун жолдоо деген эмнени билдирет?

9 Исанын жолдоочулары катары биз кандай кыйынчылыктарга дуушар болушубуз мүмкүн? Иса: «Ким менин артымдан ээрчигиси келсе... жаза устунун алсын жана дайыма менин жолумду жолдосун»,— деген (Матай 16:24). Бул аяттагы «жаза устуну» деген сөз айкашы каймана мааниде айтылган. Ал азап чегүүнү, шылдың болууну, атүгүл өмүрдөн ажыроону билдирет. Ооба, Исанын жолун жолдоо оңой эмес. Биз башкалардан ыйык китептик принциптерге карманганыбыз менен айырмаланабыз. Ошондой эле бул дүйнөгө таандык болбогондуктан, дүйнө бизди жек көрөт (Жакан 15:18—20; 1 Петир 4:4). Ошентсе да жаза устунун алып жүрүүгө — Исанын жолун жолдоо үчүн азап чегүүгө, атүгүл өлүмгө баш байлоого — даярбыз (2 Тиметей 3:12).

10—12. а) Адамдардын жеткилеңсиздигинин айынан Исанын туруктуулугу кандайча сыналган? б) Исанын туруктуулугу дагы кандай жагдайларда сыналган?

10 Иса жерде кызмат кылып жүргөндө адамдардын жеткилеңсиздигинин айынан көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгон. Жахаба жерди жана андагы бардык нерсени жаратууда аны «чебер уста» катары колдонгонун эстесең (Накыл сөздөр 8:22—31, «ЖД»). Кудайдын ниети боюнча, адамдар Жахабанын сапаттарын чагылдырып, чың ден соолукта болуп, жашоодон кубаныч алып өмүр сүрүшү керек эле. Иса Жахабанын адамдарды так ушундай максатта жаратканын билген (Башталыш 1:26—28). Ал жерге келгенде Адам атанын күнөөсү эмнеге алып келгенин асмандагы периштенин эмес, адамдын көзү менен көргөн, анткени өзү да адам болуп, алар кандай сезимде болорун туя алган. Ага адамдардын Адам ата менен Обо эне ээ болгон жеткилеңдиктен канчалык алыстап кеткенин көрүү абдан оор болсо керек. Исанын туруктуулугу ушундан улам да сыналган. Ал адамдардын оңолушунан үмүтүн үзүп, көңүлү чөгүп, багынып берди беле? Келгиле, бул жөнүндө талкуулап көрөлү.

11 Иса жүйүттөрдүн жакшы кабарды укпай койгонуна да жүрөгү сыздап ыйлаган. Ал алардын кош көңүлдүгүнүн айынан ынтасын суутуп, кабар айтуу ишин токтотуп койгонбу? Жок, тескерисинче, «күн сайын ибадатканада элди окута» берген (Лука 19:41—44, 47). Иса ишемби күнү колу сенек кишини айыктырар бекен деп сынап тигиле карап турган фарисейлердин жүрөктөрүнүн мерез болуп калганына «катуу кайгырган». Ал өздөрүн адил эсептеген фарисейлерден коркконбу? Албетте, жок. Иса эр жүрөктүк менен колу сенек кишини ибадаткананын так ортосуна алып чыгып айыктырган (Марк 3:1—5).

12 Иса үчүн шакирттеринин жеткилеңсиздиги да сыноо болгон. 3-бөлүмдөн билгенибиздей, алар качан болбосун, көрүнүктүү абалга умтула беришкен (Матай 20:20—24; Лука 9:46). Андыктан Иса аларга бир эмес, бир нече жолу момун болуу керектигин кеңеш кылган (Матай 18:1—6; 20:25—28). Бирок алар дароо эле оңоло калышкан эмес. Атүгүл Иса өлөр түнү арабыздан кимибиз чоң деп, «катуу талашышкан» (Лука 22:24). Иса булардан эч майнап чыкпайт деп, шакирттерине кол шилтеп койду беле? Жок. Тескерисинче, чыдамдуулук көрсөтүп, аларга карата оң маанай сактаган жана алардын жакшы жактарын көрүп, өзгөрүлөрүнө үмүттөнгөн. Ал шакирттеринин Жахабаны чын жүрөктөн сүйүшөрүн жана анын эркин аткарууну чындап каалашарын билген (Лука 22:25—27).

Каршылыктардан улам ынтабыздын сууп калышына жол беребизби же андан ары да кабарды тырышчаактык менен айта беребизби?

13. Биз да, Исадай болуп, туруктуулугубуз сынала турган кандай жагдайларга туш болушубуз мүмкүн?

