Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-БӨЛҮМ

«Иса... аларды акырына чейин сүйдү»

«Иса... аларды акырына чейин сүйдү»

1, 2. Иса элчилери менен өткөргөн акыркы кечте аларды эмнелерге үйрөткөн жана ага ошол акыркы мүнөттөр эмне үчүн баалуу болгон?

ИСА элчилери менен Иерусалимдеги бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чогулат. Ал ошол кечтин өзүнүн шакирттери менен өткөрө турган акыркы кеч экенин билет. Анын Атасына бара турган убагы келип калган эле. Бир нече сааттан кийин аны кармап кетишмек жана ал ага чейин башынан өткөрүп көрбөгөн чоң сыноого дуушар болмок. Бирок өлтүрүлөрүнө аз калганын билсе да, Иса элчилерин ойлоп тынчсызданган.

2 Ал элчилерин өзүнүн кетерине даярдап жүргөн болчу. Ошентсе да элчилери алдыда боло турган сыноолорду көтөрүп кете алышы үчүн, аларга дагы көп нерселерди айтышы керек эле. Андыктан ошол кечте элчилери менен болуп, акыркы баалуу мүнөттөрүн аларды ишенимдүү бойдон калууга жардам бере турган маанилүү нерселерге үйрөтүүгө арнайт. Иса аларга жүрөгүнүн түпкүрүндөгү эң жылуу сөздөрүн айтат. Ал эмне үчүн ошол учурда өзүнө караганда элчилерине көбүрөөк тынчсызданган? Ага элчилери менен өткөргөн ошол мүнөттөр эмне үчүн баалуу болгон? Анткени Иса элчилерин сүйгөн. Анын аларга болгон сүйүүсү абдан күчтүү болгон.

3. Иса элчилерине алар менен болгон акыркы кечте эле сүйүү көрсөткөн эмес деп эмне үчүн айта алабыз?

3 Андан ондогон жылдар өткөндөн кийин Жакан ошол кечти эскерип: «Иса бул дүйнөдөн кетип, Атасына бара турган убагы келип калганын пасах майрамына чейин эле билчү. Ал бул дүйнөдөгү өз шакирттерин сүйдү, аларды акырына чейин сүйдү»,— деп жазган (Жакан 13:1). Иса элчилерин жакшы көрөрүн ошол кечте эле эмес, ага чейин көп жолу далилдеген. Ал аларга болгон сүйүүсүн ар кандай жолдор менен көрсөткөн. Исанын шакирттерине кантип сүйүү көрсөткөнүн карап чыкканыбыз маанилүү, анткени Исаны бул жагынан тууроо менен анын чыныгы жолдоочулары экенибизди айгинелейбиз.

Чыдамдуулук көрсөткөн

4, 5. а) Элчилерине мамиле кылууда Исадан эмне себептен чыдамдуу болуу талап кылынган? б) Үч элчиси Гетсемани багында сергек турбай уктап калышканда, Иса эмне кылган?

4 Сүйүү чыдамдуулук менен тыгыз байланышта. 1 Корунттуктар 13:4тө айтылгандай, «сүйүү чыдамкай». Ал эми чыдамдуулук көрсөтүү көтөрүмдүү болууну камтыйт. Элчилерине мамиле кылууда Исадан чыдамдуу болуу талап кылынган. Анткени бул китептин 3-бөлүмүнөн окуганыбыздай, элчилер момун болууга дароо эле үйрөнүшкөн эмес. Алар кимиси баарынан чоң экени жөнүндө көп талашышчу. Иса аларга ошондой учурларда кандай мамиле кылган? Аларга кыжырданып, ачууланчу беле? Жок. Ал аларды дайыма жумшактык менен насааттачу. Атүгүл өмүрүнүн акыркы сааттарында да шакирттери «катуу талашып» кетишкенде, аларга чыдамдуулук менен кеңеш берген (Лука 22:24—30; Матай 20:20—28; Марк 9:33—37).

