Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

9-БӨЛҮМ

«Мен аларга бир жүрөк берем»

«Мен аларга бир жүрөк берем»

ЖЕЗЕКИЕЛ 11:19

ӨЗӨК ОЙ: Кайра калыбына келтирүү темасы жана анын Жезекиелдин пайгамбарлыгында өрчүшү

1—3. Бабылдыктар Жахабага сыйынгандарды кантип шылдыңдашкан жана эмне үчүн?

ӨЗҮҢӨРДҮН Бабылда жашаган Кудайга ишенимдүү жүйүт экениңерди элестетсеңер. Жарым кылымдай убакыттан бери туткунда жүрөсүңөр. Адаттагыдай эле Ишемби күнү Жахабага сыйынган башка жүйүттөр менен бирге чогулганы баратасыңар. Эли жык-жыйма көчөлөр менен баратып заңгыраган ибадатканалардан жана көптөгөн сыйынуу жайларынан кыя өтөсүңөр. Ал жерлерге чогулган калың эл Мардук сыяктуу кудайларга курмандыктарды тартуу кылып, аларды даңктап ырдап жатат.

2 Элден окчун жерден Жахабага сыйынган ишенимдештериңердин чакан тобу менен жолугасыңар *. Анан тиленип, забурларды ырдаганга, Кудайдын Сөзүндө жазылгандар жөнүндө ой жүгүрткөнгө, балким, шаардын өстөндөрүнүн боюнан тынчыраак жер табасыңар. Чогуу тиленип жатканыңарда жээкке жакын байланган кайыктардын кыйч-куйч эткен үнү угулат. Ылайыктуу жер тапканыңарга сүйүнүп, жергиликтүү тургундардын бирөө жарымы адаттагыдай эле келип, тоскоолдук кылбайт чыгар деп үмүттөнөсүңөр. Алар эмне үчүн тоскоолдук кылмак эле?

3 Бабыл далай жерди багындырган. Анын эли күч-кубатты кудайлары берип жатат деп эсептейт. Бабылдыктар үчүн Иерусалимдин толугу менен талкаланганы — Мардук деген кудайынын Жахабадан күчтүү экенинин далили. Ошон үчүн алар силердин Кудайыңарды жана анын элин шылдыңга алышат. Кээде мыскылдап: «Сион ырларынан ырдап бергиле»,— деп талап кылышат (Заб. 137:3). Көптөгөн забурларда Сиондун Жахабанын душмандарынын үстүнөн жеңишке жеткени даңкталат. Бабылдыктар өзгөчө ошондой забурларды айтып шылдыңдаганды жакшы көрүшсө керек. Бирок бабылдыктардын өздөрү жөнүндө жазылган забурлар да болгон. Мисалы, алардын биринде: «Иерусалимди урандыга айлантышты... Тегерегибиздегилерге шылдың, күлкү болдук»,— деп айтылган (Заб. 79:1, 3, 4).

4, 5. Жезекиелдин пайгамбарлыгында кандай үмүт камтылган жана бул бөлүмдө эмнеге токтолобуз? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.)

4 Жахабага ишенгениңер үчүн силерди жана анын пайгамбарларын шылдыңдаган чындыктан четтеген жүйүттөр да бар. Ошого карабай Жахабага сыйынып, өзүңөр да, үй-бүлөңөр да жубануудасыңар. Чогуу тиленүү жана Жахабаны даңктап ырдоо силер үчүн кандай гана жагымдуу. Кудай Сөзүн окуганыңарда жан дүйнөңөр бейкуттукка чулганат (Заб. 94:19; Рим. 15:4). Ошол күнү ишенимдештериңердин бири силер чогулган жерге Жезекиелдин пайгамбарлыгы жазылган түрмөктү алып келгенин элестетсеңер. Жахабанын өз элин мекенине кайтарып, таза сыйынууну калыбына келтирери жөнүндөгү убадасын окуганда төбөңөр көккө жете сүйүнөсүңөр. Ал пайгамбарлыкты үн чыгара окуп жатышканда, жүрөгүңөр туйлап, бир күнү үй-бүлөңөр менен чогуу мекениңерге кайтып барарыңарды, таза сыйынууну калыбына келтирүүгө салым кошо аларыңарды ойлоп үмүтүңөр жана түшөт.

5 Жезекиелдин пайгамбарлыгында калыбына келтирүү жөнүндөгү убадалар байма-бай айтылат. Келгиле, үмүт берерлик бул темага кененирээк токтололу. Ал убадалар туткундагы жүйүттөрдүн учурунда кантип аткарылган? Ал эми биздин күндөрдө кандай мааниге ээ? Келечекте акыркы жолу кантип аткарылат?

«Алар сүргүнгө, туткунга айдалышат»

6. Кудай ага каршы чыга берген элине кантип эскертип келген?

