Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-БӨЛҮМ

«Аныкынан өткөн сүйүү жок»

«Аныкынан өткөн сүйүү жок»

1—4. а) Пилат Исаны жаалдуу топтун алдына алып чыкканда эмне болгон? б) Иса басынтылганда, азап чеккенде эмне кылган жана кандай суроолор пайда болот?

«МЫНА, адам!» Бул сөздөрдү Рим башкаруучусу Понтий Пилат б.з. 33-жылы Пасах күнү таң эрте ак сарайынын сыртына чогулган жаалдуу топтун алдына Исаны алып чыкканда айткан (Жакан 19:5). Ага чейин бир нече эле күн мурун, Иса Иерусалимге Кудайдын майланган Падышасы катары салтанаттуу түрдө кирип барганда, көп эл аны шаңдуу тосуп алган эле. Эми болсо минтип Исага каршы чыгышууда.

2 Исанын үстүнө падышалардыкындай кызгылт көк түстөгү жабуу жабылган, башына таажы кийгизилген. Бирок анын урулуп-сабалган, канталаган денесине жабуу жабылганы, башына матырыла тикенек таажы кийгизилгени аны мазакташ үчүн кылынган. Анын алдында турган каарданган элди жогорку дин кызматчылар тукуруп коюшкан. Дин кызматчылар: «Устунга када аны! Устунга када!» — деп заарын чачууда. Исанын өлүшүн каалаган эл да аларды коштоп: «Бул өлүшү керек»,— деп кыйкырып жатышат (Жакан 19:1—7).

3 Бирок Иса тайманбай, сыноолорго тике карап, алардын басынтканын, мазактаганын унчукпай көтөрүүдө *. Ал өзүн өлүмгө толугу менен даярдаган эле. Пасах майрамы болуп жаткан ошол күнү ал жаза устунунда азаптуу өлүмгө даярдуулук менен моюн сунган (Жакан 19:17, 18, 30).

4 Жолдоочулары үчүн өмүрүн берүү менен Иса алардын чыныгы досу экенин далилдеген. Ал: «Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок»,— деген (Жакан 15:13). Бирок буга байланыштуу мындай маанилүү суроолор пайда болот: Иса эмне үчүн азап чегиши жана өлүшү керек эле? Ал эмне себептен өмүрүн берүүгө даяр болгон? Исанын достору жана жолдоочулары катары биз аны кантип туурасак болот?

Иса эмне үчүн азап чегиши жана өлүшү керек эле?

5. Иса алдыда оор сыноолор күтүп турганын кайдан билген?

5 Убадаланган Машаяк катары Иса өзүн алдыда эмнелер күтүп турганын билчү. Ал өзүнүн азап чегерине жана өлтүрүлөрүнө байланыштуу майда-чүйдөсүнө чейин айтылган Эврей Жазмаларындагы пайгамбарлыктарды жакшы билген (Ышайа 53:3—7, 12; Даниел 9:26). Иса шакирттерине өзүнүн өлтүрүлөрүн бир нече жолу айтып, аларды алдыда боло турган окуяларга даярдаган (Марк 8:31; 9:31). Иерусалимге Пасах майрамын акыркы жолу майрамдаганы баратканда ал элчилерине ачык эле мындай деген: «Адам Уулун жогорку динкызматчылар менен китепчилердин колуна салып беришет. Алар болсо аны өлтүрүүгө өкүм чыгарып, башка улуттагы адамдарга өткөрүп беришет. Алар ага түкүрүшөт, аны шылдыңдашат, сабашат жана өлтүрүшөт» (Марк 10:33, 34). Исанын айткандары чынында эле аткарылган: аны кордошкон, сабашкан, бетине түкүрүшкөн, акыры, өлтүрүшкөн.

6. Иса эмне үчүн азап чегиши жана өлтүрүлүшү керек эле?

