Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-БӨЛҮМ

«Төрт беттүү тирүү жандыктар» эмнени билдирет?

«Төрт беттүү тирүү жандыктар» эмнени билдирет?

ЖЕЗЕКИЕЛ 1:15

ӨЗӨК ОЙ: Тирүү жандыктар жана алар жөнүндөгү баалуу маалымат

1, 2. Жахаба жердеги кызматчыларына маанилүү чындыктарды түшүндүрүш үчүн эмне себептен кээде айрымдарга аян берген?

ҮСТӨЛ тегеректей отуруп Ыйык Китепти изилдеп жаткан үй-бүлөнү элестетсеңер. Кичинекей балдарына Жазмадагы чындыкты түшүнгөнгө жардам бериш үчүн атасы жөнөкөй сүрөттөрдү көрсөтөт. Алар дароо кызыгып, кызуу талкуу башталат. Ошондо атасынын көздөгөн максатына жеткени айкын болот. Ал сүрөттөрдү колдонбой, сөз менен эле айтып койсо, кичинекей балдарга Жахабанын окууларын түшүнүү кыйын болмок.

2 Ушу сыңары, Жахаба да өзүнүн жердеги балдарына алар башкача жол менен түшүнө албай турган асмандагы нерселерди түшүндүрүш үчүн пайгамбарларга аян берген. Мисалы, өзү жөнүндөгү терең чындыктарды түшүндүрүш үчүн Жезекиел пайгамбарга аян берип, таң калыштуу нерселерди көрсөткөн. Буга чейинки бөлүмдө ошондой аяндардын бири каралган. Анда ошол укмуштуу аянда көрсөтүлгөн нерселердин бирине көңүл буруп, анын маанисин түшүнгөнүбүз Жахабага ого бетер жакындаганга кантип жардам берерине токтололу.

«Төрт тирүү жандык сыяктанган бирдемелер көрүндү»

3. а) Жезекиел 1:4, 5ке ылайык, Жезекиел аянында эмне көргөн? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.) б) Жезекиелдин көргөндөрүн сүрөттөгөнүнөн эмнени байкайсыңар?

3 Окугула: Жезекиел 1:4, 5. Жезекиел пайгамбар «төрт тирүү жандык сыяктанган бирдемелердин» периштелерге, адамдарга жана жаныбарларга мүнөздүү белгилерин сүрөттөгөн. Анын ал тирүү жандыктарды сүрөттөгөндө «сыяктанган» деген сөздү колдонгону кандай гана так болгон. Жезекиел китебинин 1-бөлүмүндөгү ошол аянды толугу менен окуп жатканда пайгамбардын «окшогон», «сымал», баланчадай-түкүнчүдөй деген сыяктуу сөздөрдү кайра-кайра колдонгонун байкайсыңар (Жез. 1:13, 24, 26). Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Жезекиел көргөндөрү тек гана асмандагы көзгө көрүнбөгөн нерселерди билдирерин түшүнгөн.

4. а) Көргөн аяны Жезекиелге кандай таасир эткен? б) Жезекиел керуптар жөнүндө эмнелерди билсе керек?

4 Жезекиелди аянындагы көрүнүштөр менен үндөр катуу таасирлентсе керек. Төрт жандык ага «кызыган чоктой» көрүнгөн. Ал эми алардын жылгандагы көрүнүшү «чагылгандай» болгон. Канаттарынын добушу «чоң суулардын күр-шарындай» угулган. Алар жылганда, «аскер кошуунунун чуусундай» үн чыккан. (Жез. 1:13, 14, 24—28; «Мен тирүү жандыктарды карап турдум» деген кутучаны карагыла.) Кийинчерээк көргөн аянында Жезекиел ал төрт жандыктын «керуптар» — кубаттуу периштелер — экенин айткан (Жез. 10:2). Дин кызматчынын үй-бүлөсүндө чоңойгондуктан Жезекиел керуптардын Жахабанын жакын кызматчылары экенин жана негизинен, анын жанында болорун билсе керек (1 Жылн. 28:18; Заб. 18:10).

«Ар биринин төрт бети... бар экен»

5. а) Керуптар жана алардын төрт бети Жахабанын кубаты менен даңкынын улуулугун кантип чагылдырган? б) Бул аяндын ушул бөлүгү эмне үчүн Кудайдын ысмынын маанисин эске салат? (Шилтемени карагыла.)

