Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

18-БӨЛҮМ

«Мындан ары да менин артымдан ээрчи»

«Мындан ары да менин артымдан ээрчи»

1—3. а) Исанын асманга кеткенин кантип сүрөттөп берет элең жана элчилер Исанын асманга кеткенине эмне үчүн кайгырбашы керек эле? б) Исанын асманга баргандан кийинки жашоосу тууралуу билгенибиз эмне үчүн маанилүү?

ОН БИР элчи Зайтун тоосунда турушат. Алар тирилтилген сүйүктүү Устатын карап, бир чети суктанышса, бир чети толкунданып жатышат. Исанын көрүнүшү кадимки адамдыкындай болгону менен, азыр ал мурункудай эле Кудайдын эң кубаттуу рухий уулу. Иса элчилери менен Зайтун тоосунда акыркы жолу көрүшүүдө.

2 Зайтун тоосу Иерусалимдин чыгыш жагында жайгашкан тоо кыркаларына кирет жана аны Иерусалимден Кидрон өрөөнү бөлүп турат. Ал тоону көргөндө Иса көп окуяларды эстейт. Тоонун бетинде жайгашкан Бетания шаарында ал Лазарды тирилткен. Ошондой эле мындан бир нече жума мурун Иса Зайтун тоосунан алыс эмес жердеги Бетфагия шаарынан Иерусалимге салтанаттуу түрдө кирип барган. Гетсемани багы да, кыязы, Зайтун тоосунда жайгашкан. Иса камакка алынганга чейин ошол жерде жашоосундагы эң азаптуу мүнөттөрүн өткөргөн. Эми ошол эле тоодо Иса өзүнүн эң жакын достору менен коштошуп жатат. Ал аларга акыркы ирет жылуу сөздөрүн айтат да, асманга көтөрүлө баштайт. Элчилер асманга көтөрүлүп бараткан сүйүктүү Мырзасынан көздөрүн албай, аны турган жерлерине кадалып калгандай карап турушат. Бир аздан кийин Мырзасын булут каптап, анын карааны көрүнбөй калат (Элчилер 1:6—12).

3 Элчилер Исанын асманга кеткенине кайгырышы керек беле? Жок. Анткени, эки периште айткандай, Иса кызматын андан ары да уланта бермек (Элчилер 1:10, 11). Анын асманга барышы көптөгөн маанилүү окуялардын башталышына жол ачкан. Кудайдын Сөзүнөн Исанын асманга барганда эмне болгону жөнүндө билүүгө болот. Бул тууралуу билгенибиз абдан маанилүү. Эмне үчүн? Исанын Петирге: «Мындан ары да менин артымдан ээрчи»,— деп айтканын эстесең (Жакан 21:19, 22). Биз Исанын артынан белгилүү бир убакытка чейин эле эмес, өмүр бою ээрчишибиз керек. Ан үчүн Мырзабыздын азыр асманда кандай абалды ээлээрин жана эмне иш жүргүзүп жатканын билишибиз зарыл.

Исанын асманга баргандан кийинки жашоосу

4. Иса асманга барганда кандай окуялар болушу керектиги Ыйык Китепте алдын ала кандайча ачылып берилген?

4 Иса асманга барганда периштелердин аны кантип тосуп алганы, Атасы менен жолукканда анын кандай сезимде болгону тууралуу Жазмада эч нерсе айтылбайт. Анткен менен анда Иса асманга барганда кандай окуялар болушу керектиги алдын ала ачылып берилген. Алсак, Жазмадан он беш кылымдан ашык убакыт бою жүйүт элинин жылына бир жолу өткөрүлгөн Күнөөдөн арылуу күнүндө аткарылуучу ыйык расмиге күбө болуп келгенин билебиз. Ошол күнү башкы дин кызматчы ибадатканадагы ыйыктын ыйыгына кирип, келишим сандыгынын алдына курмандыктардын канын чаччу. Ал Машаяктын келечекте аткара турган ролун символдоштурган. Иса асманга барганда ал расминин пайгамбарлык маанисин бир ирет жана биротоло аткарган. Ал ааламдагы эң ыйык жана даңктуу жерге — Атасынын алдына — барып, куткаруу курмандыгынын баасын тапшырган (Эврейлер 9:11, 12, 24). Жахаба анын курмандыгын кабыл алды беле?

5, 6. а) Жахабанын Машаяктын куткаруу курмандыгын кабыл алганы эмнеден көрүнгөн? б) Машаяктын куткаруу курмандыгынан кимдер пайда алышат жана кантип?