6 Жахаба ага каршы чыккан элин кантип жазалай турганын Жезекиел аркылуу ачык эле айткан. Ал: «Алар сүргүнгө, туткунга айдалышат»,— деген (Жез. 12:11). Китептин 6-бөлүмүнөн билгенибиздей, Жезекиел Жахабанын кандай өкүм чыгарганын атүгүл иш-аракеттери менен көрсөткөн. Бирок бул ысрайылдыктарга берилген биринчи эскертүү эмес болчу. Дээрлик миң жылдай мурун эле, Мусанын күндөрүнөн тартып эле, Жахаба өз элине, эгер козголоңчул рух көрсөтүп, жолунан кайтышпаса, туткунга кетерин эскертип келген (Мыйз. 28:36, 37). Ышая жана Жеремия пайгамбарлар да ушул сыяктуу эскертүүлөрдү айтышкан (Ыш. 39:5—7; Жер. 20:3—6).

7. Жахаба элин кандай жолдор менен жазалаган?

7 Тилекке каршы, андай эскертүүлөр ысрайылдыктардын кулагынан кайып өткөн. Бул Жахабанын жүрөгүн ооруткан. Жаман койчулардын таасири менен эл Жахабага каршы чыккан жана жалган кудайларга сыйынып, ишенимдүүлүгүн сактабай, бузулуп кеткен. Ошондуктан Жахаба Ысрайыл жеринде ачарчылык болушуна жол берген. «Сүт менен бал аккан жерде» ачарчылыктын болгону элдин каргашага кабылып, уятка калганын билдирген (Жез. 20:6, 7). Анан, тээ эзелтен айттыргандай эле, Жахаба ээн баш элин туткунга кетирип жазалаган. Б.з.ч. 607-жылы Бабылдын падышасы Небухаданасар Иерусалимге акыркы жолу сокку уруп, шаарды жана андагы ибадаткананы талкалаган. Аман калган миңдеген жүйүттөр Бабылга туткундалып кетишкен. Ошондо алар бөлүмдүн башындагы абзацтарда сүрөттөлгөн шылдыңга, каршылыкка туш болушкан.

8, 9. Кудай Исанын жолдоочуларына чындыктан четтөөчүлүккө каршы турушу керектигин кантип эскерткен?

8 Бабылга туткунга кеткен ысрайылдыктар менен Исанын жолдоочуларынын жагдайында окшоштуктар бар беле? Ооба. Исанын жолдоочуларына да алдын ала эскертүү берилген. Иса кызматын жаңы баштаган убакта: «Жалган пайгамбарлардан сак болгула. Алар силерге кой терисин жамынып келишет, бирок, чындыгында, алар — жырткыч карышкырлар»,— деп айткан (Мт. 7:15). Бир канча жыл өткөндөн кийин ыйык рухтун жетеги менен элчи Пабыл да ушул сыяктуу сөздөрдү айтып: «Мен кеткенден кийин, араңарга оторду аябаган ач карышкырлардын кирерин билем. Андан сырткары, шакирттерди ээрчитип кетиш үчүн өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат»,— деген (Элч. 20:29, 30).

9 Исанын жолдоочулары андай кишилерди аныктоого жана алардан кантип качуу керектигине үйрөтүлүшкөн. Аксакалдарга жыйналышты чындыктан четтөөчүлүктүн таасиринен тазалашы керектиги айтылган болчу (1 Тим. 1:19; 2 Тим. 2:16—19; 2 Пет. 2:1—3; 2 Жкн. 10). Ошентсе да, байыркы Ысрайыл менен Жүйүт эли сыңары, Исанын көптөгөн жолдоочулары Кудайдын мээримдүүлүк менен берген эскертүүлөрүнө кулак какпай башташкан. Натыйжада 1-кылымдын аяк ченинде жыйналышта чындыктан четтөөчүлүк тамыр ала баштаган. Ал убакта көзү тирүү элчилердин акыркысы Жакан жыйналыштын ошондой терс таасирден жапа чеккенин жана козголоңчул рухтун кеңири жайылганын өз көзү менен көргөн. Ал кезде ошондой бузулган таасирге каршы турган жалгыз эле элчи ошол болчу (2 Тес. 2:6—8; 1 Жкн. 2:18). Ал көз жумгандан кийин эмне болгон?

10, 11. Исанын буудай жана отоо чөп жөнүндөгү мисалында айтылгандар б.з. 2-кылымынан тартып кантип аткарыла баштаган?

