Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6-БӨЛҮМ

«Көрөр күнүң бүттү»

«Көрөр күнүң бүттү»

ЖЕЗЕКИЕЛ 7:3

ӨЗӨК ОЙ: Жахабанын Иерусалимге чыгарган сот өкүмүнүн аткарылышы

1, 2. а) Жезекиел кандай табышмактуу иш-аракеттерди кылган? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.) б) Анын иш-аракеттери эмненин жышааны болгон?

ЖЕЗЕКИЕЛ ПАЙГАМБАРДЫН таң калыштуу иш-аракеттери жөнүндөгү кеп Бабылдагы жүйүт туткундардын арасында желдей тез тарайт. Жезекиел бир жума бою алардын арасында болуп, нес болуп, үн катпай отурат. Анан бир маалда ордунан тура калып, үйүнө кирип, бекинип алат. Бир убакта үйүнөн чыгып, аң-таң болуп карап турган кошуналарынын көзүнчө колуна кыш алып, алдына коюп, бетине бирдемелерди чиймелей баштайт. Андан кийин унчукпай аны жерге коюп, тегерете дубал жасап кирет (Жез. 3:10, 11, 15, 24—26; 4:1, 2).

2 Жанына үйүлө баштаган эл: «Бул эмнеси? Мунун баары эмнени билдирет?» — деп таң калса керек. Алар Жезекиелдин табышмактуу иш-аракеттери Жахаба Кудайдын адилеттүү каары төгүлө турган коркунучтуу окуянын жышааны болгонун кийин гана толук түшүнүшмөк. Ал эмне болгон окуя эле? Байыркы ысрайыл элине ал кандай таасир эткен? Бүгүнкү күндө Жахабага сыйынып жаткандар үчүн кандай мааниге ээ?

«Кыш,.. буудай,.. курч кылыч ал»

3, 4. а) Жезекиел Кудайдын өкүмүндө камтылган кайсы үч нерсени көрсөткөн? б) Иерусалимдин курчоого алынарын Жезекиел кантип көрсөткөн?

3 Б.з.ч. 613-жылдары Жахаба Жезекиелге Иерусалимге чыгарган сот өкүмүндө камтылган үч нерсени иш-аракеттери менен көрсөтүп берүүнү буйрук кылган. Алар шаардын курчоого алынышы, тургундарынын азап чегиши, шаардын жана элдин кыйрашы болчу *. Келгиле, ушул үч нерсеге кененирээк токтололу.

4 Иерусалимдин курчоого алынышы. Жахаба Жезекиелге: «Сен болсо, адам уулу, кыш алып, алдыңа кой да, ага Иерусалим шаарын чий. Аны курчоого ал»,— деген. (Окугула: Жезекиел 4:1—3.) Кыш Иерусалим шаарын, ал эми Жезекиел Жахаба колдонгон бабылдыктардын аскерин билдирген. Жахаба Жезекиелге дубал жасап, дөбө үйүп, тегерегине дубал бузгучтарды коюшу керектигин да айткан. Ушунун баарын ал кыштын айланасына коюшу керек болчу. Алар душмандар Иерусалимди курчап алып, ага чабуул койгондо колдоно турган нерселерди билдирген. Душмандын аскеринин күчү темирдей бекем экенин көрсөтүш үчүн Жезекиел «темир табаны» — каңылтыр темирди — алып, өзү менен шаардын ортосуна койгон. Андан соң жүзүн «шаарга... бурган». Каршылыкты чагылдырган анын ушундай иш-аракеттери «Ысрайыл үйү» үчүн күтүүсүздөн боло турган окуядан кабар берген «белги» болгон. Жахаба өз элинин баш калаасы болгон жана ибадаткана жайгашкан Иерусалим шаарын курчоого алыш үчүн душмандардын аскерин колдонмок.

5. Иерусалимдин тургундарынын эмнеге туш болорун Жезекиел кантип көрсөткөнүн сүрөттөп бергиле.