5 Бул суроого жооп алыш үчүн Исанын асманга кеткенинен көп өтпөй кандай окуялар болгонун карап көрүшүбүз керек. Исанын 120 шакирти Иерусалимде бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чогулушканда күтүлбөгөн жерден катуу шамал болгондогудай добуш угулуп, алар отурган жерди жаңыртат. Анан шакирттердин үстүндө жалын сыяктуу тилдер пайда болот да, ал жердегилердин баары ыйык рухка толуп, ар кандай тилдерде сүйлөй башташат (Элчилер 2:1—4). Ал окуя «тандалган тукум» жана «падыша болуп кызмат кыла турган динкызматчылар» катары Кудайдын эркин аткара турган жаңы элдин, рухий Ысрайылдын, пайда болгонун билдирген (1 Петир 2:9). Мындан Жахаба Кудайдын Машаяктын куткаруу курмандыгын кабыл алганы айкын болгон. Ыйык рухтун төгүлүшү кундун аркасында келген баталардын биринчилеринен болчу.

6 Ошондон бери Исанын дүйнө жүзүндөгү жолдоочулары анын куткаруу курмандыгынан пайда алып жатышат. «Кичине оторго», Машаяк менен асманда чогуу бийлик жүргүзө турган майланган жолдоочуларына, киребизби же анын башкаруусу астында жашай турган «башка койлорго» киребизби, Машаяктын куткаруу курмандыгынан бардыгыбыз пайда алабыз (Лука 12:32; Жакан 10:16). Анын аркасында үмүткө ээ болобуз жана күнөөлөрүбүз кечирилет. Исанын куткаруу курмандыгына ишенип, анын артынан дайыма ээрчисек, таза абийирге жана жаркын үмүткө ээ болобуз (Жакан 3:16).

7. Иса асманга барганда кандай бийликке ээ болгон жана аны колдооруңду кантип көрсөтсөң болот?

7 Иса асманга барганда кандай бийликке ээ болгон? Ага аябагандай зор бийлик берилген (Матай 28:18). Жахаба аны жыйналыштын Башчысы кылып дайындаган. Ошондон бери Иса жыйналышты мээримдүүлүк жана адилеттүүлүк менен башкарып келет (Колосалыктар 1:13). Алдын ала айтылгандай, ал жоопкерчиликтүү эркектерге өзүнүн койлоруна кам көрүүнү тапшырган (Эфестиктер 4:8). Маселен, Пабылды «башка элдерге жиберилген элчи» кылып тандап, аны жакшы кабарды алыскы жерлерге таратууга жиберген (Римдиктер 11:13; 1 Тиметей 2:7). Ошондой эле биринчи кылымдын аяк ченинде Иса Рим провинциясы Азиядагы жети жыйналышка кат жөнөтүп, аларды мактаган, кеңеш берген жана өзгөрүшү керек болгон жактарын көрсөткөн (Аян 2, 3-бөлүмдөр). Сен Исаны жыйналыштын Башчысы катары кабыл аласыңбы? (Эфестиктер 5:23). Исанын жолун мындан ары да жолдоо үчүн жыйналышта тил алчаактык көрсөтүшүң жана кызматташууга даяр болушуң керек.

8, 9. 1914-жылы Исага кандай бийлик берилген жана муну билүү чыгарган чечимдерибизге кандай таасир этиши керек?

8 1914-жылы Исага андан да чоң бийлик берилген. Ошол жылы ал Жахабанын Падышалыгынын Падышасы болуп дайындалган. Иса башкара баштаганда «асманда согуш чыккан». Анын натыйжасы кандай болгон? Шайтан жана анын жин-перилери жерге кулатылган жана жерде мурун болуп көрбөгөндөй азап-кайгы башталган. Азыркы күндө кеңири кулач жайган согуштар, кылмыштуулук, террорчулук, оорулар, жер титирөөлөр жана ачарчылык Исанын асмандан бийлик жүргүзүп жатканын көрсөтүп турат. Бул дүйнөнү дагы деле Шайтан башкарып жатат, бирок анын убактысы аз калды (Аян 12:7—12; Жакан 12:31; Матай 24:3—7; Лука 21:11). Азыр Иса дүйнө жүзүндөгү бардык адамдарга өзүнүн бийлигин кабыл алууга мүмкүнчүлүк берип жатат.

9 Машаяк башкарган Падышалык тарапты ээлегенибиз абдан маанилүү. Кандайдыр бир чечим чыгарарда бул бузулган дүйнөгө жагууну көздөбөй, Исанын жактыруусуна ээ болууга умтулушубуз керек. Адилеттикти сүйгөн «Падышалардын Падышасы, мырзалардын Мырзасы» Иса адамзатка көз чаптырганда айрымдарга каарданса, айрымдарга кубанат (Аян 19:16). Эмне үчүн?

