Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15-БӨЛҮМ

«Боору ооруду»

«Боору ооруду»

«Мырзам, көзүбүз көрсүнчү»

1—3. а) Эки сокур киши Исадан жардам сурап жалбарганда, ал эмне кылган? б) «Боор ооруу» деген эмнени билдирет? (Шилтемени кара.)

ЭКИ сокур киши Жериходон алыс эмес жерде жолдун боюнда отурушат. Ал жолдон эл көп өткөндүктөн, алар ал жерге кайыр сураганы күнүгө келишет. Бүгүн алардын жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн окуя болот.

2 Алар күтүлбөгөн жерден кыжы-кужу үндөрдү угушат. Көзү көрбөгөндүктөн алардын бири өтүп бараткандардан эмне болуп жатканын сурайт. Ага: «Назареттик Иса өтүп баратат»,— деп жооп беришет. Иса ошондо Иерусалимге акыркы жолу бараткан эле. Ал жалгыз эмес болчу, аны көп эл ээрчип бараткан. Ким өтүп баратканын билгенде эки сокур киши: «Мырзам, Дөөтүнүн Уулу, бизге кайрымдуулук көрсөтө көр!» — деп катуу кыйкыра башташат. Эл буга кыжырданып, аларды тыюуга аракет кылат, бирок алар унчукпай калмак тургай, ого бетер күчөшөт.

3 Иса элдин арасынан алардын аянычтуу үнүн угат. Ошондо ал эмне кылат? Иса көп нерселерди ойлоп, санаасы санга бөлүнүп турган эле. Анын жердеги өмүрүнүн акырына бир эле жума калган. Ал Иерусалимден азаптуу өлүм менен өлтүрүлөрүн билген. Ошого карабай эки сокур кишинин жалынычына көңүл бурбай койгон эмес. Ал токтойт да, кыйкырып жаткан кайырчыларды жетелеп келүүнү буйрат. Эки сокур киши ага: «Мырзам, көзүбүз көрсүнчү»,— деп жалбарышат. Исанын «боору ооруп», алардын көзүнө колун тийгизет. Ошол замат экөөнүн тең көздөрү көрүп калат *. Анан алар дароо Исанын артынан ээрчип жөнөшөт (Лука 18:35—43; Матай 20:29—34).

4. Исанын «кедей менен жакырга ырайым кылары» жөнүндөгү пайгамбарлык кандайча аткарылган?

4 Бул Исанын башкаларга боор ооруу менен мамиле кылганын көрсөткөн жалгыз окуя эмес. Иса ар кандай учурларда жана жагдайларда боорукердик көрсөткөн. Ыйык Китепте анын «кедей менен жакырга ырайым кылары» алдын ала айтылган (Забур 71:13). Чынында эле, Иса боорукер болгондуктан, башкалардын сезимдерин эске алып, абалын түшүнө билген. Ал башкаларга жардам берүүдө демилгени колго алган. Боорукердик ага кабар айтууга да түрткү берген. Келгиле анда, Исанын сөздөрү менен иштеринен анын боорукердиги кандайча көрүнүп турганын жана биз аны канткенде туурай аларыбызды карап көрөлү.

Башкалардын абалын түшүнө билген

5, 6. Исанын боорукер болгонун кайсы окуялардан көрүүгө болот?

5 Иса абдан боорукер, кайрымдуу болгон. Ал башкалардын абалын түшүнө билген жана азап чеккендердин кайгысына ортоктош болгон. Адамдар туш болгон жагдайлардын бардыгына өзү туш болуп көрбөсө да, алардын кайгысын жүрөгү менен сезе билген (Эврейлер 4:15). Алсак, он эки жылдан бери кан агуудан кыйналып жүргөн бир аялды айыктырганда Иса анын дартын «азаптуу оору» деп айтуу менен ал аялдын канчалык азап чеккенин түшүнөрүн көрсөткөн (Марк 5:25—34). Ошондой эле Мариямдын жана анын туугандарынын Лазарды жоктоп ыйлап жатканын көргөндө Исанын каңырыгы түтөп, жүрөгү сыздаган. Лазарды тирилтерин билсе да, ал көзүнө жаш алган (Жакан 11:33, 35).

