Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ЭКИНЧИ БӨЛҮК

«Ыйык жайымды... арамдадың». Таза сыйынуунун арамдалышы

«Ыйык жайымды... арамдадың». Таза сыйынуунун арамдалышы

ЖЕЗЕКИЕЛ 5:11

ӨЗӨК ОЙ: Жүйүт менен Иерусалимдин рухий жана адеп-ахлактык жактан бузулушу

Жахаба ысрайылдыктарды «өзгөчө эли» катары жакшы көргөн жана аларга кам көргөн (Чыг. 19:5). Бирок алар Жахабанын ибадатканасында жалган кудайларга сыйынып, аны четке кагышкан. Жүрөгүн жаралап, ысымын каралашкан. Алардын рухий абалы эмнеден улам ушунчалыкка жеткен? Жезекиелдин Иерусалимдин талкаланышы жөнүндөгү пайгамбарлыгынан эмнелерди билебиз? Ысрайылдыктардын коңшу элдер менен болгон алака мамилесинен кандай сабак алабыз?

БУЛ БӨЛҮКТӨ

5-БӨЛҮМ

«Кандай жийиркеничтүү нерселер жасалып жатканын көр»

Жезекиел жүйүт элинин кейиштүү рухий абалын чагылдырган төрт көрүнүш көргөн.

6-БӨЛҮМ

«Көрөр күнүң бүттү»

Жезекиел пайгамбарлык мааниге ээ болгон иш-аракети аркылуу Жахабанын Иерусалимге төгүлө турган каарынын жышааны болгон.

7-БӨЛҮМ

Элдер «менин Жахаба экенимди билишет»

Жахабанын ысымына акарат кылган, ошондой эле анын элин куугунтуктаган, бузган элдер иштеринин кесепетинен качып кутула алмак эмес. Ысрайылдын коңшу элдер менен карым-катнашта болгонунан кандай сабак алсак болот?