Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

«Мына, Жүйүт уруусунан чыккан Арстан»

«Мына, Жүйүт уруусунан чыккан Арстан»

«Ал менмин»

1—3. Исаны алдыда кандай коркунуч күтүп турган жана ал өзүн кандай кармаган?

ТОПТОШКОН эл Исаны издеп жолго чыкты. Колдоруна кылыч, союл кармап алышкан; арасында жоокерлер да бар. Кан төгүүдөн да кайра тартпай турган ал кишилер Иерусалимдин караңгы көчөлөрү менен Кидрон өрөөнүн кесип өтүп, Зайтун тоосун көздөй бара жатышат. Ай толуп, эшик жарык, бирок алардын колдорунда шам чырактар бар. Алар айдын бетин булут жаап, жарыгы жерге тийбей калгандыктан шам чырак кармап чыгыштыбы? Же издеген кишиси жашынып калат деп ойлоштубу? Кандай болбосун, алар Исаны жакшы билишкен эмес. Алар Исаны коркуп кетет деп ойлошкон.

2 Иса алдыда аны эмне күтүп турганын жакшы билет. Бирок ал кайраттуу, качып кетүү оюнда да жок. Бир кездерде ишеничтүү досторунун бири болуп жүргөн Жүйүт баштаган топ эл ага жакындап келет. Жүйүт өзү ээрчитип келген кишилердин колуна Исаны салып бериш үчүн, ушуну кармагыла дегендей белги берип, Окутуучусунун жанына басып келет да, бетинен өбөт. Ошондо Иса эч коркпостон сүрмө топтун астына чыгып: «Кимди издеп жүрөсүңөр?» — деп сурайт. Алар: «Назареттик Исаны»,— деп жооп беришет.

3 Куралданган кишилердин тобу кимди болбосун сестентмек. Кыязы, алар издеп жүрүшкөн адамдан так ошону күтүшкөн. Бирок Иса аларды көргөндө камырап да койбойт, качып кетүүгө да далалат кылбайт, жалган айтып кутулуп кетүүнүн да жолун издебейт. Тескерисинче: «Ал менмин»,— деп жооп берет. Алар анын жүзүнөн кайраттуулукту, эр жүрөктүктү көрүшкөндө таң кала, артка кетенчиктей түшүп, жерге жыгылышат (Жакан 18:1—6; Матай 26:45—50; Марк 14:41—46).

4—6. а) Кудайдын Уулу эмнеге салыштырылат жана эмне үчүн? б) Иса кайсы үч нерседе эр жүрөктүк көрсөткөн?

4 Иса кантип ошончо элден коркпой, өзүн сабырдуу кармаган? Анткени ал эр жүрөк болгон. Адамдарды суктандырган эр жүрөктүк сапаты ар бир жетекчиде болушу керек. Бул жагынан Исага бир да жетекчи тең келе алган эмес, тең келе да албайт. Өткөн бөлүмдөн билгенибиздей, Иса эң момун жана жумшак киши болгон. Андыктан анын «Козу» деп аталганы жөндүү (Жакан 1:29). Бирок Исанын эр жүрөктүүлүгү тууралуу сөз жүргөндө, ал такыр башкача сүрөттөлөт. Алсак, Жазмада ал жөнүндө: «Мына, Жүйүт уруусунан чыккан Арстан»,— делген (Аян 5:5).

5 Арстан көбүнчө эр жүрөктүүлүктү символдоштурат. Чоң эркек арстанды маңдайынан көрдүң беле? Көрсөң да зоопарктан тордун сыртынан көргөн чыгарсың. Арстанды көргөндө, ал тордун ичинде болсо да, коркпой койбойсуң. Анын көзүнөн бир нерседен айбыгуунун, коркуп-сестенүүнүн кымындай да белгисин көрүүгө болбойт. Андай жаныбардын бир нерседен коркуп качып кетерин элестетүү кыйын. Ыйык Китепте да: «Арстан, ал — жырткычтардын эң күчтүүсү, эч кимге жол бербейт»,— делет (Накыл сөздөр 30:30). Ооба, Машаяк арстандай эр жүрөк болгон.

6 Келгиле эмесе, Исанын арстандыкындай эр жүрөктүктү үч нерседе: чындыкты коргоодо, адилеттикти жактоодо жана каршылыктарга туруштук берүүдө кандайча көрсөткөнүн карап көрөлү. Ошондой эле табиятынан эр жүрөкпүзбү же жокпу, баарыбыз, Исаны туурап, эр жүрөк боло аларыбыз жөнүндө талкуулайбыз.