10 Жакандын көзү өткөндөн кийин Исанын буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалында айтылгандар аткарыла баштаган. (Окугула: Матай 13:24—30.) Шайтан жыйналыштын арасына «отоо чөптүн» уругун — Исанын жолдоочулары атангандарды — сепкен. Көп өтпөй жыйналыш бузула баштаган. Өз Уулу негиздеген жыйналыштын бурканга сыйынуу, жалган кудайларга багышталган майрамдар менен каада-салттар, Кудайды тааныбаган философтордун жана Шайтан жайылткан диндердин жалган окуулары менен ууланганын көргөндө Жахаба аябай кейисе керек! Ал эмне кылган? Элинин, ишенимсиз байыркы ысрайылдыктардай эле, туткундалышына жол берген. Б.з. 2-кылымы башталгандан бир нече убакыт өткөндөн тартып Исанын буудайга окшош шакирттери жөн эле ошентип атангандардын арасына сиңип, дээрлик жок болуп кеткен. Ошентип, алар жалган диндин дүйнөлүк империясы Улуу Бабылдын кулчулугунда калган. Машаяктын жолдоочусу атангандар болсо ал империя менен камыр-жумур болуп кеткен. Алар өркүндөп-өсүп отуруп, акыры, христиан дүйнөсү түптөлгөн.

11 Анткен менен христиан дүйнөсү үстөмдүк кылып турган рухий караңгылык баскан доорлордо Исанын мисалындагы «буудайга» окшогон чыныгы шакирттер болгон. Жезекиел 6:9да айтылган туткунда жүргөн жүйүттөрдөй болуп, алар чыныгы Кудайды эсинен чыгарышкан эмес. Айрымдары христиан дүйнөсүнүн жалган окууларына кайраттуулук менен каршы турушкан. Ошондуктан шылдыңга алынып, куугунтукталышкан. Жахаба өз элин ошол рухий караңгылыкта түбөлүккө калтырып коёт беле? Жок. Байыркы Ысрайылдын күндөрүндөгүдөй эле, ал тийиштүү деңгээлге жана тийиштүү убакытка чейин гана каарданган (Жер. 46:28). Мындан тышкары, Жахаба элин үмүтсүз калтырган эмес. Анда Бабылга кеткен жүйүттөрдүн жагдайына жана Жахабанын аларга туткундан бошотуларын айтып кантип үмүт бергенине кайрылалы.

Улуу Бабыл Машаяктын чыныгы жолдоочуларын кылымдар бою куугунтуктап келген (10, 11-абзацтарды карагыла)

«Ачуум басылат»

12, 13. Жахабанын Жезекиелдин күндөрүндө туткунда жүргөн элине кайнаган каары эмне үчүн акыры кайт болмок?

12 Жахаба өз элине каарын төгөрүн түз эле айтканы менен, адилеттүү түрдө ачууланганы түбөлүккө созулбай турганына ынандырган. Мисалы, анын бул сөздөрүнө көңүл бурсаңар: «Ошондо ачуум басылат, аларга кайнаган каарымды кайт кылып, тынчтанам. Каарым басылганда, алар муну мен, Жахаба, толук берилгендикти талап кылгандыктан айтканымды билишет» (Жез. 5:13). Жахабанын каары эмне үчүн акыры кайт болмок?

13 Туткундардын арасында ишенимсиз мекендештери менен чогуу кеткен ишенимдүү жүйүттөр да болгон. Ошондой эле, Кудай Жезекиел аркылуу алдын ала айткандай, туткунда жүргөн элинин арасынан өкүнгөндөр да болмок. Чын жүрөктөн өкүнгөн ал жүйүттөр Кудайга каршы чыгып уятсыз иштерди кылышканын мойнуна алышмак жана андан кечиришин, ырайым кылышын жалбарып өтүнүшмөк (Жез. 6:8—10; 12:16). Алардын арасында Жезекиел, Даниел жана анын үч досу болгон. Даниел узак жашап, элинин туткунга кеткенине да, мекенине кайтканына да күбө болгон. Анын ысрайыл элинин күнөөлөрү үчүн өкүнүп тиленгени Даниел китебинин 9-бөлүмүндө жазылган. Анын сезимдери Жахабанын кечиришин жана кайрадан бата беришин узак убактан бери эңсеп жүргөн туткундагы миңдеген жүйүттөрдүн сезимдерин чагылдырганы шексиз. Андыктан Жезекиелдин алардын эркиндикке чыгары жана таза сыйынуунун калыбына келтирилери жөнүндө айткандары алардын жүрөгүн кандай гана козгогон!

14. Жахаба эмне үчүн өз элин мекенине кайтармак?

14 Анткен менен Жахабанын элинин азаттыкка чыгышында жана таза сыйынуунун калыбына келтирилишинде андан да маанилүү бир маселе камтылган. Алар узакка созулган туткундан эркиндикке чыгууга татыктуу болгону үчүн эмес, Жахабанын бардык элдердин алдында өз ысымын ыйыктай турган убагы келгени үчүн бошотулушкан (Жез. 36:22). Бабылдыктар Мардук сыяктуу жалган кудайларын Эгедер Теңир Жахаба менен салыштырып болбой турганын айкын түшүнүшү керек болчу! Эмесе, Жахаба Жезекиелди мекендештерине айтууга шыктандырган беш убаданы карап чыгалы. Алгач алардын ар бири байыркы ишенимдүү адамдар үчүн кандай мааниге ээ болгонун карайбыз. Анан чоң масштабда кантип аткарылганына токтолобуз.

