Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮК

«Силерди... чогултам». Таза сыйынуу калыбына келтирилери тууралуу убада

«Силерди... чогултам». Таза сыйынуу калыбына келтирилери тууралуу убада

ЖЕЗЕКИЕЛ 20:41

ӨЗӨК ОЙ: Жезекиелдин калыбына келтириле турган нерселер жөнүндө айткан пайгамбарлыктары

Ысрайыл чачырап кеткен. Чындыктан четтеп, биримдиги бузулган. Азыр кесепетин тартып жаткан учуру. Эл таза сыйынууну арамдап, Кудайдын ысымын булгаган. Ошондой кезде Жахаба Жезекиелге үмүт берерлик кабарды камтыган бир катар пайгамбарлыктарды айтууга түрткү берген. Таасирдүү мисалдарды, кастарлоо сезимин туудурган аяндарды колдонуп, Жахаба туткундагы ысрайылдыктарга эле эмес, таза сыйынуунун калыбына келтирилишин самагандардын баарына үмүт берген.

БУЛ БӨЛҮКТӨ

8-БӨЛҮМ

«Бир койчуну коём»

Кудай Жезекиелди таза сыйынууну биротоло калыбына келтирип, койлорго назик кам көрө турган келечектеги Башкаруучу, Койчу — Машаяк — жөнүндөгү пайгамбарлыкты жазууга шыктандырган.

9-БӨЛҮМ

«Мен аларга бир жүрөк берем»

Бабылга туткунга кеткен жүйүттөргө карата айтылган пайгамбарлык сөздөр биз үчүн кандайдыр бир мааниге ээби?

10-БӨЛҮМ

«Жанданасыңар»

Жезекиел өрөөндө толуп жаткан кургак сөөктөр жана алардын жанданганы көрсөтүлгөн аян алган. Ал эмнени билдирген?

11-БӨЛҮМ

«Мен сени... күзөтчү кылып койдум»

Бул күзөтчүнүн ролу жана милдеттери кандай? Ал эмне болгон эскертүүнү жарыялашы керек?

12-БӨЛҮМ

«Аларды... бир эл кылам»

Жахаба өз элин кайрадан бириктирүүнү убада кылган.

13-БӨЛҮМ

Ибадаткананын сүрөттөлүшү

Жезекиел аян аркылуу көргөн ибадаткананын мааниси кандай?

14-БӨЛҮМ

Ибадатканага «байланыштуу мыйзам мындай»

Жезекиелдин күндөрүндөгү жүйүттөр анын ибадаткана жөнүндөгү аянынан эмнелерди биле алышмак? Ал аян биз үчүн кандай мааниге ээ?