Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8-БӨЛҮМ

«Бир койчуну коём»

«Бир койчуну коём»

ЖЕЗЕКИЕЛ 34:23

ӨЗӨК ОЙ: Машаяк жөнүндөгү төрт пайгамбарлык жана алардын аткарылышы

1—3. Жезекиелдин жүрөгү эмнеге ооруган жана Кудай аны эмнени жазууга шыктандырган?

ЖЕЗЕКИЕЛ ПАЙГАМБАРДЫН туткунда жүргөнүнө алты жылдын жүзү болду *. Жүздөгөн чакырым алыста калган мекенинин, Жүйүт жеринин, кейиштүү абалын ойлогондо анын жүрөгү сыгыла түшөт. Ал Жүйүт башкаруучуларынын улам биринин алмашканына күбө болгон.

2 Жезекиел Кудайга берилген Жошия падышанын башкаруусу ортолоп калган кезде төрөлгөн. Жошия оюп жасалган буркандарды талкалап, Жүйүт жеринде таза сыйынууну калыбына келтирүүгө киришкенде, ал абдан сүйүнсө керек (2 Жылн. 34:1—8). Бирок Жошия өзгөрткөн нерселер көпкө созулган эмес. Себеби андан кийинки падышалардын көбү буркандарга табына беришкен. Ошондой башкаруучулардын айынан элдин рухийлигинин, адеп-ахлактыгынын деңгээли мурункудан да төмөндөп кеткени таң калыштуу эмес. Алардын абалы оңолгус беле? Жок.

3 Жахаба ишенимдүү Жезекиелди Машаяк жөнүндөгү — таза сыйынууну биротоло калыбына келтирип, Жахабанын койлоруна назик кам көрө турган келечектеги Падыша жана Койчу жөнүндөгү — бир нече пайгамбарлыктын биринчисин жазууга шыктандырган. Ал сөздөрдүн аткарылышы биздин түбөлүк келечегибизге таасир эте тургандыктан, аларды кылдат карап чыкканыбыз жакшы. Эмесе, Жезекиел китебиндеги Машаяк жөнүндөгү төрт пайгамбарлыкка кененирээк токтололу.

«Назик, жаш бутактын» «бакыйган бал карагайга айланышы»

4. Жезекиел кандай пайгамбарлык сөздү айткан жана Жахаба аны эмне менен башташы керектигин буйрук кылган?

4 Б.з.ч. 612-жылдары Жахаба Жезекиелге кайрылган. Ошондо Жезекиел элге Машаяктын башкаруусунун кандай болорун жана анын Падышалыгына ишенүүнүн зарылдыгын көрсөткөн пайгамбарлык сөздү айткан. Жахаба ага туткунда жүргөн элге пайгамбарлык сөзүн табышмак менен башташы керектигин буйрук кылган. Ал табышмакта Жүйүттүн башкаруучуларынын ишенимсиздиги чагылдырылып, адилдикти жактаган Машаяктын Падыша болушунун зарылдыгы баса белгиленген (Жез. 17:1, 2).

5. Табышмактын мазмунун айтып бергиле.

5 Окугула: Жезекиел 17:3—10. Табышмактын мазмунуна токтоло турган болсок, бир «алп бүркүт» «бал карагайдын... учунан жаш бутак үзүп», аны «соодагерлердин шаарына отургузат». Анан «ошол жердин уруктарынан алып», «чоң суунун боюндагы» айдоого себет. Урук өнүп чыгып, «жайылып өскөн... жүзүм сабагына айланат». Андан соң экинчи «алп бүркүт» пайда болот. Жүзүм сабагы тамырын «ач көздүк менен ошол бүркүттү көздөй созуп», жакшы сугарылган башка жерге отургузулууну каалайт. Жахаба аны ошенткени үчүн айыптап, тамыры жулунарын жана «куурап каларын» айтат.

Биринчи алп бүркүт Бабыл падышасы Небухаданасарды билдирген (6-абзацты карагыла)

6. Табышмактын маанисин түшүндүрүп бергиле.

6 Ал табышмактын мааниси кандай эле? (Окугула: Жезекиел 17:11—15.) Б.з.ч. 617-жылы Бабыл падышасы Небухаданасар (биринчи «алп бүркүт») Иерусалимди курчоого алган. Ал Жүйүт падышасы Жаякинди (бал карагайдын учундагы «жаш бутакты») тактысынан алып, Бабылга («соодагерлердин шаарына») алып кеткен. Анан Иерусалимдеги падышалык такка Ситкияны («ошол жердин уругун», башкача айтканда, падышанын тукумунун бирин) отургузган. Жүйүттүн жаңы падышасы аны багындырып алган Бабыл падышасына баш ием деп Кудайдын атын оозанып ант берген (2 Жылн. 36:13). Анткен менен антын бузуп, Бабылга каршы козголоң чыгарган жана Мисирдин фараонуна (экинчи «алп бүркүткө») аскердик жардам сурап кайрылган. Бирок эч кандай майнап чыккан эмес. Жахаба антын бузган Ситкияны ишенимсиздиги үчүн айыптаган (Жез. 17:16—21). Акыр-түбү, Ситкия тактысынан айрылып, Бабылда камакта жүрүп өлгөн (Жер. 52:6—11).

7. Пайгамбарлык мааниси бар табышмактан эмнелерди биле алабыз?

7 Пайгамбарлык мааниси бар ал табышмактан эмнени биле алабыз? Биринчиден, таза сыйынууну жактагандар катары сөзүбүзгө бек турушубуз кажет. Иса пайгамбар: «„Ооба“ деген сөзүңөр „ообаны“, „жок“ деген сөзүңөр „жокту“ билдирсин»,— деген (Мт. 5:37). Мисалы, чындыкты айтабыз деп ант берүү зарыл болгон учурларда, алсак, сот алдында күбөгө өткөндө берген антыбызга олуттуу карайбыз. Экинчиден, кимге ишеним артышты билишибиз керек. Ыйык Китепте: «Аттуу-баштууларга, куткара албай турган адам баласына таянбагыла»,— деген эскертүү жазылган (Заб. 146:3).

8—10. Жахаба келечекте башкара турган Машаякты кантип сүрөттөгөн жана ал сөздөр кантип аткарылган? («Машаяк жөнүндөгү пайгамбарлык. Чоң бал карагай» деген кутучаны карагыла.)

8 Ошентсе да толук ишенишибизге татыктуу бир башкаруучу бар. Башка жерге отургузулган жаш бутак жөнүндөгү табышмакты айткандан кийин Жахаба ошол эле образдарды колдонуп келечекте башкара турган Машаякты сүрөттөгөн.

9 Пайгамбарлыкта айтылгандар. (Окугула: Жезекиел 17:22—24.) Мунусунда алп бүркүттөр эмес, Жахаба өзү иш-аракет кылат. Ал «бал карагайдын... учунан назик, жаш бутак үзүп алып, асман тиреген бийик тоого отургузат». Ал бутак өсүп отуруп астында «ар кандай канаттуулар жашай» турган «бакыйган бал карагайга айланат». Ошондо «талаадагы бак-дарактардын баары» ал бакты бакыйтып Жахаба өзү өстүргөнүн билишет.

10 Аткарылышы. Жахаба өз Уулу Иса Машаякты Дөөтүнүн падышалык тукумунан (бийик «бал карагайдан») алып, асмандагы Сион тоосуна («асман тиреген бийик тоого») отургузган (Заб. 2:6; Жер. 23:5; Аян 14:1). Жахаба ушундайча душмандары «адамдардын арасынан эң төмөн турат» деп эсептеген Уулун алып, «атасы Дөөтүнүн тактысын берип» зоболосун көтөргөн (Дан. 4:17; Лк. 1:32, 33). Чоң бал карагайга окшоп, Падышалыктын Падышасы Иса бүт жер бетинен жогору турат жана ага баш ийгендердин баарына батасын чексиз төгөт. Ал, чынында эле, ишенишибизге татыктуу Башкаруучу. Кудайга баш ийген адамдар Исанын Падышалык бийлигинин көлөкөсүндө «жамандыктан коркпой, коопсуз жашашат» (Накыл 1:33).