6 Иса эмне үчүн азап чегиши жана өлтүрүлүшү керек эле? Мунун бир нече орчундуу себептери бар болчу. Биринчиден, Иса ишенимдүүлүгүн сактоо менен берилгендигин далилдемек жана Жахабанын эгедерлигин жактамак. Шайтандын адамдар Кудайга керт башынын кызыкчылыгы үчүн гана кызмат кылат деп ырастаганын эстесең (Аюб 2:1—5). Иса «жаза устунунда өлгөнгө чейин» ишенимдүү бойдон калуу менен Шайтандын ошол негизсиз ырастоосун биротоло төгүнгө чыгарган (Филипиликтер 2:8; Накыл сөздөр 27:11). Экинчиден, Машаяктын азап чегиши жана өлүшү адамзатты күнөөдөн арылтмак (Ышайа 53:5, 10; Даниел 9:24). Иса «көптөр үчүн жанын кун катары берүү» менен адамдарга Кудай менен жакшы мамиледе болууга жол ачкан (Матай 20:28). Үчүнчүдөн, Иса башынан ар кандай кыйынчылыктарды өткөрүп, «биз сыяктуу бардык жагынан сыналган». Андыктан ал «алсыздыктарыбызга боор ооруй» билген Башкы дин кызматчы боло алат (Эврейлер 2:17, 18; 4:15).

Иса эмне себептен өмүрүн берүүгө даяр болгон?

7. Иса жерге келүү үчүн кандай курмандыктарга барган?

7 Исанын кандай курмандыктарга барууга даяр болгонун айкын элестетиш үчүн бир мисалга токтололу: бир киши үйүн, үй-бүлөсүн калтырып, башка өлкөгө барууну ойлонуштуруп жатат дейли. Эгер ал киши ошол жердин тургундары аны кабыл албасын, басынтышарын, кордошорун, акыры, өлтүрүшөрүн билсе, ал өлкөгө барат беле? Эми Исанын кандай курмандыктарга барганын элестетип көрсөң. Жерге келгенге чейин ал Атасынын жанында болчу жана асманда өзгөчө абалды ээлечү. Ошентсе да асмандагы үйүн таштап, жерге адам болуп келүүгө макул болгон. Иса адамдардын көпчүлүгү аны кабыл албасын, аябагандай басынтышарын, катуу кордук көрсөтүп, акыры, кыйнап өлтүрүшөрүн билсе да, жерге даярдуулук менен келген (Филипиликтер 2:5—7). Андай курмандыктарга барууга Исага эмне түрткү берген?

8, 9. Исага өз өмүрүн берүүгө эмне түрткү берген?

8 Исага биринчи кезекте Атасына болгон күчтүү сүйүүсү түрткү берген. Сыноолордо туруктуу болгонунан Атасын канчалык сүйөрү көрүнүп турган. Сүйүүсүнөн улам ал Атасынын ысмын жана аброюн ойлоп тынчсызданган (Матай 6:9; Жакан 17:1—6, 26). Иса үчүн баарынан да Атасынын караланган ысмынын ыйыкталышы маанилүү болгон. Ишенимдүүлүгүн сактоо менен Атасынын улуу ысмын ыйыктаарын билгендиктен, ал адилдик үчүн азап чегүүнү сыймык катары көргөн (1 Жылнаама 29:13).

9 Исага өз өмүрүн берүүгө дагы бир нерсе — адамзатка болгон сүйүү — түрткү берген. Анын адамзатка болгон сүйүүсү адам баласы жаралганда эле бар болчу. Ыйык Китепте Исанын жерге келгенге чейин миңдеген жылдар мурун эле кубанычы «адам баласы менен бирге болгону» айтылган (Накыл сөздөр 8:30, 31). Анын адамдарга болгон сүйүүсү жерге келгенде айкын болгон. Буга чейинки үч бөлүмдөн билгенибиздей, Иса жалпы адамзатка, өзгөчө, өзүнүн жолдоочуларына ар кандай жолдор менен сүйүү көрсөткөн. Б.з. 33-жылы 14-нисанда болсо Иса адамзат үчүн өз өмүрүн даярдуулук менен берген (Жакан 10:11). Муну менен ал адамзатка болгон зор сүйүүсүн далилдеген. Биз Исаны сүйүү көрсөтүү жагынан туурашыбыз керек, анткени бизге: «Бири-бириңерди сүйгүлө»,— деген осуят берилген.

«Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө»

10, 11. Иса жолдоочуларына кандай жаңы осуят берген, ал эмнени билдирет жана аны аткаруу эмне үчүн маанилүү?

