Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12-БӨЛҮМ

«Аларды... бир эл кылам»

«Аларды... бир эл кылам»

ЖЕЗЕКИЕЛ 37:22

ӨЗӨК ОЙ: Жахабанын өз элин чогултары жөнүндөгү убадасы; эки таяк тууралуу пайгамбарлык

1, 2. а) Туткунда жүргөндөр эмне деп корксо керек? б) Алар эмне үчүн таң калган? в) Кайсы суроолорго токтолобуз?

КУДАЙДЫН рухунун жетеги менен Жезекиел пайгамбар Бабылда туткунда жүргөн жүйүттөргө ар кандай иш-аракети менен бир нече пайгамбарлык сөздү жеткирген. Алардын биринчисинде, экинчисинде, үчүнчүсүндө да, калгандарында да сот өкүмү камтылган (Жез. 3:24—26; 4:1—7; 5:1; 12:3—6). Анын иш-аракетинин баары жүйүттөргө катуу өкүм чыгарылганынын жышааны болгон.

2 Андыктан Жезекиел кайрадан элдин алдына чыгып, пайгамбарлык мааниге ээ кийинки иш-аракетти көрсөтмөкчү болгондо, баарынын канчалык коркконун элестетсек болот. Алар: «Бул жолу дагы кандай суук кабар айтат болду экен?» — деп бушайман болсо керек. Бирок мунусунда алар күткөндөй болгон эмес. Жезекиел такыр башкача нерселерди көрсөтө баштаган. Анын пайгамбарлыгында мүңкүрөткөн сот өкүмү эмес, жан дүйнөгө жарык шоола чачкан убада камтылган (Жез. 37:23). Жезекиел эмне болгон кабарды айткан? Ал эмнени билдирген? Анын Кудайдын бүгүнкү күндөгү кызматчыларына кандай тиешеси бар? Келгиле, ушуларга токтололу.

«Алар менин колумда бир таяк болот»

3. а) «Жүйүткө» деп жазылган таяк эмнени билдирген? б) «Эпрайымдын таягы» эмне үчүн он уруудан турган падышалыкты билдирген?

3 Жахаба Жезекиелге эки таяк алып, бирине «Жүйүткө» деп, экинчисине «Жусупка, Эпрайымдын таягына» деп жазышы керектигин айткан. (Окугула: Жезекиел 37:15, 16.) Ал эки таяк эмнени билдирген? «Жүйүткө» деп жазылган таяк эки уруудан, Жүйүт менен Бенжеминден, турган падышалыкты билдирген. Жүйүт уруусунан чыккан падышалар эки урууну башкарган; ошондой эле дин кызматчылык да ал уруулар менен тыгыз байланышта болгон, себеби дин кызматчылар Иерусалимдеги ибадатканада кызмат кылышчу (2 Жылн. 11:13, 14; 34:30). Демек, Жүйүт падышалыгы да, Леби уруусундагы дин кызматчылар да Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышаларды колдогон. Ал эми «Эпрайымдын таягы» Ысрайылдын он уруудан турган падышалыгын билдирген. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Себеби он уруудан турган падышалыктын биринчи падышасы Жеробам Эпрайым уруусунан чыккан. Бара-бара Эпрайым Ысрайылдагы эң таасирдүү урууга айланган (Мыйз. 33:17; 1 Пад. 11:26). Ысрайылдын он уруудан турган ал падышалыгына Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышалардын жана Леби уруусундагы дин кызматчылардын кирбегени көңүлгө аларлык.

4. Жезекиелдин эки таякты андан ары эмне кылганы эмнени билдирген? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.)

4 Эки таяк «бир таяк болушу» үчүн, Жезекиелге андан ары эки таякты бириктириши керектиги айтылган. Кооптоно карап турган туткундар андан: «Булардын эмнени билдирерин бизге түшүндүрүп бересиңби?» — деп сурашканда, ал анын иш-аракеттери Жахабанын эмне кыларын билдирерин айткан. Ал эки таяк жөнүндө Жахаба: «Мен... аларды бир таяк кылам; алар менин колумда бир таяк болот»,— деген (Жез. 37:17—19).

5. Жезекиелдин иш-аракеттери эмнени билдирген? («Эки таяктын бириктирилиши» деген кутучаны да карагыла.)