6 Бир жолу ага пес оорулуу бирөө келип: «Кааласаң эле мени айыктыра аласың»,— деп жалбарган. Иса жеткилең болгондуктан, эч качан ооруп көрбөсө да, ал оорулуу кишинин зээнди кейиткен абалын көрүп, «боору ооруган» (Марк 1:40—42). Анан таң калыштуу бир нерсе кылган. Иса Мыйзам боюнча пес оорулуулардын таза эмес деп эсептелерин жана элден обочо жүрүшү керектигин жакшы билген (Лебилер 13:45, 46). Ал аны алыстан туруп эле айыктырып коё алмак (Матай 8:5—13). Бирок Иса ага колун тийгизген, анан: «Каалайм. Айык»,— деген. Пес оорулуу ошол замат оорусунан айыккан. Иса кандай гана боорукер болгон!

Боор ооруй бил

7. Боорукердик сапатын канткенде өрчүтө алабыз жана аны кантип көрсөтсөк болот?

7 Исанын жолдоочулары катары биз боорукер болуу жагынан аны тууроого чакырылабыз. Ыйык Китеп бизди бири-бирибизге «боор ооруу менен мамиле кылууга» үндөйт * (1 Петир 3:8). Өнөкөт оорудан же депрессиядан азап чеккендердин сезимдерин түшүнүү, өзгөчө, андайды башыбыздан өткөрүп көрбөсөк, кыйын болушу мүмкүн. Бирок боорукердик көрсөтүү ошондой оору менен ооруп көргөн-көрбөгөнүбүздөн көз каранды эмес. Иса өзү эч качан ооруп көрбөсө да, оорулууларга боор ооруй билген. Боорукердик сапатын биз да канткенде өрчүтө алабыз? Ан үчүн кыйналып жаткандар бизге ичиндегисин айтып, сезимдери менен бөлүшүп жатканда, аларды чыдамдуулук менен кунт коюп угушубуз керек. Ошондой эле: «Эгер мен анын ордунда болсом, өзүмдү кандай сезет элем?» — деп ойлонуп көрсөк болот (1 Корунттуктар 12:26). Башкалардын сезимдерин түшүнө билүүгө аракет кылсак, «көңүлү чөккөндөрдү» жакшыраак соорото алабыз (1 Тесалоникалыктар 5:14). Кээде боорукердикти жылуу сөз менен эле эмес, «ыйлагандар менен ыйлап» да көрсөтө алабыз (Римдиктер 12:15).

8, 9. Исанын башкалардын сезимдерин эске алганын эмнеден көрүүгө болот?

8 Иса башкаларга сезимдерин эске алуу менен мамиле кылган. Анын дүлөй, жакшы сүйлөй албаган бир кишиге кандай мамиле кылганын эстесең. Кыязы, Иса ал кишинин өзүн оңтойсуз сезип жатканын байкаган, ошондуктан «аны элден четке алып чыгып» айыктырган. Тегерегинде аны тигиле караган эч ким жок болгондуктан, ал киши өзүн эркинирээк сезген (Марк 7:31—35).

9 Иса сокур кишини айыктырганда да анын сезимдерин эске алган. Ал «аны жетелеп, кыштактан алып чыккан». Иса анын көрүү жөндөмдүүлүгүн акырындык менен калыбына келтирген. Бул сокур кишинин мээси менен көзүнүн жарыкка жана аны курчап турган түркүн түскө боёлгон айлана-чөйрөгө акырындык менен көнүшүнө шарт түзгөн (Марк 8:22—26). Ооба, Иса адамдардын сезимдерин эске алуу жагынан сонун үлгү көрсөткөн!

10. Канткенде башкаларга алардын сезимдерин эске алып мамиле кылабыз?

