Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

17-САБАК

Түшүнүктүү сүйлөө

Түшүнүктүү сүйлөө

1 Корунттуктар 14:9

НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларга айткан сөзүңдүн маанисин түшүнүүгө жардам бер.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Материалды кылдат изилде. Кайсы бир теманы өз сөзүң менен жана жөнөкөй кылып түшүндүрүп бере алышың үчүн аны өзүң жакшы түшүнүп ал.

  • Кыска сүйлөмдөрдү, жөнөкөй сөз айкаштарын колдон. Узунураак сүйлөмдөрдү колдонсоң да, негизги ойлорду кыска-нуска айт.

  • Тааныш эмес сөздөрдү түшүндүр. Мүмкүн болсо, угуучуларыңа тааныш болбогон сөздөрдү колдонбо. Эгер тааныш эмес сөздөрдү, Ыйык Китептеги анча белгилүү эмес инсандарды, байыркы учурдагы чен бирдиктерин же каада-салтты сөз кылышың керек болсо, түшүндүрө кет.