5 Андан соң Жахаба ал эки таяктын бириктирилиши эмнени билдирерин түшүндүргөн. (Окугула: Жезекиел 37:21, 22.) Эки уруудан турган Жүйүт менен он уруудан турган Ысрайыл (Эпрайым) падышалыгынан туткунга кеткендер Ысрайыл жерине алынып келинип, «бир эл» болмок (Жер. 30:1—3; 31:2—9; 33:7).

6. Жезекиел китебинин 37-бөлүмүндө кандай эки пайгамбарлык жазылган?

6 Жезекиел китебинин 37-бөлүмүндө жазылгандар калыбына келтирүү иши тууралуу пайгамбарлыктарды эң сонун толуктап турат. Алсак, алардан Жахабанын өз элин туткундан бошотуп эле койбой (1—14-аяттар), аларды бириктире да ала турган Кудай экенин билүүгө болот (15—28-аяттар). Эки пайгамбарлыкта тең Жахаба элин азаттыкка чыгара да алат, башын кошуп бириктире да алат деген жүрөк толкутарлык ой камтылган.

Жахаба аларды кантип чогулткан?

7. 1 Жылнаама 9:2, 3тө жазылгандар «Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок» экенин кантип тастыктап турат?

7 Адамдык көз караш менен караганда, ал туткундардын эркиндикке чыгышы жана биригиши таптакыр мүмкүн эмес болчу *. Бирок «Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок» (Мт. 19:26). Ал өзү алдын ала айткандарды аткарган. Бабылга туткунга кеткендер б.з.ч. 537-жылы бошонушкан. Ошондон кийин эки падышалыктын тең эли таза сыйынууну калыбына келтирүүгө жардам бериш үчүн Иерусалимге кайтып келген. Муну Кудайдын жетеги менен жазылган: «Иерусалимде Жүйүт уулдарынын, Бенжемин уулдарынын, Эпрайым менен Менаше уулдарынын айрымдары жашаган»,— деген сөздөр тастыктоодо (1 Жылн. 9:2, 3; Эзра 6:17). Чын эле, Жахаба айткандай, ошондо он уруудан турган Ысрайыл падышалыгы менен эки уруудан турган Жүйүт падышалыгынын өкүлдөрү биригишкен.

8. а) Ышая эмнени алдын ала айткан? б) Жезекиел 37:21де кандай эки маанилүү нерсе жазылган?

8 Ошондон 200 жылдай мурун Ышая пайгамбар Ысрайыл эли менен Жүйүт эли туткундалгандан кийин эмне болорун айткан. Ал Жахабанын «Ысрайылдын туш-тушка чачыраган эли» менен «Жүйүттүн чачырап кеткен элин төгөрөктүн төрт бурчунан», анын ичинде «Ашурдан бери» жыйнай баштай турганын алдын ала айткан (Ыш. 11:12, 13, 16). Анан Жахаба, чын эле өзү айткандай, «Ысрайыл уулдарын өздөрү барган элдердин арасынан алып чыккан» (Жез. 37:21). Эки маанилүү нерсеге көңүл бурсаңар: Бул жолкусунда Жахаба туткундарды «Жүйүт», «Эпрайым» деп айтпай, бир топ катары «Ысрайыл уулдары» деп атаган. Мындан тышкары, ысрайылдыктар Бабылдан эле эмес, ар жерден — «туш-туштан» — чогулган эл катары сүрөттөлгөн.

9. Жахаба туткундан кайтып келгендерге биригүүгө кантип жардам берген?

9 Жахаба Ысрайылга кайтып келген туткундарга биригүүгө кантип жардам берген? Ал аларга Зоробабыл, башкы дин кызматчы Жашыя, Эзра, Некемия сыяктуу рухий койчулар аркылуу кам көргөн. Акай, Закарыя, Малаки пайгамбарларды да жиберген. Кудайга берилген ал кишилердин баары элди Кудайдын көрсөтмөлөрүнө карманууга жан-дили менен үндөшкөн (Нек. 8:2, 3). Андан сырткары, Жахаба өз элин душмандары түзгөн кутумдарды бузуп коргогон (Эст. 9:24, 25; Зак. 4:6).

Өз элине биригүүгө жардам бериш үчүн Жахаба рухий койчуларды колдонгон (9-абзацты карагыла)

10. Шайтан кантип акыры көздөгөнүнө жеткен?