15. Туткундан кайтып келгендердин сыйынуусунда кандай өзгөрүүлөр болмок?

15 1-УБАДА. Бурканга табынуу жоюлат жана жалган дин менен байланышы бар жийиркеничтүү башка иштер кылынбай калат. (Окугула: Жезекиел 11:18; 12:24.) Китептин 5-бөлүмүндө каралгандай, Иерусалим, андагы ибадаткана жалган диндин бурканга табынуу сыяктуу иштери менен арамдалган. Ошонун айынан эл бузулуп, Жахабадан алыстап кеткен. Бирок Жахаба таза сыйынуу кайрадан калыбына келтирилип, туткундагылар ага сыйына турган убакыт келерин Жезекиел аркылуу айткан. Кудайдын калыбына келтирүү ишине байланыштуу төгө турган баталарынын баары ушул эң маанилүү нерседен — таза сыйынуунун калыбына келтирилишинен — көз каранды болмок.

16. Жахаба өз элине мекенине байланыштуу кандай үмүт берген?

16 2-УБАДА. Мекенине кайтып барышат. Жахаба туткундагыларга: «Силерге Ысрайыл жерин берем»,— деген (Жез. 11:17). Кудайдын элин мазактаган бабылдыктар аларды өз эрки менен эч качан бошотмок эмес, өз мекенине да коё бермек эмес, ошондуктан бул өзгөчө убада болгон (Ыш. 14:4, 17). Мындан тышкары, туткундан бошонгондор Кудайга ишенимдүүлүгүн сакташса, жери түшүмдүү болуп, молчулук болмок. Эл жер иштетип, тоё жемек. Алардын ачарчылыктын азабын тартып уят болгону өткөндүн ишине айланмак. (Окугула: Жезекиел 36:30.)

17. Жахаба ага арналган курмандыктар жөнүндө кандай убада берген?

17 3-УБАДА. Жахабанын курмандык жайына кайрадан тартуулар алынып келинет. Бул китептин 2-бөлүмүндө айтылгандай, Мыйзамга ылайык, курмандыктарды чалуу, тартууларды алып келүү таза сыйынуунун маанилүү бөлүгү болгон. Туткундан кайтып келгендер Жахабага баш ийип, рухий жактан таза болушса, ал алардын тартууларын кабыл алмак. Ошонун аркасында эл күнөөсүнөн тазаланып, аны менен жакын мамиледе болмок. Жахаба аларга: «Бүт Ысрайыл үйү, мага кызмат кылат. Ошол жерде мен аларды кабыл алам. Ошол жерде ыйык нерселерден турган курмандыктарыңар менен мыкты тартууларыңарды талап кылам»,— деген убада берген (Жез. 20:40). Таза сыйынуу чын эле калыбына келтирилип, Кудайдын эли мол бата алмак.

18. Жахаба өз элин кантип кайтармак?

18 4-УБАДА. Жаман койчулар четке кагылат. Кудайдын элинин олуттуу күнөөлөргө батышына, негизинен, жетекчиликти колго алган бузулган кишилердин терс таасири себеп болгон. Бирок Жахаба жагдайды оңдой турганын убада кылган. Ошол жаман койчулар туурасында ал: «Аларга койлорумду бактырбайм... Мен койлорумду алардын оозунан сактап калам»,— деген. Анан ишенимдүү элин: «Мен... койлорума... кам көрөм»,— деп ынандырган (Жез. 34:10, 12). Ал муну кантип кылмак? Ал койчу кылып ишенимдүү, берилген кишилерди дайындамак.

19. Жахаба биримдик жөнүндө кандай убада берген?

19 5-УБАДА. Жахабага сыйынгандардын ортосунда биримдик болот. Туткунга кеткенге чейин Жахабанын элинин биримдиги ыдыраганын көрүп ишенимдүү кызматчылар канчалык жаман болгонун элестетсеңер. Жалган пайгамбарлар менен бузулган койчулардын таасири менен эл Жахабанын өкүлдөрү болгон пайгамбарларга каршы чыккан. Ошондой эле өз ара касташкан топторго бөлүнүп кеткен. Андыктан Жахабанын Жезекиел аркылуу: «Мен аларга бир жүрөк берем, алардын ичине жаңы рух салам»,— деп айткан убадасы кайра калыбына келтирүү чарасынын эң бир жагымдуу өзгөчөлүгү болгон (Жез. 11:19). Туткундан кайтып келгендер Жахаба менен жана бири-бири менен биримдикте болгондо гана аларды бир да душман жеңе алмак эмес. Алар Жахабанын ысымына шек келтирип, аны уятка калтырбай, мурункудай бир бүтүн эл катары аны даңкташмак.

