Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-БӨЛҮМ

«Менин... жүрөгүм момун»

«Менин... жүрөгүм момун»

«Сага өзүңдүн... Падышаң келет»

1—3. Иса Иерусалимге кантип кирип келген жана бул эмне үчүн айрымдарды таң калтырышы мүмкүн эле?

ИЕРУСАЛИМ шаарында эл уу-дуу. Алар улуу адамдын келишин күтүп жатышат. Шаардын сыртында болсо эл жол боюна кыдырата тизилген. Эл арасында Дөөтү падышанын тукумунан чыккан Ысрайылдын падышасы келе жатат деген сөз тарагандыктан, баары аны тосуп чыгууга куштар. Кээ бирлери пальма бутактарын булгалап турушса, башкалары сырт кийимдерин, бактын бутактарын ал келе турган жолго төшөп жатышты (Матай 21:7, 8; Жакан 12:12, 13). Көптөр Иса шаарга кантип кирип келет болду экен деп күтүшүүдө.

2 Айрымдар падыша шаарга шаан-шөкөт менен кирет деп күтүшкөн чыгар. Албетте, аларга көрүнүктүү адамдардын шаарга кантип кирери маалым болгон. Алсак, Дөөтүнүн уулу Абышалом өзүн падыша жарыялаганда майдан арабасынын алдынан 50 жөө күлүктү чуркатып алган (2 Шемуел 15:1, 10). Ал эми Рим башкаруучусу Юлий Цезардын кириши Абышаломдукунан ашып түшкөн. Бир жолу ал Рим Капитолийине шам чырактар тагылган 40 пилдин курчоосунда кирип келген. Бирок ысрайылдыктар алардан алда канча улуу адамды күтүп жатышат. Эл анын ким экенин толук түшүнбөсө да, ал тарыхта жашаган эң улуу адам — Машаяк — болгон. Ошентип, шаарга эл көптөн күткөн болочок падыша кирип келет. Ошондо алардын айрымдары көргөн көздөрүнө ишенбесе керек.

3 Алардын падышасы эч кандай майдан арабаларысыз, жөө күлүктөрсүз, аттарсыз жана пилдерсиз эле келе жатат. Ооба, Иса кадимки эле эшекке * минип кирип келет. Кийген кийимин да кымбат баалуу деп айта албайсың, миңген эшегинин да кооз жасалгалары жок. Укмуштай кооздолуп жасалган ээр ордуна астына жолдоочулары салып берген кийимдерди төшөп алган. Андан алда канча төмөн турган адамдар шаарга шаан-шөкөт менен кирип келишсе, эмне үчүн Иса андай кылган эмес?

4. Машаяктын Иерусалимге кирип келиши жөнүндө Ыйык Китепте кандай пайгамбарлык айтылган?

4 Ошондо: «Кубанып, шаттыкка бөлөн... салтанат кур, Иерусалим кызы, сага өзүңдүн адилеттүү, куткара турган, момун Падышаң келет. Ал ургаачы эшекке, кодикке, минип келет»,— деген пайгамбарлык аткарылган (Захария 9:9). Ал пайгамбарлыкта Кудайдын майланганы, Машаяк, бир күнү Иерусалимдеги элге асмандан дайындалган Падыша катары өзүн ачып берери айтылган. Андан тышкары, Исанын Иерусалимге эшек минип кирип келгени анын асыл сапатын — момундугун — ачып берген.

5. Исанын момундугу тууралуу ой жүгүртүү эмне үчүн абдан маанилүү жана эмне себептен бул жагынан Исадан үлгү алуу керек?

5 Исанын баа жеткис сапаттарынын бири болуп эсептелген момундугу тууралуу ой жүгүртүү абдан маанилүү. Өткөн бөлүмдө талкуулангандай, бир гана Иса — «жол», «чындык» жана «өмүр» (Жакан 14:6). Жер бетиндеги бир да адам Кудайдын Уулундай улук болбогондугу айтпаса да түшүнүктүү. Ошентсе да Исада жеткилең эмес адамдарга мүнөздүү болгон бой көтөрүүчүлүктүн, текебердиктин таруудай да белгиси болгон эмес. Андыктан Машаяктын жолун жолдоо үчүн ар бирибиз бой көтөрүүчүлүккө каршы күрөшүшүбүз керек (Жакып 4:6). Ооба, Жахаба текебердикти жек көрөт. Демек, Исадан үлгү алып, момун болуу абдан зарыл.