Чындыкты эр жүрөктүк менен коргогон

7—9. а) Исанын 12 жашында кандай окуя болгон жана сен Исаныкындай жагдайга кабылсаң, өзүңдү кандай сезет элең? б) Иса ибадатканадагы окутуучулар менен сүйлөшкөндө эр жүрөктүгүн кантип көрсөткөн?

7 «Жалгандын атасы» болгон Шайтандын бийлиги астында жаткан бул дүйнөдө чындыкты айтуу үчүн эр жүрөктүк талап кылынат (Жакан 8:44; 14:30). Иса бала кезинен тартып эле чындыкты жактаган. Ал 12 жашында Пасах майрамынан кийин Иерусалимден кетип бара жатканда ата-энесинен калып калат. Ошондо Жусуп менен Мариямдын аны издебеген жери калбайт; үч күн бою талыкпай издешет. Акыры, алар аны ибадатканадан табышат. Кандай деп ойлойсуң, ал ибадатканада эмне кылып жүргөн? Жазмада айтылгандай, Иса «окутуучулардын айткандарын угуп, аларга суроо берип отурган» эле (Лука 2:41—50). Ошол жагдайды элестетип көрөлү.

8 Тарыхчылардын айтымына караганда, аттуу-баштуу айрым диний жетекчилер майрамдан кийин ибадатканада калып, чогулган элди ичкери бөлмөлөрдүн биринде окутушчу. Эл аларды тегеректеп, айткандарын угуп, суроолорду берип отурчу. Ал жетекчилер билимдүү кишилерден болгон. Алар Мусанын мыйзамын жана канчалаган кылымдар бою адамдар ойлоп чыгарган толгон-токой эрежелерди, салт-санааларды беш колдой билишчү. Эгер сен алардын арасында отурсаң, өзүңдү кандай сезет элең? Балким, коркмоктурсуң. Албетте, мындай сезимде болуу табигый нерсе. А эгер 12 эле жашта болсоңчу? Адатта, жаштардын көбү уялчаак келет (Жеремия 1:6). Алардын айрымдары мугалим мени байкабаса экен дешет; мугалим суроо бергенде же доскага чыгарганда, жооп бере албай уят болуп калам деп коркушат.

9 Ал эми Иса ошол билимдүү кишилердин арасында отуруп, тайманбастан аларга ойлондурарлык терең суроолорду берген. Ал суроолорду эле берген эмес. Инжилден: «Угуп жаткандардын баары анын акылына жана берген жоопторуна абдан таң калып жатышты»,— дегенди окуйбуз (Лука 2:47). Ыйык Китепте Исанын аларга эмнелерди айтканы жазылбайт, бирок бир нерседен шектенбесек болот: ал ошол маалдагы диний жетекчилер арасында кеңири таралган жалган окууларды жактаган эмес (1 Петир 2:22). Ооба, Иса Кудай Сөзүндөгү чындыкты айткан жана аны угуп отургандар 12 жашар баланын акылына жана эр жүрөктүк менен сүйлөгөнүнө таң калышкан.

Исанын көптөгөн жаш жолдоочулары башкаларга ишеними тууралуу эр жүрөктүк менен айтышат

10. Жаштар, Исадан үлгү алып, эр жүрөктүктү кантип көрсөтүшүүдө?

10 Бүгүнкү күндө көптөгөн жаштар Исанын жолун жолдоп жатышат. Албетте, алар Исадай жеткилең эмес. Бирок алар, Исадай болуп, жаш кезинен тартып эле ыйык китептик чындыкты жакташууда. Мектепте болобу, жашаган жериндеби, алар адамдарга сылыктык менен суроолорду берип, жоопторун кунт коюп угуп, Кудай Сөзүндөгү чындыктар менен бөлүшүүдө (1 Петир 3:15). Алар ушундайча классташтарына, мугалимдерине жана кошуналарына Исанын жолдоочусу болууга жардам берип келишет. Жаштардын эр жүрөктүүлүгү Жахабаны кандай гана кубандырат! Жахаба аларды сергитерлик, жагымдуу шүүдүрүмгө салыштырат (Забур 109:3).

11, 12. Иса эр жеткенде чындыкты кандайча эр жүрөктүк менен коргогон?

11 Иса эр жеткенде да чындыкты далай жолу эр жүрөктүк менен коргогон. Ал кызматынын башында эле жүрөктүн үшүн ала турган окуяга туш болгон. Иса асмандагы башкы периште эмес, кан менен эттен турган адам катары Жахабанын бардык душмандарынын арасынан эң эле кубаттуусу жана коркунучтуусу Шайтан менен бетме-бет кездешкен. Ал Шайтанды Ыйык Жазмадагы сөздөрдү бурмалаганы үчүн четке кагып, ага эр жүрөктүк менен: «Кет жанымдан, Шайтан!» — деп айткан (Матай 4:2—11).