11. «Бакыйган бал карагайга» айланган «назик, жаш бутак» жөнүндөгү пайгамбарлыктан маанилүү эмнени биле алабыз?

11 Эмнелерди биле алабыз? «Бакыйган бал карагайга» айланган «назик, жаш бутак» жөнүндөгү жүрөк козгоорлук бул пайгамбарлыктан «Кимге ишеним артышыбыз керек?» деген абдан маанилүү суроого жооп алабыз. Адамдык өкмөттөргө жана алардын аскердик кубатына таянуу акылсыздыкка жатат. Чындап коопсуз болуш үчүн Падышабыз Иса Машаякка толук ишеним артып, ага таянышыбыз керек. Анын кубаттуу колундагы асмандагы өкмөт гана адамзаттын жападан жалгыз үмүтү (Аян 11:15).

«Укугу бар бирөө»

12. Жахаба Дөөтү менен түзгөн келишимин унутпаганын айдан ачык кантип көрсөткөн?

12 Кудай эки бүркүт жөнүндөгү табышмактын маанисин түшүндүргөндөн кийин, Жезекиел Дөөтүнүн тукумунан чыккан ишенимсиз Ситкия падышанын тактыдан түшүп, Бабылга туткунга кетерин түшүнгөн. Ал: «Кудайдын Дөөтү менен түзгөн келишими эми эмне болот? Ал Дөөтүнүн тукумунан түбөлүк башкара турган падыша чыгарын убада кылбады беле?» — деп ойлонсо керек (2 Шем. 7:12, 16). Эгер ошондой болсо, ага жоопту көпкө күткөнгө туура келген эмес. Болжол менен б.з.ч. 611-жылы, жүйүттөрдүн туткундалып кеткенинин жетинчи жылы, Ситкия Жүйүттү башкарып турган кезде, Жахаба Жезекиелге кайрылган (Жез. 20:2). Жезекиел элге Кудайдын Дөөтү менен түзгөн келишимин унутпаганын айдан ачык көрсөткөн Машаяк жөнүндөгү дагы бир пайгамбарлыкты айтышы керек болгон. Ал пайгамбарлыкта келечекте башкара турган Машаяктын Дөөтүнүн мыйзамдуу мураскору катары башкарууга укуктуу болору айтылган.

13, 14. Жезекиел 21:25—27-аяттарда жазылган пайгамбарлык сөздүн мазмуну кандай жана ал кантип аткарылган?

13 Пайгамбарлыкта айтылгандар. (Окугула: Жезекиел 21:25—27.) Жахаба жазаланар убактысы келген ыймансыз «Ысрайыл башчысына» Жезекиел аркылуу өзүнүн өкүмүн ачык-айкын билдирген. Жахаба ал башчыга «чалмасы» менен «таажысы» (падышалык бийликтин символдору) башынан алынарын айткан. Ошондо «төмөн тургандар» жогорулатылмак, ал эми «жогору тургандар» төмөндөтүлмөк. Бирок жогорулатылгандар бийликте «укугу бар бирөө келгенче» эле турушмак. Андан кийин Жахаба ошол укугу бар бирөөгө Падышалыкты бермек.

14 Аткарылышы. Б.з.ч. 607-жылы Иерусалим кыйратылганда, шаардагы «жогору турган» Жүйүт падышалыгы бабылдыктар шаарды талкалап, бийликтен түшкөн Ситкия падышаны туткундап кетишкенде төмөндөтүлгөн. Ошондо Иерусалимде Дөөтүнүн тукумунан чыккан падыша башкарбай калган. Ушундайча «төмөн турган» башка элдер жогорулатылып, бүт жер жүзүндө бийлик жүргүзүп калышкан. Бирок алардын бийлиги убактылуу эле болмок. «Башка элдерге белгиленген убакыт» 1914-жылы, Жахаба Иса Машаякка падышалык бийликти бергенде, аяктаган (Лк. 21:24). Дөөтү падышанын тукуму катары Исанын чынында эле Падышалык бийликти алууга «укугу бар» болгон * (Башт. 49:10). Ошентип, Жахабанын Дөөтүгө түбөлүк Падышалыктын мураскорун берем деген маанилүү убадасы Иса Машаяктын үстүнөн аткарылган (Лк. 1:32, 33).

