Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16-САБАК

Дем-күч бергидей жана оң маанайда сүйлөө

Дем-күч бергидей жана оң маанайда сүйлөө

Аюп 16:5

НЕГИЗГИ ОЙ: Көйгөйлөргө эмес, алардын чечилишине жана дем-күч бере турган нерселерге көңүл топто.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Угуучуларга карата оң маанай өрчүт. Ишенимдештериңдин Жахабага жаккан иштерди кылгысы келеринен шектенбе. Кеңеш беришиң керек болгон күндө да, ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып адегенде чын жүрөктөн макта.

  • Терс маалымат чектелүү болсун. Терс маалыматты сөзүңдүн максатына жетиш үчүн гана колдон. Сөзүң жалпы жонунан оң маанайда болушу керек.

  • Кудайдын Сөзүн натыйжалуу колдон. Угуучулардын көңүлүн Жахабанын адамзат үчүн буга чейин кылган, учурда кылып жаткан жана келечекте кыла турган иштерине бур. Алардын үмүтүн бекемдеп, күч-кайрат бер.