Падышаны эмне каардантат жана эмне кубантат?

10. Исага кандай маанай мүнөздүү, бирок эмнелер анын адилеттүү каарын туудурат?

10 Иса да, Атасы сыяктуу эле, бактылуу (1 Тиметей 1:11). Ал жерде кызмат кылып жүргөндө да талапты катуу койгон сынчыл киши болгон эмес. Бирок азыркы күндө жерде болуп жаткан айрым нерселер анын адилеттүү каарын туудурат. Иса өздөрүн анын жолдоочулары катары көрсөткөн жалган диний уюмдардын баарына каарданат. Ал мындай деген: «Мага: „Мырзам, Мырзам“,— деп кайрылгандардын баары эле асман падышалыгына кире бербейт, асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана кирет. Ал күнү көптөр мага: „Мырзам, Мырзам, биз сенин ысмың менен... көптөгөн ажайып иштерди жасабадык беле?“ — деп айтышат. Ошондо аларга: „Мен силерди эч качан таанычу эмесмин! Кеткиле жанымдан, мыйзамсыз иш кылгандар!“ — деп айтам» (Матай 7:21—23).

11—13. Эмне себептен Исанын анын ысмы менен «көптөгөн ажайып иштерди» жасагандарга айткан сөздөрү айрымдарды таң калтырышы мүмкүн жана Иса эмне үчүн христиан дүйнөсүнө каарданат? Мисал менен түшүндүр.

11 Бул сөздөр өздөрүн Исанын жолдоочулары деп эсептегендерди таң калтырышы мүмкүн. Иса анын ысмы менен «көптөгөн ажайып иштерди» жасагандарга эмне үчүн андай катуу сөздөрдү айткан? Христиан дүйнөсүнүн чиркөөлөрү кайрымдуулук иштерин кылышат, кедей-кембагалдарга жардам беришет, ооруканаларды, мектептерди курушат жана башка ушу сыяктуу иштерди жасашат. Бирок Иса аларга каарданууда. Мунун себебин түшүнүш үчүн бир мисалга токтололу.

12 Бир ата-эне иштери боюнча алыскы сапарга жөнөшү керек болуп жатат. Балдарын үйгө калтырууга туура келгендиктен аларды карап турууну бир аялга тапшырышат. Алар кетерде андан балдарды жакшылап карап, курсагын тойгузуп, жуунтуп-тазалап, кандайдыр бир кырсыкка кабылбашы үчүн көз салып турушун суранышат. Бирок сапардан кайтып келгенде балдарынын ачка, кир жүргөнүн, жүдөп, кебетелери келишип калганын көрүп, алардын жаны кейийт. Ал аял балдардын ыйлаганына карабай, үй жыйнап, терезе жууп, башка иштер менен алек болуп жүрө берген. Ата-эне ага аябай ачууланып, эмне үчүн балдары каралбай калганын сураганда, ал: «Мен үйдөгү жумуштарыңарды бүтүрүп жүрдүм: терезе жуудум, үйүңөрдүн оңдочу жерлерин оңдоп койдум»,— деп айтат. Буга ата-эненин көңүлү жибийби? Кайдан. Алар андан ал иштерди жасоону эмес, балдарды карап турууну суранышкан. Андыктан ата-эненин ага эмне үчүн ачууланганы түшүнүктүү.

13 Христиан дүйнөсүнүн иш-аракеттери ошол аялдыкына окшош. Иса өзүнүн жолдоочуларына башкаларды рухий жактан азыктандырып турууну — аларды Кудайдын Сөзүндөгү чындыктарга окутуп, рухий жактан таза болууга жардам берүүнү — тапшырган (Жакан 21:15—17). Бирок христиан дүйнөсү бул тапшырманы аткарган жок. Адамдар азыр рухий жактан ачка, жалган окуулардан улам адашып жүрүшөт жана Ыйык Китептеги негизги чындыктарды билишпейт (Ышайа 65:13; Амос 8:11). Христиан дүйнөсүнүн Исанын тапшырмасын аткарбаганын алардын дүйнөдөгү абалды жакшыртуу үчүн жумшаган аракеттери менен актоого болбойт. Себеби бул дүйнө оңолбойт, ал түп-тамыры менен кыйратылышы керек болгон үйгө окшош. Кудай Сөзүндө Шайтандын дүйнөсүнүн жакында жок кылынары ачык эле айтылат (1 Жакан 2:15—17).

14. Бүгүнкү күндө аткарылып жаткан кайсы иш Исаны кубандырууда жана эмне үчүн?