Иса Кудайдын Падышалыгынын Падышасы болууга укуктуу (15-абзацты карагыла)

15. Падыша Иса Машаякка эмне үчүн толугу менен ишенсек болот?

15 Эмнелерди биле алабыз? Биз Падыша Иса Машаякка толугу менен ишенсек болот. Анткени, адамдар шайлаган же бийликти күч менен тартып алган бул дүйнөнүн башкаруучуларынан айырмаланып, Иса Жахаба тарабынан тандалган жана ага өзү укуктуу болгон «падышалык» берилген (Дан. 7:13, 14). Жахаба өзү дайындаган Падыша, албетте, ишенишибизге татыктуу.

«Кызматчым Дөөтү» алардын «койчусу... болот»

16. Жахаба өзүнүн койлоруна кандай мамиле кылат жана аларга Жезекиелдин күндөрүндөгү «Ысрайылдын койчулары» кандай мамиле кылышкан?

16 Улуу Койчу Жахаба өзүнүн койлорунун, жердеги кызматчыларынын, жыргалчылыгына абдан кызыкдар (Заб. 100:3). Ал койлорун өзүнүн жердеги жардамчы койчуларына — бийлиги барларга — тапшырганда аларга кандай мамиле кылынып жатканына кылдат көз салып турат. Ошондуктан анын Жезекиелдин күндөрүндөгү «Ысрайылдын койчуларына» канчалык нааразы болгонун элестетсек болот. Ал башчылар эч уялбай «аларга катаалдык менен, атүгүл зулумдук менен үстөмдүк кылышкан». Ошонун кесепетинен отордогулар азап чегип, көптөр таза сыйынуудан четтеп кетишкен (Жез. 34:1—6).

17. Жахаба өзүнүн койлорун кантип сактап калган?

17 Жахаба аларга кандай чара көрмөк? Ал Ысрайылдын ырайымсыз башчылары тууралуу: «Алардан койлорумду тартып алам [Аларды жоопко тартам]»,— деген. Анан: «Койлорумду... сактап калам»,— деп убада кылган (Жез. 34:10). Жахаба дайыма сөзүнө турат (Жаш. 21:45). Ал өз көмөчүнө күл тарткан койчуларды б.з.ч. 607-жылы бийлигинен ажыратып, койлорун сактап калыш үчүн бабылдыктарды колдонгон. Ал эми 70 жылдан кийин ага сыйынган кой мүнөздүү кызматчыларын Бабылдан куткарып, чыныгы сыйынууну калыбына келтириш үчүн өз мекенине кайтып барышына кам көргөн. Бирок Жахабанын койлору дагы деле коргоого муктаж болчу, себеби дүйнөлүк державалардын бийлиги астында кала берген. Ошол «башка элдерге белгиленген убакыт» көп кылымдардан кийин гана аяктамак (Лк. 21:24).

18, 19. Жезекиел б.з.ч. 606-жылы кайсы пайгамбарлык сөздү айткан? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.)

18 Б.з.ч. 606-жылы, Иерусалим кыйратылгандан бир жылдай өткөндөн кийин жана ысрайылдыктар Бабыл туткунунан бошонгонго чейин ондогон жылдар мурун, Улуу Койчу Жахаба Жезекиелди койлорунун түбөлүктүү келечегине канчалык кам көрөрү чагылдырылган пайгамбарлыкты айтууга шыктандырган. Ал пайгамбарлыкта Падышалыктын Падышасы Машаяктын Жахабанын койлорун кантип кайтарары айтылган.