5 Иерусалимдин тургундарынын азап чегиши. Жахаба Жезекиелге: «Буудай, арпа, буурчак, жасмык, таруу, кара буудай [төмөнкү сорттогу буудай] алып,.. нан жаса... Тамагыңды өлчөп, күнүнө жыйырма шекелден [230гр]... же»,— деп буйрук кылган. Андан кийин анын себебин: «Мен... ортосу оюк токочтор илинген таяктарды сындырам [азык-түлүктүн корун жок кылам]»,— деп түшүндүргөн (Жез. 4:9—16). Бул иш-аракетинде Жезекиел бабылдыктардын аскерин эмес, Иерусалимдин тургундарын чагылдырган. Анын иш-аракеттери шаар жакында курчалып, андагы азыктын кору азаярын билдирген. Ошол кезде нан ар кошкон дандан жасалмак. Анткени эл колдо болгонун жемек. Ачарчылык канчалык катуу болмок? Жезекиел Иерусалимдин элине кайрылып жаткандай болуп: «Сенин ичиңде аталар уулдарын, уулдар аталарын жейт»,— деп айткан. Акырында көптөр «ачарчылыктын коркунучтуу жебелеринен» улам азап тартып, «чирип жок болмок» (Жез. 4:17; 5:10, 16).

6. а) Жезекиел бир эле учурда кайсы эки ролду ойногон? б) «Тараза ал да, чачыңды өз-өзүнчө бөл» деген буйрук эмнеден кабар берген?

6 Иерусалимдин жана элдин кыйрашы. Пайгамбарлык мааниге ээ болгон бул иш-аракетинде Жезекиел бир эле учурда эки ролду ойногон. Биринчисинде ал Жахаба эмне кыларын көрсөткөн. Жахаба ага: «Курч кылыч ал. Ал сага сакал алган кишинин устарасындай болсун»,— деген. (Окугула: Жезекиел 5:1, 2.) Кылыч кармаган Жезекиелдин колу Жахабанын колун — анын бабылдыктардын аскерин колдонуп ишке ашырган өкүмүн — билдирген. Экинчисинде Жезекиел жүйүттөрдүн эмне болорун көрсөткөн. Жахаба ага: «Сакалың менен башыңдагы чачыңды кыр»,— деген. Анын чачын кырганы жүйүттөргө чабуул жасалып, алардын кырыларын билдирген. Андан тышкары, Жахабанын «тараза ал да, чачыңды өз-өзүнчө бөл» деген буйругу Иерусалимге чыгарган өкүмүнүн ишке ашырылышы жөн эле кокустук болбой турганынан, ал өкүм кылдат ойлонуштурулуп жүзөгө ашырыларынан кабар берген.

7. Жахаба Жезекиелге эмне үчүн кырылган чачын үчкө бөлүшү жана аларды алып, ар башка иш-аракет кылышы керектигин айткан?

 7 Жахаба эмне үчүн Жезекиелге кырылган чачын үчкө бөлүшү жана ар бир бөлүгүн алып, ар башка иш-аракет кылышы керектигин айткан? (Окугула: Жезекиел 5:7—12.) Анын кырылган чачынын бир бөлүгүн «шаардын ортосунда өрттөгөнү» аны карап тургандар үчүн Иерусалимдегилердин айрымдары шаарда өлтүрүлөрүнүн белгиси болгон. Ал эми экинчи бөлүгүн «шаардын айланасында кылыч менен кескилегени» башкалары шаардын сыртында каза табарынын белгиси болгон. Акыркы бөлүгүн шамалга сапырып жибергени болсо дагы башкаларынын ар кайсы элдердин арасына чачырап кетерин билдирген. Бирок «алардын артынан» «кылыч» жиберилмек. Алар кайсы жакка барышпасын, тынчтык табышмак эмес.

8. а) Жезекиелдин иш-аракетинде үмүт берерлик кайсы нерсе камтылган? б) Жезекиелдин чачынын «бир азы» жөнүндө айтылгандар кантип аткарылган?