14 Бирок Иса миллиондогон адамдардын анын асманга кетерде берген тапшырмасын, шакирт даярдоо ишин, аткарып жатканын көрүп, абдан кубанууда (Матай 28:19, 20). Кудайдын Падышалыгынын Падышасын кубантуу кандай чоң сыймык! Келгиле, «ишенимдүү жана акылдуу кулга» мындан ары да колдоо көрсөтө берели (Матай 24:45). Анткени христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилеринен айырмаланып, Исанын майланган жолдоочулары анын айткандарын аткарып, кабар айтуу ишинде жетекчиликти колго алууда жана Машаяктын койлорун азыктандырууда.

15, 16. а) Азыркы күндө адамдардын бири бирине болгон сүйүүсүнүн муздап баратканы Исага кандай таасир этет жана эмне үчүн ушинтип айта алабыз? б) Иса христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилерине эмне үчүн каарданат?

15 Азыркы күндө адамдардын бири бирине болгон сүйүүсүнүн муздап баратканы да Падышабызды кайгыртпай койбойт. Фарисейлердин Исаны ишемби күнү адамдарды айыктырганы үчүн айыптаганын эстесең. Жүрөгү ушунчалык катууланып калгандыктан фарисейлер Мусанын мыйзамын бурмалап, чыгарып алган эрежелеринен жана өздөрүнүн оозеки мыйзамынан башка эч нерсеге көңүл бурбай калышкан. Алар Исанын кереметтеринин адамдарга пайда алып келип жатканына, аларга кубаныч тартуулап, жеңилдик берип, ишенимин бекемдеп жатканына кубанышчу эмес. Фарисейлердин ушундай маанайын көргөндө Иса кандай сезимде болгон? Ал алардын «жүрөктөрүнүн мерез болуп калганына катуу кайгырган» (Марк 3:5).

16 Бүгүнкү күндө Исаны кайгырткан иштер андан да көп. Христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери Ыйык Жазмага карама-каршы келген өздөрүнүн каада-салттарына бекем кармангандыктан, рухий мааниде сокур болуп калышкан. Ошондой эле Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабардын таратылышына тоскоолдук кылышууда. Айрым жерлерде диний жетекчилер Иса жарыялаган кабарды таратууга чын жүрөктөн аракет кылып жаткандарды катуу куугунтукташат (Жакан 16:2; Аян 18:4, 24). Андан тышкары, алар өздөрүнүн жолдоочуларын колуна курал алып, башкаларды өлтүрүүгө үндөшөт. Ошентсе, Иса Машаякка жагышарын айтышат.

17. Исанын чыныгы жолдоочулары аны кантип кубандырып жатышат?

17 Ал эми Исанын чыныгы жолдоочулары башкаларга сүйүү көрсөтүүгө умтулушат. Алар, Исадай болуп, каршылыктарга карабай «ар кандай адамдарга» кабар айтышат (1 Тиметей 2:4). Исанын чыныгы жолдоочулары бири бирине көрсөткөн күчтүү сүйүүсү менен айырмаланышат (Жакан 13:34, 35). Алар ишенимдештерине сүйүү, урмат көрсөтүп, бири биринин кадыр-баркын сыйлоо менен Исанын жолун жолдоп жатышканын көрсөтүшүүдө. Бул Кудайдын Падышалыгынын Падышасын кандай гана кубандырат!

18. Мырзабызды эмне кайгыртат жана эмне кубантат?

18 Мырзабызды өзүнүн жолдоочуларынын сыноого туруштук бербей, Жахабага болгон сүйүүсүн муздатып, ага кызмат кылбай калганы да кайгыртат (Аян 2:4, 5). Ал эми акырына чейин чыдагандарды көргөндө ал аябай кубанат (Матай 24:13). Ошондуктан Машаяктын: «Мындан ары да менин артымдан ээрчи»,— деген чакырыгын дайыма эсибизге бек сактайлы (Жакан 21:19). Келгиле, азыр акырына чейин чыдагандарга Иса Машаяктын кандай баталарды берерин карап көрөлү.

Падышанын ишенимдүү кызматчыларына төгүлүп жаткан баталар

19, 20. а) Исанын жолун жолдоонун аркасында азыртадан эле кандай баталарга ээ болуудабыз? б) Машаяктын жолун жолдосок, ал бизге кандайча «Түбөлүктүн Атасы» болот?