20, 21. Кудайдын убадалары туткундан кайтып келгендердин жашоосунда кантип аткарылган?

20 Туткундан кайтып келгендер ушул 5 убаданын аткарылганын көрүштү беле? Байыркы убакта жашаган Жашыянын: «Жахаба Кудайыңардын силерге берген убадаларынын бири да аткарылбай калбаганын жакшы билесиңер. Алардын баары аткарылды, бири да аткарылбай калган жок»,— деген сөздөрүн эсибизден чыгарбаганыбыз жакшы (Жаш. 23:14). Жахабанын убадалары Жашыянын күндөрүндө кандай аткарылса, мекенине кайтып келген жүйүттөрдүн күндөрүндө да ошондой эле аткарылган.

21 Жүйүттөр бурканга табынуудан жана Жахабадан алыстаткан жалган диндин жийиркеничтүү каада-салттарынан арылышкан. Мүмкүн эместей көрүнсө да, алар мекенине кайтып келип, ал жакта жашап, жерлерин иштетип, маңыздуу жашоо өткөрүшкөн. Алар эң алгач Жахабанын Иерусалимдеги курмандык жайын калыбына келтирип, ага жаккан курмандыктарды чала башташкан (Эзра 3:2—6). Жахаба аларга ишенимдүү дин кызматчы, көчүрмөчү Эзра, башкаруучу Некемия жана Зоробабыл, башкы дин кызматчы Жашыя, кайраттуу Акай, Закарыя, Малаки пайгамбарлар сыяктуу камкор рухий койчуларды берген. Эл Жахабанын көрсөтмөлөрү менен жетекчилигине баш ийип жашаса, алардын арасында эзелкидей биримдик өкүм сүрмөк. (Ыш. 61:1—4; окугула: Жеремия 3:15.)

22. Калыбына келтирүү жөнүндөгү пайгамбарлыктардын биринчи жолку аткарылышы келечекте боло турган алда канча зор нерселерден кабар бергенин кайдан билебиз?

22 Жахабанын кайра калыбына келтирүү жөнүндөгү убадаларынын биринчи жолку аткарылышы туткундан кайтып келген жүйүттөргө дем-күч бергени айтпаса да түшүнүктүү. Ошентсе да алардын аткарылышы келечекте боло турган алда канча зор нерселерден кабар берген. Муну кайдан билебиз? Убадалар бир шарт аткарылганда гана жүзөгө ашмак: Жахаба убадаларын эл ага канчалык деңгээлде баш ийип, айткандарына ылайык жашаса, ошончолук деңгээлде гана аткармак. Убакыттын өтүшү менен жүйүттөр кайра эле ага баш ийбей, каршы чыгышкан. Бирок, Жашыя айткандай, Жахаба дайыма сөзүнө турат. Андыктан ал убадалардын аткарылышынын масштабы да, мөөнөтү да алда канча чоң болмок. Анда алар кантип аткарылган?

«Силерди кабыл алам»

23, 24. «Баары калыбына келтириле турган убак» качан жана кантип башталган?

23 Ыйык Китепти изилдегендиктен биз бул ыймансыз дүйнөнүн акыркы күндөрү 1914-жылы башталганын билебиз. Бирок буга кейибейбиз. Анткени Ыйык Китептен 1914-жылы жүрөк толкутарлык бир нерсенин, «баары калыбына келтириле турган убактын», башталганын билебиз (Элч. 3:21). Эмне үчүн минтип айтууга болот? 1914-жылы асманда кандай окуя болгону эсиңердеби? Иса Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары такка отурган. Ал окуя кайра калыбына келтирүүнүн башталышы болду беле? Жахабанын Дөөтүгө анын тукуму бийлик жүргүзө турган падышалыктын түбөлүккө турарын убада кылганын унутпайлы (1 Жылн. 17:11—14). Ал падышалыктын бийлиги б.з.ч. 607-жылы бабылдыктар Иерусалимди талкалап, Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышаны тактыдан түшүргөндө токтогон.

24 «Адам Уулу» катары Иса Дөөтүнүн урпагы болгон, ушундайча ал Дөөтүнүн падышалыгынын мыйзамдуу мураскору болуп калган (Мт. 1:1; 16:13—16; Лк. 1:32, 33). 1914-жылы Жахаба аны асмандагы такка отургузганда, «баары калыбына келтириле турган убак» башталган. Ошондо Жахаба ал жеткилең Падышаны колдонуп калыбына келтирүү ишин улантууга киришкен.

25, 26. а) Узак убак бою Улуу Бабылдын туткунунда жүргөн Кудайдын эли качан азаттыкка чыккан? («Эмне үчүн 1919-жылы?» деген кутучаны да карагыла.) б) 1919-жылдан тартып кайсы пайгамбарлык аткарыла баштаган?