10 Өлтүрүлөр түнү Иса өзүнүн ишенимдүү элчилерине мындай деген: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет» (Жакан 13:34, 35). «Бири-бириңерди сүйгүлө» деген эмне үчүн «жаңы осуят» болгон? Ырас, Мусанын мыйзамында ага чейин эле: «Өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй»,— деген осуят бар болчу (Лебилер 19:18). Бирок жаңы осуят андан да зор сүйүү көрсөтүүнү — башкалар үчүн өмүрүбүздү берүүгө да даяр болууну — талап кылат. Муну Иса өзү да баса белгилеп: «Менин осуятым бул: бири-бириңерди мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө. Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок»,— деп айткан (Жакан 15:12, 13). Демек, жаңы осуят боюнча, башкаларды өзүбүздү сүйгөндөй эле эмес, өзүбүздөн да артык сүйүшүбүз керек. Исанын өткөргөн жашоосунан жана биз үчүн өмүрүн бергенинен андай сүйүү кандайча чагылдырыларын көрө алабыз.

11 «Жаңы осуятты» аткарганыбыз эмне үчүн маанилүү? Исанын: «Эгерде бири-бириңерди [жан аябастык менен] сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет»,— деп айтканын эстесең. Ооба, бири-бирибизди жан аябастык менен сүйсөк, Исанын чыныгы жолдоочулары экенибизди айгинелейбиз. Андай сүйүүнү Жахабанын Күбөлөрү жыйындарда тагынган көкүрөк көрнөкчөгө салыштырууга болот. Көкүрөк көрнөкчөдөн жарчынын аты-жөнүн жана анын кайсы жыйналыштан экенин биле алабыз. Ошо сыяктуу эле, бири-бирибизге жан аябастык менен көрсөткөн сүйүүбүздөн улам башкалар Исанын чыныгы жолдоочулары экенибизди биле алышат. Андай сүйүү, көкүрөк көрнөкчө сыяктуу, биздин Исанын жолдоочулары экенибизди айкын көрсөтүп турушу керек. Андыктан ар бирибиз: «Менин „көкүрөк көрнөкчөм“ башкаларга даана көрүнүп турабы? Башкаларды жан аябастык менен сүйөрүмдү көрсөтүп жатамбы?» — деп ойлонуп көрсөк болот.

Жан аябастык менен сүйүү көрсөтүү эмнени билдирет?

12, 13. а) Ишенимдештерибизге сүйүү көрсөтүү үчүн кандай курмандыктарга барууга даяр болушубуз керек? б) Жан аябастык менен сүйүү көрсөтүү деген эмнени билдирет?

12 Исанын жолдоочулары катары биз бири-бирибизди, Иса бизди сүйгөндөй, сүйүшүбүз керек. Бул ишенимдештерибиз үчүн курмандыктарга барууга даяр болууну билдирет. Ишенимдештерибиз үчүн кандай курмандыктарга барууга даяр болушубуз керек? Ыйык Китепте: «Иса биз үчүн өз жанын бергендиктен, сүйүү эмне экенин билдик. Ошондуктан биз да биртуугандарыбыз үчүн жаныбызды берүүгө милдеттүүбүз»,— делет (1 Жакан 3:16). Ооба, биз, Исадай болуп, зарыл болсо, ишенимдештерибиз үчүн өмүрүбүздү берүүгө да даярбыз. Куугунтук учурунда бир туугандарыбызды сатып, алардын өмүрүнө коркунуч туудурганга караганда, өз өмүрүбүздөн айрылууну артык көрөбүз. Улуттар арасында жаңжал чыгып кетсе, рухий бир туугандарыбызды, алардын расасына, улутуна карабай, өмүрүбүздү тобокелге салууга туура келсе да, коргойбуз. Согуш оту тутанып кетсе, колубузга курал алып, ишенимдештерибизди же башка адамдарды өлтүргөндөн көрө, түрмөгө отурууга, атүгүл өлүм жазасына тартылууга даярбыз (Жакан 17:14, 16; 1 Жакан 3:10—12).

13 Бир туугандар үчүн өмүрүбүздү берүүгө даяр болуу жан аябастык менен сүйүү көрсөтүүнүн жалгыз эле жолу эмес. Ишенимдештерибиз үчүн жаныбызды берүүнү талап кылган жагдайлар чанда эле болушу мүмкүн. Эгер бир туугандарыбыз үчүн өмүрүбүздү берүүгө даяр болсок, анда аларга жардам берүү үчүн кичинекей курмандыктарга да барууга даяр болушубуз керек эмеспи? Жан аябастык менен сүйүү көрсөтүү башкалардын пайдасы үчүн өзүбүздүн кызыкчылыгыбыздан жана жыргалчылыгыбыздан баш тартууну билдирет. Биз башкалардын жыргалчылыгын, ыңгайлуу болбогон учурларда да, өзүбүздүкүнөн жогору коёбуз (1 Корунттуктар 10:24). Андай сүйүүнү кандай жолдор менен көрсөтө алабыз?