5 Окугула: Жезекиел 1:6, 10. Жезекиел ар бир керуптун төрт бети — адамдын, арстандын, буканын жана бүркүттүн бети — бар экенин да көргөн. Ал мындан Жахабанын кубаты менен даңкы жөнүндө көп нерсени билсе керек. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Анткени ал беттердин ар бири улуулукту, күч-кубатты билдирген тирүү жандарга таандык болгон. Арстан — улуулукту чагылдырган жапайы жаныбар, бука — күчү таасирленткен үй жаныбары, бүркүт — куштардын кубаттуусу, адам болсо Кудайдын жер бетиндеги жараткандарынын эң мыктысы, жердеги бардык тирүү жандардын бийлөөчүсү (Заб. 8:4—6). Ошентсе да Жезекиел ар бир керуптун төрт бетинде чагылдырылган кубаттуу ал төрт тирүү жандын Жахабанын, бардыгынан жогору турган Эгедердин, тактысынын алдында турганын көргөн. Бул Жахабанын өз ой-ниетин аткарыш үчүн жараткан нерселерин колдоно аларын кандай гана таамай сүрөттөп турат *! Чын эле, забурчу айткандай, Жахабанын «падышалыгы бардыгына үстөмдүк кылат» (Заб. 103:19; 148:13).

Төрт беттүү төрт тирүү жандык Жахабанын кубаты, даңкы жана сапаттары жөнүндө эмнени айгинелеп турат? (5, 13-абзацтарды карагыла)

6. Жезекиел керуптардын төрт бети эмнени билдирерин эмнеден улам түшүнсө керек?

6 Бир нече убакыт өтүп, көргөн нерселери жөнүндө ой жүгүрткөн соң Жезекиел Кудайдын ага чейин жашаган кызматчылары бир нерсени сыпатташ үчүн кээде салыштыруу иретинде жаныбарларды колдонушканын эстеген болуш керек. Алсак, уруу башчысы Жакып Жүйүт деген уулун арстанга, ал эми Бенжемин деген уулун карышкырга салыштырган (Башт. 49:9, 27). Эмне үчүн? Анткени алар жана алардын урпактары арстан менен карышкырга мүнөздүү болгон кайсы бир сапаттарды чагылдырган. Жазмадагы ушул өңдүү мисалдардан улам Жезекиел керуптардын беттери да кандайдыр бир өзгөчө сапаттарды билдирерин түшүнгөн болуш керек. Алар эмне болгон сапаттар эле?

Жахабага жана асмандагы үй-бүлөсүнө мүнөздүү сапаттар

7, 8. Керуптардын төрт бети көбүнчө кайсы сапаттар менен байланыштырылат?

7 Ыйык Китепти жазганга катышкан Жезекиелге чейин жашаган пайгамбарлар арстандын, бүркүттүн жана буканын кайсы өзгөчөлүктөрүн баса белгилешкен? Төмөнкү аяттарга көңүл бурсаңар: «Арстан жүрөк тайманбас жоокер» (2 Шем. 17:10; Накыл 28:1). «Бийик учкан» жана «көзү алысты көргөн» бүркүт (Аюп 39:27, 29). «Мол түшүм буканын күчүнөн» (Накыл 14:4). Ушул сыяктуу аяттардын негизинде, биздин адабияттарда көбүнчө жазылгандай, арстандын бети тайманбастыкты талап кылган адилеттүүлүктү, бүркүттүн бети алыстагыны баамдай билген акылмандыкты, буканын бети болсо зор күчтү билдирет деп жыйынтык чыгарсак болот.

8 Ал эми «адамдын бети» жөнүндө эмне деп айтууга болот? (Жез. 10:14) Ал бир да жаныбар чагылдыра албаган, Кудай өзүнө окшоштуруп жараткан адам баласы гана чагылдыра алган сапатты билдириши керек болгон (Башт. 1:27). Жер бетиндегилердин ичинен адамдарга гана мүнөздүү болгон ал сапат Кудайдын «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен... сүй» жана «жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй» деген буйруктарында баса белгиленет (Мыйз. 6:5; Леб. 19:18). Кымындай да өзүмчүлдүгү жок сүйүү көрсөтүп, ушул буйруктарга баш ийсек, Жахабанын сүйүүсүн чагылдырган болобуз. Элчи Жакан жазгандай, «биз... сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи сүйгөн» (1 Жкн. 4:8, 19). Демек, «адамдын бети» сүйүүнү билдирет.

9. Керуптардын беттери менен байланыштырылган сапаттар кимге мүнөздүү?

9 Бул сапаттар кимге таандык? Аяндагы беттер керуптардыкы болгондуктан, бул сапаттар аяндагы керуптар кимдерди билдирсе, ошолордун баарына — Жахабанын ага берилген рухтардан турган асмандагы үй-бүлөсүнө — мүнөздүү (Аян 5:11). Андан тышкары, керуптардын өмүрүнүн Булагы болгондуктан Жахаба — аларга мүнөздүү сапаттардын да Булагы (Заб. 36:9). Демек, керуптардын бетинде Жахабанын өзүнүн сапаттары чагылдырылган (Аюп 37:23; Заб. 99:4; Накыл 2:6; Мик. 7:18). Ал ушул теңдешсиз сапаттарын кандай жолдор менен көрсөтөт?

