Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5-БӨЛҮМ

«Кандай жийиркеничтүү нерселер жасалып жатканын көр»

«Кандай жийиркеничтүү нерселер жасалып жатканын көр»

ЖЕЗЕКИЕЛ 8:9

ӨЗӨК ОЙ: Жахабадан баш тарткан жүйүттөрдүн рухий жана адеп-ахлактык жактан бузулушу

1—3. Жахаба Жезекиелдин ибадатканадан эмнени көрүшүн каалаган жана эмне үчүн? (2-бөлүктүн кириш сөзүн жана сүрөтүн карагыла.)

ДИН КЫЗМАТЧЫНЫН уулу катары Жезекиел Мусанын мыйзамын абдан жакшы билген. Иерусалимдеги ибадаткананы жана ал жактагы таза сыйынуу кандай болушу керектигин да жакшы билген (Жез. 1:3; Мал. 2:7). Бирок ошол учурда, б.з.ч. 612-жылы, ибадатканада болуп жаткан нерселер ишенимдүү жүйүттөрдүн, анын ичинде Жезекиелдин төбө чачын тик тургузмак.

2 Жахаба Жезекиелдин ибадатканадагы кейиштүү абалды өз көзү менен көрүп, үйүнө чогулган туткундагы «Жүйүт аксакалдарына» айтып беришин каалаган. (Окугула: Жезекиел 8:1—4; Жез. 11:24, 25; 20:1—3.) Ал Жезекиелди ыйык руху менен (аян аркылуу) Бабылдагы Кебар дарыясына жакын жайгашкан Тел-Абиптеги үйүнөн батышты көздөй жүздөгөн чакырым алыс жакка, Иерусалимге, алып барат. Анан ибадаткананын ички короосунун түндүк дарбазасына алып барат. Ошол жерден аян аркылуу ага ибадаткананы көрсөтүп кыдырта баштайт.

3 Жезекиел таза сыйынуунун толугу менен арамдалганынан кабар берген төбө чачты тик тургузган төрт көрүнүш көрөт. Таза сыйынуу эмне болуп арамдалып калган? Жезекиел көргөн аяндын биз үчүн кандай мааниси бар? Келгиле, Жезекиел менен чогуу ибадаткананы кыдырып чыгалы. Бирок адегенде Жахабанын ага сыйынгандардан эмнени күтөрүн карайбыз.

«Мен... толук берилгендикти талап кылган Кудаймын»

4. Жахаба ага сыйынгандардан эмнени талап кылат?

4 Жезекиелдин күндөрүнө чейин 9 кылымдай мурун Жахаба ага сыйынгандардан эмнени талап кыларын ачык-айкын билдирген. Он осуяттын экинчисинде ал ысрайылдыктарга *: «Мен Жахаба Кудайыңмын, толук берилгендикти талап кылган Кудаймын»,— деген (Чыг. 20:5). «Толук берилгендик» деген сөздөрдү колдонуп Жахаба алардын башка кудайларга сыйынышына көз жумбай турганын билдирген. Китептин 2-бөлүмүнөн билгенибиздей, таза сыйынууга коюлган эң биринчи талапка ылайык, сыйынууда Жахабага гана берилгендик көрсөтүшүбүз керек. Ага сыйынгандар аны жашоосунда биринчи орунга коюшу керек (Чыг. 20:3). Тагыраак айтканда, Жахаба ага сыйынгандардан жалган сыйынуу менен таза сыйынууну аралаштырбай, өздөрүн рухий жактан таза сакташын күтөт. Б.з.ч. 1513-жылы ысрайыл эли ыктыярдуу түрдө Жахаба менен Мыйзам келишимин түзүп, Жахабага толук берилгендик сактаганга макулдук берген (Чыг. 24:3—8). Жахаба берилгендик сактап, келишимдерин бузбайт жана аны менен келишим түзгөн элинин да ошондой берилгендик сакташын каалаган (Мыйз. 7:9, 10; 2 Шем. 22:26).

5, 6. Жахаба ысрайылдыктардын ага толук берилгендик көрсөтүшүнө эмне үчүн татыктуу болгон?