Жыйналышта жана үй-бүлөдө

14. а) Аксакалдар кандай курмандыктарга барышат? б) Жыйналышыңдагы күжүрмөн эмгектенип жаткан аксакалдар тууралуу кандай ойдосуң?

14 Жыйналыш аксакалдары Кудайдын «оторун кайтарууда» чоң курмандыктарга барышат (1 Петир 5:2, 3). Өзүнүн үй-бүлөсүнө кам көргөндөн тышкары, алар кечки убактысын же дем алыш күндөрүн жыйналыштын иштерине, анын ичинде жолугушуулардын программасынын бөлүктөрүнө даярданууга, кайтаруучулук жолугууларга барууга жана укуктук иштерди чечүүгө арнашат. Андан сырткары, көптөгөн аксакалдар жыйындарды уюштурууга катышышат, ооруканалар менен байланышуу комитеттеринде, бейтаптарга баруу топторунда жана региондук курулуш комитеттеринде кызмат кылышат. Аксакалдар, убактыңарды, күчүңөрдү жана каражаттарыңарды оторду кайтарууга даярдуулук менен жумшап жатканыңар жан аябастык менен сүйүү көрсөтүп жатканыңардын далили экенин унутпагыла! (2 Корунттуктар 12:15). Силердин чын жүрөктөн кылган аракетиңерди Жахаба эле эмес, өзүңөргө тапшырылган жыйналыштагы бир туугандарыңар да жогору баалашат (Филипиликтер 2:29; Эврейлер 6:10).

15. а) Аксакалдардын аялдары кандай курмандыктарга барышат? б) Күйөөлөрү оторго кам көрө алышы үчүн аларга колдоо көрсөтүп жаткан аялдары тууралуу кандай ойдосуң?

15 Аксакалдар оторго кам көрө алышы үчүн, аларга колдоо көрсөтүп жаткан аялдары да курмандыктарга барышат. Анткени алардын күйөөлөрүнө кээде үй-бүлөсүнө арнай турган убактысын жыйналыштын иштерине арноого туура келет. Кыдыруучу көзөмөлчүлөрдүн аялдары да күйөөлөрүн жыйналыштан жыйналышка, райондон районго коштоп жүрүү үчүн чоң курмандыктарга барышат. Алар үй-жай күтүүдөн өз ыктыяры менен баш тартышат жана аларга көп учурда ар жумада ар кайсы үйдө түнөөгө туура келет. Жыйналыштын кызыкчылыктарын өздөрүнүкүнөн жогору койгон андай эже-карындаштардын жан аябастык менен сүйүү көрсөтүп жатканы мактоого татырлык! (Филипиликтер 2:3, 4).

16. Исаны жолдогон ата-энелер балдары үчүн кандай курмандыктарга барышат?

16 Үй-бүлөдө канткенде жан аябастык менен сүйүү көрсөтө алабыз? Ата-энелер, силер да балдарыңарга кам көрүү үчүн жана аларга «Жахабанын ой жүгүртүүсүн өздөштүрүүгө жардам берип, анын акыл-насааты менен тарбиялоо» үчүн көп курмандыктарга барып жатасыңар (Эфестиктер 6:4). Балдарыңардын курсагы ток, кийими бүтүн болушу үчүн силерге кара жаныңарды карч уруп, эртеден кечке чейин иштөөгө туура келип жаткандыр. Аларды эч нерседен кем калтырбаш үчүн өзүңөрдүн кызыкчылыктарыңардан да баш тартууга даярсыңар. Ошондой эле балдарыңар менен Ыйык Китепти изилдөө үчүн, аларды жыйналышка алып баруу үчүн жана кызматка алып чыгуу үчүн көп күч-аракет жумшайсыңар (Мыйзам 6:6, 7). Силердин жан аябастык менен көрсөтүп жаткан сүйүүңөр үй-бүлөнүн Негиздөөчүсүнө кубаныч тартуулаарына жана балдарыңардын түбөлүк өмүр алышына өбөлгө түзөрүнө шектенбесеңер болот (Накыл сөздөр 22:6; Эфестиктер 3:14, 15).