8 Анткен менен Жезекиелдин иш-аракетинде үмүт берген нерсе да камтылган. Жахаба Жезекиелге кырып салган чачы жөнүндө: «Бир аз алып, этегиңе түйүп кой»,— деген (Жез. 5:3). Ал буйрук ар кайсы элдердин арасына чачырап кеткен жүйүттөрдүн кээ бирлеринин аман каларын билдирген. Алардын «бир азы» Бабылда 70 жыл туткунда жүргөндөн кийин Иерусалимге кайтып баргандардын арасында болмок (Жез. 6:8, 9; 11:17). Бул сөздөр аткарылды беле? Ооба. Жүйүттөр туткундан бошонгондон бир нече жылдан кийин, Акай пайгамбар чачырап кеткен жүйүттөрдүн айрымдары чын эле Иерусалимге кайтып келгенин айткан. Алар «мурунку үйдү», тагыраак айтканда, Сулайман курган ибадаткананы көргөн карылар болгон (Эзра 3:12; Акай 2:1—3). Өзү убада кылгандай эле, Жахаба таза сыйынуунун сакталып калышына кам көргөн. Бул тууралуу китептин 9-бөлүмүндө кененирээк жазылган (Жез. 11:17—20).

Бул пайгамбарлыктан алдыда боло турган окуялар жөнүндө эмнелерди биле алабыз?

9, 10. Жезекиелдин пайгамбарлык мааниге ээ иш-аракеттери келечегибизге байланыштуу кайсы маанилүү окуяларды эсибизге салат?

9 Жезекиелдин иш-аракеттери билдирген окуялар Кудайдын Сөзүндө биздин келечегибизге байланыштуу алдын ала айтылган маанилүү окуяларды эсибизге салат. Алардын айрымдары кайсылар? Байыркы Иерусалим шаарындагы жагдайдай эле, Жахаба эч кимдин оюна келбеген нерсени кылат. Ал жер бетиндеги жалган диний уюмдардын баарына чабуул коюш үчүн саясий күчтөрдү колдонот (Аян 17:16—18). Иерусалимдин кыйратылышы «болуп көрбөгөн алаамат» болгон сыңары, Армагедон согушу менен аяктай турган «улуу аламат» да «дүйнөнүн башталышынан бери болбогон» окуя болот (Жез. 5:9; 7:5; Мт. 24:21).

10 Кудайдын Сөзүндө жалган диндерди колдогондордун көбү жалган дин жок кылынганда аман калары айтылган. Алар башкаларга кошулуп, коркконунан жашынарга жер издешет (Зак. 13:4—6; Аян 6:15—17). Алардын ошондогу абалы байыркы Иерусалим кыйратылганда аман калып, бирок «шамалга сапырылып» кеткендердин абалын эсибизге салат. Бирок,  7-абзацта айтылгандай, алар ошол учурда тирүү калганы менен, Жахаба алардын артынан кылыч жиберген (Жез. 5:2). Ушу сыяктуу, жалган динге чабуул коюлганда андан аман калгандар коргологон бир да жер аларды Жахабанын кылычынан коргоп кала албайт. Армагедондо алар эчки мүнөздүү башка адамдар менен бирге өмүрүнөн айрылат (Жез. 7:4; Мт. 25:33, 41, 46; Аян 19:15, 18).

Жакшы кабарды жарыялоо жөнүндө айта турган болсок, биз «сүйлөбөй» кала турган убак келет

11, 12. а) Жезекиелдин Иерусалимдин курчоого алынышы тууралуу пайгамбарлыгын түшүнгөнүбүз бүгүнкү күндө кызматыбызга болгон көз карашыбызга кандай таасир этет? б) Кабар айтуу ишибиз жана айткан кабарыбыз кандайча өзгөрүшү мүмкүн?