25 Исанын Падыша катары аткарган алгачкы иштеринин бири Атасы менен бирге жердеги таза сыйынууга байланышкан иш-чараларды текшерүү болгон (Мал. 3:1—5). Иса буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалында айткандай эле, узак убакытка чейин буудайды отоо чөптөн — Исанын чыныгы жолдоочуларын жөн эле ошентип атангандардан — айырмалоо мүмкүн эмес болгон *. Ал эми 1914-жылы орок маалы башталганда, алардын ортосундагы айырма айдан ачык болуп калган. 1914-жылга чейин ондогон жылдар бою Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр олуттуу күнөөлөргө баткан христиан дүйнөсүнүн бетин ачып келген жана ошол бузулган уюмдан бөлүнө баштаган. Ал кез Жахабанын таза сыйынууну толугу менен калыбына келтирер маалы эле. Ошентип, 1919-жылдын башында, «орок маалы» башталгандан бир нече жыл өткөндөн кийин эле, Кудайдын эли Улуу Бабылдын туткунунан биротоло бошотулган (Мт. 13:30). Алардын туткунда жүргөн убагы соңуна чыккан!

26 Жезекиелдин кайра калыбына келтирүү тууралуу айткандары Кудайдын байыркы убактагы эли күбө болгондогудан алда канча чоң масштабда аткарыла баштаган. Анда буга чейин каралган 5 убаданын чоң масштабда кантип аткарылганына токтололу.

27. Кудай өз элин бурканга сыйынуудан кантип тазалаган?

27 1-УБАДА. Бурканга табынуу жоюлат жана жалган дин менен байланышы бар жийиркеничтүү башка иштер кылынбай калат. 19-кылымдын аяк ченинде жана 20-кылымдын башында чакан топ болуп чогулуп турган Машаяктын ишенимдүү жолдоочулары жалган диндин каада-салттарынан баш тарта башташкан. Алар жалган динден тамыр алган жана Ыйык Китепке негизделбеген Үчилтикти аздектөө, жандын өлбөстүгү, тозок оту сыяктуу окууларды четке кагышкан. Кудайга сыйынууда сөлөкөттөрдү колдонуу бурканга табынууга жатарын айкын түшүнүшкөн. Бара-бара сыйынууда крестти колдонуу да бурканга табынууга жатары айкын болгон (Жез. 14:6).

28. Жахабанын эли кандай мааниде рухий жерге кайтып барган?

28 2-УБАДА. Кудайдын эли рухий жерге кайтып барат. Улуу Бабылга таандык динди таштагандан кийин Машаяктын ишенимдүү жолдоочулары рухий маанидеги ылайыктуу жерде жашап калышкан. Баталуу андай чөйрөдө алар мындан ары рухий ачарчылыктын азабын эч качан тартышмак эмес. (Окугула: Жезекиел 34:13, 14.) Ушул китептин 19-бөлүмүнөн көбүрөөк биле турганыбыздай, Жахаба ал жерге рухий тамакты болуп көрбөгөндөй мол берип батасын төккөн (Жез. 11:17).

29. 1919-жылы кабар айтуу иши кантип кеңири кулач жайган?

29 3-УБАДА. Жахабанын курмандык жайына кайрадан тартуулар алынып келинет. Б.з. 1-кылымында Исанын жолдоочулары Кудайга кадимки малды эмес, алда канча баалуу нерселерди курмандыкка чалышы керектигине үйрөтүлүшкөн. Алар башкаларга Кудай жөнүндө айтып, аны оозу менен даңктамак (Евр. 13:15). Ал эми алар каймана туткунда жүргөн мезгилде андай курмандыктарды чалууга шарт түзгөн эч кандай иш-чаралар болгон эмес. Бирок ал мезгил соңуна чыгайын деп калганда алар Кудайды даңктаган андай курмандыктарды чала башташкан. Кабар айтуу иши менен алек болуп, жыйналыштарда кубанып-шаттанып Кудайды даңктай беришкен. 1919-жылдан тартып «ишенимдүү жана акылдуу кул» кабар айтуу ишине көп басым жасап, анын кылдат жүргүзүлүшүнө кам көргөн (Мт. 24:45—47). Ошентип, Жахабанын курмандык жайы анын ыйык ысымын даңктаган жана күн санап өсүп жаткан кызматчылары алып келген курмандыктарга толгон!

30. Машаяк элинин жакшы койчуларга болгон муктаждыгын канааттандырыш үчүн эмне кылган?