10, 11. Жахабанын негизги төрт сапаты бизге кандай пайдасын тийгизүүдө?

10 Адилеттүүлүк. «Адилеттикти сүйгөн» Кудай катары Жахаба «эч качан бет карамалык кылбайт» (Заб. 37:28; Мыйз. 10:17). Демек, коомдогу ээлеген абалыбыз, тек-жайыбыз кандай болбосун, баарыбызда анын кызматчысы болууга, ага дайыма кызмат кыла берүүгө, ошондой эле түбөлүктүү баталарына ээ болууга мүмкүнчүлүк бар. Акылмандык. «Жүрөгү акылдуу» Кудай катары Жахаба «акылмандыкка» толгон китебинин жаздырылышына кам көргөн (Аюп 9:4; Накыл 2:7). Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу турмушубуздагы кыйынчылыктарды жеңүүгө жана жашообуздун маңыздуу болушуна жардам берет. Күч. «Зор күчкө ээ болгон» Кудай катары Жахаба ыйык рухун колдонуп бизге «адаттан тышкаркы күч» берет. Ал күч, кандай гана оор жана мөгдүрөткөн сыноолорго туш болбойлу, аларды көтөрүүгө жардам берет (Нкм. 1:3; 2 Кор. 4:7; Заб. 46:1).

11 Сүйүү. «Чексиз мээримдүү» Кудай катары Жахаба ишенимдүү кызматчыларын эч качан таштабайт (Заб. 103:8; 2 Шем. 22:26). Андыктан ден соолугубуздун начардыгынан же карылыктын айынан ага мурункудай кызмат кыла албай көңүлүбүз чөгүп жатса, анын буга чейин кылган эмгегибизди унутпай турганын билип жубансак болот (Евр. 6:10). Ооба, Жахабанын адилеттигинин, акылмандыгынын, күчүнүн жана сүйүүсүнүн азыр эле жашообузга тийгизген пайдасы чоң. Анын ушул негизги төрт сапаты келечекте да жашообузга пайдасын тийгизе берет.

12. Жахабанын сапаттарын түшүнүү жөндөмүбүз жөнүндө эмнени унутпашыбыз керек?

12 Бирок пенде катары Жахабанын сапаттары жөнүндө түшүнө алгандарыбыз «анын жолдорунун чети гана» экенин унутпашыбыз керек (Аюп 26:14). «Биз Кудурети Күчтүүнү таанып-биле» албайбыз, анткени «анын улуулугу акыл жеткис» (Аюп 37:23; Заб. 145:3). Жахабанын сапаттарынын саны да, чен-өлчөмү да чексиз, аларды бири-биринен ажыратып, өз-өзүнчө топторго бөлүп коюуга да болбойт. (Окугула: Римдиктер 11:33, 34.) Жезекиелдин аяны так ушул чындыкты далилдеп турат (Заб. 139:17, 18). Кандайча?

«Төрт бети,.. төрт канаты,.. төрт тарабы»

13, 14. Керуптардын төрт бети эмнени билдирет жана эмне үчүн ушундай жыйынтык чыгарсак болот?

13 Жезекиел керуптардын ар биринин бирден эмес, төрттөн бети бар экенин көргөн. Бул эмнени билдирет? Кудайдын Сөзүндө төрт деген сан көбүнесе бүт бардык нерсени өз ичине камтыгандыкты же толуктукту билдирерин эстесеңер (Ыш. 11:12; Мт. 24:31; Аян 7:1). Ушул аянын сүрөттөп жатканда Жезекиелдин төрт деген санды 11 жолу айтканы өзгөчө көңүлгө аларлык (Жез. 1:5—18). Мындан кандай жыйынтык чыгарсак болот? Төрт керуп Жахабага берилген рухтардын баарын билдиргендей эле, керуптардын төрт бети да, чогуу алганда, өз ичине Жахабага мүнөздүү сапаттардын баарын камтыйт *.

14 Керуптардын төрт бети болгонунун мааниси төрт эле сапатты камтыбай турганын түшүнүш үчүн салыштыруу иретинде аяндагы төрт дөңгөлөктү мисалга алалы. Ал дөңгөлөктөрдүн ар бири абдан чоң таасир калтырат, ал эми төртөөнү чогуу алып караганда, андан бетер таасир калтырарлык. Алар жөн эле төрт дөңгөлөк эмес. Алар арабанын негизин түзөт. Ошол өңдүү эле, керуптардын төрт бети, чогуу алганда, тек гана төрт бөлөк сапатты эмес, Жахабанын кастарлоо сезимин туудурган табиятынын негизин түзөт.

