Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮМ

«Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн»

«Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн»

«Менин жолдоочум бол»

1, 2. Эмне үчүн Кудайга өз алдыбызча жакындоо мүмкүн эмес жана Иса Машаяк биз үчүн эмне кылган?

СЕНИН адашып калган учурларың болду беле? Балким, досуңдукуна же тууганыңдыкына баратып, үйүн таппай адашып калган учуруң эсиңе түшөттүр. Ошондо бейтааныш кишини токтотуп, издеп жүргөн көчөңдү сурадың беле? Ал киши көчөнүн кайсы жакта экенин айтып эле койбостон: «Жүр мени менен. Мен сага көрсөтүп берем»,— десе, сүйүнмөксүң, чынбы?

2 Иса Машаякты да жол көрсөткөн кишиге окшоштурууга болот. Биз өз алдыбызча эч качан Кудайга жакындай алмак эмеспиз. Күнөөнүн жана жеткилеңсиздиктин айынан адамзат адашып, «Кудай сунуш кылып жаткан жашоодон четтеп» кеткен (Эфестиктер 4:17, 18). Андыктан биз Кудайга алып баруучу жолду табуу үчүн кимдир бирөөнүн жардамына муктажбыз. Биздин жол башчыбыз Иса кеңеш айтып, жетекчилик бергенден да көптү кылат. Биринчи бөлүмдөн белгилүү болгондой, Иса бизди: «Менин жолдоочум бол»,— деп чакырып жатат (Марк 10:21). Ошондой эле эмне үчүн анын чакырыгын кабыл алышыбыз керектигинин орчундуу себебин түшүндүрөт. Бир жолу Иса: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деп айткан (Жакан 14:6). Келгиле, эмне үчүн Кудайга Иса аркылуу гана жакындай аларыбыздын себептерин карап көрөлү. Ошондой эле Иса кандайча «жол», «чындык» жана «өмүр» экенин талкуулайбыз.

Исанын Жахабанын ой-ниетиндеги маанилүү ролу

3. Кудайга эмне үчүн Иса аркылуу гана жакындай алабыз?

3 Жахаба Уулу Исага эң маанилүү ролду ыйгаргандыктан, Жахабага Иса аркылуу гана жакындай алабыз *. Кудайдын бардык ой-ниети ал аркылуу гана ишке ашат (2 Корунттуктар 1:20; Колосалыктар 1:18—20). Исанын ролу канчалык маанилүү экенин түшүнүү үчүн, Эйден багында Адам ата менен Обо эненин Шайтанга кошулуп, Кудайга каршы чыкканда эмне болгонун карап чыкканыбыз абзел (Башталыш 2:16, 17; 3:1—6).

4. Эйденде кандай суроо көтөрүлгөн жана аны чечүү үчүн Жахаба эмне кылган?

4 Эйденде козголоң чыкканда: «Жахаба Кудай өзүнүн жаратууларынын үстүнөн туура бийлик жүргүзөбү?» — деген бүт ааламга тиешелүү суроо көтөрүлгөн. Ошол маанилүү суроону чечүү үчүн Жахаба периштелердин бирин жерге жиберүүнү чечкен. Ал периште Жахабанын эгедерлигин актоо үчүн жана адамзатты өлүмдөн куткаруу үчүн өз өмүрүн кун катары бермек. Ошондой эле ал жердеги өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүүлүгүн сактап, Шайтандын козголоңунун айынан келип чыккан көйгөйдүн баарын чечмек (Эврейлер 2:14, 15; 1 Жакан 3:8). Бизге белгилүү болгондой, Жахабанын түмөндөгөн рухий уулдары — периштелери — бар (Жүйүт 14). Ушундай маанилүү ишти аткарууга Жахаба периштелердин ичинен кимди тандаган? Арийне, Жахаба кийинчерээк Иса Машаяк деген ысым менен белгилүү болгон «жалгыз Уулун» тандаган (Жакан 3:16).

5, 6. Жахаба Уулуна ишенерин кантип көрсөткөн жана эмне үчүн Уулунун ишенимдүү болоруна шектенген эмес?

5 Жахабанын кимди тандаганы бизди таң калтырышы керекпи? Жок. Себеби ал өзүнүн жалгыз Уулуна толугу менен ишенет. Алсак, Уулу жерге келгенге чейин жүздөгөн жылдар мурун эле Жахаба Уулунун эч бир кыйынчылыкка карабай берилгендигин сактаарын алдын ала айттырган (Ышайа 53:3—7, 10—12; Элчилер 8:32—35). Бул эмнени билдиргенине токтолуп көрөлү. Исанын, башка аң сезимдүү жаратуулардыкындай эле, өз алдынча чечим чыгаруу эркиндиги бар болчу. Ошентсе да Жахаба Уулуна ушунчалык ишенгендиктен, анын берилгендик көрсөтөрүн пайгамбарлар аркылуу алдын ала айттырган. Жахаба эмне үчүн Уулунун ишенимдүү болоруна шектенген эмес? Бир сөз менен айтканда, ал Уулун жакшы билген. Ошондой эле Уулунун ага жагууну абдан каалаарын билген (Жакан 8:29; 14:31). Ооба, Уулу Атасын, ал эми Атасы Уулун жакшы көрөт (Жакан 3:35). Экөөнүн ортосундагы сүйүү биримдиктин жана бири бирине болгон ишенимдин бекем түйүнүнө негизделет (Колосалыктар 3:14).