12 Иса Атасынын Сөзүнүн бурмаланып калышына жол бербей, аны тайманбастык менен коргоп, жолдоочуларына сонун үлгү калтырган. Азыр да, байыркы убактагыдай эле, диний жалган окуулар кеңири таралган. Иса биринчи кылымдагы диний жетекчилерге: «Муундан муунга өтүп келаткан салтыңар менен Кудайдын сөзүн жокко чыгарып келатасыңар»,— деген (Марк 7:13). Ал жетекчилер элдин урмат-сыйына ээ адамдар болчу, бирок Иса аларды эч коркпостон эки жүздүү жана сокур жол көрсөтүүчүлөр деп атаган * (Матай 23:13, 16). Бул жагынан Исаны кантип туурай алабыз?

13. Исаны тууроодо эмнени эстен чыгарбашыбыз керек жана биз кандай сыймыкка ээбиз?

13 Албетте, биз, Исадай болуп, адамдардын жүрөгүндө эмне бар экенин биле албасыбызды жана аларды соттоого укугубуз жок экенин эстен чыгарбайбыз. Ошентсе да, Исаны туурап, чындыкты эр жүрөктүк менен коргой алабыз. Мисалы, Кудай жөнүндөгү, анын ниети жана Ыйык Сөзү жөнүндөгү жалган окууларды ашкерелеп, Шайтандын рухий караңгылыкта жаткан дүйнөсүнө чындыктын жарыгын чачабыз (Матай 5:14; Аян 12:9, 10). Биз адамдарга алардын канына сиңген жана Кудай менен жакшы мамиледе болууга бөгөт коюп келген жалган окуулардын кулчулугунан эркиндикке чыгууга жардам беребиз. Биз үчүн Исанын: «[Чындык] силерди эркин кылат»,— деген сөздөрүнүн аткарылышын көрүү чоң сыймык! (Жакан 8:32).

Адилеттикти эр жүрөктүк менен жактаган

14, 15. а) Иса «адилеттүүлүк эмне экенин» кандайча көрсөткөн? б) Исанын самариялык аял менен сүйлөшкөнү анын эмнени четке какканын көрсөткөн?

14 Ыйык Китепте Машаяктын «адилеттүүлүк эмне экенин түшүндүрөрү» алдын ала айтылган (Матай 12:18; Ышайа 42:1). Бул пайгамбарлык Иса жерге келгенде аткарылган. Анын адилеттүү жана калыс экени адамдарга жасаган мамилесинен айкын көрүнгөн. Маселен, ал ошол маалда кеңири таралган бет карамалыкты жана диний фанатизмди четке каккан.

15 Элчилер Исанын самариялык аял менен Сихар шаарындагы кудуктун жанында сүйлөшүп турганын көрүп таң калышкан. Эмне үчүн? Анткени ошол маалда жүйүттөр самариялыктарды жек көрүшчү. Андай жек көрүүчүлүк көптөгөн жылдар бою өкүм сүрүп келген (Эзра 4:4). Андан тышкары, диний жетекчилердин айрымдары аялдарды өздөрүнөн төмөн көрүп, басынтып келишкен. Раббилердин кийинчерээк кагаз бетине түшүрүлгөн эрежелерине ылайык, эркектерге аялдар менен сүйлөшүүгө тыюу салынган жана аялдар Кудай Сөзүнөн билим алууга татыксыз деп эсептелген. Ал эми самариялык аялдар болсо таза эмес деп эсептелчү. Диний жетекчилерден айырмаланып, Иса бет карама болгон эмес. Ал самариялык аял адеп-ахлаксыз жашоо өткөрсө да, аны менен сүйлөшүп, атүгүл ага өзүнүн Машаяк экенин айткан (Жакан 4:5—27).

16. Кеңири таралган бет карамалыкка каршы туруу үчүн эмне себептен эр жүрөктүк талап кылынат?

16 Башкаларды басынтып, кадыр-баркын тебелеп-тепсеген кишилердин арасында болуп көрдүң беле? Алар башка расадагы, улуттагы адамдарды кемсинтип тамашалашы, башка жыныстагы адамдарды басынткан сөздөрдү айтышы же экономикалык абалы өзүнүкүнөн начарыраак адамдарга бой көтөрүп мамиле кылышы мүмкүн. Ал эми Исанын жолдоочулары мындай көз карашка карманышпайт жана жүрөгүндө бет карамалыктын болушуна жол беришпейт (Элчилер 10:34). Ар бирибиз бет карамалыктын бардык түрүн четке кагып, адилеттүү болуу үчүн эр жүрөктүктү өрчүтүшүбүз керек.

17. Иса ибадатканада кандай иш-аракет кылган жана эмне үчүн?

17 Эр жүрөктүк Исага Кудайдын элинин арасындагы рухий тазалыкты сактоо үчүн чечкиндүү иш-аракет кылууга түрткү берген. Алсак, ал кызматын жаңы баштаганда Иерусалимдеги ибадатканага кирип, андагы соодагерлерди жана акча алмаштыруучуларды көргөндө абдан ачууланган. Ал ач көз соодагерлерди сатып жаткан малы менен кошо сыртка кууп чыккан (Жакан 2:13—17). Кийинчерээк кызматы соңуна чыгып калган кезде да так ошондой иш кылган (Марк 11:15—18). Ушунун айынан көптөр ага айыгышкан душман болуп калышкан, бирок ошого карабастан ал адилеттикти жактай берген. Эмне үчүн? Иса бала кезинен эле ибадаткананы Атамдын үйү дечү; чынында эле, ошондой болгон (Лука 2:49). Андыктан ал таза сыйынуунун борбору болгон ибадаткананы булгап жатышканын чыдап карап тура алган эмес. Ага Атасынын үйүнө болгон күчтүү сүйүү чечкиндүү иш-аракет кылууга түрткү берген.

18. Исанын жолдоочулары жыйналыштын рухий тазалыгын сактоодо кантип эр жүрөктүк көрсөтүшөт?

18 Исанын бүгүнкү күндөгү жолдоочулары, ага окшоп, Кудайдын элинин арасындагы рухий тазалыкты сактоого бүт күчүн жумшашат. Эгер алар ишенимдешинин олуттуу күнөө кетиргенин билип калышса, ага көз жумуп коюшпайт, тескерисинче, аны менен ачык сүйлөшүшөт. Арийне, мындай кылуу үчүн эр жүрөктүк талап кылынат (1 Корунттуктар 1:11). Ошондой эле бул тууралуу жыйналыштын аксакалдарына маалым экенине ынанышат. Аксакалдар рухий жактан ооруп жаткан ишенимдешине жардам бере алышат, ошондой эле Жахабанын койлорунун арасында тазалыкты сакташ үчүн керектүү чараларды көрүшөт (Жакып 5:14, 15).

19, 20. а) Исанын учурунда кандай адилетсиздик өкүм сүргөн жана жүйүттөр Исанын эмне кылышын каалашкан? б) Исанын жолдоочулары эмне себептен саясатка кийлигишишпейт, согуштарга катышышпайт жана бейтараптуулукту сакташканы үчүн кандай бата алышууда?

19 Иса коомдогу адилетсиздикти жоюу үчүн күрөштү беле? Анын адилетсиз дүйнөдө жашаганы айтпаса да түшүнүктүү. Себеби өлкөсү римдиктердин бийлиги астында болчу. Римдиктер жүйүттөрдү эзип, оор салык салышкан, атүгүл алардын диний каада-салттарына чейин кийлигишип, өздөрү каалагандай өзгөртүшкөн. Андыктан көптөрдүн Исанын саясатка кийлигишишин каалаганы таң калыштуу эмес эле (Жакан 6:14, 15). Ошондой учурларда да Иса эр жүрөктүк көрсөткөн.

20 Иса анын Падышалыгы бул дүйнөдөн эмес экенин айткан. Ал ошол учурда саясатка кийлигишпей, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо менен алек болгон; жолдоочуларын да ошондой кылууга үйрөткөн (Жакан 17:16; 18:36). Аны кармап кетүү үчүн топ эл келгенде, Иса элчилерине бейтараптуулукту сактоого байланыштуу эң сонун сабак калтырган. Ошондо Петир Исаны коргойм деген ойдо кылычын кынынан суура салып, бир кишинин кулагын шылый чабат. Петирдин эмне себептен мындай кылганын түшүнүүгө болот. Эгер зордук-зомбулукту актаса болот дей турган болсок, анда Кудайдын күнөөсүз Уулуна кол салынган түнү курал алуу орундуу болмок, туурабы? Бирок Иса ошондо Петирге: «Кылычыңды кынына сал, анткени кылыч көтөргөндөрдүн баары кылычтан өлөт»,— деген (Матай 26:51—54). Анын сөздөрү бүгүнкү күндөгү жолдоочуларына да тиешелүү. Ошол учурда тынчтыкты сактоо үчүн Исанын шакирттеринен кандай эр жүрөктүк талап кылынса, бүгүнкү күндөгү жолдоочуларынан да ошондой эле эр жүрөктүк талап кылынат. Исанын жолдоочулары көптөгөн согуштарга, жаңжалдарга жана көтөрүлүштөргө катышпагандыктан бирөөнүн канына забын эмес. Мына ушунун өзү эле чоң бата эмей эмне!

