Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жетектөөчү Кеңештин каты

Жахабаны сүйгөндөргө

1971-жыл. Ошол жылы «Кудайдын ысымы» деп аталган облустук жыйынга катышкандар бир нече жаңы адабият алышканда маңдайы жарыла сүйүнүшкөн. Ал адабияттар жөнүндө айрымдар «биз элестеткенден да ашып түштү» деп айтышкан. Алардын бири тууралуу бир ишенимдешибиз: «Биз келечекке баш баккандай эле болдук! Мындай эч качан болгон эмес!» — деген. Ал кайсы китеп жөнүндө айткан? Ал китеп «„Элдер менин Жахаба экенимди билишет“. Кантип?» (англ.) деп аталган. Ал эмнеси менен жүрөк толкутарлык болгон? Анда Ыйык Китептин Жезекиел китебиндеги пайгамбарлык сөздөр — бүт адамзаттын келечегине байланышкан сөздөр — жаңыча түшүндүрүлгөн.

«Жахаба экенимди билишет» деген китеп чыккандан бери Жахабанын элинин саны күн санап өсүп отуруп 1,5 миллиондон 8 миллиондон ашык кишиге чейин жетти (Ыш. 60:22). Учурда Жахабанын миллиондогон кызматчылары жалпы жонунан 900дөн ашуун тилде сүйлөшөт (Зак. 8:23). Алардын көбү Жезекиел пайгамбардын Кудайдын жетеги менен жазгандары майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүлгөн китепти эч качан изилдеп көргөн эмес.

Мындан сырткары, 1971-жылдан тартып жарык уламдан-улам чачылган сайын, Ыйык Китептеги чындыктар көбүрөөк ачылып жатат (Накыл 4:18). Маселен, 1985-жылы «башка койлордун» кантип Кудайдын достору катары адил деп жарыяланганын түшүнө баштаганбыз (Жкн. 10:16; Рим. 5:18; Жкп. 2:23). 1995-жылы болсо «койлор» менен «эчкилердин» акыркы соту келечекте боло турган «улуу алаамат» учурунда болорун биринчи жолу түшүнгөнбүз (Мт. 24:21; 25:31, 32). Ушул жаңы түшүнүктөрдүн баары Жезекиел китебинде жазылгандарды түшүнгөнүбүзгө таасир этти.

«Адам уулу, көзүң менен көрүп, кулагың менен ук, көрсөтө турганымдын баарын жүрөгүңө түй. Анткени сени бул жакка ушуларды көрсөтүш үчүн алып келдим» (ЖЕЗЕКИЕЛ 40:4).

Акыркы жылдары жарык дагы деле уламдан-улам төгүлүп жатат. Мисалы, Исанын мисалдарына токтоло турган болсок, алардын көбүн мурункуга караганда айкыныраак түшүнүп калдык. Алардын айрымдары тездик менен жакындап келаткан улуу алаамат учурунда боло турган окуяларга тиешелүү. Ошондой эле Жезекиел китебиндеги белгилүү бир пайгамбарлыктардын мааниси такталды. Алардын ичинде Магок жеринен чыккан Гок (38, 39-бөлүмдөр), катчынын сыя кутусу бар кишинин аткарган иши (9-бөлүм), өрөөндөгү кагырап кургап калган сөөктөр жана каймана мааниге ээ эки таяктын биригиши (37-бөлүм) жөнүндө да түшүнүгүбүз айкын болуп калды. Көп жыл мурун чыккан «Жахаба экенимди билишет» деген китепте жазылгандардай эле, ушул түшүнүктөрдүн баары такталды.

Ошондуктан көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн: «Жезекиелдин пайгамбарлыктарынын такталган түшүндүрмөсү камтылган китеп качан чыгат?» — деп сураганы таң калыштуу эмес. «Акыры калыбына келтирилген таза сыйынуу» деген ушул китеп так ошол китеп болду. 22 бөлүмдөн турган бул китепти окуп, андагы сүрөттөрдүн үстүнөн ой жүгүрткөндүн аркасында аны даярдаш үчүн канчалык кылдат изилдөө жүргүзүлгөнүн байкап, таң каласыңар. Жахабанын ушундай таң калыштуу Жезекиел китебин эмне үчүн жаздырганын түшүнүш үчүн терең ой жүгүртүп, көп жолу жалындуу тилендик. «Жезекиел китебинде Жезекиелдин замандаштары үчүн да, бүгүнкү күндө биз үчүн да пайдалуу кандай маанилүү ойлор камтылган? Бул китептеги пайгамбарлыктардын кайсылары келечекте боло турган окуяларга тиешелүү? Жезекиелдин пайгамбарлыктарындагы нерселердин баары каймана мааниге ээ деп сөзсүз күтүшүбүз керекпи?» — деп кылдат ойлондук. Ушул суроолордун жообу Ыйык Китептин баарыбыз көптөн-көп күтүп келген ушул китебин айкыныраак түшүнгөнгө жардам берди.

Жезекиел китебин баштан-аяк окуп чыкканда Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгүнө суктанып-таңданарыңар шексиз. Ошондой эле Жахабанын ага жаккандай сыйынгысы келгендерге — асмандагыларга да, жердегилерге да — койгон жогорку талаптарын билгениңерде таң калбай коё албайсыңар. «Таза сыйынуу» деген ушул китеп Жахабанын өз эли үчүн буга чейин кылган жана жакынкы келечекте кыла турган нерселерине ыраазычылыгыңарды ого бетер арттырганга жардам берет. Бул китепте эки тема кайра-кайра баса белгиленерин байкайсыңар. Биринчиден, Жахабага жагыш үчүн аны Ааламдын Эгедери катары билишибиз жана кабыл алышыбыз керек. Экинчиден, Жахабанын бийик нормалары боюнча жашап, ага ал каалагандай сыйынышыбыз керек.

Биз бул китеп силерге Жахабага анын улуу, ыйык ысмы даңктала тургандай сыйынууга ого бетер чечкиндүү болууга жардам болушун чын жүрөктөн каалайбыз. Ошол эле учурда бардык элдердин Жахабанын ким экенин биле турган убакты мындан ары да күтүп жашаганга дем-күч берет деп үмүттөнөбүз (Жез. 36:23; 38:23).

Эмесе, сүйүктүү Атабыз Жахаба өзү Жезекиелди жетектеп жаздырган ушул китепти түшүнүш үчүн жумшаган аракетиңерге батасын берсин!

Бир туугандарыңар,

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши