Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮМ

«Тил алчаактыкка үйрөнгөн»

«Тил алчаактыкка үйрөнгөн»

1, 2. Уулун жакшы көргөн ата баласынын тил алганын көргөндө эмне себептен ыраазы болот жана анын сезимдерин эмне үчүн Жахабанын сезимдерине салыштырууга болот?

АТАСЫ балдар менен ойноп жаткан уулун терезеден карап турат. Бир маалда балдардын ойноп жаткан тобу машине өтө турган жолго чыгып кетет. Уулу топту карап туруп калат. Досторунун бири ага чуркап барып, топту алып келе кал дейт. Ал башын чайкап: «Мага атам жолго чыкпай жүр деген»,— деп жооп берет. Муну карап турган атасы баласына ичинен ыраазы болот.

2 Эмне үчүн? Анткени ал баласына жолго жалгыз чыкпай жүр деп айткан эле. Баласы атасынын карап турганын билбесе да, жолго чуркап чыккан эмес. Ошондо атасы баласынын тил алчаактыкка үйрөнүп жатканына жана анын аркасында ар кандай жамандыктан алыс болоруна көзү жетет. Анын сезимдерин Жахабаныкына салыштырууга болот. Кудай ишенимдүүлүгүбүздү сактап, келечекте эң сонун бейиште жашашыбыз үчүн, ага таянууга жана тил алууга үйрөнүшүбүз керектигин билет (Накыл сөздөр 3:5, 6). Так ошол максатта эң мыкты Окутуучуну жерге жиберген.

3, 4. Иса кандайча «тил алчаактыкка үйрөнгөн» жана «жеткилеңдикке жеткирилген»? Мисал менен түшүндүр.

3 Ыйык Китепте Иса тууралуу кызыктуу бир нерсе айтылат. Анда: «Ал Кудайдын Уулу болсо да, азап чегүү аркылуу тил алчаактыкка үйрөнгөн. Жеткилеңдикке жеткирилгенден кийин ал өзүнө тил алгандардын баарына түбөлүк куткарылууга жол ачкан»,— делет (Эврейлер 5:8, 9). Иса асманда санак жеткис жылдар бою Атасы менен жашаган. Ал Шайтандын жана ага кошулуп кеткен козголоңчул периштелердин тил албаганын көргөн, бирок ал эч качан аларга кошулган эмес. Ыйык Китептеги: «Мен каршылык кылган жокмун»,— деген сөздөр Исага тиешелүү болгон (Ышайа 50:5). Кудайдын жеткилең Уулу кандайча «тил алчаактыкка үйрөнгөн»? Ал жеткилең болуп туруп кандайча «жеткилеңдикке жеткирилген»?

4 Бир мисалды карап көрөлү. Жоокердин темирден жасалган кылычы бар деп коёлу. Ал аны бир да жолу согушта колдонгон эмес. Бирок кылычтын мыкты жасалганы көрүнүп турат. Ошентсе да ал темир кылычын согушта далай жолу колдонулган бекем болот кылычка алмаштырат. Жоокердин темир кылычын болот кылычка алмаштырганы акылдуулукка жатат, чынбы? Анын сыңарындай эле, Иса жерге келгенге чейин эле Атасына дайыма тил алган. Бирок жерге келгенден кийин анын тил алчаактыгынын сапаты андан бетер жогорулаган. Анын тил алчаактыгы жерде жүргөндө дуушар болгон кыйынчылыктар аркылуу сыналган, каймана мааниде айтканда, чыңалган. Андай кыйынчылыктарды Иса асмандан эч качан башынан өткөрмөк эмес.

5. Эмне себептен Исанын тил алышы маанилүү болгон жана бул бөлүмдө эмнелерди карайбыз?

5 Исанын жерде жүргөндө Кудайга тил алчаак болушу абдан маанилүү болгон. Ал «акыркы Адам» катары, биздин түпкү атабыздан айырмаланып, сыноолордо да Кудайдын тилин алган (1 Корунттуктар 15:45). Бирок Иса Атасына үстүртөдөн эле тил алган эмес. Ал бүт акылы, жүрөгү жана жан-дили менен тил алган. Исага Атасына тил алуу кубаныч тартуулаган. Атасынын эркин аткаруу ал үчүн тамактангандан да маанилүү болгон (Жакан 4:34). Канткенде, Исадай болуп, тил алчаак боло алабыз? Алгач, келгиле, ага тил алууга эмне түрткү бергенин карап көрөлү. Себеби Исаныкындай маанай өрчүтүү бизге азгырыктарга каршы турууга жана Кудайдын эркин аткарууга жардам берет. Андан соң Исага окшоп тил алуу кандай баталарды алып келерин карайбыз.

Исага тил алууга эмне түрткү берген?

6, 7. Исага тил алчаак болууга эмнелер түрткү берген?

6 Иса Кудайга чын жүрөктөн тил алган. 3-бөлүмдөн билгенибиздей, Исанын жүрөгү момун болгон. Текебер, менменсинген адамдар тил алууну каалашпайт, ал эми момун адамдар Жахабага даярдуулук менен тил алышат (Чыгуу 5:1, 2; 1 Петир 5:5, 6). Андан тышкары, Исага тил алууга адилдикке болгон сүйүү жана мыйзамсыздыкка болгон жек көрүү сезими түрткү берген.

7 Эң негизгиси, Иса асмандагы Атасы Жахабаны сүйгөн. Анын Жахабага болгон сүйүүсү тууралуу 13-бөлүмдө кеңири талкууланат. Иса Жахабаны сүйгөндүктөн андан коркуу сезимин өрчүткөн. Анын Атасына болгон сүйүүсү ушунчалык күчтүү болгондуктан жана аны терең урматтагандыктан, Атасына жакпай калуудан абдан корккон. Иса Атасынан корккондуктан анын тиленүүлөрү угулган (Эврейлер 5:7). Иса элди Кудайдан коркуу менен башкарат (Ышайа 11:3).

● Башында Исанын бир туугандары анын кызматы тууралуу кандай ойдо болушкан жана Исадан эмнеге үйрөнсөк болот? (Марк 3:21, 31—35).

8, 9. Пайгамбарлыкта айтылгандай, Иса адилдикке жана мыйзамсыздыкка кандай караган жана аларга карата кандай сезимде болгонун кантип көрсөткөн?

8 Жахабаны сүйүү ал жек көргөн нерселерди жек көрүү дегенди да билдирет. Асман Падышалыгынын Падышасы тууралуу айтылган пайгамбарлыкка көңүл бурсаңар. Ал жерде: «Сен чындыкты [«адилдикти», «ЖД»] сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көрдүң, ошондуктан Кудай, Сенин Кудайың, жолдошторуңа караганда Сени кубаныч майы менен көбүрөөк майлаган»,— делет (Забур 44:8). Исанын «жолдоштору» Дөөтү падышанын тукумунан чыккан падышаларды билдирген. Иса майланганда аларга караганда көбүрөөк даңкталган, башкача айтканда, көбүрөөк кубанычка бөлөнгөн. Эмне үчүн? Анын ала турган сыйлыгы алардыкына караганда алда канча жогору жана анын башкаруусу түбөлүк пайдаларды алып келет. Анын адилдикти сүйүп, мыйзамсыздыкты жек көргөндүгү Кудайга бардык нерседе тил алууга түрткү берген жана бул үчүн ал зор сыйлыкка ээ болгон.

9 Иса адилдикти сүйгөнүн жана мыйзамсыздыкты жек көргөнүн кантип көрсөткөн? Мисалы, шакирттер Исанын кабар айтууга карата берген көрсөтмөлөрүнө баш ийип, көптөгөн баталарды алышканда, ал кандай сезимде болгон? Ал кубанычы койнуна батпай сүйүнгөн (Лука 10:1, 17, 21). Ал эми Иерусалимдин тургундары кайра-кайра тил албастык кылып, Кудайдын Сөзүн укпай коюшканда жана анын жардамын четке кагышканда, Иса кандай сезимде болгон? Ал алардын жаман жолго түшкөнүн көрүп ыйлаган (Лука 19:41, 42). Иса жакшы да, жаман да иштерге кайдыгер караган эмес.

10. Жакшы жана жаман иштерге карата кандай сезимдерди өрчүтүшүбүз керек жана андай кылууга эмне жардам берет?

10 Исанын жаман-жакшыга карата кандай сезимде болгону тууралуу ой жүгүртүү менен Жахабага кандай ниет менен тил аларыбызды текшере алабыз. Жеткилең эмес болсок да, жакшы нерселерди чындап сүйүүгө үйрөнөбүз жана жаман нерсеге карата жек көрүү сезимин өрчүтө алабыз. Биз Жахабага кайрылып, аныкындай жана анын Уулунукундай сезимдерди өрчүтүүгө жардам беришин сурап тиленишибиз керек (Забур 50:12). Ошол эле учурда андай сезимдерге терс таасир эте турган нерселерден алыс болушубуз зарыл. Андыктан досторду жана көңүл ачууну тандоодо сак болуу маанилүү (Накыл сөздөр 13:20; Филипиликтер 4:8). Эгер биз Исаныкындай маанай өрчүтсөк, Кудайга элге көрүнүш үчүн эле тил албайбыз. Биз жакшы иштерди сүйгөндүктөн кылабыз. Ал эми жаман иштерден башкалар көрүп калат деп корккондуктан эмес, аларды жек көргөндүктөн алыс болобуз.

«Ал эч күнөө кылган эмес»

11, 12. а) Иса кызматын жаңы баштаганда кандай сыноого туш болгон? б) Шайтан алгач Исаны кандай жолдор менен азгырган?

11 Кызматынын башында эле Исанын күнөөнү жек көрөрү айкын болгон. Ал чөмүлтүлгөндөн кийин оозуна наар албай, суу ичпей чөлдө кырк күн, кырк түн өткөргөн. Ошол учурда Шайтан аны сынаганы келген. Шайтандын канчалык куу экенин байкасаң (Матай 4:1—11).

12 Шайтан адегенде: «Эгерде Кудайдын уулу болсоң, анда бул таштарга нанга айланууну буйручу»,— деген (Матай 4:3). Иса көп күндөн бери тамак ичпегендиктен, өзүн кандай сезип турду эле? Ыйык Китепте анын «ачка болгону» айтылат (Матай 4:2). Мындан көрүнүп тургандай, Шайтан атайылап Исанын ачка болушун күтүп, анын тамак-ашка болгон муктаждыгынан пайдаланып, өз мүдөөсүн ишке ашыргысы келген. Андан тышкары, Шайтандын «эгерде Кудайдын уулу болсоң» деп куулук менен айткан сөзүнө көңүл бурсаң. Ооба, Шайтан Исанын «бардык жаратылгандардын тунгучу» экенин билген (Колосалыктар 1:15). Бирок Иса Шайтандын тилине кирип, Кудайга тил албастык кылган эмес. Иса күчүн өз кызыкчылыгына колдонуу Кудайдын эркине ылайык келбесин түшүнгөн. Ал Шайтандын сунушун четке кагып, Жахабадан колдоо жана жетекчилик күтүү менен ага момундук менен таянарын көрсөткөн (Матай 4:4).

13—15. а) Шайтан Исаны экинчи жана үчүнчү жолу азгырганда ага эмнелерди сунуш кылган жана Иса кандай жооп кайтарган? б) Исанын дайыма сак болушу керек болгонун кайдан билебиз?