Иса башынан эле момун болгон

6. Момундук деген эмне жана Жахаба Кудай Машаяктын момун болорун кайдан билген?

6 Момундук өзү жөнүндө жогору ойлобоону жана бой көтөрбөөнү билдирет. Ал сапат адамдын жүрөгүнүн абалын көрсөтүп, анын сүйлөгөн сөзүнөн, жүрүм-турумунан жана башкаларга жасаган мамилесинен көрүнүп турат. Жахаба Машаяктын момун болорун кайдан билген? Жахаба — өзү момун Кудай. Ал Уулунун, өзүнө окшоп, момун болорунан күмөн санаган эмес (Жакан 10:14). Уулу да момун экенин иш жүзүндө көрсөткөн. Кандайча?

7—9. а) Микеил Шайтан менен талашканда кантип момундук көрсөткөн? б) Исанын жолдоочулары момундук көрсөтүүдө Микеилден кантип үлгү ала алышат?

7 Жүйүт китебинде: «Башкы периште Микеил Ибилистин оюн туура көрбөй, Мусанын сөөгү тууралуу талашканда, ага кемсинтерлик сөздөр менен өкүм чыгарууга батынган эмес, тескерисинче: „Сени Жахаба соттосун“,— деген»,— делет (Жүйүт 9). Микеил — Исанын башкы периште катары жана асман кошуунунун аскер жетекчиси катары жерге келгенге чейинки жана тирилип асманга кеткенден кийинки ысмы * (1 Тесалоникалыктар 4:16). Ошондой болсо да Микеилдин Шайтанга берген жообун байкасаңар.

8 Жүйүт китебинде Шайтан Мусанын сөөгүн кандай максатта талашканы айтылбайт, бирок, кандай болбосун, анын ниети бузук болгону шексиз. Сыягы, ал Мусанын сөөгүн жалган сыйынууну жайылтуу үчүн колдонгусу келген. Микеил Шайтандын арам оюна каршы болсо да, өзүн өзү кармаган. Ал Шайтанга катуу айта алмак, бирок ошол маалда ага «сот бийлигинин баары» бериле элек болгондуктан, ал соттоого Жахаба гана укуктуу деп эсептеген (Жакан 5:22). Башкы периште катары Микеил зор бийликке ээ болгон. Ошентсе да ал сот ишин өз колуна албастан, момундук менен Жахабага койгон. Ал момун болгондон тышкары, бийлиги чектелүү экенин эске алган.

9 Жүйүт бул окуяны бекеринен жазган эмес. Тилекке каршы, биринчи кылымда Исанын айрым жолдоочулары момундук көрсөтпөй, текеберденип, «өздөрү чындап билбеген нерселердин баары жөнүндө жаман сөздөрдү айтышкан» (Жүйүт 10). Биз алсыз пенде болгондуктан бат эле бой көтөрүп, текеберденип кетишибиз ыктымал. Жыйналышта кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү — аксакалдар кеңеши чыгарган чечимди — түшүнбөй жатсак, эмне кылабыз? Мындай чечимдер кандай себептер менен чыгарылганын түшүнбөй туруп, алар тууралуу терс көз карашта болуп, сындап жатканыбыздын өзү момундуктун жетишсиздигин көрсөтүп жаткан жокпу? Андыктан Жахаба бизге соттоого укук бербегендиктен, келгиле, аларды сындагандын ордуна, Микеилден, тактап айтканда, Исадан үлгү алалы.

10, 11. а) Кудайдын Уулунун жерге келүүгө макул болгонунан эмнени айкын көрүүгө болот? б) Канткенде Исадай момун боло алабыз?