5 Жахабанын ысрайылдыктардан толук берилгендикти талап кылганы жөндүү беле? Албетте! Себеби ал — Кудурети Чексиз Кудай, Ааламдын Эгедери, өмүрдүн Булагы жана өмүрдү Колдоп туруучу (Заб. 36:9; Элч. 17:28). Ал ысрайылдыктардын Куткаруучусу да болгон. Он осуятты берип жатканда аларга: «Мен Жахабамын, сени Мисирден, сен кул болуп жүргөн жерден, алып чыккан Кудайыңмын»,— деген (Чыг. 20:2). Ооба, Жахаба алардын жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлегенге татыктуу болгон.

6 Жахаба өзгөргөн жок (Мал. 3:6). Ал дайыма толук берилгендикти талап кылат. Андыктан Жезекиелге жийиркеничтүү төрт көрүнүштү көрсөтүп жатканда кандай сезимде болгонун элестетсеңер.

1-көрүнүш: «Кызганыч бурканы»

7. а) Жахабадан баш тартып кеткен жүйүттөр ибадаткананын түндүк дарбазасынын жанында эмне кылып жатышкан жана ошонун айынан Жахаба кандай сезимде болгон? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.) б) Жахаба кандай мааниде кызганган? (2-шилтемени карагыла.)

7 Окугула: Жезекиел 8:5, 6. Жезекиел дендароо болуп эле туруп калса керек: ибадаткананын түндүк дарбазасынын жанында чындыктан четтеген жүйүттөр бурканга сыйынып жатыптыр. Кыязы, ал Ашейраны, канаандыктар Баалдын аялы деп эсептеген жалган кудайды, билдирген ыйык мамы болгон. Кандай болбосун, бурканга табынып жаткан ал ысрайылдыктар Жахаба менен түзгөн келишимдин шарттарын бузушкан. Алар Жахабага гана көрсөтүлчү берилгендикти бурканга көрсөтүп, кызганычын туудурушкан; анын адилеттүү түрдө ачууланышына себеп болушкан * (Мыйз. 32:16; Жез. 5:13). Элестетсеңер, 400 жылдан ашуун убакыт бою ибадаткананын ыйык жайы Жахабанын турак жайы болуп келген (1 Пад. 8:10—13). Эми минтип бурканга сыйынгандар бурканды ибадаткананын аймагына алып келип, Жахабаны өз «ыйык жайынан» «алыстатып» отурат.

8. Жезекиел көргөн кызганыч бурканы жөнүндөгү аян биздин күндөрдө кандай мааниге ээ?

8 Кызганыч бурканы жөнүндөгү аян биздин күндөрдө кандай мааниге ээ? Жахабадан баш тартып кеткен жүйүттөр христиан дүйнөсүн эске салат. Анын чиркөөлөрү Кудайга сыйынып жатабыз дегени менен, чынында, буркандарга сыйынышат, ошол себептен Кудай алардын сыйынуусун кабыл албайт. Жахаба эч качан өзгөрбөйт, андыктан христиан дүйнөсү, жүйүттөрдөй болуп, анын адилеттүү түрдө ачууланышына себепкер болууда десек болот (Жкп. 1:17). Ооба, Жахаба андан баш тарткан христиан дүйнөсүнөн аябай эле алыс!

9, 10. Ибадатканадагы бурканга сыйынгандар жөнүндөгү билдирүүдө биз үчүн кандай эскертүү камтылган?

9 Бурканга сыйынгандар жөнүндөгү бул билдирүүдө биз үчүн кандай эскертүү камтылган? Жахабага толук берилгендик көрсөтүш үчүн «бурканга табынуучулуктан качышыбыз керек» (1 Кор. 10:14). Биз: «Жахабага сыйынууда буркандарды же сөлөкөттөрдү эч качан колдонбойм»,— деп ойлошубуз мүмкүн. Бирок бурканга сыйынуунун ар кандай түрү болот, айрымдары көп байкалбашы ыктымал. Ыйык Китеп жөнүндөгү бир эмгекте бул туурасында: «Кандайдыр бир баалуу, арзырлык нерселер же бийлик Кудайга сыйынуудан да маанилүү болуп калса, бул „бурканга сыйынууга“ жатат»,— делет. Демек, бурканга сыйынуу өз ичине материалдык байлыкты, акчаны, жыныстык мамилени, көңүл ачууну — жашоодо биринчи орунда туруп калышы мүмкүн болгон жана толук берилгендикти талап кылган Жахабанын ордун ээлеп алган нерселердин баарын — камтышы ыктымал (Мт. 6:19—21, 24; Эф. 5:5; Кол. 3:5). Биз бурканга сыйынуунун бардык түрүнөн сак болушубуз керек, анткени Жахаба ага бүт жүрөгүбүз менен жана берилгендикте кызмат кылышыбызды талап кылганга укуктуу (1 Жкн. 5:21).