13 Биз да, Исадай болуп, туруктуулугубуз сынала турган жагдайларга туш болушубуз мүмкүн. Мисалы, айткан кабарыбызды укпаган, атүгүл каршы чыккан адамдарга жолугушубуз ыктымал. Ушундан улам ынтабыздын сууп калышына жол беребизби же андан ары да кабарды тырышчаактык менен айта беребизби? (Тит 2:14). Ошондой эле ишенимдештерибиздин жеткилеңсиздиги биз үчүн сыноо болушу мүмкүн. Алар ойлонбой айтып алган сөздөрү менен же кандайдыр бир иштери менен көңүлүбүздү оорутушу этимал (Накыл сөздөр 12:18). Ишенимдештерибиздин кемчиликтерин көргөндө алар өзгөрбөйт деген жыйынтыкка келебизби же алардын кемчиликтерине маани бербей, жакшы жактарына көңүл бурабызбы? (Колосалыктар 3:13).

Исага туруктуу болууга эмне жардам берген?

14. Исага туруктуу болууга эмне жардам берген?

14 Исага кемсинтилгенине, көңүл кайттыкка учураганына жана азап тартканына карабай, туруктуу болуп, актыгын сактоого эмне жардам берген? Биринчиден, ал «туруктуулук... берүүчү Кудайга» жардам сурап кайрылган (Римдиктер 15:5). Экинчиден, ал туруктуулуктун натыйжасы жакшы болорун көрө билген. Келгиле анда, ушул эки нерсеге кененирээк токтололу.

15, 16. а) Исанын өз күчүнө таянбаганы эмнеден көрүнүп турат? б) Иса эмнеге бекем ишенген жана эмне үчүн?

15 Иса Кудайдын жеткилең Уулу болсо да, сыноолорду көтөрүүдө өз күчүнө таянган эмес. Тескерисинче, асмандагы Атасына кайрылып, жардам сурап тиленген. Элчи Пабыл: «Машаяк өзүн өлүмдөн куткара ала турганга катуу үн менен, көз жашын төгүп, жалыныч, өтүнүч менен кайрылган»,— деп жазган (Эврейлер 5:7). Исанын өтүнүч менен эле эмес, жалыныч менен «кайрылганына» көңүл бурсаң. «Жалыныч» деген сөз жардам сурап чын жүрөктөн чыккан жалынып-жалбарууну билдирет. Ушул сөздүн түп нускадагы мааниси Исанын Жахабага бир эле эмес, бир нече жолу кайрылганын көрсөтүп турат. Ооба, Иса Гетсемани багында Жахабага жалынып-жалбарып, кайра-кайра тиленген (Матай 26:36—44).

16 Иса Атасынын «сыйынууну уга» турган Кудай экенин билгендиктен, анын жалынып-жалбарууларын угарына толук ишенген (Забур 64:3). Ал асманда жүргөндө Атасынын жердеги ишенимдүү кызматчыларынын тиленүүлөрүнө жооп бергенин далай жолу көргөн. Мисалы, Жахабанын Даниел пайгамбар тиленип бүткөнгө чейин эле анын чын жүрөктөн чыккан тиленүүсүнө жооп кылып, периштесин жөнөткөнүн өз көзү менен көргөн (Даниел 9:20, 21). Анан Жахаба кантип өзүнүн жалгыз Уулунун «катуу үн менен, көз жашын төгүп», жалындуу тиленүүсүнө жооп бербей койсун? Ал Уулунун тиленүүсүн угуп, оор сыноону көтөрүп кете алышы үчүн, аны бекемдөөгө периштесин жиберген (Лука 22:43).

17. Кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөрүү үчүн эмне себептен Кудайдан жардам сурашыбыз зарыл жана аны кантип кылсак болот?

17 Кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөрүү үчүн биз да «күч-кубат берген» Кудайга кайрылышыбыз зарыл (Филипиликтер 4:13). Эгер Кудайдын жеткилең Уулу Атасына жардам сурап жалынып-жалбарса, анда биз андан бетер жардам сурап кайрылышыбыз керек эмеспи? Бизде да, Исадай болуп, Жахабага кайра-кайра тиленишибиз керек болгон учурлар болушу мүмкүн (Матай 7:7). Албетте, Жахаба бизге периштесин жиберет деп күтпөйбүз, бирок мээримдүү Кудайдын «күнү-түнү тиленип», «жалынып-жалбарган» ишенимдүү кызматчыларынын үнүн угарына шектенбесек болот (1 Тиметей 5:5). Ооруп калганда, жакыныбыздан айрылганда же чындыкка каршы чыккандар тарабынан куугунтукталганда, деги эле кандай гана кыйынчылыктарга туш болбойлу, Жахаба биздин андан акылмандык, кайраттуулук жана күч сурап кайрылган жалындуу тиленүүлөрүбүзгө жооп берет (2 Корунттуктар 4:7—11; Жакып 1:5).

Жахаба биздин жардам сурап кайрылган жалындуу тиленүүлөрүбүзгө жооп берет

18. Иса кандайча кыйынчылыктарга эле көңүл бурбастан, алдыдагы жакшы нерселерди ойлогон?