10 Кудайдын Уулу жерге келүүгө макул болуу менен да момундук көрсөткөн. Ага жерге келүү үчүн эмнелерден баш тартууга туура келгенин карап көрөлү. Иса асманда башкы периште болгон. Ошондой эле Кудайдын Өкүлү — «Сөзү» — катары кызмат кылган (Жакан 1:1—3). Ал Жахабанын «даңктуу жана ыйык жайында» жашаган (Ышайа 63:15). Ошого карабай «ал бардык нерсесин калтырган жана адамдарга окшош болуп, кул кейпин кийип» жерге келген (Филипиликтер 2:7). Ал эми жерде ал кандай жашоо өткөргөн? Анын өмүрү жүйүт кыздын жатынына көчүрүлүп, тогуз айдан кийин ымыркай болуп төрөлгөн. Ал кедей жыгач устанын колунда чоңоюп-өскөн. Өзү жеткилең болсо да, чоңоюп өз алдынча кеткенге чейин жеткилең эмес ата-энесине баш ийген (Лука 2:40, 51, 52). Чыныгы момундук деп ушуну айт!

11 Кандайдыр бир деңгээлде төмөн деп эсептелген иштерди аткарууга макул болуу менен, Исадай болуп, момундук көрсөтө алабызбы? Алсак, адамдар айткан кабарыбызга кош көңүл карашканда, шылдыңдашканда же каршылык көрсөтүшкөндө, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтуу ишин кадыр-баркыбызды түшүргөн иштей карап калышыбыз ыктымал (Матай 28:19, 20). Бирок бул ишти туруктуулук менен аткара берсек, көптөрдү куткарып калабыз. Кандай болбосун, кабар айтуу ишине катышуу менен момун болууга үйрөнөбүз жана Окутуучубуз Иса Машаяктын изи менен басабыз.

Исанын жерде жүргөндөгү момундугу

12—14. а) Эл Исаны даңктаганда, ал момундугун кантип көрсөткөн? б) Исанын момундугу башкаларга жасаган мамилесинен кандайча көрүнүп турган? в) Исанын момундугу жасалма же тек гана сыпайгерчиликтин белгиси эмес экенин кайдан билебиз?

12 Иса жерге келгенден тартып асманга кеткенге чейин момундук көрсөткөн. Ал даңкты өзүнө эмес, Атасына ыйгарган. Эл аны акылмандыгы, керемет жасаганы жана жакшы сапаттары үчүн даңктаган учурлар болгон. Ошондой учурларда ал мактоону өзүнө кабыл албастан, Жахабаны даңктаган (Марк 10:17, 18; Жакан 7:15, 16).

13 Ошондой эле Иса адамдарга момундук менен мамиле кылган. Бул анын адамдарды өзүнө кызмат кылдыруу үчүн эмес, тескерисинче, аларга кызмат кылуу үчүн келгенинен көрүнүп турат (Матай 20:28). Иса момундугун адамдарга жумшак жана аяр мамиле жасоо менен көрсөткөн. Алсак, шакирттери аны капа кылышканда, ал ачууланбай, алардын жүрөгүн козгоого аракет кылган (Матай 26:39—41). Бир жолу ал эс алуу үчүн ээн жерге бара жатканда, ага көп эл келген. Ошондо ал чарчап-чаалыгып турганына карабай аларды «көп нерсеге» окута баштаган (Марк 6:30—34). Ал эми финикиялык бир аял андан кызын айыктырышын суранганда, Иса адегенде ага өзүнүн ысрайылдыктарга эле жиберилгенин айткан. Бирок ал аял артынан калбай ээрчип алганда, Иса ага кыжырданган эмес. Ал анын бекем ишенимин көрүп, айтканын орундаткан. Бул жөнүндө 14-бөлүмдө талкууланат (Матай 15:22—28).

14 Иса дайыма «мен жумшакмын жана жүрөгүм момун» деген сөздөрүнө ылайык иш кылган (Матай 11:29). Анын момундугу жасалма же тек гана сыпайгерчиликтин белгиси болгон эмес. Ал, чынында эле, табиятынан момун болгон. Андыктан шакирттерин окутууда анын момундукка өзгөчө көңүл бурганы таң калыштуу эмес.

Жолдоочуларын момун болууга үйрөткөн

15, 16. Исанын сөздөрүнө караганда, башкаруучулар менен анын жолдоочуларынын бийликке болгон көз карашында кандай айырма болушу керек эле?