10 Исанын жолдоочулары катары биз да башкаларга алардын сезимдерин эске алуу менен мамиле кылганыбыз абзел. Ойлонбой айтылган сөздөр жүрөктү жаралаарын билгендиктен, тилибизди кандай колдонуп жатканыбызга олуттуу маани беребиз (Накыл сөздөр 12:18; 18:21). Башкалардын сезимдерин эске алган Исанын жолдоочулары көңүл ооруткан, кемсинткен, какшыктаган сөздөрдү айтышпайт (Эфестиктер 4:31). Аксакалдар, башкалардын сезимдерин эске аларыңарды кантип көрсөтө аласыңар? Кимдир бирөөгө кеңеш бергенде анын кадыр-баркын сыйлап, ага жылуу-жумшак мамиле кылгыла (Галатиялыктар 6:1). Ата-энелер, силер балдарыңардын сезимдерин канткенде эске ала аласыңар? Балдарыңарды тартипке салганда, алар өздөрүн кереги жоктой сезип калбашы керек (Колосалыктар 3:21).

Башкаларга жардам берүүдө демилгени колго алган

11, 12. Исанын башкаларга жардам берүүдө демилгени колго алганын Ыйык Китептеги кайсы окуялар көрсөтүп турат?

11 Иса айрым учурларда башкалар жардам беришин сурана электе эле жардамга келчү. Айта кетчү нерсе, боорукердик бул жөн гана сезим эмес, ал иш-аракет кылууга түрткү берген сапат. Андыктан боорукердик Исага башкаларга жардам берүүдө демилгени колго алууга түрткү бергени таң калыштуу эмес. Исанын үч күндөн бери жанында жүргөн көп элди тойгузганын эстесең. Ага элдин ачка экенин же аларды тойгузуу үчүн бир нерсе кылуу керектигин эч ким айткан эмес. Ал окуя тууралуу мындай дегенди окуйбуз: «Иса шакирттерин чакырып алып: „Элге боорум ооруп жатат, себеби үч күндөн бери жанымда жүрүшөт, жегенге да эч нерселери жок. Жолдо алсырап калышабы деп, ачка кетиргим келбей турат“,— деди». Ошондо Иса демилгени колго алып, керемет жолу менен элди тойгузган (Матай 15:32—38).

12 Дагы бир окуяны карап көрөлү. Б.з. 31-жылы Иса Наин шаарына жакын жерде кайгылуу окуяга күбө болот. Бир жесир аялдын жалгыз уулу каза болуп, көп эл анын сөөгүн койгону бараткан. Баласынан айрылган эненин жүрөгү канчалык сыздаганын элестетсең! Ал аял медер туткан жалгыз уулун жоготкон болчу, анын жанында кайгысын бөлүшө турган күйөөсү да жок эле. Элдин арасынан Исанын көңүлү күйүт тартып жаткан ошол аялга бурулат. Иса ага аябай «боору ооругандыктан», эч ким суранбаса да, ал аялга жардам берүүнү чечет. Ал «жакын келип, замбилге колун тийгизет» да, жигитти тирилтет. Андан кийин эмне болгонуна көңүл бурсаң. Иса ал жигитти өзүн коштоп жүрүүгө чакырган эмес. Ыйык Китептен окуганыбыздай, Иса «аны энесинин колуна тапшырган». Ошентүү менен ал аялды кам көрө турган уулу кайрадан жанында болоруна ынандырган (Лука 7:11—15).

Башкаларга жардам берүүдө демилгени колго ал

13. Башкаларга жардам берүүдө, орундуу болсо, демилгени колго алуу жагынан Исаны кантип туурай алабыз?

13 Биз Исаны кантип туурай алабыз? Албетте, элди керемет жолу менен тойгуза албайбыз, өлгөндөрдү да тирилте албайбыз. Ошентсе да башкаларга жардам берүүдө демилгени колго алуу жагынан Исаны туурай алабыз. Балким, ишенимдешибиз акча жагынан кыйналып жаткандыр же жумушсуз калгандыр (1 Жакан 3:17). Же болбосо жесир ишенимдешибиздин үйүн оңдоп-түзөө керек болуп жаткандыр (Жакып 1:27). Же жакынынан айрылгандыктан сооротууга же кандайдыр бир жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү билеттирбиз (1 Тесалоникалыктар 5:11). Ишенимдештерибизге чындап эле жардам керек болуп жатканын көргөнүбүздө, алар бизден өздөрү жардам сурамайынча күтүп отура бербейбиз (Накыл сөздөр 3:27). Боорукердик бизге, орундуу болсо, демилгени колго алып, башкаларга колубуздан келген жардамды көрсөтүүгө түрткү берет. Кээде боорукердик көрсөтүү үчүн кичинекей эле иштер же чын жүрөктөн чыккан эки ооз сөз эле жетиштүү болушу мүмкүн (Колосалыктар 3:12).