6 Исанын маанилүү ролун, Атасынын ага ишеним артарын жана Атасы экөөнүн ортосундагы сүйүүнү эске алганда, Кудайга Иса аркылуу гана жакындоо мүмкүн экени бизди таң калтырбайт. Кудайга Иса аркылуу гана жакындай аларыбыздын дагы бир себеби бар.

Кудайды Иса гана жакшы билет

7, 8. Иса эмне үчүн Кудайды «Уулунан... башка эч ким» толугу менен билбейт деп айта алган?

7 Жахабага жакындоо үчүн белгилүү бир талаптарга жооп беришибиз керек (Забур 14:1—5). Кудайдын талаптарына жооп берүү үчүн жана ага жагуу үчүн эмне кылуу керектигин Исадан жакшы ким билет? Иса: «Атам мага бардыгын берген. Уулун Атасынан башка эч ким толук билбейт, ошондой эле Атасын Уулунан жана Уулу кимдерге ачып бергиси келсе, ошолордон башка эч ким толук билбейт»,— деген (Матай 11:27). Келгиле анда, Исанын ушул сөздөрү эмне үчүн туура экенин жана аша чапкандыкка жатпасын карап көрөлү.

8 Иса «бардык жаратылгандардын тунгучу» болгондуктан, Жахаба менен өзгөчө мамиледе болгон (Колосалыктар 1:15). Көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселер жаратылганга чейин эле миллиондогон жылдар бою экөөнүн ортосундагы жакын мамиленин өрчүгөнүн элестетсеңер (Жакан 1:3; Колосалыктар 1:16, 17). Исада ошол учурда Атасынын көз карашын, эркин, талаптарын жана жолдорун өздөштүрүүгө сонун мүмкүнчүлүктөр болгон. Ырас, Атасын Исадан башка эч ким толугу менен билбейт деп айтуу аша чапкандыкка жатпайт. Андыктан Кудайдын ким экенин Исадан башка эч ким жакшы ачып бере алмак эмес.

9, 10. а) Иса Атасынын кандай Кудай экенин кандай жолдор менен ачып берген? б) Жахабага жагуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

9 Исанын окутууларынан анын Кудайдын ой жүгүртүүсүн, сезимдерин жана өз кызматчыларынан эмнелерди талап кыларын жакшы билери айкын көрүнүп турат *. Иса Атасынын кандай Кудай экенин дагы башка жолдор менен ачып берген. Ал: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деп айткан (Жакан 14:9). Ал ар бир сүйлөгөн сөзү, кылган иши аркылуу Атасына окшош экенин көрсөткөн. Демек, Ыйык Китептен Исанын адамдарды окутуп жатканда күчтүү, ошол эле учурда жылуу сөздөрдү айтканы, боору ооругандыктан аларды айыктырганы, адамдардын сезимдерин түшүнө билгендиктен көзүнө жаш алганы жөнүндө окуганда Жахабанын ошондой сөздөрдү айтып, ошондой иштерди кылмактыгын элестете алабыз (Матай 7:28, 29; Марк 1:40—42; Жакан 11:32—36). Исанын сөздөрүнөн жана иштеринен Атасынын жолдору, эрки айкын көрүнүп турган (Жакан 5:19; 8:28; 12:49, 50). Андыктан Кудайга жагуу үчүн, Исанын сөздөрүнө кулак кагып, анын жолун жолдошубуз керек (Жакан 14:23).

10 Уулу Атасын жакшы билгендиктен жана ага бардык жагынан окшош болгондуктан, Жахабанын адамдарды өзүнө Уулу аркылуу гана жакындатары таң калыштуу эмес. Кудайга Иса аркылуу гана жакындай аларыбыздын себебин билген соң, келгиле, Исанын: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деген сөздөрүнүн маанисин карап чыгалы (Жакан 14:6).

«Мен жолмун»

11. Эмне үчүн Иса аркылуу гана Кудай менен тыгыз мамиледе боло алабыз?