10 Жахаба мээримин төгүп кам көрсө да, ысрайылдыктардын көбү таза сыйынууну колдобой калган. Алардын иштери Ыйык Китептин эл туткундан кайтып келгенден кийин жазылган китептеринде баяндалган (Эзра 9:1—3; Нек. 13:1, 2, 15). Кайтып келгенинен бир кылым өтпөй эле ысрайылдыктар таза сыйынууну четке кагып, андан ушунчалык алыстап кеткендиктен, Жахабага аларга: «Мага кайрылып келгиле»,— деп айтууга туура келген (Мал. 3:7). Иса жерге келгенге чейин эле жүйүттөрдүн дини ишенимсиз койчулар жетектеген бир нече сектага бөлүнүп кеткен (Мт. 16:6; Мр. 7:5—8). Ушундайча Шайтан Кудайдын элинин толугу менен биримдикте болушуна тоскоолдук кыла алган. Ошентсе да Жахабанын өз элин бириктирүү жөнүндөгү күн мурун айткандары сөзсүз жүзөгө ашмак. Кантип?

«Кызматчым Дөөтү аларга падыша болот»

11. а) Элин бириктирүү жөнүндөгү пайгамбарлык сөзгө байланыштуу Жахаба эмнени ачып берген? б) Асмандан куулгандан кийин Шайтан кайрадан эмне кылууга аракет кылган?

11 Окугула: Жезекиел 37:24. Жахаба өз элин бириктирери жөнүндө алдын ала айткандары кызматчысы Дөөтү — Иса — Падыша катары башкара баштаганда толугу менен аткарыларын ачып берген. Иса падышалык такка 1914-жылы отурган * (2 Шем. 7:16; Лк. 1:32). Ошол убакка чейин эле кадимки Ысрайылдын ордун рухий Ысрайыл, тактап айтканда, майлангандар ээлеп калышкан (Жер. 31:33; Гал. 3:29). Шайтан, өзгөчө асмандан куулгандан кийин, Кудайдын элинин биримдигин кайрадан бузууга аракет кылган (Аян 12:7—10). Мисалы, 1916-жылы Расселл көз жумгандан кийин, Шайтан майлангандардын ортосуна жик салыш үчүн айрымдарды колдонууга аракет кылган. Бирок көп өтпөй эле алар чындыктан четтеп, уюмдан кетип калышкан. Шайтандын таасири менен ошол убакта уюмда жетекчиликти колго алгандар түрмөгө да камалышкан. Бирок андан да эч майнап чыккан эмес, анткени Жахабанын эли жок болуп кеткен эмес. Жахабага берилгендигинен жазбаган майланган бир туугандар биримдигин сактап калышкан.

12. Шайтандын рухий Ысрайылды бөлүп-жарууга кылган аракети эмне үчүн ишке ашпай калган?

12 Ошентип, кадимки Ысрайылдан айырмаланып, рухий Ысрайыл Шайтандын бөлүп-жаруу үчүн колдонгон амалдарына туруштук берген. Анын аракети эмне үчүн ишке ашпай калган? Анткени майлангандар Жахабанын нормалары боюнча жашоого бүт күчүн жумшашкан. Натыйжада Падышасынын, Шайтанды жеңип келаткан Исанын, коргоосуна ээ болушкан (Аян 6:2).

Жахаба ага сыйынгандарды бириктирет

13. Эки таяктын бириктирилиши жөнүндөгү пайгамбарлыктан кандай маанилүү чындыкты билебиз?

13 Эки таяктын бириктирилиши жөнүндөгү пайгамбарлык бүгүнкү күндө кандай мааниге ээ? Анын мааниси адамдардын эки тобунун кантип биригерин көрсөтүү болгонун эстесеңер. Баарынан маанилүүсү, анда ошондой биримдик Жахабанын күчү менен болору баса белгиленет. Ал пайгамбарлыкта таза сыйынуу жөнүндө кандай маанилүү чындык камтылат? Жөнөкөй сөз менен айтканда, андан Жахабанын ага сыйынгандарды өзү бириктирерин биле алабыз (Жез. 37:19).

14. 1919-жылдан тартып таяктардын биригиши жөнүндөгү пайгамбарлык кантип чоңураак масштабда аткарыла баштаган?