19 Пайгамбарлыкта айтылгандар. (Окугула: Жезекиел 34:22—24.) Кудай өзү «кызматчым Дөөтү» деп атаган «бир койчуну коймок». «Бир койчу» деген сөздөрдүн жекелик сандагы «кызматчы» деген сөз менен бирге айтылганы ал Башкаруучунун Дөөтүнүн падышалык тукумун калыбына келтирип, аны улантпай турганын көрсөтүп турат. Ал Дөөтүнүн жападан жалгыз туруктуу мураскору болмок. Ал Койчу-Башкаруучу Кудайдын койлорун азыктандырат жана алардын «башчысы болот». Жахаба койлору менен «тынчтык келишимин түзөт». Ал аларга батасын жамгырдай жаадырат. Алар коопсуздукка бөлөнүп, молчулукта, токчулукта жашашат. Адамдардын ортосунда эле эмес, адамдар менен жаныбарлардын ортосунда да тынчтык өкүм сүрөт (Жез. 34:25—28).

20, 21. а) Кудайдын өзүнүн кызматчысы Дөөтү жөнүндө айткан сөздөрү кантип аткарылган? б) Жезекиелдин «тынчтык келишими» жөнүндө айткандарынын биздин келечегибизге кандай тиешеси бар?

20 Аткарылышы. Кудай ал Башкаруучуну «кызматчым Дөөтү» деп атап, бийлик жүргүзүүгө мыйзамдуу түрдө укуктуу болгон Дөөтүнүн тукуму Иса жөнүндө айткан (Заб. 89:35, 36). Жерде жүргөндө Иса койлору үчүн жанын берип, «жакшы койчу» экенин далилдеген (Жкн. 10:14, 15). Ал эми азыр ал — асмандагы Койчу (Евр. 13:20). 1914-жылы Кудай Исаны Падыша кылып, ага өзүнүн жердеги койлорун кайтаруу жана азыктандыруу жоопкерчилигин арткан. Ошондон көп өтпөй эле, 1919-жылы, жаңыдан такка отурган Падыша «ишенимдүү жана акылдуу кулду» «үйүндөгүлөрүн» — Кудайдын асманда же жер бетинде жашоого үмүттөнгөн берилген кызматчыларын — азыктандырууга дайындаган (Мт. 24:45—47). Иса Машаяктын жетеги астында ишенимдүү кул Кудайдын койлорун рухий тамак менен абдан жакшы камсыз кылууда. Андай тамак күндөн күнгө гүлдөп-өсүп жаткан рухий бейиште тынчтык менен коопсуздуктун өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзүп жатат.

21 Жезекиелдин «тынчтык келишими» жана жаандай жаадырылган баталар жөнүндө айткандарынын биздин келечегибизге кандай тиешеси бар? Жакында боло турган жаңы дүйнөдө Жахабага таза сыйынган жердеги кызматчылары «тынчтык келишиминин» аркасында төгүлчү баталарды толук татып көрүшөт. Жер бетиндеги кадимки бейиште Кудайга ишенимдүү адамдарга согуш, кылмыштуулук, ачарчылык, оору жана жапайы жаныбарлар эч качан коркунуч туудурбайт (Ыш. 11:6—9; 35:5, 6; 65:21—23). Кудайдын койлорунун бейиште эч кимден коркпой, түбөлүк коопсуз жашай турганы жүрөгүңөрдү козгобойбу? (Жез. 34:28).

Асмандагы Койчу катары Иса Кудайдын койлоруна кандай мамиле кылынып жатканына байкоо салып турат (22-абзацты карагыла)

22. Иса койлорго кандай мамиле кылат жана жардамчы койчулар кантип ага окшоп камкор боло алышат?

22 Эмнелерди биле алабыз? Атасына окшоп, Иса да койлордун жыргалчылыгына абдан кызыкдар. Ал Койчу-Падыша Атасынын койлорунун рухий жактан жакшы азыктанышына жана рухий бейиште тынчтыкта, коопсуздукта жашашына кам көрүүдө. Ошондой Башкаруучунун карамагында болуу кандай гана жагымдуу! Жардамчы койчулар да Исадай камкор болушу керек. Аксакалдар оторду «даярдуулук менен», «чын көңүлдөн» кайтарууга, койлорго үлгү болууга тийиш (1 Пет. 5:2, 3). Алар Жахабанын бир да коюна жаман мамиле кылууну каалабайт. Жахабанын Жезекиелдин күндөрүндөгү Ысрайылдын койчулары жөнүндө эмне деп айтканын эстесеңер. Ал: «Алардан койлорумду тартып алам [Аларды жоопко тартам]»,— деген (Жез. 34:10). Улуу Койчу анын койлоруна кандай мамиле кылынып жатканына көзүн албай байкоо салып турат. Анын Уулу да ошентет.