11 Жогоруда айтылгандардан Кудайга Иса аркылуу гана жакындай аларыбызды билдик. Келгиле, бул эмнени билдирерин тереңирээк карап көрөлү. Исанын «мен жолмун» деген сөздөрү Кудай менен Иса аркылуу гана тыгыз мамиледе боло аларыбызды билдирет. Эмне үчүн? Иса өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү болуп, өз өмүрүн кун катары берген (Матай 20:28). Исанын ошол куткаруу курмандыгы болбосо, эч кимибиз Кудайга жакындай алмак эмеспиз. Күнөөнүн айынан адамдар менен Кудайдын ортосунда каймана мааниде дубал пайда болгон. Кудай ыйык, андыктан күнөөнү жек көрөт (Ышайа 6:3; 59:2). Бирок Исанын курмандыгы ошол «дубалды» алып салган, башкача айтканда, бизди күнөөдөн тазалаган (Эврейлер 10:12; 1 Жакан 1:7). Кудайдын Машаяк аркылуу караштырган куткаруу чарасын баалап, ишеним көрсөтсөк, Кудайдын жактыруусуна ээ боло алабыз. Бул «Кудай менен элдешүүнүн» жападан жалгыз жолу (Римдиктер 5:6—11).

12. Иса кандайча «жол»?

12 Кудайга тиленүү менен кайрылганыбызда да Иса бизге «жол» болуп берет. Биз Кудайга Иса аркылуу кайрылганда гана, Ал биздин жүрөктөн чыккан сураныч-өтүнүчтөрүбүздү угат (1 Жакан 5:13, 14). Иса өзү: «Атамдан менин атымдан эмне сурабагыла, ал берет... Сурагыла — аласыңар. Ошондо кубанычыңар толук болот»,— деп айткан (Жакан 16:23, 24). Демек, Кудайга Иса аркылуу тиленүү менен кайрылып, Аны «Ата» деп атай алабыз (Матай 6:9). Иса бизге үлгү калтырганы менен да «жол» болуп эсептелет. Жогоруда кеп кылынгандай, Иса Атасына бардык жагынан окшош. Андыктан анын үлгүсүнөн Кудайдын жүрөгүн кубантуу үчүн эмне кылсак болорун биле алабыз. Ырас, Кудайга жакындоо үчүн Исанын изи менен басышыбыз керек (1 Петир 2:21).

«Мен... чындыкмын»

13, 14. а) Кандай мааниде Исанын ар бир сөзү чындык болгон? б) Иса өзүнүн «чындык» экенин далилдеш үчүн эмне кылган жана эмне үчүн?

13 Иса ар дайым Кудай жөнүндө чындыкты айткан (Жакан 8:40, 45, 46). Анын оозунан бир да жалган сөз чыккан эмес (1 Петир 2:22). Атүгүл каршылаштары да анын «Кудайдын жолун чындыкка ылайык үйрөтөрүн» моюнга алышкан (Марк 12:13, 14). Бирок Иса «мен... чындыкмын» деп айтканда сүйлөгөн сөзүндө, айткан кабарында жана башкаларды окутууда чындыкты ачып бергенин эле айткан эмес. Анын ушул сөздөрү терең мааниге ээ болгон.

14 Иса жерге келгенге чейин жүздөгөн жылдар мурун эле Жахаба пайгамбарлары аркылуу ал жөнүндө көптөгөн пайгамбарлыктарды алдын ала жаздырып койгон. Пайгамбарлыктарда Исанын жашоосу, кызматы жана өлүмү тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин жазылган. Андан тышкары, Мусанын мыйзамы Машаяктын келишинин көлөкөсү болгон (Эврейлер 10:1). Иса пайгамбарлыктарда өзүнө карата айтылгандардын баарын аткарып, өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүү болушу керек эле. Ошондо гана Жахабанын пайгамбарлыктардын Кудайы экени далилденмек. Андыктан Исада абдан чоң жоопкерчилик болгон деп айтууга болот. Ал ар бир айткан сөзү, ар бир кылган иши менен пайгамбарлыкта айтылгандардын чындык экенин далилдеген (2 Корунттуктар 1:20). Мына ушундай мааниде Иса «чындык» болгон. Жахаба айткан пайгамбарлыктардын баары тең Исанын келиши менен аткарылган (Жакан 1:17; Колосалыктар 2:16, 17).

«Мен... өмүрмүн»

15. Кудайдын Уулуна ишеним көрсөтүү деген эмнени билдирет жана анын аркасында эмнеге ээ болобуз?