5 Ошол кечте Иса 11 ишенимдүү элчиси менен Гетсемани багына барганда анын чыдамдуулугу кайрадан сыналат. Ал сегиз элчисин калтырып, Петирди, Жакыпты жана Жаканды алып, бакчанын орто ченине барат. Анан аларга: «Жаным өлөрчө кыйналып турат. Бул жерде калып, уктабай... сергек тургула»,— деп айтат. Өзү болсо арыраак барып, Атасына жалындуу тиленет. Ал көпкө чейин тиленип, кайра үч шакиртинин жанына келет. Ошондо шакирттери эмне кылып жаткан болот? Устаты чоң сыноо алдында жаны кыйналып турганда, алар уктап калышкан. Иса аларды сергек турбаганы үчүн жемеледи беле? Жок, ал аларга түшүнүү менен мамиле кылып, чыдамдуулук көрсөткөн. Анын сөздөрүнөн шакирттеринин алсыз экенин жакшы билери жана алар сарсанаага баткандыктан уктап калышканын түшүнөрү көрүнгөн *. Иса шакирттерине: «Рух сергек, ал эми дене алсыз»,— деген. Шакирттери андан кийин дагы эки жолу уктап калышканда да, ал аларга чыдамдуулук менен мамиле кылган (Матай 26:36—46).

6. Чыдамдуулук көрсөтүү жагынан Исаны кантип туурай алабыз?

6 Исанын өзүнүн элчилеринен үмүтүн үзбөгөнү бизди кандай гана бекемдейт! Анын шакирттерине чыдамдуулук көрсөткөнүнүн акыбети кайткан: алар акыры момун болууга да, сергек болууга да үйрөнүшкөн (1 Петир 3:8; 4:7). Чыдамдуулук көрсөтүү жагынан Исаны кантип туурай алабыз? Чыдамдуу болуу, өзгөчө, аксакалдардан талап кылынат. Кээде жыйналыштагылар аксакалга ал чарчап турганда же кандайдыр бир нерсеге тынчсызданып жатканда көйгөйлөрү менен кайрылышы мүмкүн. Же болбосо кимдир бирөө берилген кеңешке дароо кулак какпай жатышы ыктымал. Мындай учурларда аксакалдар аларды «жумшактык менен» насаатташы жана «оторго» аяр мамиле кылышы керек (2 Тиметей 2:24, 25; Элчилер 20:28, 29). Ата-энелер да балдары берилген кеңешке ылайык иш кылбай жатканда же жазалоо чараларын тоготпогон учурларда, Исаны туурап, аларга чыдамдуулук менен мамиле кылышы абзел. Сүйүү жана чыдамдуулук ата-энелерге балдарын тарбиялоодо үмүтүн үзбөй, күч жумшай берүүгө жардам берет. Чыдамдуулук менен көрсөтүлгөн андай күч-аракеттин акыбети кайтпай койбойт! (Забур 126:3).

Алардын муктаждыктарына кам көргөн

7. Иса шакирттеринин муктаждыктарына кантип кам көргөн?

7 Сүйүү чын ыкластан жасалган иштер менен көрсөтүлөт (1 Жакан 3:17, 18). Ал «өз кызыкчылыгын көздөбөйт» (1 Корунттуктар 13:5). Сүйүүсүнөн улам Иса шакирттеринин муктаждыктарына кам көргөн. Шакирттери эч нерсе айта электе эле, ал алардын эмнеге муктаж болуп турганын билчү. Бир жолу алардын чарчап турганын көрүп, «ээн жерге барып, бир аз эс алып алууну» сунуштаган (Марк 6:31). Башка жолу болсо шакирттеринин ачка экенин түшүнүп, аларды жана аны угуш үчүн келген миңдеген адамдарды тойгузган (Матай 14:19, 20; 15:35—37).

8, 9. а) Исанын шакирттеринин рухий муктаждыгына кам көргөнүн эмне көрсөтүп турат? б) Иса устунда кадалып турганда да энесине кам көргөнүн кантип көрсөткөн?

8 Иса шакирттеринин рухий муктаждыктарына да кам көргөн (Матай 4:4; 5:3). Ал элди окутуп жатканда, шакирттерине өзгөчө көңүл бура турган. Анын Тоодогу насааты да биринчи кезекте шакирттерине айтылган (Матай 5:1, 2, 13—16). Мисалдар менен окутканда «шакирттерине бардыгын өзүнчө түшүндүрүп берчү» (Марк 4:34). Ал асманга кеткенден кийин да жолдоочулары рухий жактан жакшы тамактанышы үчүн «ишенимдүү жана акылдуу кулду» дайындаган. Исанын жердеги майланган жолдоочуларынан турган ал кул тобу биринчи кылымдан азыркы күнгө чейин рухий тамакты «өз убагында» берип келет (Матай 24:45).

9 Исанын өлүм алдында кыйналып турганда да өзүнүн жакындарынын рухийлиги үчүн тынчсызданганы жүрөктү козгобой койбойт. Анын устунда кадалып, жаны аябай кыйналып турган учурун элестетсең. Дем алуу үчүн ал устунга буту менен таянып, боюн көтөрүшү керек болчу. Ошондон улам устунга кадалган буттарына күч келген жана жанчылган денеси устунга сүрүлгөндүктөн, сай-сөөгү зыркыраган. Ага бир ооз сөз айтуу эле канчалык кыйын болгонун ойлоп көрсөң. Ошентсе да Иса жан берер алдында энеси Мариямга болгон сүйүүсүн көрсөткөн сөздөрдү айткан. Энесинин элчи Жакандын жанында турганын көрүп, үнүн угулгудай чыгарып, ага: «Мына, бул сенин уулуң!» — дейт. Анан Жаканга: «Мына, бул сенин энең!» — деп айтат (Жакан 19:26, 27). Иса ал ишенимдүү элчисинин Мариямга материалдык жактан эле эмес, рухий жактан да кам көрөрүнө ишенген *.

Камкор ата-эне балдарына чыдамдуулук менен мамиле кылат жана алардын муктаждыктарына кам көрөт

10. Ата-энелер балдарынын муктаждыктарына кам көрүүдө Исаны кантип туурай алышат?

10 Исанын үлгүсүнөн ата-энелер көп нерсеге үйрөнө алышат. Маселен, үй-бүлөсүн чындап жакшы көргөн ата үйүндөгүлөрүнүн материалдык муктаждыктарын канааттандырат (1 Тиметей 5:8). Тең салмактуу, мээримдүү үй-бүлө башчысы кээде үй-бүлөсүнүн эс алып, көңүл ачышына да кам көрөт. Баарынан маанилүүсү, Исаны жолдогон ата-энелер балдарынын рухий муктаждыктарына көңүл бурушат. Кантип? Алар үй-бүлөлүк изилдөөнү үзгүлтүккө учуратпоого жана аны балдарына пайдалуу, кызыктуу болгудай кылып өткөрүүгө аракет кылышат (Мыйзам 6:6, 7). Алар балдарына кабар айтуу, жыйналышка даярдануу жана ага катышуу Жахабага сыйынуунун маанилүү бөлүгү экенин сөзү менен да, иши менен да көрсөтүшөт (Эврейлер 10:24, 25).

Кечирүүгө даяр болгон

11. Иса шакирттерин кечирүүгө байланыштуу эмнеге үйрөткөн?

11 Кечиримдүүлүк да сүйүү менен тыгыз байланышта (Колосалыктар 3:13, 14). 1 Корунттуктар 13:5те: «Сүйүү... таарынычтарын эсептей бербейт»,— деп айтылат. Иса өзүнүн жолдоочуларына кечиримдүү болуу абдан маанилүү экенин көп жолу айткан. Ал аларды «жети жолу эмес, жетимиш жети жолу», башкача айтканда, чексиз кечирүүгө чакырган (Матай 18:21, 22). Ошондой эле шакирттерин аларга каршы күнөө кылган кишини, эгер ал ашкерелегенде өкүнсө, кечирүүгө үйрөткөн (Лука 17:3, 4). Эки жүздүү фарисейлерден айырмаланып, Иса айткандарын өзү да аткарчу (Матай 23:2—4). Келгиле, Исанын атүгүл жакын досу баш тартып кеткенде да кандайча кечирүүгө даяр болгонун карап көрөлү.

12, 13. а) Петир кандай олуттуу ката кетирген? б) Исанын кечиримдүү болуу жөнүндө айтып эле койбостон, өзү да кечиримдүү болгонун эмнеден көрүүгө болот?

12 Иса Петир менен ынак болчу. Петир ак көңүл, боорукер киши болгон, бирок кээде аркы-беркини ойлобой шашып иш кылып жиберчү. Ошентсе да Иса анын жакшы сапаттарын көрө билген жана ага өзгөчө ишеним арткан. Ошондой эле Петир Жакып жана Жакан менен бирге башка элчилер көрбөгөн кереметтерди көргөн (Матай 17:1, 2; Лука 8:49—55). Буга чейин окуганыбыздай, Иса өлөр алдындагы түнү Гетсемани багынын орто ченине үч элчиси менен барганда, алардын арасында Петир да бар болчу. Ошол түнү Исаны кармап кетишкенде, Петир жана башка элчилер аны таштап, качып кетишкен. Бирок Петир кайраттанып, Исаны мыйзамсыз түрдө соттоо үчүн алып кетишкен үйдүн короосуна чейин барган. Анткен менен ал коркунучка алдырып, олуттуу ката кетирген: Исаны тааныбай турганын айтып, андан үч жолу баш тарткан (Матай 26:69—75). Ошондо Иса өзүн кандай сезген? Эгер сенин жакын досуң ушинтсе, өзүңдү кандай сезет элең?