Боорукердик ага кабар айтууга түрткү берген

14. Исага кабар айтуу ишине жигердүү катышууга эмне түрткү берген?

14 Экинчи бөлүктөн билгенибиздей, Иса кабар айтуу жагынан бизге мыкты үлгү калтырган. Ал: «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деген (Лука 4:43). Исага ал ишке жигердүү катышууга эмне түрткү берген? Ага биринчи кезекте Кудайга болгон сүйүү түрткү берген. Бирок ал дагы бир себептен улам — башкалардын рухий жактан кейиштүү абалда экенин көрүп, боору ачыгандыктан — ал ишке бүт дитин койгон. Ал, негизинен, башкалардын рухий муктаждыктарын канааттандыруу менен боорукердик көрсөткөн. Келгиле азыр, Исанын өзү кабар айткан адамдарга кандай караганын көрсөткөн эки мисалга токтололу. Бул кабар айтуу ишине катышууга бизге эмне түрткү берип жатканын текшерүүгө жардам берет.

15, 16. Исанын өзү кабар айткан адамдарга кандай караганын кайсы эки окуя көрсөтүп турат?

15 Б.з. 31-жылы, кабар айтуу ишине ынталуулук менен катышканына эки жылдай болуп калганда, Иса кызматын кеңейтип, Галилеядагы «шаарларды, айыл-кыштактарды кыдырган». Ал кабар айтып жүргөндө элди көрүп боору ооруган. Анткени алар, Матай жазгандай, «койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калышкан эле» (Матай 9:35, 36). Алар карапайым адамдар болчу. Иса алардын рухий жактан кандай абалда экенин көргөн. Элге рухий жактан кам көрүүгө, кайтарууга тийиш болгон диний жетекчилердин аларды четке кагып, жаман мамиле кылышарын да жакшы билген. Андыктан аларга боору ачып, үмүт байлаткан жакшы кабарды жеткирүүгө бүт күчүн жумшаган. Себеби алар баарынан да Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды угууга муктаж эле.

16 Ошондон бир нече ай өткөндөн кийин б.з. 32-жылы Пасах майрамынын алдында да ушу сыяктуу окуя болот. Иса элчилери менен ээн жерге барып эс алуу үчүн кайыкка отуруп, Галилеянын аркы өйүзүнө өтөт. Бирок көп эл ал жакка алардан мурун барып, аны күтүп турган болот. Иса аларды көргөндө кандай сезимде болгон? Ыйык Китепте: «Иса кайыктан түшкөндө көп элди көрүп, аларга боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлордой эле. Анан аларды көп нерсеге окута баштады»,— делет (Марк 6:31—34). Бул жолу да Иса адамдардын рухий жактан ачка экенин көргөндө аларга «боору ооруган». Алар «койчусу жок койлордой» адашып, кароосуз калышкан эле. Бул окуялардан көрүнүп тургандай, Иса өзүн милдеттүү сезгендиктен эмес, адамдарга жаны ачыгандыктан кабар айткан.

Кабар айтууда боорукер бол

17, 18. а) Кабар айтууга бизге эмне түрткү берет? б) Боорукердик сапатын канткенде өрчүтө алабыз?

17 Исанын жолдоочулары катары бизге адамдарга кабар айтууга эмне түрткү берет? Бул китептин 9-бөлүмүнөн билгенибиздей, бизге кабар айтуу жана шакирт даярдоо жоопкерчилиги артылган (Матай 28:19, 20; 1 Корунттуктар 9:16). Бирок бул ишке өзүбүздү милдеттүү сезгендиктен эле катышпайбыз. Бизге Падышалык жөнүндөгү кабарды айтууга биринчи кезекте Жахабага болгон сүйүү түрткү берет. Ошондой эле биз Кудайды билбеген адамдарга боорубуз ооругандыктан кабар айтабыз (Марк 12:28—31). Боорукердик сапатын канткенде өрчүтө алабыз?

