Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-САБАК

Сүйлөшүү стили

Сүйлөшүү стили

2 Корунттуктар 2:17

НЕГИЗГИ ОЙ: Айтып жаткан темаңа жана угуучуларыңа карата кандай сезимде экениң сезилип тургудай табигый жана чын жүрөктөн сүйлө.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Тиленип алып, кылдат даярдан. Өзүңө эмес, айта турган сөзүңө көңүл топтогонго жардам беришин сурап Кудайдан тилен. Айта турган негизги ойлорду эсиңе тутуп ал. Аларды өз сөзүң менен айт. Фразаларды сөзмө-сөз жаттап алба.

  • Чын жүрөктөн сүйлө. Айта турган нерсең угуучуларыңа эмне үчүн керектиги жөнүндө ойлон. Көңүлүңдү угуучуларыңа топто. Ошондо турган турпатыңдан, жаңсоолоруңдан, жүзүңдөн чын жүрөктөн сүйлөп жатканың, жылуу маанайың байкалат.

  • Угуучуларды карап сүйлө. Сүйлөп жатканда угуучуларыңа көз чаптырып, алар менен болгон байланышты жоготпо. Баарын сыдыра карагандын ордуна, улам бирөөнү карап сүйлө.