13 Шайтан Исаны экинчи жолу азгырыш үчүн аны ибадаткананы курчап турган дубалдын үстүнө чыгарат. Ал Кудайдын Сөзүн бурмалап, периштелер сени куткарып калат деп, Исаны ошол бийик дубалдан элдин көзүнчө боюн таштоого азгырат. Эгер ибадатканага чогулгандар андай кереметти көрүшсө, Исанын убадаланган Машаяк экенине шек санашат беле? Эгер эл аны ушундай кереметтен кийин Машаяк деп кабыл алса, Иса көптөгөн көйгөйлөрдөн жана кыйынчылыктардан кача алат беле? Балким, бирок ал Жахабанын эркине ылайык, элдерди өзгөчө бир окуя менен таасирлентүүнүн аркасында өзүнүн Машаяк экенине ишендирүү эмес, кызматын момундук менен аткаруу керек экенин түшүнгөн (Ышайа 42:1, 2). Ошондуктан Иса ал жолкусунда да Жахабага баш ийген; атак-даңкка азгырылган эмес.

14 Ал бийликке азгырылганбы? Шайтан үчүнчү жолкусунда, эгер Иса ага бир эле жолу сыйынса, дүйнөдөгү бардык падышалыктарды берерин сунуш кылган. Иса анын сунушу тууралуу ойлонду беле? Түк да. Ал: «Кет жанымдан, Шайтан! Анткени Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабага сыйын жана ага гана ыйык кызмат кыл“,— деп жазылган»,— деп жооп берген (Матай 4:10). Ооба, Иса эч качан башка кудайга сыйынууга азгырылмак эмес. Ал эч качан бийликке, мансапка азгырылып, Кудай Сөзүнөн четтемек эмес.

15 Шайтан ошо менен эле токтоп калды беле? Ал Исанын буйругуна баш ийип кетип калган. Бирок Луканын Инжилинде Шайтандын «анын жанынан кетип, башка ыңгайлуу учурду күтө баштаганы» айтылат (Лука 4:13). Чынында эле, Шайтан Исаны анын жердеги өмүрүнүн акырына чейин азгыра берген. Ыйык Китепте Исанын «бардык жагынан сыналганы» айтылат (Эврейлер 4:15). Демек, Иса дайыма сак болушу керек болчу. Биз да ар дайым сак болушубуз керек.

16. Шайтан бүгүнкү күндө Кудайдын кызматчыларын кантип азгырууда жана биз анын азгырыгын кантип четке кага алабыз?

16 Шайтан бүгүн да Кудайдын кызматчыларын азгырууда. Биз, тилекке каршы, жеткилеңсиз болгондуктан, азгырыктарга оңой эле алдырып коюшубуз мүмкүн. Шайтан адамдардын өзүмчүлдүккө, менменсинүүгө жана мансапка умтулууга жакын экенин билип, ошондон пайдаланат. Ошондой эле бизди байлыкка азгыруу менен жогоруда саналып өткөн үч нерсени да бизге каршы курал катары колдоно алат. Андыктан кез-кезде өзүбүздү текшерип турушубуз зарыл. Биз 1 Жакан 2:15—17-аяттарда жазылган сөздөрдүн үстүнөн ойлонуп көрүшүбүз керек. Ошондой эле: «Дене кумары, баюуну каалоо, башкаларды таасирлентүүгө умтулуу кандайдыр бир деңгээлде Жараткан Кудайга болгон сүйүүмдү басып салган жокпу?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Биз бул дүйнө, аны менен бирге анын башкаруучусу жакында жок болорун эсибизден чыгарбашыбыз керек. Келгиле, анын бизди күнөөгө азгырууга жасаган аракетин четке кагалы. «Эч күнөө кылбаган» Жол башчыбыз Исадан үлгү алалы (1 Петир 2:22).

«Мен ар дайым ага жакканды жасайм»

17. Иса Кудайга тил алууга кандай караган жана айрымдар буга байланыштуу эмне деши мүмкүн?

17 Тил алчаактык күнөө кылбоону эле билдирбейт. Машаяк Атасынын айткандарынын баарын аткаргысы келгендиктен тил алган. Ал: «Мен ар дайым ага жакканды жасайм»,— деген (Жакан 8:29). Ал Кудайга тил алуудан кубаныч алган. Бирок кимдир бирөөлөр: «Иса үчүн тил алуу кыйынга деле турган эмес, анткени ал жеткилең Жахабанын алдында гана жооп берген, ал эми бизге бийлик башындагы жеткилең эмес адамдарга баш ийүүгө туура келүүдө»,— деши мүмкүн. Бирок Иса жеткилең эмес адамдарга да баш ийген.