Каршылыктарга эр жүрөктүк менен туруштук берген

21, 22. а) Иса эң оор кыйынчылыкты башынан өткөрөрдө жардамды кимден алган? б) Иса аягына чейин кандайча эр жүрөктүк көрсөткөн?

21 Жахабанын Уулу жерге келгенде катуу каршылыктарга кабыларын билген (Ышайа 50:4—7). Ал көп жолу өлүмдөн калган. Акыр-аягы аны, бөлүмдүн башында айтылгандай, кармап кетишкен. Ошондой учурларда Иса кандайча эр жүрөктүүлүгүнөн жазган эмес? Топтошкон кишилер аны кармап кетүү үчүн келгенге чейин Исанын эмне кылганына көңүл бурсаң. Ал Жахабага кайрылып жалындуу тиленген. Жахаба анын тилегине кандай жооп кайтарган? Ыйык Китепте Исанын «тиленүүлөрү угулгандыгы» айтылат (Эврейлер 5:7). Жахаба өзүнүн эр жүрөк Уулун кайраттандырыш үчүн асмандан периштесин жиберген (Лука 22:42, 43).

22 Периште аны кайраттандыргандан кийин, Иса элчилерине: «Тургула, кеттик»,— деген (Матай 26:46). Ошол сөздөрүнөн анын ушунчалык эр жүрөк болгонун көрүүгө болот. «Кеттик»,— деген сөздү айтып жатканда ал топ элден анын досторун коё берүүсүн суранарын жана алар аны таштап качып кетерин, ошондой эле жашоосундагы эң оор учурду башынан кечирерин билген. Аны мыйзамсыз түрдө адилетсиздик менен соттошкондо, шылдыңга алышканда, кыйнашканда жана азаптуу өлүм менен өлтүрүшкөндө жанында эч ким болгон эмес. Ошонун баарын ал жалгыз көтөргөн. Ал эч качан эр жүрөктүгүнөн жазган эмес.

23. Исанын душмандардын колуна өзү түшүп бергени эмне үчүн акылсыздык болгон эмес? Түшүндүр.

23 Исанын душмандардын колуна өзү түшүп бергени акылсыздык болду беле? Жок, эр жүрөктүк менен акылсыздык эки башка нерсе. Иса жолдоочуларын Кудайдын эркин аткаруу үчүн, сак болуп, алдыдагы коркунучтарды көрө билип, алардан качууга үйрөткөн (Матай 4:12; 10:16). Бирок ошол жагдайда ал эч жакка качып кете алмак эмес, анткени Кудайдын эркин аткарышы керектигин билген. Ал бардыгын көтөрүп, өлүмгө моюн сунуу менен актыгын сактоого чечкиндүү болгон.

Жахабанын Күбөлөрү куугунтукка кабылганда эр жүрөктүк көрсөтүшөт

24. Кандай гана кыйынчылык, сыноолор болбосун, эр жүрөктүк көрсөтө аларыбызга эмне себептен шектенбесек болот?

24 Ооба, Исанын жолдоочулары Окутуучусунун изи менен басып, далай жолу эр жүрөктүк көрсөтүшкөн! Көптөрү шылдыңга алынып, куугунтукталып, түрмөлөрдө отурушкан, адам чыдагыс эзүүгө дуушар болушкан, атүгүл өлүмгө баш байлоого да даяр болушкан. Ошол жеткилеңсиз адамдар мындай эр жүрөктүккө кайдан ээ болушкан? Андай эр жүрөктүк өзүнөн өзү эле келип чыккан эмес. Иса баарына чыдоого күчтү Кудайдан алгандай эле, жолдоочулары да эр жүрөктүүлүктү Кудайдан алышкан (Филипиликтер 4:13). Ошондуктан эртең эмне болуп кетет деп эч качан коркпо. Актыгыңды сактоого чечкиндүү бол, ошондо Жахаба сага эр жүрөк болууга жардам берет. «Кайраттуу болгула! Мен дүйнөнү жеңдим»,— деп айткан Жол башчыбыз Исанын үлгүсү сага мындан ары да күч бере берсин (Жакан 16:33).

^ 12-абз. Тарыхчылар белгилегендей, рабилердин мүрзөлөрү, пайгамбарлар менен уруу башчылардын мүрзөлөрүндөй эле, ыйык тутулган.