11 Бул пайгамбарлыкты түшүнгөнүбүз кызматыбызга жана анын канчалык шашылыш экенине карата болгон көз карашыбызга кандай таасир этет? Аны түшүнгөнүбүз бизге башкаларга Жахабанын кызматчысы болууга жардам бергенге бүт күчүбүздү жумшаганга түрткү берет. Эмне үчүн? «Бардык элдерден шакирт даярдаганга» чектелүү эле убакыт калды (Мт. 28:19, 20; Жез. 33:14—16). «Таяктын» (саясий күчтөрдүн) жалган динге каршы чабуулу башталганда, куткарылуу жөнүндөгү кабарды айтпай калабыз (Жез. 7:10). Ал эми жакшы кабарды жарыялоо иши жөнүндө айта турган болсок, Жезекиел кызматынын белгилүү бир учурунда кабарын жарыялабай, сүйлөбөй калган сыңары, биз да «сүйлөбөй» калабыз (Жез. 3:26, 27; 33:21, 22). Жалган дин жок кылынгандан кийин элдер эмне кыларын билбей, айласы куруп «пайгамбардан аян сурашат», бирок аларга өмүрүн сактап калууга жардам бере турган бир да көрсөтмө берилбейт (Жез. 7:26). Себеби андай көрсөтмөлөрдү ала турган жана Исанын жолдоочусу боло турган убакыт өтүп кеткен болот.

12 Бирок биздин жарчы катары аткарган ишибиз токтоп калбайт. Эмне үчүн? Анткени улуу алаамат учурунда сот өкүмү камтылган, мөндүрдөй балээге окшогон кабарды жарыялай баштайбыз. Ал кабар азыркы ыймансыз дүйнөнүн акыры жакындап калганынын айкын жышааны болот (Аян 16:21).

«Мына, ошол күн келатат!»

13. Жахаба Жезекиелге эмне үчүн сол капталынан, анан оң капталынан жатышы керектигин айткан?

13 Жезекиел Иерусалимдин кантип кыйратыларын эле айтып койбой, качан кыйратыларын да иш-аракети менен көрсөткөн. Жахаба ага сол капталынан 390 күн, оң капталынан 40 күн жатышы керектигин айткан. Бир күн бир жылды билдирген. (Окугула: Жезекиел 4:4—6; Сан. 14:34.) Иерусалимдин так кайсы жылы кыйратыларын билдирген ал иш-аракетин Жезекиел күнүнө бир канча саат бою эле кылса керек. Ысрайылдын кылмышы башталган 390 жыл, кыязы, б.з.ч. 997-жылы — 12 уруудан турган падышалык экиге бөлүнгөн жылы — башталган көрүнөт (1 Пад. 12:12—20). Ал эми Жүйүттүн кылмышы башталган 40 жыл, сыягы, б.з.ч. 647-жылы башталса керек. Ошол жылы Жеремия Жүйүт падышалыгына анын жакында кыйратыларын ачык-айкын айтып эскертиш үчүн пайгамбар болуп дайындалган (Жер. 1:1, 2, 17—19; 19:3, 4). Ушундайча эки мезгил тең б.з.ч. 607-жылы, Жахаба алдын ала айткандай эле, так Иерусалим кыйратылган жылы, аяктаган *.

Жезекиел Иерусалим кыйрай турган так жылды кантип көрсөткөн? (13-абзацты карагыла)

14. а)Жезекиел Жахабанын убакыт-мөөнөткө так карманарына ишенерин кантип көрсөткөн? б) Иерусалим кыйратыларда жагдай кандай болгон?

14 Жезекиелге 390 жана 40 күн жөнүндө айтылганда, ал Иерусалимдин талкаланар жылын так билбесе керек. Ошентсе да шаар кыйратылганга чейинки жылдары жүйүттөргө Жахабанын өкүмү ишке аша турган күн жакындап келатканын кайра-кайра эскертип: «Көрөр күнүң бүттү»,— деп жарыялаган. (Окугула: Жезекиел 7:3, 5—10.) Ал Жахабанын убакыт-мөөнөткө так карманарына түк да шектенген эмес (Ыш. 46:10). Жезекиел Иерусалим кыйратыларда кандай окуялар болорун алдын ала айткан. Ал: «Кырсык артынан кырсык басат»,— деген. Ошондой кырсыктардын айынан коомдук, диний жана өкмөттүк түзүлүш бузула баштаган (Жез. 7:11—13, 25—27).