18. Иса бала кезинде тил алууга байланыштуу кандай үлгү калтырган?

18 Иса жеткилең эмес ата-энеси Мариям менен Жусуптун колунда чоңоюп, аларга баш ийген. Балким, ал көп балдарга караганда ата-энесинин кемчиликтерин көбүрөөк байкай алган. Ал Кудайдын ата-энелерге берген ролун өзүнө алып, аларга үй-бүлөнү кандай башкаруу керектигин үйрөттү беле? Лука 2:51де эмне делгенине көңүл бурсаң, ал жерде: «Ал андан ары да ата-энесине баш ийип, тил алчаак болду»,— делет. Ал өзүнүн ата-энесине баш ийгендиги менен анын жолун жолдоп, ата-энесинин тилин алууга жана аларга сый-урмат көрсөтүүгө умтулган жаштарга эң сонун үлгү калтырган (Эфестиктер 6:1, 2).

19, 20. а) Иса жеткилең эмес адамдарга баш ийүүдө кандай өзгөчө кыйынчылыктарга туш болгон? б) Бүгүнкү күндө Исанын жолдоочулары эмне себептен жоопкерчиликтүү милдеттерди аткарган бир туугандарга баш ийиши керек?

19 Иса жеткилеңсиз адамдарга баш ийүүдө азыркы учурда анын бир да жолдоочусу кабылып көрбөгөн кыйынчылыктарга туш болгон. Ал жашаган өзгөчө мезгилге токтолуп көрөлү. Көп убакыттан бери Жахабанын жактыруусуна ээ болуп келген жүйүт диний түзүлүшү, ошондой эле Иерусалимдеги ибадаткана жана андагы дин кызматчылар Жахаба тарабынан четке кагылып, анын ордуна Исанын жолдоочуларынын жаңы жыйналышы негизделмек (Матай 23:33—38). Көптөгөн диний жетекчилер элди гректердин философиясына негизделген жалган окууларга окутуп жатышкан эле. Ал эми ибадаткана соода кыла турган жерге айланып калгандыктан, Иса аны «каракчылардын уюгу» деп атаган (Марк 11:17). Иса ушулардын баарын көргөндө ибадатканага же синагогага баруудан баш тартты беле? Жок. Анткени Жахаба дагы деле ошол түзүлүштү колдонуп жаткан болчу. Жахаба өзү кийлигишип, бардыгын өзгөрткөнгө чейин Иса ибадатканада жана синагогада өтүлүүчү майрамдарга барып турган (Лука 4:16; Жакан 5:1).

20 Иса ошондой оор жагдайларда тил алчаак болгон. Ошондуктан биз, Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары, андан бетер тил алчаак болушубуз керек эмеспи? Анткени биз алдын ала айтылган, таза сыйынуу калыбына келтирилген доордо жашап жатабыз. Кудай бизди элинин ортосундагы биримдикти Шайтандын бузушуна эч качан жол бербесине ынандырат (Ышайа 2:1, 2; 54:17). Ооба, жыйналыштагы бир туугандар жеткилеңсиздигинен улам каталарды кетирип алышы мүмкүн. Алардын кемчиликтерин көрүп, Жахабага тил албай койгонубуз туура болобу? Жыйналыш жолугушууларына барбай же аксакалдарга карата сын пикирде болушубуз керекпи? Эч качан антпешибиз керек. Тескерисинче, жыйналыштагы жоопкерчиликтүү милдеттерди аткарган бир туугандарды чын жүрөктөн колдойбуз. Кудайга тил алуу менен биз жыйналыш жолугушууларына жана жыйындарга барабыз жана ал жактан берилген ыйык китептик кеңештерди колдонобуз (Эврейлер 10:24, 25; 13:17).

