1-САБАК
Натыйжалуу кириш сөз
Элчилер 17:22
НЕГИЗГИ ОЙ: Кириш сөзүң угуучуларды кызыктыргыдай, эмне жөнүндө сөз жүрөрү айкын болгудай жана бул тема аларга эмне үчүн керектиги түшүнүктүү болгудай болушу керек.
МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Кызыгуусун туудур. Сөзүңдү угуучуларга кызыктуу боло тургандай суроо, болгон окуя, жаңылык же ушу сыяктуу нерсе менен башта.
-
Эмне жөнүндө айтарың айкын болсун. Угуучулар кириш сөзүңдөн эле эмне жөнүндө айтарыңды жана көздөгөн максатыңды айкын түшүнгүдөй болсун.
-
Айта турган сөзүң эмне үчүн маанилүү экени түшүнүктүү болсун. Сөзүңдү угуучулардын муктаждыгына ылайыкташтыр. Алар айта турган нерсеңдин жеке өздөрүнө пайдалуу экенин айкын түшүнгүдөй болушу керек.