«Кызматчым Дөөтү кылымдан кылымга алардын башчысы болот»

23. Жахаба Ысрайылдын бириктирилиши жөнүндө эмнени убада кылган жана ал убадасын кантип аткарган?

23 Жахаба ага сыйынгандардын биримдикте кызмат кылышын каалайт. Ысрайыл элинин биримдиги калыбына келтирилери жөнүндөгү пайгамбарлыкта Кудай өзүнүн элин — эки уруудан турган Жүйүт падышалыгынын жана он уруудан турган Ысрайыл падышалыгынын өкүлдөрүн — чогултарын жана эки «таяк» биригип колунда бир таяк болушу үчүн, аларды «бир эл» кылып кайрадан бириктирерин убада кылган (Жез. 37:15—23). Кудай ушул сөздөрүн б.з.ч. 537-жылы ысрайыл элин Убадаланган жерде бириктиргенде аткарган *. Бирок ал келечекте боло турган андан алда канча чоң жана түбөлүктүү биримдиктин кичинекей үлгүсү болгон. Ысрайылды бириктирерин убада кылгандан кийин Жахаба Жезекиелге келечектеги Башкаруучунун бүт жер жүзү боюнча Жахабага сыйынгандарды түбөлүккө бир түйүн кылып кантип бириктирери жөнүндөгү пайгамбарлыкты айткан.

24. Жахаба Падышалыктын Башкаруучусун кантип сүрөттөгөн жана анын бийлиги кандай болот?

24 Пайгамбарлыкта айтылгандар. (Окугула: Жезекиел 37:24—28.) Жахаба дагы бир жолу ал Башкаруучуну «кызматчым Дөөтү», «бир койчу» жана «башчы» деп атаган, бирок бул жолкусунда ошол убада кылынган Бирөөнү «падыша» деп да атаган (Жез. 37:22). Ал Падышанын бийлиги кандай болот? Анын бийлиги туруктуу болот. «Кылымдан кылымга», «түбөлүк» деген сөздөрдүн колдонулушу ал Падыша башкарганда төгүлө турган баталардын аягы болбой турганын көрсөтүп турат *. Анын башкаруусу алдында биримдик өкүм сүрөт. «Бир падышанын» кол алдында Кудайга берилгендикте баш ийген эл бир эле «өкүмдөргө» карманып, Кудай берген «жерде» чогуу жашайт. Ал Падышанын башкаруусу букара элин Жахабага мурункудан да жакындатат. Жахаба ошол эл менен «тынчтык келишимин» түзөт. Ал алардын Кудайы, алар болсо анын эли болушат. Анын ыйык жайы «түбөлүккө алардын арасында турат».

25. Падышалыктын Падышасы Машаяк жөнүндөгү пайгамбарлык кантип аткарылган?

25 Аткарылышы. 1919-жылы ишенимдүү майлангандар «бир койчунун», Падышалыктын Падышасы Иса Машаяктын, жетеги алдында биригишкен. Кийинчерээк «ар бир элден, уруудан, улуттан чыккан, ар кандай тилдерде сүйлөгөн» «эбегейсиз көп адамдар» ошол майланган ишенимдештери менен биригишкен (Аян 7:9). Алар чогуу «бир койчунун» кол алдында «бир отор» болуп калышкан (Жкн. 10:16). Асманда жашоого үмүттөнөбү же жердеби, алардын баары Жахабанын мыйзамына баш ийишет. Ошондуктан дүйнө жүзү боюнча бир боордоштукту түзүп, рухий бейиште чогуу жашап жатышат. Жахаба аларды тынчтыкка бөлөөдө жана анын таза сыйынууну билдирген ыйык жайы алардын арасында. Жахаба — алардын Кудайы. Алар ага азыр эле эмес, түбөлүк сыйынышат жана ошого абдан сыймыктанышат.

