Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-БӨЛҮМ

«Атамды жакшы көрөм»

«Атамды жакшы көрөм»

1, 2. Элчи Жакан Исанын элчилери менен болгон акыркы түнүнө байланыштуу эмнени ачып берген?

ЖАШЫ өр тартып калган карыя калемин сыя челекке малып, өткөн окуяларды эстеп, өзүнчө ойлуу. Ал Иса Машаяктын элчилеринин ичинен эң узак жашаган элчи Жакан эле. Анын жашы жүзгө таяп калган. Элчи Жакан дээрлик 70 жыл мурун болгон унутулгус кечти — Исанын өлөр алдында өзүнүн элчилери менен болгон акыркы кечти — эстеп отурат. Кудайдын ыйык рухунун жетеги менен ал ошол окуяларды эстеп, майда-чүйдөсүнө чейин жазат.

2 Ошол түнү Иса өзүнүн өлтүрүлөрүн ачык эле айткан. Анын ошондой азаптуу өлүмгө эмне себептен даяр болгонун Жакан гана ачып берген. Ал: «Дүйнө Атамды жакшы көрөрүмдү билсин үчүн, Атам мага эмнени осуят кылса, ошону аткарам»,— деп жазган (Жакан 14:31).

3. Иса Атасын жакшы көрөрүн кантип көрсөткөн?

3 Иса: «Атамды жакшы көрөм»,— деген. Ооба, Атасына болгон сүйүү ал үчүн баарынан маанилүү болгон. Бирок Иса Атасын сүйөрүн дайыма эле айта берчү эмес. Анын Атасын жакшы көрөрүн айтканы Жакан 14:31де эле жазылат. Ошентсе да Исанын өткөргөн жашоосунан Жахабаны чындап жакшы көрөрү айкын көрүнүп турган. Исанын эр жүрөктүгү, тил алчаактыгы, туруктуулугу Кудайды жакшы көрөрүн айгинелеген. Анын кызматы да Атасына болгон сүйүүсүнүн күчтүү экенин көрсөткөн.

4, 5. Ыйык Китепте сүйүүнүн кайсы түрү жөнүндө көбүрөөк айтылат жана Иса Жахабаны канчалык сүйгөн?

4 Бүгүнкү күндө айрымдар сүйүү көрсөтүүнү алсыздыктын белгиси деп ойлошот. Алар сүйүү дегенде поэмаларда, ырларда чагылдырылган сүйүүнү же жеңил ойлуулук менен коштолгон махабат сезимин элестетиши мүмкүн. Махабат сезими тууралуу Ыйык Китепте да айтылат, анткен менен анда учурда кеңири тараган көз караштан айырмаланып, махабат сезимине олуттуу кароо керектиги көрсөтүлөт (Накыл сөздөр 5:15—21). Бирок Кудайдын Сөзүндө сүйүүнүн башка түрү жөнүндө көбүрөөк айтылат. Ал сүйүү тек гана алоолонуп барып, кайра тез эле өчүп калчу сезим эмес; ал жалаң гана ой жүгүртүүгө негизделген баш катырган философия да эмес. Ал сүйүүнү көрсөтүүдө жүрөктүн да, акылдын да катыштыгы бар. Андай сүйүү ички дүйнөнүн тереңинен чыгат, адил принциптерге негизделет жана жакшы иштер менен көрсөтүлөт. Анда эч кандай жеңил ойлуулук жок. Кудай Сөзүндө ал сүйүүнүн «эч качан жок болбой» турганы айтылат (1 Корунттуктар 13:8).

5 Жахабаны адамдардын ичинен эч ким Исадай күчтүү сүйгөн эмес. «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен жана бүт күчүң менен сүй»,— деген эң улуу осуятты аткаруу жагынан Исага бир да адам тең келе албайт (Марк 12:30). Кудайга болгон андай күчтүү сүйүүнү Иса кантип өрчүткөн? Жерде кызмат кылып жүргөндө Кудайга болгон сүйүүсү дайыма күчтүү болушу үчүн ал эмне кылган? Биз аны бул жагынан кантип туурай алабыз?

Кылымдарды карыткан сүйүү түйүнү

6, 7. Накыл сөздөр 8:22—31-аяттарда айтылган акылмандык Исаны билдирет деп эмне үчүн айта алабыз?