30 4-УБАДА. Жаман койчулар четке кагылат. Иса Кудайдын элин христиан дүйнөсүнүн бузулган, керт башын гана ойлогон жалган койчуларынын колунан куткарган. Исанын оторундагы ошондой койчулардай иш кылган койчулар кызматынан бошотулган (Жез. 20:38). Жакшы койчу катары Иса койлорунун жакшы багылышына кам көргөн. Ал 1919-жылы ишенимдүү жана акылдуу кулду дайындаган. Майлангандардан турган ал чакан топ, Кудайдын элине жакшы кам көрүлүшү үчүн, рухий тамак менен камсыз кылуу ишин жетектеген. Убакыттын өтүшү менен аксакалдар «Кудайдын... оторуна» кам көрүүгө жардам бергенге үйрөтүлүшкөн (1 Пет. 5:1, 2). Ыйык рухтун жетеги менен жазылган Жезекиел 34:15, 16-аяттардагы сөздөр Жахаба менен Исанын үлгүсүн жыйналыштагы койчулардын эсине салып туруу үчүн көп колдонулуп келет.

31. Жахаба Жезекиел 11:19дагы пайгамбарлык сөздү кантип аткарган?

31 5-УБАДА. Жахабага сыйынгандардын ортосунда биримдик болот. Кылымдар бою христиан дүйнөсү он миңдеген агымдарга, анын ичинде кайнаса каны кошулбаган сансыз топторго, секталарга бөлүнүп келген. Жахабанын калыбына келтирилген эли алардан кандай гана айырмаланат. Жахаба аларга байланышкан бир кереметтүү иш кылган. Анын Жезекиел аркылуу айткан: «Мен аларга бир жүрөк берем»,— деген убадасы укмуштуудай аткарылган (Жез. 11:19). Дүйнө жүзү боюнча Машаяктын ар кандай этностук топтордон, диндерден чыккан жана экономикалык, социалдык абалы ар кандай миллиондогон жолдоочулары бар. Ошого карабай алардын баарына бирдей эле чындыктар окутулуп, алар бирдей эле ишти таң каларлык шайкештикте аткарып жатышат. Жердеги жашоосунун акыркы түнүндө Иса Кудайдан жолдоочуларынын биримдикте болушун сурап жалындуу тиленген. (Окугула: Жакан 17:11, 20—23.) Учурда Жахаба Исанын ошол өтүнүчүн чоң деңгээлде аткарууда.

32. Калыбына келтирүү жөнүндөгү пайгамбарлыктардын аткарылышына карата кандай ойдосуңар? («Элдин туткундалышы жана калыбына келтирилиши жөнүндөгү пайгамбарлыктар» деген кутучаны карагыла.)

32 Таза сыйынуу калыбына келтирилген жүрөк толкутарлык ушул убакта жашап жатканыбызга кандай гана сүйүнөбүз! Бүгүн биз Жезекиелдин сөздөрүнүн аткарылып жатканына сыйынуубуздун ар бир тармагында күбө болуп жатабыз. «Силерди кабыл алам» деп Жезекиел аркылуу айттырган Жахабанын өз элине ыраазы болуп жатканынан кенедей да шектенбесек болот (Жез. 20:41). Биримдикте кызмат кылып, рухий жактан жакшы азыктанып, Кудайды дүйнө жүзү боюнча даңктап жаткан элдин — кылымдар бою рухий туткунда жүрүп эркиндикке чыккан элдин — мүчөсү болгонуңарды сыймык катары көрөрүңөр күмөнсүз. Бирок Жезекиелдин калыбына келтирүү жөнүндө айткандарынын кээси келечекте да аткарылышы керек.

«Эйден багындай»

33—35. а) Жезекиел 36:35те жазылгандар туткунда жүргөн жүйүттөр үчүн кандай мааниге ээ болгон? б) Ал пайгамбарлык сөздөр Жахабанын бүгүнкү күндөгү эли үчүн кандай мааниге ээ? («Баары калыбына келтириле турган убак» деген кутучаны карагыла.)

33 Буга чейин билгенибиздей, «баары калыбына келтириле турган убак» 1914-жылы Иса такка отуруп, Дөөтүнүн падышалык тукуму кайрадан бийлик жүргүзө баштаганда башталган (Жез. 37:24). Ошондон кийин Жахаба Машаякка кылымдар бою рухий туткунда жүргөн элинин арасында таза сыйынууну калыбына келтирүүгө бийлик берген. Бирок Машаяк жетектеген ал иш ошону менен эле токтоп калды беле? Жок. Ал иш өзгөчө жол менен келечекте улантылмак. Анын кызыктуу өзгөчөлүктөрү Жезекиелдин пайгамбарлыктарында жазылган.

34 Маселен, Жезекиел 36:35теги: «Ошондо: „Ээн калган бул жер Эйден багындай болуп калды“,— деп айтышат»,— деген сөздөр жөнүндө ойлонуп көрөлү. Ал убада Жезекиел үчүн, анын туткундагы мекендештери үчүн кандай мааниге ээ болгон? Албетте, алар калыбына келтирилген жер эң башында Жахаба өзү отургузган бактай — Бейиштей — болот деп, ал убаданын толугу менен түз мааниде аткарыларын күтүшкөн эмес (Башт. 2:8). Алар Жахабанын калыбына келтирилген жердин ажайып кооз жана түшүмдүү болорун айтып жатканын түшүнгөнү шексиз.