14 1919-жылдан тартып, Кудайдын эли рухий жактан тазаланып, рухий бейишке кире баштагандан кийин, таяктардын биригиши жөнүндөгү пайгамбарлык чоң масштабда аткарыла баштаган. Ошол кезде бириктирилгендердин көпчүлүгү падышалар, дин кызматчылар катары асманда жашоо үмүтүнө ээ болушкан (Аян 20:6). Каймана мааниде ал майлангандар «Жүйүткө» деп жазылган таякка — Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышалар менен Леби уруусундагы дин кызматчылар кирген элге — окшош болушкан. Бирок убакыттын өтүшү менен ал рухий жүйүттөргө жерде жашоого үмүттөнгөндөр кошула берген. Алар «Эпрайымдын таягына» — Дөөтүнүн тукумунан чыккан падышалар менен Леби уруусундагы дин кызматчылар кирбеген элге — окшош болушкан. Эки топ тең чогуу Жахабанын эли катары Падышасы Исанын жетеги астында биримдикте кызмат кылууда (Жез. 37:24).

«Алар менин элим болот»

15. Жезекиел 37:26, 27де жазылган пайгамбарлык сөздөр бүгүнкү күндө кантип аткарылууда?

15 Жезекиелдин пайгамбарлык сөзүнүн өзүнөн эле таза сыйынууну колдош үчүн майлангандарга көптөр кошулмактыгын билүүгө болот. Жахаба өзүнүн эли жөнүндө: «Аларды... көбөйтөм... Менин ыйык чатырым алардын үстүндө болот»,— деп айткан (Жез. 37:26, 27). Бул сөздөр Жезекиелдин күндөрүнөн 700 жылдай убакыт өткөндөн кийин элчи Жаканга алдын ала айтылган нерсени, тагыраак айтканда, «тактыда отургандын» «эбегейсиз көп адамдардын» «үстүнө чатырын жая» турганын эсибизге салат (Аян 7:9, 15). Бүгүнкү күндө майлангандар жана эбегейсиз көп адамдар бир эл, Кудайдын эли, катары анын чатырынын астында коопсуз жашап жатышат.

16. Рухий жүйүттөрдүн жерде жашоого үмүттөнгөндөр менен биригери жөнүндө Закарыя пайгамбар эмне деп айткан?

16 Рухий жүйүттөрдүн жерде жашоого үмүттөнгөндөр менен биригерин туткундан кайтып келген Закарыя пайгамбар да айткан. Ал «бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап», ага: «Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук»,— дешерин жазган (Зак. 8:23). Бул аяттагы «жүйүт» деген сөз жеке бир кишиге эмес, учурдагы майлангандардын калдыгын же рухий жүйүттөрдү билдирген топ элге тиешелүү (Рим. 2:28, 29). Ал эми «он киши» жерде жашоого үмүттөнгөндөрдү билдирет. Алар майлангандарды «этегинен кармап», алар менен «баратышат» (Ыш. 2:2, 3; Мт. 25:40). «Этегинен кармап» жана «силер менен барабыз» деген сөздөр бул эки топтун толугу менен биримдикте экенин баса көрсөтүп турат.

17. Бүгүнкү күндөгү ортобуздагы биримдикти Иса кантип сүрөттөгөн?

17 Иса пайгамбар өзүн койлорун (майлангандарды) жана «башка койлорду» (жерде жашоого үмүттөнгөндөрдү) жетектеп, аларды «бир отор» кылган койчу катары сүрөттөгөндө Жезекиелдин бириктирүү жөнүндө айткан пайгамбарлык сөзүн айткысы келсе керек (Жкн. 10:16; Жез. 34:23; 37:24, 25). Исанын ушул сөздөрү жана байыркы учурдагы пайгамбарлардын сөздөрү, келечекте каякта жашаганга үмүттөнбөйлү, ортобуздагы кереметтүү рухий биримдикти кандай гана таамай сүрөттөп турат! Жалган дин сансыз топторго бөлүнүп-жарылып жаткан учурда биз таң каларлык биримдикте жашап жатабыз.

Бүгүнкү күндө майлангандар жана «башка койлор» Жахабага «бир отор» катары биримдикте сыйынууда (17-абзацты карагыла)

«Ыйык жайым түбөлүккө алардын арасында турат»

18. Жезекиел 37:28де жазылгандар Кудайдын элинин «дүйнөгө таандык» болбогонунун маанилүүлүгүн кантип баса белгилеп турат?