6 Досуң менен кайсы бир ишти чогуу жасоонун аркасында мурункудан да жакын, ынак болуп калганыңарды байкадың беле? Бул Жахаба менен анын жалгыз өзү жараткан Уулунун ортосундагы сүйүүнүн канчалык күчтүү болгонун жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Накыл сөздөр 8:30дагы сөздөр баарыбызга эле тааныш. Келгиле, анда ал аяттын контекстин тереңирээк карап чыгалы. Накыл сөздөр 8:22—31-аяттарда сөз кылынган акылмандык Исаны билдирет. Эмне үчүн минтип айтууга болот?

7Накыл сөздөр 8:22-аятта «акылмандык» мындай дейт: «Теңир мени Өзүнүн жолунун башталышында эле, бардыгын жарата электен мурун эле, эзелки убакта эле жараткан». Бул аятта тек гана сапат жөнүндө айтылган жок, себеби акылмандык эч качан жаратылган эмес. Ал сапат Жахабада дайыма болгон. Жахабанын башталышы жок болгондуктан, акылмандыктын да башталышы жок (Забур 89:3). Ал эми Кудайдын Уулу тууралуу Ыйык Китепте «бардык жаратылгандардын тунгучу» экени айтылат. Иса жаратылган болчу; ал — Жахабанын эң биринчи жаратуусу (Колосалыктар 1:15). Накыл сөздөр китебинде айтылгандай, ал асман менен жер жаратылганга чейин эле бар болчу. Сөз же Кудайдын Өкүлү катары ал Жахабанын акылмандыгын жеткилең түрдө чагылдырат (Жакан 1:1).

8. Жерге келгенге чейин Иса эмне иш кылган жана жаратууларга суктанганыбызда эмнени эстейбиз?

8 Иса жерге келгенге чейин сан жеткис кылымдар бою асманда эмне иш кылган? Накыл сөздөр 8:30-аятта анын Кудайдын «сүрөтчүсү» же чебер жардамчысы болгону айтылат. Бул эмнени билдирет? Колосалыктар 1:16да: «Асмандагы жана жердеги көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык нерселер... Ал аркылуу жана Ал үчүн жаратылган»,— деп айтылат. Демек, Жараткан Жахаба өзүнүн Уулу же чебер жардамчысы аркылуу бардык жаратууларды — асмандагы рухий жаратууларды, чексиз ааламды, жерди, анын ичинде ар түркүн өсүмдүктөр менен жаныбарларды жана жердеги жаратуулардын таажысы деп эсептелген адамды — жараткан. Атасы менен Уулунун кызматташуусу кандайдыр бир мааниде архитектор менен анын долбоорун ишке ашырган куруучунун кызматташуусуна окшош. Андыктан кереметтүү жаратууларга суктанганыбызда, чынында, Улуу Архитекторго даңк алып келебиз (Забур 18:2). Ошондой эле Жараткан менен анын чебер жардамчысынын нечендеген кылымдар бою чогуу кызматташканын жана андан кубаныч алышканын эстейбиз.

9, 10. а) Жахаба менен анын Уулунун ортосундагы сүйүү эмнеден улам күчтүү болгон? б) Асмандагы Атабызга болгон сүйүүбүздү кантип чыңдай алабыз?

9 Жеткилеңсиз болгондуктан чогуу иштеген эки адамдын ортосунда кээде кайчы пикирлер пайда болушу мүмкүн. Бирок Жахаба менен анын Уулу тууралуу минтип айтууга болбойт. Уулу Атасы менен миллиарддаган жылдар бою кызматташып, «Анын алдында ар дайым кубанып турган» (Накыл сөздөр 8:30). Ооба, Уулуна Атасынын жанында болуу жагымдуу болчу, Атасы да Уулу менен болгонду жакшы көрчү. Уулу барган сайын Атасына окшошуп, анын сапаттарын чагылдырууга үйрөнө берген. Мунун аркасында Атасы менен Уулунун мамилеси чыңдалган. Чынында эле, алардын ортосундагы сүйүүнү кылымдарды карыткан ааламдагы күчтүү сүйүү деп айтууга болот.