10 Жезекиел көргөн биринчи көрүнүш «жийиркеничтүү нерселерди» камтыган. Бирок Жахаба пайгамбарына: «Мындан да көп жийиркеничтүү нерселерди көрөсүң»,— деген. Ибадатканада кызганыч бурканына сыйынгандан да жийиркеничтүү эмне болушу мүмкүн эле?

2-көрүнүш: 70 аксакалдын жалган кудайларга жыпарзат түтөтүшү

11. Жезекиел ибадаткананын курмандык жайы жайгашкан ички короосуна киргенден кийин эмнелерди көрүп зээни кейиген?

11 Окугула: Жезекиел 8:7—12. Жезекиел дубалды оюп ибадаткананын курмандык жайы жайгашкан ички короосуна киргенде дубалдарга оюлуп түшүрүлгөн «сойлоочулардын, арам жаныбарлардын сөлөкөтүн», «заңдай жийиркеничтүү буркандарды» көрүп жаман болгон. Ал сөлөкөттөр жалган кудайларды билдирген. Жезекиел андан соң «Ысрайыл үйүнүн аксакалдарынан 70 кишинин» «караңгыда» туруп, жалган кудайларга жыпарзат түтөтүп жатканын көргөндө ого бетер зээни кейиген. Жыты жагымдуу жыпарзаттын Мыйзамга ылайык түтөтүлгөнү ишенимдүү сыйынуучулардын Кудайга жаккан тиленүүлөрүн билдирген (Заб. 141:2). Бирок 70 аксакал түтөтүп жаткан жыпарзаттын жыты Жахабага жийиркеничтүү болгон. Алардын тиленүүлөрү ага жагымсыз болгон (Накыл 15:8). Ал аксакалдар «Жахаба бизди көрбөйт» деп өздөрүн алдашкан. Бирок Жахаба аларды көрүп турган жана Жезекиелге алардын ибадатканада эмне кылып жатканын так-даана көрсөткөн!

Жахаба «караңгыда» жасалган жийиркеничтүү иштердин баарын көрүп турат (11-абзацты карагыла)

12. Эмне үчүн атүгүл «караңгыда» да Кудайга болгон ишенимдүүлүгүбүздү сакташыбыз керек жана бул жагынан айрыкча кимдер жакшы үлгү болушу керек?

12 Бул билдирүүдө кандай сабак камтылган? Кудай тиленүүлөрүбүздү угушу үчүн жана сыйынуубуз анын көз алдында таза болушу үчүн, атүгүл «караңгыда» да ага ишенимдүүлүгүбүздү сакташыбыз керек (Накыл 15:29). Андыктан Жахабанын баарын көрүп турган көздөрү эмне кылып жатканыбызды карап турарын эстен чыгарбайлы. Анын тирүү Кудай экенине ишенсек, жалгыз калганда да ага жакпай турган иштерди кылбайбыз (Евр. 4:13). Айрыкча, Ыйык Китептеги принциптерге кармануу жагынан жыйналыштагы аксакалдар жакшы үлгү болушу керек (1 Пет. 5:2, 3). Жыйналыштагылар сахнадан окуткан жана Кудайга сыйынууда жетекчиликти колго алган аксакалдан «караңгыда» да, башкалар аны көрбөгөн учурларда да, Ыйык Китептеги принциптерге ылайык жашашын күтүшөт (Заб. 101:2, 3).

3-көрүнүш: «Таммуз кудайын жоктоп ыйлап отурган аялдар»

13. Жезекиел ибадаткананын дарбазаларынын биринин алдынан чындыктан четтеген аялдардын эмне кылып жатканын көргөн?