18 Биз да адамдарга карата Исаныкындай көз карашта болушубуз керек. Иса алардын «койчусу жок койлордой чачырап, жүдөп калганын» көргөн. Жоголуп кеткен козуну таап алганыңды элестетсең. Оттуу жерлерге жайган, сугарган койчусу жок болгондуктан, ал ачка болуп, жүдөп калган. Ушундай козуну көргөндө бооруң ачыйт беле? Ага жем-чөп берип, кам көрбөй коёт белең? Жакшы кабарды билбеген адамдар да ушундай козуларга окшош. Диний жетекчилер аларга тийиштүү кам көрбөгөндүктөн, алар рухий жактан суусап, ачка болуп жүрүшөт, келечекке да эч кандай үмүтү жок. Ал эми биз алардын рухий муктаждыгын жана суусунун кандырган нерсеге ээбиз, башкача айтканда, Кудайдын Сөзүндөгү чындыктарды билебиз (Ышайа 55:1, 2). Адамдардын рухий жактан канчалык кейиштүү абалда экени жөнүндө ойлонуу аларга жардам берүүгө түрткү берет. Аларга карата Исаныкындай көз карашта болсок, Падышалык жөнүндөгү кабарды айтууга бүт күчүбүздү жумшайбыз.

19. Кызыгуучуга кабар айтуу ишине катышууга түрткү берүү үчүн эмне кылсак болот?

19 Башкаларга Исаны жолдоого кантип жардам бере алабыз? Кабар айтууга даяр болуп калган кызыгуучуну ал ишке катышууга үндөө үчүн же активдүү болбой калган жарчыга кабар айтуу ишине кайрадан толук катыша баштоого жардам берүү үчүн эмне кылсаң болот? Эң алды, анын жүрөгүн козгоого аракет кыл. Иса адамдарды «боору ооругандыктан» окутканын эстесең (Марк 6:34). Андыктан аны адамдарга боор ооруй билүүгө үйрөтсөң, ал Исаны тууроого жана башкаларга кабар айтууга түрткү алышы мүмкүн. Ошондой эле ага мындай суроолорду берсең болот: «Падышалык жөнүндөгү кабар сенин жашооңду кандайча өзгөрттү? Жакшы кабарды уга элек адамдар кандай абалда деп ойлойсуң? Алар кабарды угууга муктажбы? Аларга кантип жардам берсең болот?» Кандай болбосун, башкаларга кабар айтууга бизге Кудайга болгон сүйүү жана ага кызмат кылууга болгон каалоо түрткү бериши керек.

20. а) Исанын жолун жолдоо деген эмнени билдирет? б) Кийинки бөлүмдөн эмне тууралуу билебиз?

20 Исанын жолдоочусу болуу үчүн башкаларды анын айткандарына үйрөтүп койгонубуз жана анын жүрүм-турумун туураганыбыз эле жетишсиз. Ан үчүн Исадай «ой жүгүртүүгө» үйрөнүшүбүз керек (Филипиликтер 2:5). Ыйык Китепте Исанын сөздөрү менен иштеринен тышкары, анын кандай ой жүгүрткөнү, ар кайсы жагдайда кандай сезимде болгону айтылганына абдан ыраазыбыз! Биз «Машаяктын акылын» таанып-билүү менен боорукердикке, адамдардын абалын түшүнө билүүгө жана аларга Исадай мамиле кылууга үйрөнө алабыз (1 Корунттуктар 2:16). Кийинки бөлүмдөн Исанын өзүнүн шакирттерине кандай жолдор менен сүйүү көрсөткөнү тууралуу билебиз.

^ 3-абз. Бул жерде «боор ооруу» деп берилген сөз айкашы грек тилинде жан ачууну туюнткан күчтүү сезимди билдирет. Бир эмгекте бул сапат өзүнө «азап чеккен кишинин абалын түшүнө билүүнү эле эмес, ага жардам берүүгө жана кайгысын жеңилдетүүгө болгон күчтүү каалоону» камтый турганы айтылат.

^ 7-абз. «Боор ооруу менен мамиле кылуу» деген маанини туюнткан грек тилиндеги сын атооч түзмө-түз «кимдир бирөө менен кошо азап чегүү» дегенди билдирет.