Жахаба берилген кызматчыларынын баарына жакын

15. Биринчи көргөн аянынан Жезекиел дем-шык берерлик кандай чындыкты түшүнгөн?

15 Биринчи аянын көрүп жатып Жезекиел Жахаба менен болгон мамилесине байланышкан маанилүү жана дем-шык берерлик бир чындыкты түшүнгөн. Ал эмне болгон чындык эле? Ал Жезекиел китебинин эң башкы сөздөрүндө камтылган. «Каздимдиктердин жеринде» жүргөнүн жазгандан кийин Жезекиел өзү жөнүндө «ошол жерде Жахабанын колу анын үстүндө болгонун» кошумчалаган (Жез. 1:3). Анын аянды Иерусалимде эмес, ошол жерде — Бабылда — алганын жазганына көңүл бурсаңар *. Жезекиел мындан эмнени билген? Ал Иерусалимден жана андагы ибадатканадан кыйла ыраак жерде туткун болуп жүрсө да, Жахабадан жана ага сыйынуудан ыраак болгон эмес. Жахабанын ага Бабылда кайрылганы таза сыйынууда адамдын кайсы жакта жүргөнү же ээлеген абалы эч кандай роль ойнобой турганын айгинелеген. Жезекиелдин Жахабага таза сыйынышы жүрөгүнүн абалына жана Жахабага кызмат кылууга болгон каалоосуна байланыштуу болгон.

16. а) Жезекиелдин аяны бизди эмнеге ынандырат? б) Жахабага бүт жүрөгүң менен кызмат кылганга сага эмне түрткү берет?

16 Жезекиел билген чындык бүгүнкү күндө бизди да жубатат. Ал чындык бизди Жахабага бүт жүрөгүбүздү берип кызмат кылсак, кайсы жерде жашабайлы, канчалык азап чекпейли, кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, ал дайыма жаныбызда болоруна ынандырат (Заб. 25:14; Элч. 17:27). Ар бир кызматчысына болгон туруктуу сүйүүсүнөн улам Жахаба бизге бат эле кол шилтеп койбойт (Чыг. 34:6). Ошондуктан ким болсок да, каякта болсок да, ал бизге туруктуу сүйүүсүн дайыма көрсөтө алат (Заб. 100:5; Рим. 8:35—39). Мындан тышкары, Жахабанын ыйыктыгы жана эбегейсиз зор кубаты чагылдырылган бул аян Жахабанын ага сыйынышыбызга татыктуу экенин эсибизге салат (Аян 4:9—11). Анын ушул сыяктуу аяндарды көрсөтүп, өзү жана сапаттары жөнүндөгү маанилүү чындыктардын айрымдарын түшүнүүгө жардам бергенине чексиз ыраазыбыз! Жахабанын өзүнө тартып турган сапаттарын тереңирээк түшүнгөнүбүз ага ого бетер жакындатат жана аны даңктаганга, ага бүт жүрөгүбүз, бүт күчүбүз менен кызмат кылганга түрткү берет (Лк. 10:27).

Ким болсок да, каякта болсок да, Жахаба бизге туруктуу сүйүүсүн дайыма көрсөтө алат (16-абзацты карагыла)

17. Кийинки бөлүмдөрдө кайсы суроолорго жооп алабыз?

17 Өкүнүчтүүсү, Жезекиелдин күндөрүндө таза сыйынуу арамдалып калган. Буга эмне себеп болгон? Жахаба кандай чара көргөн? Байыркы убактагы ошол окуялар биз үчүн кандай мааниге ээ? Бул тууралуу кийинки бөлүмдөрдөн билебиз.

^ 5-абз. Жезекиелдин ушул жандыктарды сүрөттөгөнү Кудайдын биз «болтурат» деп түшүнгөн Жахаба деген ысымын эсибизге салат. Ал ысымдын мааниси Жахабанын өз ой-ниетин аткарыш үчүн өзү жараткан нерселерди, алар эмне болушу зарыл болсо, ошол кылып коё аларын да камтыйт. (sgd 1-бөлүктү карагыла.)

^ 13-абз. Жылдар бою биздин адабияттарда Жахабанын 50дөй сапаты каралып келген. «Жахабанын Күбөлөрүнүн изилдөө жүргүзүүгө арналган куралындагы» «Жахаба Кудай», «Жахабанын сапаттары» дегенди карагыла.

^ 15-абз. «Ошол жерде» деген сөздүн өзү эле, бир окумуштуу айткандай, «ошол учурдагы бир башкача таң калуу сезимине чулгануудан кабар берет... Кудай ошол жерде, Бабылда, болгон! Бул кандай гана жубатарлык болгон!»