13 Бирок Иса Петирди эч нерсеге карабай кечирүүгө даяр болгон. Ал Петирдин олуттуу күнөө жасаганына аябай кайгырганын билген. Анткени Петир күнөөсү үчүн ошол эле түнү өкүнүп, «кармана албай өксөп ыйлаган» болчу (Марк 14:72). Иса тирилген күнү Петирге көрүнгөн. Ал аны, сыягы, жубатып, кечиргенине ынандырыш үчүн ошенткен (Лука 24:34; 1 Корунттуктар 15:5). Андан эки ай өтүп-өтпөй Петир Элүүнчү күн майрамында Иерусалимге келген көп элге күбөлөндүрүү берүү сыймыгына ээ болгон (Элчилер 2:14—40). Иса ошондой эле аны таштап качып кеткен элчилерине кек сактап калган эмес. Ал тирилгенден кийин да аларды бир туугандарым деп атаган (Матай 28:10). Чынында эле, Иса үйрөткөндөрүнө өзү да карманып, кечиримдүү болгон.

14. Эмне себептен кечирүүгө үйрөнүшүбүз керек жана кечирүүгө даяр экенибизди кантип көрсөтөбүз?

14 Машаяктын жолдоочулары катары биз башкаларды кечире билүүгө үйрөнүшүбүз керек. Эмне үчүн? Анткени биз, Исадан айырмаланып, бизге каршы күнөө кылгандар сыяктуу эле, жеткилең эмеспиз. Баарыбыз эле сөзүбүздөн же ишибизден көп жаңылабыз (Римдиктер 3:23; Жакып 3:2). Негиз бар болсо, башкаларды кечирсек, Кудай да биздин күнөөлөрүбүздү кечирет (Марк 11:25). Бизди таарынткандарды кечирүүгө даяр экенибизди кантип көрсөтөбүз? Көп учурда башкалардын майда-барат каталарын жана кемчиликтерин сүйүү менен жаап коюуга болот (1 Петир 4:8). Көңүлүбүздү ооруткан киши, Петирдей болуп, чын жүрөктөн өкүнүп жатса, Исаны туурап, аны даярдуулук менен кечиребиз. Ичибизге кек сактап жүрө бербей, таарынычыбызды жазганга аракет кылабыз (Эфестиктер 4:32). Кечиримдүү болуу менен жыйналышта тынчтык өкүм сүрүшүнө жана өзүбүздүн да жан дүйнөбүздүн тынч болушуна өбөлгө түзөбүз (1 Петир 3:11).

Шакирттерине ишенген

15. Иса эмне себептен, элчилери ката кетирсе да, аларга ишенген?

15 Сүйүү ишеним менен да тыгыз байланышта. «Сүйүү... баарына ишенет» * (1 Корунттуктар 13:7). Иса шакирттерин сүйгөндүктөн аларга жеткилеңсиздигине карабай ишеним арткан. Ал алардын Жахабаны чындап сүйөрүнө жана анын эркин аткарууну каалаарына толук ишенген. Шакирттери ката кетиргенде да, Иса алардын ниеттерине шектенген эмес. Алсак, Жакып менен Жакан энесин Исага анын Падышалыгында бирин оң жагына, экинчисин сол жагына отургузушун сураш үчүн жибергенде, Иса аларды ишенимсиз деп эсептеп, элчилеринин катарынан чыгарып салган эмес (Матай 20:20—28).

16, 17. Иса жолдоочуларына кандай жоопкерчиликтерди арткан?