13 Окугула: Жезекиел 8:13, 14. Жийиркеничтүү иштер көрсөтүлгөн алгачкы эки көрүнүштөн кийин Жахаба Жезекиелге кайрадан: «Алардын мындан да көп жийиркеничтүү нерселерди кылып жатканын көрөсүң»,— деген. Ал дагы эмнени көргөн? «Жахабанын үйүнүн түндүктү караган дарбазасынын алдынан» ал «Таммуз кудайын жоктоп ыйлап отурган аялдарды көргөн». Месопотамиялыктар сыйынган Таммуз түшүмдүүлүктүн аял кудайы Иштардын күйөөсү болуп эсептелген *. Кыязы, ысрайылдык аялдардын ыйлаганы Таммуздун өлүмүнө байланыштуу диний кааданын бөлүгү болсо керек. Жахабанын ибадатканасында Таммузду жоктоп ыйлоо менен алар таза сыйынуунун борборунда жалган диндин каадасын аткарышкан. Бирок жалган динге байланышкан кааданы Жахабанын ибадатканасында аткарганы алардын сыйынуусу Жахабага жагарын билдирген эмес. Ооба, Жахабанын көз карашы боюнча чындыктан четтеген ал аялдар «жийиркеничтүү нерселерди кылышкан»!

14. Чындыктан четтеген ал аялдардын кылып жатканына карата Жахабанын көз карашынан эмнени биле алабыз?

14 Жахабанын ал аялдардын кылганына карата көз карашынан эмнени биле алабыз? Сыйынуубузду таза сакташ үчүн аны жалган динге байланышы бар иштер менен эч качан аралаштырбашыбыз керек. Демек, жалган динден башат алган каадаларга таптакыр жолобошубуз кажет. Алардын кайдан келип чыкканы маанилүүбү? Албетте! Рождество, Пасха, туулган күн сыяктуу майрамдарга байланыштуу каадалар зыяны жоктой көрүнүшү мүмкүн. Бирок Жахабанын жалган динден келип чыккан ошол каадалардын жүрүп отуруп кантип азыркы майрамдарга айланып калганын өз көзү менен көргөнүн эсибизден чыгарбайлы. Жахаба ал каадаларды адамдар узак убакыт бою аткарып келе жаткан үчүн эле же ал каадалар таза сыйынуу менен аралашып калганы үчүн эле анчалык жийиркеничтүү эмес деп эсептеп калбайт (2 Кор. 6:17; Аян 18:2, 4).

4-көрүнүш: 25 кишинин «күнгө таазим кылышы»

15, 16. Ибадаткананын ички короосунда 25 киши эмне кылып жаткан жана алардын кылганы эмне үчүн Жахабаны абдан капаланткан?

15 Окугула: Жезекиел 8:15—18. Жахаба төртүнчү жана акыркы көрүнүштү көрсөтөрдө Жезекиелге: «Эми мындан да жийиркеничтүү нерселерди көрөсүң»,— деген тааныш сөздөрдү айткан. Балким, Жезекиел: «Буга чейин көргөндөрүмөн да жийиркеничтүү нерсе эмне болду экен?» — деп таң калса керек. Ал ибадаткананын ички короосунда турат. Ошол жерден — ибадаткананын кире беришинен — «чыгыштагы күнгө таазим кылып жаткан» 25 кишини көргөн. Алардын кылгандары Жахабанын жүрөгүн ооруткан жаман иштердин эң эле жийиркеничтүүсү болгон! Эмне үчүн?

16 Элестетип көрөлү, ибадаткананын кире бериши чыгышты караган. Эл ибадатканага чыгыштан көтөрүлүп келаткан күнгө аркасын салып, батышты карап кирмек. Бирок 25 киши «Жахабанын ибадатканасына аркасын салып», жүзүн чыгышка буруп, күнгө сыйынып жатышкан. Ошентүү менен Жахабага аркасын салышкан, анткени ал ибадаткана «Жахабанын үйү» болгон (1 Пад. 8:10—13). 25 киши Жахабадан баш тарткан кишилер болгон. Алар Жахабаны капарына алышкан эмес, Мыйзам 4:15—19-аяттарда жазылган буйрукту да бузушкан. Алар толук берилгендик көрсөтүүгө татыктуу Кудайды кандай гана капалантышкан!

Жахаба ага сыйынгандардын толук берилгендик көрсөтүшүнө татыктуу

17, 18. а) Күнгө сыйынгандар жөнүндөгү билдирүүдөн эмнени биле алабыз? б) Чындыктан четтеген ысрайылдыктар кимдер менен болгон мамилесин бузуп алышкан жана кантип?