● Исанын баш ийүүгө тийиш болбогон мыйзамга да даярдуулук менен баш ийгенинен эмнеге үйрөнсөк болот? (Матай 17:24—27).

21. Башкалар Кудайга тил албоого үндөгөндө, Иса кандай жооп кайтарган жана бизге кандай үлгү калтырган?

21 Иса эч кимге, атүгүл жакын досторуна да Кудайга тил алууга тоскоолдук кылышына жол берген эмес. Мисалы, элчи Петир жаман ою жок эле Исаны кыйналып өлүшүнүн зарылдыгы жок экенине ынандырууга аракет кылып, өзүңдү ая деген. Иса Петирдин жакшы ой менен айткан, бирок туура эмес кеңешин чечкиндүү түрдө четке каккан (Марк 8:31—33). Бүгүнкү күндө да Исанын жолдоочулары Кудайдын мыйзамдары менен принциптерине каршы иш кылууга азгырган туугандарынын кеңештерин четке кагышууда. Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларындай болуп, биз да «адамдарга эмес, биринчи кезекте башкаруучубуз Кудайга баш ийишибиз керек» (Элчилер 5:29).

Исага окшоп тил алуу мол баталарды алып келет

22. Иса кандай суроого жооп берген жана кантип?

22 Иса өлүм жазасына тартылганда анын тил алчаактыгы болуп көрбөгөндөй сыналган. Ошол азаптуу күнү ал сөздүн толук маанисинде «тил алчаактыкка үйрөнгөн». Ал өзүнүн эмес, Атасынын эркин аткарган (Лука 22:42). Ошентип, ал актыктын жеткилең үлгүсүн калтырган (1 Тиметей 3:16). «Жеткилең адам сыноолордо Кудайга тил алабы?» деген байыркы заманда эле көтөрүлгөн суроого жооп кайтарган. Адам ата да, Обо эне да Кудайдын тилин албай коюшкан. Кийин Иса жерге келген, жер үстүндө адам болуп жашаган жана өлгөн. Ушундай кылуу менен Иса — Жахабанын эң улуу жаратуусу — негизги суроого жооп берип, бардыгын өз ордуна койгон. Өмүрүнөн айрылууга туура келсе да, ал Кудайга тил алган.

23—25. а) Тил алчаактыктын актык менен кандай байланышы бар? Мисал менен түшүндүр. б) Кийинки бөлүмдө эмне тууралуу талкууланат?

23 Актык, тактап айтканда, Жахабага чын жүрөктөн берилгендик ага тил алуу аркылуу көрсөтүлөт. Иса тил алуу менен актыгын сактаган жана бүткүл адамзатка пайда алып келген (Римдиктер 5:19). Жахаба Исага мол батасын берген. Эгер биз Окутуучубуз Машаяктын тилин алсак, Жахаба бизге да батасын берет. Машаякка баш ийүү «түбөлүк куткарылууга» алып барат (Эврейлер 5:9).

24 Актыгыбызды сактап, түз жүргөнүбүздүн өзү эле Жахабанын батасы. Накыл сөздөр 10:9да: «Түз жүргөн адам коопсуз жашайт, ал эми түз жолдон чыккан адам жазаланат»,— делет. Актыкты жогорку сапаттагы кыштан курулган чоң үйгө салыштырууга болот. Ар бир жолку тил алганыбыз ал үйдүн ар бир кышына окшош. Үйдүн ар бир кышын өз-өзүнчө алып караганда анча деле мааниге ээ эместей көрүнүшү мүмкүн. Бирок алардын ар биринин өз орду бар жана ар бири баалуу. Аларды бириктиргенде көз жоосун алган эң бир сонун имарат пайда болот. Анын сыңарындай, биз да күн сайын, жылдан жылга тил алчаактык көрсөтө берсек, ажайып кооз үй сыяктуу актыгыбызды тургузабыз.

25 Көптөгөн жылдар бою тил алчаак болуу үчүн туруктуулук талап кылынат. Кийинки бөлүмдө Исанын туруктуулугу талкууланат.