10 Биз да Кудайга карата ушундай сүйүү өрчүтө алабызбы? Балким, Жахабага карата андай күчтүү сүйүү өрчүтө аларыбызга күмөн санашыбыз мүмкүн. Эч кимибиздин Исага тең келе албасыбыз чын, анткен менен ар бирибизде Жахабага жакындоого эң сонун мүмкүнчүлүк бар. Иса Атасына чогуу эмгектенүүнүн аркасында жакындаганын эстесеңер. Жахаба мээримдүүлүк менен бизге өзүнүн «кызматташтары» болууну сунуштап жатат (1 Корунттуктар 3:9). Кызматта Исаны туураганыбызда Кудай менен кызматташып жатканыбызды унутпайлы. Ошондо Жахабага жакындап, ага болгон сүйүүбүз барган сайын өсө берет. Кудай менен кызматташуу кандай гана чоң сыймык!

Жахабага болгон сүйүүсү дайыма күчтүү болушу үчүн Иса эмне кылган?

11—13. а) Жахабага болгон сүйүүбүздү тирүү нерседей көргөнүбүз эмне үчүн маанилүү жана эмненин аркасында Исанын бала кезинде эле Кудайга болгон сүйүүсү күчтүү болгон? б) Иса Жахабадан үйрөнүүгө ынтызар экенин асманда жүргөндө да, жерге келгенде да кантип көрсөткөн?

11 Жахабага болгон сүйүүбүздү тирүү нерседей көргөнүбүз абдан маанилүү. Гүл жакшы өсүшү үчүн аны карап, суу куюп туруу керек болгондой эле, сүйүүнү да «азыктандырып» туруу керек. Болбосо, ал муздап, өчүп калат. Иса Жахабага болгон сүйүүсүнө өзүнөн өзү эле өрчүй бере турган нерсе катары караган эмес. Жерде кызмат кылып жүргөндө ал Кудайга болгон сүйүүсүнүн дайыма күчтүү болушуна кам көргөн. Ан үчүн Иса эмне кылган?

12 Ибадатканада Иса менен болгон окуяны эстесеңер. Аны издеп тынчы кеткен ата-энесине ал: «Мени эмнеге издедиңер? Атамдын үйүндө болушум керектигин билген эмес белеңер?» — деген (Лука 2:49). Иса ал кезде жаш бала болгондуктан, кыязы, өзүнүн жерге келгенге чейинки жашоосун эстей элек болчу. Бирок ал ошондо эле Жахабаны аябай жакшы көрчү. Ал Атасына болгон сүйүүсүн ага сыйынуу аркылуу көрсөтө аларын билген. Ошондуктан чыныгы сыйынуунун борбору деп эсептелген Атасынын үйү ал үчүн дүйнөдөгү эң кымбат жер болгон. Иса Атасынын үйүндө болууну жакшы көргөндүктөн ал жерден кеткиси келчү эмес. Ал ибадатканага жөн эле барып койбостон, Жахаба жөнүндө көбүрөөк билүүгө жана билгендерин башкаларга айтууга умтулган. Атасына болгон андай сүйүү анын жүрөгүндө 12 жашка чыкканга чейин эле бар болчу жана ал сезимдер убакыттын өтүшү менен сууп калган эмес.

13 Жерге келгенге чейин эле Иса Атасынан үйрөнүүгө дилгир болгон. Ышайа 50:4—6-аяттарда Жахабанын өзүнүн Уулун Машаяк катары аткара турган тапшырмасына даярдап-үйрөткөнү жазылган. Ал Жахабанын Майланганы катары башынан азап-тозокторду өткөрөрүн билсе да, Атасынан андан ары да билим алууга умтула берген. Кийин жерге келгенде да Атасынын үйүнө барууга, таза сыйынууну колдоого жана башкаларды Атасынын эркине ылайык окутууга ынтызар болгон. Ыйык Китепте Иса үчүн ибадатканага жана синагогага баруу адат болгону айтылат (Лука 4:16; 19:47). Эгер биз да Жахабага болгон сүйүүбүздүн дайыма күчтүү болушун кааласак, жыйналыш жолугушууларын калтырбашыбыз керек. Анткени ал жактан Жахабага сыйынабыз, билимибизди жана Жахабага болгон ыраазычылыгыбызды арттырабыз.

Ал «тиленүү үчүн тоого чыкты»

14, 15. а) Иса эмне себептен кээде жалгыз болгонду жакшы көрчү? б) Исанын тиленүүлөрүнөн Атасына ынак экени жана аны урматтаары кандайча көрүнүп турган?