16 Иса элчилерине ар кандай жоопкерчиликтерди артуу менен да аларга ишенерин көрсөткөн. Исанын эки жолу көп элди керемет жолу менен тойгузганын эстесең. Ошол эки учурда тең ал шакирттерин элге нан менен балыкты бөлүштүрүп берүүгө дайындаган (Матай 14:19; 15:36). Андан сырткары, Пасах майрамын акыркы жолу белгилээрдин алдында Петир менен Жаканды Иерусалимге жиберип, аларга майрамга даярдык көрүүнү тапшырган. Алар Пасах майрамына керектүүнүн баарын — союла турган козуну, шарапты, ачытылбаган нанды, ачуу чөптөрдү жана башка ушу сыяктуу нерселерди даярдашы керек болчу. Бул чоң жоопкерчилик болгон, анткени Пасах майрамы Мусанын мыйзамында айтылгандарга ылайык өткөрүлүшү талап болчу. Иса болсо ал Мыйзамды аткарышы керек эле. Анын үстүнө, Иса шарап менен ачытылбаган нанды ошол кечте өзүнүн өлүмүн эскерүүнү негиздөөдө маанилүү символдор катары колдонмок (Матай 26:17—19; Лука 22:8, 13).

17 Иса шакирттерине андан да чоң жоопкерчиликтерди тапшырган. Буга чейин билгенибиздей, ал жердеги майланган жолдоочуларын абдан маанилүү ишти аткарууга — рухий тамакты берип турууга — дайындаган (Лука 12:42—44). Ошондой эле жолдоочуларына кабар айтуу жана шакирт даярдоо тапшырмасын берген (Матай 28:18—20). Ал азыр асмандан көзгө көрүнбөгөн түрдө башкарып жатса да, жердеги жыйналышына кам көрүүнү рухий жактан жетилген «адам түрүндөгү белектерге» тапшырган (Эфестиктер 4:8, 11, 12).

18—20. а) Ишенимдештерибизге ишеним артарыбызды кантип көрсөтөбүз? б) Башкаларга жоопкерчиликтерди тапшыруу жагынан Исаны кантип туурай алабыз? в) Кийинки бөлүмдөн эмне тууралуу окуйбуз?

18 Башкаларга мамиле кылууда Исаны кантип туурай алабыз? Жыйналыштагы бир туугандарга ишеним артуу менен аларды сүйөрүбүздү көрсөтөбүз. Бир туугандарыбызды сүйсөк, алардын жаман жактарын эмес, жакшы жактарын көрүүгө аракет кылабыз. Жеткилеңсиз болгондуктан кээде бири-бирибизди таарынтып алышыбыз мүмкүн. Андайда сүйүү бизге бир туугандарыбыздын ниеттерине шек санап кирбөөгө жардам берет (Матай 7:1, 2). Ишенимдештерибиздин жакшы жактарын көрө билсек, алардын көңүлүн оорутпай, тескерисинче, аларды бекемдөөгө умтулабыз (1 Тесалоникалыктар 5:11).

19 Ал эми башкаларга ишеним артуу жагынан Исаны кантип туурай алабыз? Аксакалдардын жыйналыштагы бир туугандарга жөндөмдүүлүктөрүнө жараша ар кандай тапшырмаларды берип, аларды жакшы аткарарына ишенгени маанилүү. Ошентүү менен тажрыйбалуу аксакалдар жыйналышка көмөк кылууга «умтулуп жаткан» жаш эркек бир туугандарга жоопкерчиликтерди аркалоодо зарыл болгон сапаттарды, жөндөмдүүлүктөрдү өрчүтүүгө жардам бере алышат (1 Тиметей 3:1; 2 Тиметей 2:2). Бул аябай маанилүү. Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды көп адамдар кабыл алып жаткандыктан, аларга кам көрө турган, жетекчиликти колго ала турган бир туугандарга болгон муктаждык барган сайын өсүүдө (Ышайа 60:22).

20 Ооба, Иса башкаларга сүйүү көрсөтүү жагынан эң сонун үлгү калтырган. Исанын жолун жолдогусу келгендердин аны биринчи кезекте ушул жагынан туураганы абзел. Кийинки бөлүмдөн анын бизге көрсөткөн зор сүйүүсү — биз үчүн өмүрүн даярдуулук менен бергени — тууралуу окуйбуз.

^ 5-абз. Элчилер чарчагандыктан эле уктап калышкан эмес. Ушул эле окуяны баяндап жазган Лука алардын «кайгыга баткандыктан» уктап калышканын айткан (Лука 22:45).

^ 9-абз. Ошол учурда Мариям жесир болсо керек жана анын башка балдары, кыязы, Исанын жолун жолдой элек болчу (Жакан 7:5).

^ 15-абз. Бул сүйүүнүн ишенчээк экенин билдирбейт, тескерисинче, сүйүү сынчыл же кыйкымчыл эмес экенин көрсөтүп турат. Сүйүү башкалардын ниеттерине шек саноого жана аларды соттоого ашыкпайт.