18 Жезекиелдин бириктирүү жөнүндө айткан пайгамбарлыгынын акыркы сөздөрүнөн биримдигибиз эч качан бузулбай турганына бизди эмне ынандырарын билүүгө болот. (Окугула: Жезекиел 37:28.) Жахабанын эли «алардын арасында» анын ыйык жайы, башкача айтканда, таза сыйынуу болгондуктан биримдикте. Анын ыйык жайынын алардын арасында мындан ары да боло бериши алардын өздөрүн ыйык сактаганына, тагыраак айтканда, Шайтандын дүйнөсүнөн оолак сактаганына байланыштуу болот (1 Кор. 6:11; Аян 7:14). Иса бул дүйнөгө таандык болбоо канчалык маанилүү экенин баса белгилеген. Ал жердеги жашоосунун акыркы түнү шакирттери үчүн Кудайдан жалындуу тиленип: «Ыйык Ата,.. аларды коргой жүр: алар биз сыяктуу бир болушсун... Алар... дүйнөгө таандык эмес. Аларды чындык аркылуу ыйыкта»,— деген (Жкн. 17:11, 16, 17). Исанын шакирттеринин «бир болушун» алардын «дүйнөгө таандык» болбогону менен байланыштырганы өзгөчө көңүлгө аларлык.

19. а) «Кудайды туураарыбызды» кантип көрсөтөбүз? б) Өлөр алдындагы акыркы түнү Иса биримдик жөнүндөгү кандай маанилүү чындыкты баса белгилеген?

19 Исанын Кудайга «Ыйык Ата» деп кайрылганы ушул гана аятта жазылган. Жахаба жеткилең түрдө таза жана адилеттүү. Ал байыркы ысрайыл элине: «Мен ыйык болгондуктан, силер да ыйык болгула»,— деп буйрук кылган (Леб. 11:45). «Кудайды туурагандар» катары биз анын ошол буйругуна баш ийип, бардык жагынан ыйык болууну каалайбыз (Эф. 5:1; 1 Пет. 1:14, 15). Адамдарга карата колдонулганда «ыйык» деген сөз «бөлүнгөн» деген маанини туюнтат. Шакирттери өздөрүн бул дүйнөдөн оолак кармап, анын бөлүнүүчүлүк рухунун таасирине алдырбаганда гана биримдигин сактай аларын өлөр алдындагы акыркы түнү Иса ушундайча баса белгилеген.

«Кара өзгөйдөн коргошуңду өтүнөм»

20, 21. а) Жахабанын бизди коргой турганына болгон ишенимибизди эмне арттырат? б) Эмне кылууга чечкиндүүсүң?

20 Бүгүнкү күндө Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзүнө аттын кашкасындай белгилүү болгон биримдиги Жахаба Исанын: «Кара өзгөйдөн коргошуңду өтүнөм»,— деген жалынычын укканын далилдеп турат. (Окугула: Жакан 17:14, 15.) Шайтандын Кудайдын элинин биримдигин буза албаганы Кудайдын бизди коргой турганына болгон ишенимибизди ого бетер арттырат. Жахаба Жезекиел аркылуу эки таяктын анын колунда бир таяк болорун айткан. Демек, Жахаба элин Шайтан туруштук бере албаган күчтүү колу менен калкалап, керемет кылып өзү бириктирген.

21 Андыктан эмне кылууга чечкиндүү болушубуз керек? Азыркы баа жеткис биримдигибизге салым кошууга мындан ары да бүт күчүбүздү жумшай беришибиз керек. Аны ар бирибиз кантип кылсак болот? Андай кылуунун маанилүү жолу — Жахабага анын рухий ибадатканасында дайыма таза сыйынуу. Бул эмнелерди камтый турганы кийинки бөлүмдөрдө каралат.

^ 7-абз. Ушул пайгамбарлык сөз Жезекиелге айтылганга чейин эки кылымга жакын убакыт мурун он уруудан турган падышалыктын элин («Эпрайымдын таягын») ашурлуктар туткундап кетишкен (2 Пад. 17:23).

^ 11-абз. Бул пайгамбарлык кененирээк ушул китептин 8-бөлүмүндө каралган.