14 Жахабага болгон сүйүүсү дайыма күчтүү болушу үчүн Иса ошондой эле үзгүлтүксүз тиленчү. Ал башкалар менен баарлашканды жакшы көргөн адам болсо да, жалгыз болууга убакыт бөлчү. Мисалы, Лука 5:16да: «Ал болсо чөлдө калып, тиленип жүрдү»,— делет. Ал эми Матай 14:23тө: «Эл тарагандан кийин, Иса тиленүү үчүн тоого чыгып, ал жакта түн бир оокумга чейин жалгыз болду»,— деп айтылат. Иса ызы-чуудан качып, башкалардан обочолонууну каалагандыктан эмес, тиленүү аркылуу Атасы менен сүйлөшкөндү жакшы көргөндүктөн жалгыз болууга убакыт бөлчү.

15 Тиленгенде Иса кээде «Абба, Ата» деген сөздөрдү колдончу (Марк 14:36). Исанын күндөрүндө «Абба» деген сөз үй-бүлөдө атага карата колдонулган жылуу сөз болгон. Баланын тили чыкканда көп учурда биринчи айткан сөзү да ушул болчу. Бирок бул сөз урмат-сыйды да камтычу. Исанын сүйүктүү Атасына кайрылганда ушул сөздү колдонгону Атасына аябай ынак экенин эле эмес, анын бийлигин терең урматтаарын да көрсөтүп турган. Бул эки нерсени Исанын тиленүүлөрүнөн айкын көрүүгө болот. Жакан китебинин 17-бөлүмүндө жердеги жашоосунун акыркы түнү Исанын узакка, жалындуу тиленгени жазылган. Анын тиленүүсүн кылдат карап чыкканыбыз жана ошол үлгүгө ылайык тиленгенибиз маанилүү. Бул, албетте, Исанын сөздөрүн жаттап алыш керек дегенди билдирбейт. Биз асмандагы Атабыз менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк издешибиз жана чын жүрөктөн тиленишибиз абзел. Ошентсек, Жахабага болгон сүйүүбүз дайыма күчтүү болуп, эч качан муздабайт.

16, 17. а) Исанын сөздөрүнөн Атасына болгон сүйүүсү кандайча көрүнүп турчу? б) Иса Атасынын берешендигин кантип баса белгилеген?

16 Жогоруда сөз кылынгандай, Иса: «Мен Атамды жакшы көрөм»,— деп көп айта берчү эмес. Бирок анын сөздөрүнөн Атасына болгон сүйүүсү көрүнүп турчу. Кандайча? Иса: «Ата, асман-жердин Жаратканы, сени эл алдында даңктайм»,— деген (Матай 11:25). Бул китептин 2-бөлүгүнөн билгенибиздей, Иса адамдарга Атасы жөнүндө билүүгө жардам берүү менен аны даңктаганды жакшы көрөрүн көрсөткөн. Бир жолу Иса Жахабаны адашкан уулунун кайтып келишин чыдамсыздык менен жол карап күткөн, аны алыстан көрүп, чуркап барып кыса кучактаган кечиримдүү, мээримдүү атага салыштырган (Лука 15:20). Исанын ал аңгемеси Жахабанын мээримдүүлүгүн жана кечиримдүүлүгүн кандай гана таамай сүрөттөйт!

17 Иса Атасын берешендиги үчүн да даңктачу. Ал жеткилеңсиз ата-энелерди мисал келтирип, Кудайдын андан сурагандарга ыйык рухун сөзсүз берерин көрсөткөн (Лука 11:13). Ошондой эле Атасынын адамдарга үмүт берип жатканы тууралуу айтуу менен анын марттыгын баса белгилеген. Иса өзүнүн үмүтү жөнүндө да — кайрадан Атасынын жанына барары жөнүндө — кубаныч менен айтчу (Жакан 14:28; 17:5). Андан сырткары, Атасы «кичине оторго» эң сонун үмүт караштырганын айтып, шакирттерин асманда өзү менен бирге башкарарына ынандырган (Лука 12:32; Жакан 14:2). Атүгүл өлүм алдында турган кылмышкерге да Бейиште жашоого үмүтү бар экенин айтып, аны соороткон (Лука 23:43). Атасын берешендиги үчүн даңктоонун аркасында Исанын ага болгон сүйүүсү дайыма күчтүү болгон. Исанын көптөгөн жолдоочулары башкаларга Жахаба жөнүндө жана аны сүйгөндөргө кандай үмүт караштырганы тууралуу айтуу ага болгон сүйүүнү жана ишенимди бекемдээрине өз тажрыйбасынан ынанышууда.

