12-САБАК
Жылуу сезим жана сезимталдык
1 Тесалоникалыктар 2:7, 8
НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларга жылуу сезимиң жана аларды жакшы көрөрүң сезилип тургудай болсун.
МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?
-
Угуучуларыңды ойло. Даярданып жатканда алардын кандай көйгөйлөргө туш болуп жатканын ойло. Өзүңдү алардын ордуна коюп көр.
-
Сөздөрдү кылдат танда. Угуучуларды сергитүүгө, жубатууга жана аларга дем-күч берүүгө аракет кыл. Катуу тие турган сөздөрдү айтуудан сак бол. Жахабага сыйынбагандарды басынта турган же алардын чын жүрөктөн ишенген нерселерин сындаган сөздөрдү айтуудан кач.
-
Угуучуларыңдын жыргалчылыгына кызыкдар экениңди көрсөт. Үнүңдүн жумшак тонунан, орундуу жаңсоолоруңдан угуучуларга болгон жылуу сезимиң байкалып турсун. Сезимдериңди жүзүң менен да чагылдырганга аракет кыл. Көбүрөөк жылмай.