15 Өмүргө, башкача айтканда, «чыныгы жашоого» жетүү Иса аркылуу гана мүмкүн болгондуктан, Иса «өмүр» болуп эсептелет (1 Тиметей 6:19). Ыйык Китепте: «Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот. Ал эми ким ага баш ийбесе, өмүргө ээ болбойт; ал Кудайдын каарына калат»,— делет (Жакан 3:36). Кудайдын Уулуна ишенүү деген эмнени билдирет? Бул Иса Машаяксыз түбөлүк өмүргө жетүү мүмкүн эмес экенине ишенүүнү билдирет. Андан да маанилүүсү, ишенимибизди иштер менен көрсөтүүнү, Иса жөнүндө андан ары да билим ала берүүнү жана анын окутууларына, үлгүсүнө ылайык жашоо үчүн бүт күч-аракетибизди жумшоону билдирет (Жакып 2:26). Кудайдын Уулуна ишеним артуунун аркасында Исанын майланган жолдоочуларынан турган «кичине отор» асмандагы жашоого, ал эми «эбегейсиз көп адамдардан» турган «башка койлор» жер бетиндеги бейиште жашоого ээ болушат (Лука 12:32; 23:43; Аян 7:9—17; Жакан 10:16).

16, 17. а) Иса өлгөндөр үчүн да «өмүр» экенин кантип далилдейт? б) Эмнеден шектенбесек болот?

16 Өлүм уйкусунда жаткандар жөнүндө эмне дешке болот? Иса алар үчүн да «өмүр» болуп эсептелет. Ал Лазарды тирилтердин алдында Лазардын эжеси Мартага: «Мен тирилүүмүн жана өмүрмүн. Мага ишенген адам өлсө да, кайра тирилет»,— деп айткан (Жакан 11:25). Анткени Иса өлгөндөрдү тирилте алышы үчүн, Жахаба ага «өлүм менен көрдүн ачкычтарын» тапшырган (Аян 1:17, 18). Азыр асманда бийлик кылган Иса убагы келгенде ошол ачкычтар менен көрдүн эшиктерин ачып, мүрзөлөрдө жаткандардын баарын тирилтет (Жакан 5:28, 29).

17 Иса «мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн» деген жөнөкөй сөздөр менен жердеги жашоосунун жана кызматынын максатын ачып берген. Анын ушул сөздөрү биз үчүн да маанилүү. Ал: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн»,— дегенден кийин: «Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деп айткан (Жакан 14:6). Исанын ошондо айткан сөздөрү күнү бүгүнкүдөй күчүндө. Андыктан Исанын изи менен жүрсөк, эч качан адашпай турганыбызга шектенбесек болот. Ооба, Атасына алып баруучу жолду жападан жалгыз Иса гана көрсөтөт.

Сен кандай жооп кайтарасың?

18. Исанын жолдоочусу болуу деген эмнени билдирет?

18 Исанын ролун жана Атасын жакшы билгенин эске ала турган болсок, бизде анын жолун жолдоого эң сонун себептер бар. Өткөн бөлүмдө баса белгиленгендей, Исанын жолун жолдоо үчүн «Исаны сүйөм» деп сөз менен айтып коюу жетишсиз, ан үчүн иш-аракет кылуу зарыл. Тагыраак айтканда, Исанын жолдоочусу болуу деген анын окутууларына жана үлгүсүнө карманып жашоону билдирет (Жакан 13:15). Бул жагынан сага ушул китеп жардам берет.

19, 20. Бул китеп сага Машаяктын жолун жолдоого кандайча жардам берет?

19 Кийинки бөлүмдөрдөн баштап Исанын жашоосуна жана кызматына кененирээк токтолобуз. Бул китеп үч бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө Исанын сапаттары жана иштери талкууланса, экинчисинде анын окутуу жана шакирт даярдоо ишинде кандай ынталуулук көрсөткөнү каралат. Ал эми үчүнчү бөлүгүнөн анын кандайча сүйүү көрсөткөнү жөнүндө билебиз. Китептин үчүнчү бөлүмүнөн баштап «Исаны канткенде жолдой аласың?» деген кутучаларды көрө аласың. Анда келтирилген аяттар жана суроолор сага Исаны кантип туурасаң болору жөнүндө ой жүгүртүүгө жардам берет.

20 Күнөө тукум кууп өткөнүнө карабай, сен Жахабанын жардамы менен эч качан туура жолдон адашпайсың жана ал сунуш кылган жашоодон четтебейсиң. Жахаба Кудай аны менен тыгыз мамиледе боло алышыбыз үчүн, канчалык кымбатка турса да, өзүнүн Уулун жиберип бизге сүйүү көрсөткөн (1 Жакан 4:9, 10). Жахабанын ошол зор сүйүүсү сага Исанын: «Менин жолдоочум бол»,— деген чакырыгын кабыл алып, ошого жараша иш кылууга мындан ары да түрткү бере берсин (Жакан 1:43).

^ 3-абз. Исанын ролунун маанилүүлүгүн анын Ыйык Китепте айтылган наамдары да көрсөтүп турат. ( 23-беттеги кутучаны карагыла.)

^ 9-абз. Мисалга, Исанын Матай 10:29—31; 18:12—14, 21—35; 22:36—40-аяттардагы сөздөрүн карагыла.