15 Исанын элчилери момундукка бат эле үйрөнө калышкан эмес. Андыктан Исага бул тууралуу аларга кайра-кайра айтууга туура келген. Алсак, бир жолу Жакып менен Жакан апасы аркылуу Исадан Кудайдын Падышалыгында жакшы орундарды берүүнү суранышкан. Ошондо Иса: «Оң жана сол жагыма кимдердин отурарын мен чечпейм. Ал орундарды Атам кимдерге даярдаса, ошолор отурат»,— деп жооп берген. Ал эми калган он элчиси бул тууралуу укканда Жакып менен Жаканга «ачууланышкан» (Матай 20:20—24). Иса бул жагдайды кандай жол менен чечкен?

16 Ал шакирттеринин көз карашын оңдоо үчүн жумшактык менен: «Башкаруучулардын элге үстөмдүк кыларын жана улуу адамдардын элдин үстүнөн бийлик жүргүзөрүн билесиңер. Бирок силердин араңарда андай болбосун. Араңардан ким чоң болгусу келсе, ал силерге кызматчы болсун. Араңардан ким биринчи болгусу келсе, ал силерге кул болсун»,— деген (Матай 20:25—27). Элчилер «башкаруучулардын» текебер, башкаларга үстөмдүк кылгысы келген, өзүмчүл экенин көрүп эле жүрүшсө керек. Иса жолдоочуларына алар бийликке тойбогон, элди эзген башкаруучулардан айырмаланышы керек экенин көрсөткөн. Ооба, алар момун болушу керек эле. Шакирттер Исанын айткандарынан сабак алышканбы?

17—19. а) Иса өлөр түнү шакирттерине момундуктун эстен кеткис кандай үлгүсүн калтырган? б) Иса адам катары момундуктун кандай үлгүсүн калтырган?

17 Сабак алуу оңой болгон эмес. Алар бул тууралуу ага чейин да талашып келишкен, кийин да талашып-тартыша беришкен. Алсак, андан мурунураак шакирттери кимибиз чоңбуз деп талашканда, Иса бир кичинекей баланы ортого чыгарып, шакирттерине текеберденбеген, бийликке умтулбаган жана башкалардан жогору болууну көздөбөгөн кичинекей балдарга окшош болуу керектигин айткан (Матай 18:1—4). Бирок Иса өлөр түнү шакирттеринин дагы эле биринчиликке умтулуп жатышканын көргөн. Ошондо ал алардын эсинен кеткис бир иш кылган. Ал белине сүлгү байлап, адатта, кулдар кыла турган ишти кылып, ар бир элчисинин бутун жууп чыккан. Алардын ичинде Исага чыккынчылык кыла турган Жүйүт да бар эле (Жакан 13:1—11).

18 Иса: «Силерге үлгү калтырдым»,— деген сөздөрү менен шакирттерине момундук эмнени билдирерин түшүнүүгө жардам берген (Жакан 13:15). Алар ошондон сабак алышты беле? Ошол эле түнү алар кимиси чоң экени жөнүндө талаша кетишкен (Лука 22:24—27). Ошондо да Иса момундугунан жазбай, чыдамдуулук көрсөтүп, аларга таалим-тарбия берген. Ошондон көп өтпөй ал «өзүн басынткан жана өлгөнгө чейин, жаза устунунда өлгөнгө чейин тил алчаак болуп», момундуктун эң сонун үлгүсүн калтырган (Филипиликтер 2:8). Иса күнөөсүз болсо да, кылмышкер жана Кудайга акарат келтирүүчү катары айыпталып, эл алдында шылдыңга алынып, өлүүгө даяр болгон. Кудайдын Уулу ошонусу менен өзгөчө экендигин далилдеген. Анткени Кудайдын жаратууларынын ичинен бир гана Иса момундукту жеткилең түрдө чагылдырган.

19 Сыягы, Исанын адам болуп жерде жүргөндө момундукка үйрөтүү үчүн кылган акыркы иши — шакирттеринин бутун жууганы — алардын жүрөгүнө терең таасир эткен. Ыйык Китепте ошол адамдардын андан кийин деле бир нече жылдар бою, атүгүл ондогон жылдар бою момундукка үйрөнүшкөнү айтылат. Ал эми биз тууралуу эмне дешке болот?

Иса калтырган үлгүгө карманасыңбы?

20. Момун же момун эмес экенибизди кантип билсек болот?