18 Ошондой эле Исага туруктуу болууга кыйынчылыктарга эле көңүл бурбастан, алдыда күтүп турган жакшы нерселер жөнүндө ойлоо жардам берген. Ыйык Китепте Иса жөнүндө: «Ал алдыда күтүп турган кубанычты ойлоп, шылдың болгонуна карабай жаза устунунда өлгөн»,— делет (Эврейлер 12:2). Иса тууралуу билдирүүдөн үмүт, кубаныч жана туруктуулук бири-бири менен тыгыз байланышта экенин көрүүгө болот. Бир сөз менен айтканда, үмүт кубанычты жаратат, ал эми кубаныч туруктуу болууга жардам берет (Римдиктер 15:13; Колосалыктар 1:11). Исаны алдыда эң сонун келечек күтүп турган. Ал ишенимдүүлүгүн сактаса, Атасынын эгедерлиги акталарын жана адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткарарын билген. Мындан тышкары, тил алчаак адамдар мол баталарды алып бактылуу жашашы үчүн, Падыша жана Башкы дин кызматчы болоруна үмүттөнгөн (Матай 20:28; Эврейлер 7:23—26). Исага алдыда боло турган нерселер жөнүндө ойлонуу сөз менен жеткире алгыс кубаныч тартуулаган, ал эми кубаныч баарына чыдап, туруктуу болууга жардам берген.

19. Ишенимибиз сыналганда үмүт, кубаныч жана туруктуулук кыйынчылыктарды көтөрүүгө кандайча жардам берет?

19 Биз да кыйынчылыктарды, Исадай болуп, үмүт, кубаныч жана туруктуулук менен көтөрүшүбүз керек. Элчи Пабыл: «Үмүт менен кубангыла. Кыйынчылыкка кабылганда туруктуу болгула»,— деген (Римдиктер 12:12). Учурда кыйынчылыктарга кабылып, ишенимиң сыналып жатабы? Анда келечекте ала турган баталарга көңүл топто! Туруктуулук көрсөтүү менен Жахабага даңк алып келериңди эсиңден чыгарба. Кудайдын Падышалыгы астында жашоого болгон үмүтүңдү бекем сакта. Жакында боло турган кереметтүү жаңы дүйнөдө жашап жатканыңды жана Бейиште кандай сонун баталарды аларыңды элестет. Жахабанын эгедерлигинин акталарына, жер ыймансыз адамдардан тазаланарына, оору менен өлүм түп орду менен жок болоруна байланыштуу убадалардын аткарылышын күтүү жүрөгүңдү кубанычка бөлөйт, ал эми кубаныч сага, кандай кыйынчылыктар болбосун, аларды туруктуулук менен көтөрүп кетүүгө жардам берет. Кудайдын Падышалыгы астында ала турган баталарды эске алганда, азыркы сен туш болуп жаткан кыйынчылыктар «кыска мөөнөттүү жана анча оор эмес» болуп калат (2 Корунттуктар 4:17).

«Изи менен так жүрөлү»

20, 21. Туруктуулукка байланыштуу Жахаба бизден эмнени күтөт жана эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

20 Иса анын жолун жолдоо оңой эмес болорун жана жолдоочуларынан туруктуулук талап кылынарын билген (Жакан 15:20). Анын үлгүсү башкаларды шыктандырарын билгендиктен ал бизге жакшы үлгү калтырган (Жакан 16:33). Албетте, туруктуулук көрсөтүү жагынан Иса жеткилең үлгү калтырган, бирок биз жеткилең эмеспиз. Анда Жахаба бизден эмнени күтөт? Бул суроонун жообу Петирдин: «Машаяк да силер үчүн азап тартып, анын изи менен так жүрүшүңөр үчүн, силерге үлгү калтырган»,— деген сөздөрүндө камтылат (1 Петир 2:21). Иса сыноолорго туруштук берүү жагынан бизге мыкты «үлгү» калтырган *. Анын туруктуулугун «изге» салыштырууга болот. Биз ал из менен, жеткилең түрдө болбосо да, «так» жүрө алабыз.

21 Андыктан, келгиле, Исанын үлгүсүнө карманууга колубуздан келгендин баарын жасайлы. Анын изи менен канчалык так жүрсөк, акырына чейин, тактап айтканда, бул дүйнө түзүлүшүнүн акырына чейин же өмүрүбүздүн аягына чейин ошончолук туруктуу болорубузду эч качан эстен чыгарбайлы. Дүйнө түзүлүшүнүн акыры көзүбүз тирүүсүндө келеби же биз өтүп кеткенден кийин келеби, билбейбиз. Бирок Жахаба туруктуулугун сактагандарга түбөлүк өмүр берерине шектенбесек болот (Матай 24:13).

^ 20-абз. Грек тилинен «үлгү» деп которулган сөз түзмө-түз «көчүрүп жазуунун үлгүсү» дегенди билдирет. Грек Жазмаларында «үлгү» деген сөздү элчи Петир гана колдонгон. Аталган сөз «балдар туура жазууга үйрөнүү үчүн караштырылган жазуунун үлгүсү» деген маанини да берет.