17 Бул билдирүүдөн эмнени биле алабыз? Сыйынуубузду таза сакташ үчүн рухий жарыкты Жахабадан издешибиз керек. Жахаба «күн» экенин, ал эми Сөзү жолубузга «жарык» экенин эсибизден чыгарбайлы (Заб. 84:11; 119:105). Ал өзүнүн Сөзү жана уюму тарабынан чыгарылган, Ыйык Китепке негизделген адабияттар аркылуу жүрөгүбүз менен акылыбызга жарык чачып, азыртадан эле маңыздуу жашоого өбөлгө түзгөн жана келечекте түбөлүк өмүргө жеткирчү жолго түшүүгө жардам берүүдө. Жашообузда жол көрсөтө турган жарыкты Жахабадан эмес, бул дүйнөдөн издесек, ага аркабызды салган болобуз. Андай кылганыбыз аны абдан капалантып, жүрөгүн сыздатат. Бирок биз эч качан андай кылгыбыз келбейт! Жезекиелдин аяны чындыкка аркасын салгандардан — чындыктан четтегендерден — алыс болушубуз керектигин да эскертип турат (Накыл 11:9).

18 Буга чейин билгендей, бурканга табынууга, жалган сыйынууга байланыштуу Жезекиел көргөн төбө чачты тик тургузган төрт көрүнүш чындыктан четтеген жүйүттөрдүн рухий жактан канчалык булганганын жана таза эмес болуп калганын айкын көрсөтүп турат. Алар Кудай менен болгон мамилесин бузуп алышкан. Бирок алар рухий эле эмес, адеп-ахлактык жактан да бузулушкан. Андыктан адеп-ахлаксыз иштердин бардык түрүнө барып, Кудай менен эле эмес, башка адамдар менен да болгон мамилесин бузушканы таң калыштуу эмес. Анда эмесе, ыйык рухка жетектелген Жезекиелдин алардын адеп-ахлактык жактан бузулганын кантип сүрөттөгөнүнө көңүл буралы.

Адеп-ахлактык ыпыластык. Жүйүт элинин «уятсыз жүрүм-турумга» берилиши

19. Жезекиел Жахаба менен келишим түзгөн элдин адеп-ахлактык жактан өтө эле начарлап кеткенин кантип сүрөттөгөн?

19 Окугула: Жезекиел 22:3—12. Эл адеп-ахлактык жактан төрөсүнөн карапайымына чейин бузулган. «Башчылар» бийлигинен пайдаланып жазыксыз кан төгүшкөн. Эл жалпы жонунан алардын жолун жолдоп, Кудайдын Мыйзамын баркка алган эмес. Үй-бүлөдө балдар ата-энесин «сыйлабай» калган жана жакын туугандары менен жыныстык мамиле болгондор көбөйгөн. Бүтүндөй Ысрайылда Кудайдын бийлигине каршы чыккан ысрайылдыктар келгинди алдап, жетим-жесирге жаман мамиле кылышкан. Ысрайылдык эркектер жакынынын аялы менен жыныстык адеп-ахлаксыздыкка барышкан. Ач көздүгүн ооздуктабаган эл пара алып, зордук-зомбулук менен киреше таап, үстөк алган. Жахабага аны менен келишим түзгөн элинин Мыйзамды тебелеп-тепсегени жана Мыйзамдын артында жаткан сүйүүсүн баркка албаганы аябай эле катуу тийсе керек. Алардын адеп-ахлактыгынын өтө эле төмөндөп кеткени анын жүрөгүн аябай ооруткан. Ошондуктан адеп-ахлактык жактан бузулган элине Жезекиел аркылуу: «Мени болсо унуттуң»,— деп айттырган.

Христиан дүйнөсүнүн таасири астында бул дүйнө зордук-зомбулукка жана адеп-ахлаксыздыкка барган сайын терең батууда (20-абзацты карагыла)

20. Жезекиелдин жүйүт элинин адеп-ахлактык ыпыластыгы жөнүндө айткандарына бүгүнкү күндө эмне үчүн маани беришибиз керек?