19 Исанын жолун жолдоонун аркасында биз азыртадан эле мол баталарга ээ болуп жатабыз. Машаякты Мырзабыз катары кабыл алып, анын жетекчилигине баш ийсек жана анын үлгүсүнө кармансак, бул дүйнөнүн адамдары таппай жүргөн кенчти табабыз. Жашообузду маңызга толтурган иш менен алек болобуз, бири бирин чындап сүйгөн рухий бир туугандардан турган үй-бүлөнүн мүчөсү болобуз, таза абийирге жана жан дүйнө бейкуттугуна ээ болобуз. Бир сөз менен айтканда, бактылуу жана канааттандырарлык жашоо өткөрөбүз. Бирок биздин баталарыбыз ушуну менен эле чектелбейт.

20 Жахаба Исанын жерде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнгөндөр үчүн «Түбөлүктүн Атасы» болушуна кам көргөн. Иса бизге урпактарын азап-кайгыга салган Адам атанын ордуна Ата болгон (Ышайа 9:6, 7). Исаны «Түбөлүктүн Атасы» катары кабыл алып, ага ишенсек, түбөлүк жашоого үмүттөнө алабыз. Ошондой эле Жахаба Кудайга ого бетер жакындайбыз. Буга чейин билгенибиздей, Машаяктын жолун күн сайын жолдосок, Ыйык Китептеги: «Кудайды туурагыла, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар»,— деген буйрукка ылайык иш кылган болобуз (Эфестиктер 5:1).

21. Азыркы караңгы дүйнөдө Исанын жолдоочулары рухий жарыкты кандайча чагылдырышууда?

21 Исаны жана анын Атасы Жахабаны тууроо менен биз чоң сыймыкка ээ болуудабыз. Биз рухий жарыкты чагылдыра алабыз. Караңгылыкка чулганган азыркы дүйнөдө миллиарддаган адамдар Шайтанга алданып, ага мүнөздүү сапаттарды чагылдырууда. Ал эми биз Исанын жолдоочулары катары рухий жарыкты — Кудай Сөзүндөгү чындыктардын жарыгын, Исага мүнөздүү сапаттардын жарыгын, зор кубанычтын, чыныгы тынчтыктын жана таза сүйүүнүн жарыгын — чагылдырып жатабыз. Ошону менен бирге Жахаба Кудайга жакындап жатабыз. Бул болсо аң-сезимдүү жаратуулар умтула ала турган баарынан маанилүү, эң арзырлык максат.

22, 23. а) Исаны ишенимдүүлүк менен жолдогондор келечекте кандай баталарга ээ болушат? б) Биз эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек?

22 Ошондой эле Жахабанын өзү дайындаган Падышасы аркылуу сен үчүн келечекте эмнелерди караштырып койгону тууралуу ойлонуп көрсөң. Жакында Иса Машаяк Шайтандын азыркы бузулган дүйнөсүнө каршы адил согуш жүргүзөт. Анын жеңишке ээ болору шексиз! (Аян 19:11—15). Андан кийин ал жер үстүнөн миң жыл башкарат. Исанын башкаруусунун астында ишенимдүүлүгүн сактаган ар бир адам кундун аркасында келген баталарга ээ болуп, бара-бара жеткилеңдикке жетет. Өзүңдүн чың ден соолукта, дайыма жаш, күүлүү-күчтүү жүргөнүңдү, биримдикте жашаган бактылуу адамдар менен бирге эмгектенип, жер бетин бейишке айлантууга катышып жатканыңды элестетсең! Иса Миң жылдыктын аягында бийликти Атасына өткөрүп берет (1 Корунттуктар 15:24). Машаякты мындан ары да ишенимдүүлүк менен жолдой берсең, өзүң элестетип көрбөгөн укмуштуудай зор сыймыкка — «Кудайдын уулдары болуу» сыймыгына — ээ болосуң (Римдиктер 8:21). Ошентип, ар бирибиз Адам ата менен Обо эне кол жууп калган баталарды алабыз. Жахабанын жердеги уул-кыздары болгондо биз Адам атанын күнөөсүнүн залакасынан түбөлүккө арылабыз. Ошондо өлүм да жок болот (Аян 21:4).

23Биринчи бөлүмдө айтылган бай жигитти эстесең. Ал Исанын: «Менин жолдоочум бол»,— деген чакырыгын кабыл албай койгон (Марк 10:17—22). Анын катасын эч качан кайталаба! Исанын сени да өзүнүн жолдоочусу болууга чакырганын сыймык катары эсептеп, жогору баала. Жакшы койчубузду күндөн күнгө, жылдан жылга эч нерсеге карабай жолдой берүүгө чечкиндүү бол! Ошондо анын Жахабанын бардык ой-ниетин кереметтүү түрдө аткарганын өз көзүң менен көрөсүң!