35 Ал убада биз үчүн кандай мааниге ээ? Биз Шайтан Ибилис башкарып жаткан азыркы ыймансыз дүйнөдө ал убада түз мааниде аткарылат деп күтпөйбүз, анын рухий мааниде аткарылып жатканын түшүнөбүз. Жахабанын кызматчылары катары биз калыбына келтирилген рухий жерде, башкача айтканда, рухий бейиште жашап жатабыз. Ал жерде Кудайдын ыйык кызматын жашообузда биринчи орунга коюп, ага жемиштүү кызмат кылып жатабыз. Ал рухий жер улам барган сайын көркүнө чыгып, кулпурууда. Ал эми келечек жөнүндө эмне дешке болот?

36, 37. Келечектеги Бейиште кайсы убадалар аткарылат?

36 Улуу Армагедон согушунан кийин Иса жүргүзгөн калыбына келтирүү иши кеңири кулач жайып, өз ичине кадимки жерди да камтыйт. Исанын Миң жылдык башкаруусунун тушунда адамзат анын жетекчилиги астында Жер планетасын, Жахаба башынан бери эле ниет кылгандай, дүйнөлүк Эйден багына, бейишке, айлантат (Лк. 23:43). Ошондо адамдар бири-бири менен да, табият менен да таттуу мамиледе болот. Аларга эч ким, эч нерсе коркунуч туудурбайт. Атүгүл: «Мен алар менен тынчтык келишимин түзөм, ал жердеги коркунучтуу жырткычтарды жок кылам. Алар ээн талаада коопсуз жашайт, токойлордо уктайт»,— деген убада аткарыла турган убак келет (Жез. 34:25).

37 Элестетсеңер, учу-кыйыры жок жердин каалаган жерине эч нерседен коркпой бара аласыңар. Бир да жаныбар кол салбайт. Жүрөгүңөрдөгү тынчтыкты эч нерсе бузбайт. Жалгыз эле түнт токойду аралай басып, табияттын сулуулугуна суктана аласыңар. Каалаган жериңерге уктап, бейпилдикте жатып, бейпилдикте ойгоносуңар.

Атүгүл түнт токойдо коопсуз уктай ала турган убакыттын келерин элестетсеңер (36, 37-абзацтарды карагыла)

38. Жезекиел 28:26да жазылган убада аткарылган маалды элестеткенде кандай сезимде болосуңар?

38 Ошондой эле: «Алар ошол жерде коопсуз жашашат, үй курушат, жүзүм отургузушат. Тегерегиндегилерге, аларды жек көргөндөргө чыгарган өкүмдөрүмдү ишке ашырганда, элим коопсуз жашайт. Ошондо менин өздөрүнүн Кудайы Жахаба экенимди билишет»,— деген убаданын да аткарылганын көрөбүз (Жез. 28:26). Жахабанын душмандарынын баары ойрон болгондон кийин, жер бетинде тынчтыкта жана коопсуздукта өмүр сүрөбүз. Жерге аяр мамиле кылып, ыңгайлуу үйлөрдү курабыз, жүзүмзарларды отургузабыз. Ушундайча өзүбүзгө да, жакшы көргөн жакындарыбызга да кам көрөбүз.

39. Жезекиел жазган Бейиш жөнүндөгү пайгамбарлык сөздөрдүн баары аткарыларынан эмне үчүн шектенбесеңер болот?

39 Бул убадалар силерге тек гана кыялдай сезилген жокпу? Эгер ошондой болсо, анда «баары калыбына келтирилип» жаткан азыркы убакта эмнелерге күбө болгонуңар жөнүндө ойлонуп көргүлө. Каардуу Шайтандын болуп көрбөгөндөй катуу каршылыгына карабай, Исага бийлик берилген жана ал рухий караңгылык баскан азыркы доордо таза сыйынууну калыбына келтирүүдө. Бул — Жахабанын Жезекиел аркылуу айттырган убадаларынын баары аткарыларынын кандай гана зор далили!

^ 2-абз. Жүйүт туткундарынын көбү Бабыл шаарынын чет жакасындагы конуштарда жашаган. Алсак, Жезекиел Кебар дарыясынын боюнан орун алган конуштагы жүйүттөрдүн арасында жашаган (Жез. 3:15). Бирок шаардын өзүндө турган жүйүттөр да болгон. Аларга «падыша тукумунан жана тектүүлөрдүн тукумунан чыккандар» кирген (Дан. 1:3, 6; 2 Пад. 24:15).

^ 25-абз. Мисалы, 16-кылымдагы реформаторлордун кимиси Машаяктын майланган кызматчысы болгонун так айта албайбыз.