Курчоодо калган Иерусалим «отко асылган» «чоң казанга» окшоп калган (15-абзацты карагыла)

15. Б.з.ч. 609-жылдан тартып Жезекиелдин пайгамбарлык сөзүнүн кайсы бөлүгү аткарыла баштаган?

15 Жезекиел Иерусалимдин кыйратылары жөнүндө бир нече жыл жарыялагандан кийин, айткандары аткарыла баштаган. Б.з.ч. 609-жылы ал Иерусалимге чабуул коюла баштаганын уккан. Ошол учурда сурнай тартылып, тургундар шаарды коргоого чакырылышкан. Бирок, Жезекиел алдын ала айткандай, «бири да согушка чыккан» эмес (Жез. 7:14). Иерусалимдин тургундары шаарды коргош үчүн Бабыл баскынчылары менен согушканы чогулушкан эмес. Айрымдар Жахаба аларды куткарып калат деп ойлосо керек. Анткени ага чейин ашурлуктар Иерусалимди басып алмакчы болгондо, Жахабанын периштеси алардын аскеринин көбүн кырып салган (2 Пад. 19:32). Бирок бул жолкусунда Жахаба периштесин жиберген эмес. Көп өтпөй эле курчоодо калган шаар «отко асылган» «чоң казанга» окшоп калган, ал эми андагы тургундар казандын ичине салынган «жиликтердей» болуп калган (Жез. 24:1—10). Элди зар-муңга батырган 18 айга созулган курчоодон кийин Иерусалим, акыры, талкаланган.

«Байлыкты асманга топтогула»

16. Жахабанын убакыт-мөөнөткө так карманарына ишенерибизди кантип көрсөтө алабыз?

16 Жезекиелдин пайгамбарлык сөзүнүн ушул бөлүгүнөн кандай маанилүү нерсени биле алабыз? Анын айткандарынын биз жарыялап жаткан кабар менен жана башкалардын аны кантип кабыл алып жатканы менен байланышы барбы? Жахаба жалган динди качан жок кыларын чечип койгон. Ал бул жолу да убакыт-мөөнөткө так карманат (2 Пет. 3:9, 10; Аян 7:1—3). Биз ал окуя боло турган так күндү билбейбиз. Бирок, Жезекиелге окшоп, Жахабанын көрсөтмөлөрүн аткарып, башкаларга: «Көрөр күнүң бүттү»,— деп кайра-кайра эскерте беребиз. Бул кабарды эмне үчүн кайра-кайра айта беришибиз керек? Жезекиел эмне себептен айта берген болсо, биз да так эле ошол себептен айта беришибиз керек *. Ал Иерусалимдин кыйратыларын жарыялаганда, уккандардын көбү ишенген эмес (Жез. 12:27, 28). Бирок кийинчерээк Бабылда туткунда жүргөн жүйүттөрдүн айрымдары Кудайга жагууну каалаарын көрсөтүшкөн жана мекенине кайтып барышкан (Ыш. 49:8). Ошол өңдүү эле, бүгүнкү күндө да көптөр бул дүйнөнүн акыры келет дегенге ишенишпейт (2 Пет. 3:3, 4). Ошого карабай, адамдар Кудай айттырып жаткан кабарга кулак төшөй турган убак бүтүп калганга чейин, жүрөгү таза адамдарга өмүр жолун тапканга жардам бере бергибиз келет (Мт. 7:13, 14; 2 Кор. 6:2).

Көптөр кулак какпаса да, жүрөгү таза адамдарды андан ары издей беребиз (16-абзацты карагыла)

Байыркы Иерусалимдин тургундары эмне үчүн «күмүшүн көчөгө ыргытышкан»? (17-абзацты карагыла)

17. Жакындап келаткан улуу алаамат учурунда кандай жагдайларга жана окуяларга күбө болобуз?

17 Жезекиелдин пайгамбарлыгы диний уюмдарга келечекте чабуул коюлганда ал уюмдардын мүчөлөрү динди коргош үчүн «согушка чыкпай» турганын эске салат. Алар «Мырзам, Мырзам» деп зар какшаганы жоопсуз каларын түшүнүшкөндө «кайраты качып,.. калтырап-титирешет» (Жез. 7:3, 14, 17, 18; Мт. 7:21—23). Дагы эмне кылышат? (Окугула: Жезекиел 7:19—21.) Жахаба: «Алар күмүшүн көчөгө ыргытышат»,— деген. Байыркы Иерусалимдин тургундарына байланыштуу айтылгандар улуу алаамат учурунда боло турган нерселерди көркөм сүрөттөйт. Ошол убакта адамдар жакындап келаткан алааматтан аларды акча сактап кала албай турганын түшүнүшөт.

18. Жезекиелдин пайгамбарлыгынан жашоодо эмнелерди биринчи орунга коюшубуз керектигине байланыштуу эмнени биле алабыз?

18 Жезекиелдин пайгамбарлыгынын ушул бөлүгүндө биз үчүн кандай сабак камтылганын байкадыңарбы? Андан маанилүү нерселерди биринчи орунга коюу керектигин биле алабыз. Ойлоп көрсөңөр, Иерусалимдин тургундары шаарынын жана өздөрүнүн күнү бүткөнүн, ошондой эле дүнүйө-мүлкү аларды сактап калбай турганын түшүнгөндөн кийин гана эмне маанилүү экенин баамдап, ошого ылайык иш-аракет кыла башташкан. Алар бүт мүлкүн ыргытып, «пайгамбардан аян сурай» башташкан, бирок өтө эле кеч болуп калган (Жез. 7:26). Алардан айырмаланып, биз бул дүйнөнүн күнү бүтүп баратканын жакшы билебиз. Андыктан Кудайдын убадаларына ишенгенибиз жашоодогу маанилүү нерселерди биринчи орунга коюуга түрткү берет. Ошон үчүн түбөлүккө баалуулугун жоготпогон жана эч качан «көчөгө ыргытылбай» турган рухий байлыкты топтоого бүт күчүбүздү жумшап жатабыз. (Окугула: Матай 6:19—21, 24.)

19. Жезекиелдин пайгамбарлыктары бизге кандай таасир этет?

19 Жыйынтыктай турган болсок, Жезекиелдин Иерусалимдин кыйратылышы жөнүндө айткандары бизге кандай таасир этет? Анын сөздөрү башкаларга Кудайдын кызматчысы болууга жардам бергенге чектелүү эле убакыт калганын эсибизге салат. Ошол себептен шакирт даярдоо ишин шашылыш аткарып жатабыз жана жүрөгү таза кишилер Жахаба Атабызга кызмат кыла баштаганда абдан кубанабыз. Бирок кызмат кылбагандарга да, Жезекиел өз учурунда элине эскерткендей: «Көрөр күнүң бүттү»,— деп эскерте беребиз (Жез. 3:19, 21; 7:3). Ошол эле учурда Жахабага болгон ишенимибизди бекем сактаганга жана таза сыйынууну дайыма жашоодо эң биринчи жана негизги орунга койгонго чечкиндүүбүз (Заб. 52:7, 8; Накыл 11:28; Мт. 6:33).

^ 3-абз. Жезекиел ушул иш-аракеттердин баарын элдин көзүнчө кылган деп жыйынтык чыгаруу жөндүү. Анткени Жахаба Жезекиелге алардын айрымдарын, алсак, нан жасоо, буюмдарын көтөрүп чыгуу сыяктуу иш-аракеттерди атайлап «алардын көзүнчө» кылышы керектигин буйрук кылган (Жез. 4:12; 12:7).

^ 13-абз. Иерусалимдин кыйратылышына жол берүү менен Жахаба эки уруудан турган Жүйүт падышалыгына эле эмес, он уруудан турган Ысрайыл падышалыгына да каршы чыгарган өкүмүн билдирген (Жер. 11:17; Жез. 9:9, 10). Карагыла: «Жазманы түшүнүү», «Хронология», «С 997 г. до н.э. до опустошения Иерусалима», ор.

^ 16-абз. Жезекиел 7:5—7-аяттардагы кыскача билдирүүдө Жахабанын «келатат» жана «келерине» деген сөздөрдү үч жолу айтканына көңүл бурсаңар.