20 Жезекиелдин жүйүт элинин адеп-ахлактык ыпыластыгы жөнүндө айткандарына бүгүнкү күндө эмне үчүн маани беришибиз керек? Кудайдан баш тарткан жүйүттөрдүн бузулуп кеткени адеп-ахлаксыздыктын сазына баткан дүйнөдө жашап жатканыбызды эске салат. Саясий башкаруучулар бийлигин кыянат пайдаланып карапайым элди эзип келүүдө. Диний төбөлдөрдүн, тагыраак айтканда, христиан дүйнөсүндөгү жетекчилердин улут аралык согуштарга батасын берип келгенинин айынан миллиондогондор өмүрүнөн айрылышты. Диний жетекчилер Ыйык Китептеги жыныстык адеп-ахлактыкка байланыштуу таза жана айкын нормаларды бурмалап, баркын кетирип жатат. Ушулардын кесепетинде дүйнөдөгү адеп-ахлактык нормалар төмөндөгөндөн төмөндөп баратат. Андыктан Жахабанын, чындыктан четтеген жүйүт элине айткандай эле, христиан дүйнөсүнө да: «Мени болсо унуттуң»,— деп айтары шексиз.

21. Байыркы жүйүт элинин адеп-ахлактык ыпыластыкка батканынан эмнени биле алабыз?

21 Байыркы жүйүт элинин адеп-ахлактык ыпыластыкка батканынан эмнени биле алабыз? Жахабага жаккандай сыйыныш үчүн жүрүм-турумубузду бардык жагынан таза сакташыбыз керек. Адеп-ахлактык жактан бузулган азыркы дүйнөдө бул оңой эмес (2 Тим. 3:1—5). Бирок биз адеп-ахлаксыздыктын иренжиткен түрлөрүнө карата Жахабанын көз карашын жакшы билебиз (1 Кор. 6:9, 10). Биз анын адеп-ахлактык нормаларына баш иебиз, анткени аны жана мыйзамдарын сүйөбүз (Заб. 119:97; 1 Жкн. 5:3). Адеп-ахлактык жактан таза эмес болуп калганыбыз ыйык жана таза Кудайыбызды сүйбөй турганыбызды көрсөтүп калат. Биз Жахабанын: «Мени болсо унуттуң»,— деп айтышына себеп боло турган иштерди эч качан кылгыбыз келбейт.

22. а) Жахабанын байыркы жүйүт элин ашкерелегени жөнүндөгү билдирүүнү карап чыккандан кийин эмне кылууга чечкиндүү болуп калдың? б) Кийинки бөлүмдө эмне талкууланат?

22 Жахабанын байыркы жүйүт элинин рухий, адеп-ахлактык жактан бузулганын ачык-айкын көрсөткөнүнөн маанилүү нерселерди билдик. Жахабага ал гана татыктуу болгон толук берилгендикти көрсөткөнгө мурункудан да чечкиндүү болуп калдык. Ага толук берилгендик көрсөтүш үчүн бурканга табынуунун бардык түрүнөн сак болушубуз жана өзүбүздү адеп-ахлактык жактан таза сакташыбыз керек. Жахаба ишенимсиз болуп калган элине карата кандай чара көргөн? Жезекиелге ибадаткананы кыдыртып бүтүп калганда Жахаба ага: «Мен... каарым менен чара көрөм»,— деп ачык эле айткан (Жез. 8:17, 18). Биз Жахабанын ишенимсиз жүйүт элине карата кандай чара көргөнүн билүүгө куштарбыз, анткени ал азыркы бузулган дүйнөгө да ошондой өкүм чыгарат. Кийинки бөлүмдө Жахабанын аларга чыгарган өкүмү кандайча ишке ашканы талкууланат.

^ 4-абз. Жезекиел китебинде «ысрайыл» деген сөз көбүнчө Жүйүт менен Иерусалимдин тургундарына карата айтылат (Жез. 12:19, 22; 18:2; 21:2, 3).

^ 7-абз. «Кызганыч» деген сөздүн колдонулганы Жахабанын ишенимдүүлүккө канчалык олуттуу караарын көрсөтүп турат. Аялы көзүнө чөп салганда кызганычтан улам ачууланган эркектин сезимдери жөнүндө ойлонуп көрсөңөр (Накыл 6:34). Ошондой күйөө сыяктуу эле, Жахаба да аны менен келишим түзгөн элинин бурканга сыйынып, ага ишенимсиздик кылганына адилеттүү түрдө ачууланган. Бир эмгекте: «Кудайдын кызганычы... Анын ыйыктыгынан келип чыгат. Анткени жалгыз Ал гана Ыйык,.. Ал атаандаштыкка чыдабайт»,— деп жазылган (Чыг. 34:14).

^ 13-абз. Таммуз деген кудайы шумер жазууларында Думузи деп да аталган. Айрымдар Таммуз Нимроттун дагы бир аты деп ойлошот. Бирок буга эч кандай далил жок.