17. Күйөөлөр жан аябастык менен сүйүү көрсөтүү жагынан Исаны кантип туурай алышат?

17 Күйөөлөр, аялыңарга жан аябастык менен сүйүү көрсөтүүдө Исаны кантип туурай аласыңар? Ыйык Китепте: «Күйөөлөр, аялыңарга болгон сүйүүңөрдү муздатпагыла. Машаяк да жыйналышты сүйүп, ал үчүн өмүрүн берген»,— делет (Эфестиктер 5:25). Буга чейин билгенибиздей, Иса жолдоочуларын ушунчалык сүйгөндүктөн, алар үчүн өз жанын аяган эмес. Исаны жолдогон күйөө, аны туурап, «өзүнө гана жакканды» кылбайт (Римдиктер 15:3). Андай күйөө аялынын жыргалчылыгын жана кызыкчылыктарын өзүнүкүнөн жогору коёт. Ал өзүнүкүн бербей туруп албайт, эгер ыйык китептик принциптер бузулбаса, ийилчээктик көрсөтүүгө даяр болот. Жан аябастык менен сүйүү көрсөткөн күйөө Жахабанын жактыруусуна, ошондой эле аялы менен балдарынын сүйүүсүнө жана урмат-сыйына ээ болот.

Сен эмне кыласың?

18. Иса берген жаңы осуятты аткарууга бизге эмне түрткү берет?

18 Исанын бири-бирибизди сүйүүгө байланыштуу берген жаңы осуятын аткаруу дайыма эле оңой боло бербеши мүмкүн. Бирок бизде аны аткарууга түрткү берген зор күч бар. Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Бизге түрткү берген күч — Машаяктын сүйүүсү. Себеби биз мындай тыянакка келдик: бир адам бардыгы үчүн өлгөн... Жашап жаткандар эми өздөрү үчүн жашабай, алар үчүн өлүп, кайра тирилген Машаяк үчүн жашашы үчүн, ал бардыгы үчүн өлгөн» (2 Корунттуктар 5:14, 15). Эгер Иса биз үчүн өлсө, анда биз ал үчүн жашашыбыз керек эмеспи? Жан аябастык менен сүйүү көрсөтсөк, ал үчүн жашап жатканыбызды айгинелейбиз.

19, 20. Жахаба бизге кандай баалуу белек берген жана аны кабыл аларыбызды кантип көрсөтөбүз?

19 Исанын: «Ким достору үчүн өз жанын берсе, аныкынан өткөн сүйүү жок»,— деген сөздөрү ашыра айткандык эмес болчу (Жакан 15:13). Исанын өз өмүрүн даярдуулук менен бергени анын бизге болгон күчтүү сүйүүсүн көрсөтүп турат. Бирок бизди Исадан да күчтүү сүйгөн бирөө бар. Ал тууралуу Иса: «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деген (Жакан 3:16). Кудайдын бизге болгон сүйүүсү аябай күчтүү болгондуктан бизди күнөө менен өлүмдөн куткаруу үчүн Уулун кун катары берген (Эфестиктер 1:7). Кун — Жахабанын бизге берген баалуу белеги. Бирок ал бизди аны кабыл алууга мажбурлабайт.

20 Жахабанын ал белегин кабыл аларыбызды кантип көрсөтөбүз? Ан үчүн анын Уулуна ишенишибиз керек. Бирок ишеним сөздөр менен эле чектелбейт. Аны иштерибиз менен, өткөргөн жашообуз менен көрсөтүшүбүз абзел (Жакып 2:26). Иса Машаякка ишенерибизди аны күн сайын жолдоо менен да көрсөтөбүз. Мунун аркасында азыр да, келечекте да мол баталарга ээ болобуз. Бул тууралуу кийинки бөлүмдө сөз жүрөт.

^ 3-абз. Ошол күнү Исанын бетине эки жолу түкүрүшкөн: биринчисинде диний жетекчилер, экинчисинде Рим жоокерлери (Матай 26:59—68; 27:27—30). Ушунчалык басынтылганына карабай, Иса унчуккан эмес. Ошентип: «Маскаралап, жаба түкүрүшкөндө, жүзүмдү жапкан жокмун»,— деген пайгамбарлыкты аткарган (Ышайа 50:6).