Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

3-САБАК

Суроолорду колдонуу

Суроолорду колдонуу

Матай 16:13—16

НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларды кызыктырыш үчүн, кызыгуусун арттырыш үчүн, ой жүгүртүүгө түрткү бериш үчүн жана маанилүү ойлорду баса белгилеш үчүн суроолорду сылыктык менен колдон.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Кызыктыр жана кызыгуусун арттыр. Ойлондура турган жана бүйүрдү кызыткан риторикалык (жоопту талап кылбаган) суроолорду бер.

  • Ой жүгүртүүгө түрткү бер. Угуучуларга келтирилген жүйөлөрдүн ырааттуулугун түшүнүүгө жардам бериш үчүн суроолорду колдон. Ошондо алар туура жыйынтыкка келишет.

  • Маанилүү ойлорду баса белгиле. Негизги ойду айтарда бүйүрдү кызыткан суроо бер. Маанилүү ойду талкуулагандан кийин же сөзүңдүн аягында кайталоо үчүн суроолорду бер.