Кудайды сүйүү жагынан Исаны туурайлы

18. Исаны өзгөчө кайсы жагынан туурашыбыз керек жана эмне үчүн?

18 Биз Исаны бардык жагынан, өзгөчө, Жахабаны бүт жүрөгүбүз, бүт жаныбыз, бүт акылыбыз жана бүт күчүбүз менен сүйүү жагынан туурашыбыз керек (Лука 10:27). Андай сүйүү тек гана сезимдер менен эмес, иштер менен да көрсөтүлөт. Исанын Атасына болгон сүйүүсү сезимдер менен эле же «Атамды жакшы көрөм» деген сөздөр менен эле чектелген эмес. Ал: «Дүйнө Атамды жакшы көрөрүмдү билсин үчүн, Атам мага эмнени осуят кылса, ошону аткарам»,— деп айткан (Жакан 14:31). Шайтан адамдардын баары Жахабаны чындап сүйгөндүктөн эмес, өз кызыкчылыктарын көздөгөндүктөн кызмат кылат деп ырастаган (Аюб 2:4, 5). Шайтандын жалган ырастоосуна жооп кайтаруу үчүн Иса тайманбастык менен Жахаба тарапты ээлеп, дүйнөгө Атасына болгон сүйүүсүнүн канчалык күчтүү экенин көрсөткөн. Ал жердеги өмүрүнүн акырына чейин Жахабага болгон берилгендигинен жазган эмес. Сен Исаны тууроого чечкиндүүсүңбү? Дүйнөгө Жахабаны чындап сүйөрүңдү көрсөтөсүңбү?

19, 20. а) Жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз катышуунун негизги себептери кайсылар? б) Өздүк изилдөөнү, ой жүгүртүүнү жана тиленүүнү кандай мүмкүнчүлүк катары көрүшүбүз керек?

19 Жахабага болгон күчтүү сүйүүбүз рухий жактан бекем болууга жардам берет. Ал сүйүүбүз дайыма өрчүп, муздабашы үчүн, Жахаба сыйынууга байланыштуу чараларды караштырган. Жыйналыш жолугушууларына Кудайга сыйынуу үчүн барарыбызды эстен чыгарбаганыбыз маанилүү. Кудайга сыйынууга жыйналышта айтылган тиленүүлөр, даңктоо ырлары, программага көңүл коюу жана ага катышуу кирет. Жыйналыш жолугушууларына катышуу менен ишенимдештерибизди да бекемдейбиз (Эврейлер 10:24, 25). Андан тышкары, жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз баруунун аркасында Жахабага болгон сүйүүбүз өсөт.

20 Өздүк изилдөө, ой жүгүртүү жана тиленүү тууралуу да ушуну айтууга болот. Андай учурларды Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдөө мүмкүнчүлүгү катары көрүшүбүз керек. Өздүк изилдөө жүргүзгөндө жана ой жүгүрткөндө Жахабанын ойлорун биле алабыз. Ал эми тиленгенибизде ага жүрөгүбүздөгүнү айтабыз. Кудайга бир нерселерди сураш үчүн эле кайрылбастан, бизге берип жаткан баталарына ыраазычылык билдирип, аны кереметтүү иштери үчүн даңктаганыбыз да маанилүү (Забур 145:1). Бирок Жахабага ыраазычылык билдирүүнүн жана аны сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн эң сонун жолу — аны эл алдында кубаныч менен, чын жүрөктөн даңктоо.

21. Жахабага болгон сүйүү канчалык маанилүү жана мындан аркы бөлүмдөрдө эмне талкууланат?

21 Кудайга болгон сүйүүбүз түбөлүккө бактылуу болушубузга өбөлгө түзөт. Ишенимдүүлүгүн сактоо үчүн Адам менен Обого ушул эле нерсе керек болчу, бирок дал ушул нерсе аларда болгон эмес. Андай сүйүү болбосо, биз да сыноолорду көтөрүп кете албайбыз, азгырыктарды четке кага албайбыз жана кыйынчылыктарга туруштук бере албайбыз. Ансыз Исанын жолдоочусу болуу мүмкүн эмес. Кудайга болгон сүйүү жакындарыбызга болгон сүйүү менен тыгыз байланышта (1 Жакан 4:20). Мындан аркы бөлүмдөрдө Исанын адамдарга кантип сүйүү көрсөткөнү талкууланат. Ал эми кийинки бөлүмдөн эмне үчүн адамдар Исага тартылып турганын билебиз.