Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-САБАК

Мисалдарды колдонуп окутуу

Мисалдарды колдонуп окутуу

Матай 13:34, 35

НЕГИЗГИ ОЙ: Угуучуларга кызыктуу боло турган, маанилүү нерсеге үйрөтө турган жөнөкөй мисалдарды колдонуп, окутуу чеберчилигиңди арттыр.

МУНУ КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Жөнөкөй мисалдарды танда. Исадай болуп, татаал нерселерди түшүндүрүш үчүн жөнөкөй нерселерди мисал кыл. Мисалды татаалдаштыра турган кереги жок майда-чүйдө нерселерди кошпо. Угуучулар түшүнө албай башы маң болбошу үчүн, мисалдын окутуп жаткан нерсең менен кандай байланышы бар экени айкын болсун.

  • Угуучуларыңды ойло. Мисалдарды угуучуларың алек болгон, кызыккан нерселерди эске алып танда. Оңтойсуз кыла турган же катуу тие турган мисалдарды колдонуудан сак бол.

  • Негизги ойдон алыстаба. Мисал келтиргенде майда-чүйдө нерселерге эмес, негизги ойлорго көңүл бур. Угуучулар мисалдын өзүн эле эмес, анын кандай максатта айтылганын эстеп калгыдай болсун.