20 Элчи Пабыл ар бирибизге: «Ой жүгүртүүңөр Машаяк Исаныкындай болсун»,— деген кеңеш берет (Филипиликтер 2:5). Биз да, Исадай болуп, момун болушубуз керек. Чынында эле момунбузбу же жокпу, кантип билсек болот? Пабыл: «Эч нерсени тажаалдык же көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору көргүлө»,— деп эскертет (Филипиликтер 2:3). Демек, момун экенибиз башкаларга кылган мамилебизден көрүнөт. Биз башкаларды өзүбүздөн жогору коюп, аларды терең урматташыбыз керек. Сен ушул кеңешке карманасыңбы?

21, 22. а) Жыйналыштагы көзөмөлчүлөр эмне үчүн момун болушу керек? б) Момундук менен курчанганыбызды кантип көрсөтөбүз?

21 Исанын өлгөнүнөн көп жыл өтсө да, элчи Петир момундуктун маанилүүлүгү жөнүндө ой жүгүртүп жүргөн. Ал жыйналыштагы көзөмөлчүлөрдү Жахабанын койлоруна үстөмдүк кылбай, аларды момундук менен кайтарууга чакырган (1 Петир 5:2, 3). Жыйналышта жоопкерчиликтерге ээ болгон бир туугандын текебер болуп, башкаларга үстөмдүк кылууга укугу жок. Тескерисинче, ага канчалык жоопкерчилик артылса, ошончолук момун болушу зарыл (Лука 12:48). Албетте, момун болуу көзөмөлчүлөр үчүн эле эмес, Исанын бардык жолдоочулары үчүн маанилүү.

22 Иса Петирдин бутун, ал каршы болгонуна карабай, жууган. Ошол күндү Петир эч качан унутпаса керек (Жакан 13:6—10). Петир ишенимдештерине: «Бири-бириңерге мамиле кылууда баарыңар момундук менен курчангыла»,— деп жазган (1 Петир 5:5). «Курчангыла» деген сөз кулдун алжапкыч тагынып алып, башкалар төмөн деп эсептеген жумушту аткарганын билдирет. Ошондой эле ал сөз Исанын чөгөлөп отуруп шакирттеринин бутун жуур алдында сүлгүнү курчанганын эске салат. Эгер биз Исаны жолдосок, Кудай тапшырган ишти кадыр-баркыбызды түшүрө турган иш деп карайбызбы? Момун экенибиз момундукту курчанып алгандай баарына көрүнүп турушу керек.

23, 24. а) Эмне үчүн текебердиктен сак болушубуз керек? б) Кийинки бөлүмдө момундукка байланыштуу кандай жаңылыш ой талкууланат?

23 Текебердик уу сыяктуу. Анын таасири өлүмгө алып барат. Адам канчалык шык-жөндөмдүү болбосун, бирок текебер болсо, ал Кудайдын алдында эч нерсеге татыбай калат. Ал эми момундук сапаты эң төмөн деп эсептелген адамдарды да Кудай үчүн баалуу кылат. Эгер биз момундук менен Исанын жолун жолдосок жана ушул баа жеткис сапатты күндөн-күнгө өрчүтө берсек, Кудайдан өзүбүз элестете албаган мол баталарды алабыз. Петир: «Кудайдын кубаттуу колунун астында момун болгула, ошондо ал силерди өз убагында жогору көтөрөт»,— деп жазган (1 Петир 5:6). Иса өзүн басынтканы үчүн, Кудай аны жогору көтөргөн. Кудай сага да момундугуң үчүн батасын берүүнү каалайт.

24 Өкүнүчтүүсү, айрымдар момундукту алсыздыктын белгиси катары көрүшөт. Бирок Исанын үлгүсүнөн мындай ой жүгүртүү жаңылыштык экенин көрүүгө болот, анткени Иса баарынан момун болсо да, эр жүрөк болгон. Бул тууралуу кийинки бөлүмдө талкууланат.

^ 3-абз. Исанын шаарга кирип келиши баяндалган бир эмгекте эшектердин кандай болору төмөнкүчө сүрөттөлөт: «Алар — жоош, жай кыймылдаган, өжөр, көбүнчө кедей-кембагалдар оор жумуштарды жасоодо колдонгон жаныбарлар. Ошондой эле көзгө сүйкүмсүз келишет».

^ 7-абз. Микеил бул Иса экени тууралуу көбүрөөк билүү үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 218, 219-беттерин карагыла.