26. Рухий бейиштеги биримдикке кантип салым кошо аласың?

26 Эмнелерди биле алабыз? Биз Жахабага сыйынып жаткан дүйнөлүк боордоштуктун мүчөсү болуу сыймыгына ээбиз. Бирок андай сыймык жоопкерчиликти да артат: биз биримдикке салым кошушубуз керек. Демек, ишенген нерселерибиз, кылган иштерибиз шайкештикте болушу үчүн, ар бирибиз өз тарабыбыздан аракет кылышыбыз зарыл (1 Кор. 1:10). Андыктан бирдей рухий тамак менен азыктанууга, Ыйык Китептеги бирдей нормаларга карманууга, жакшы кабар айтуу жана шакирт даярдоо сыяктуу бирдей эле маанилүү ишти аткарууга ынтызарбыз. Анткен менен биримдигибизге шарт түзгөн эң негизги нерсе — сүйүү. Эгер өз ичине боорукердикти, кечиримдүүлүктү да камтыган көп кырдуу сүйүү сапатын өрчүткөнгө жана иш жүзүндө көрсөткөнгө умтулсак, биримдигибизди чыңдайбыз. Анткени сүйүү — «биримдиктин жеткилең түйүнү» (Кол. 3:12—14; 1 Кор. 13:4—7).

Жахаба ага сыйынгандардан турган дүйнөлүк боордоштукка батасын берүүдө (26-абзацты карагыла)

27. а) Жезекиел китебиндеги Машаяк жөнүндөгү пайгамбарлык сенде кандай сезимдерди пайда кылды? б) Кийинки бөлүмдөрдө эмнелерди изилдейбиз?

27 Жезекиел китебиндеги Машаяк жөнүндөгү пайгамбарлыктар үчүн кандай гана ыраазыбыз! Аларды окуп, ой жүгүртсөк, сүйүктүү Падышабыз Иса Машаяктын ишенишибизге татыктуу, башкарууга укуктуу экенин, бизди назиктик менен кайтарып жатканын жана түбөлүккө бузулбай турган биримдикте сактай турганын билебиз. Машаяктын бийлиги алдында болуу кандай гана чоң сыймык! Бул пайгамбарлык сөздөрдүн Жезекиел китебиндеги калыбына келтирүү жөнүндөгү жалпы теманын бир бөлүгү экенин эсибизден чыгарбайлы. Жахаба өз элин чогултуу жана таза сыйынууну калыбына келтирүү ишин Иса аркылуу жүзөгө ашырып жатат (Жез. 20:41). Кийинки бөлүмдөрдө калыбына келтирүү жөнүндөгү жүрөк толкуткан ошол теманы жана анын Жезекиел китебинде кандайча өрчүүрүн изилдейбиз.

^ 1-абз. Жүйүттөрдүн Бабылга туткундалгандан кийинки биринчи жылы б.з.ч. 617-жылы алардын алгачкылары Бабылга алынып кеткенде башталган. Демек, алтынчы жыл б.з.ч. 612-жылы башталган.

^ 14-абз. Исанын Дөөтүнүн тукумунан чыкканы Кудайдын жетеги менен жазылган Инжилдерде эң жакшы тастыкталган (Мт. 1:1—16; Лк. 3:23—31).

^ 23-абз. Жезекиелдин эки таяк жөнүндөгү пайгамбарлыгы жана анын аткарылышы ушул китептин 12-бөлүмүндө каралат.

^ 24-абз. «Кылымдан кылымга» жана «түбөлүк» деп которулган еврей сөзү тууралуу бир эмгекте: «Бул сөз канчага созулгандыкты көрсөткөндөн тышкары, туруктуулуктан, түбөлүктүүлүктөн, бузулбагандыктан, жокко чыгарылбастыктан, өзгөрбөстүктөн да кабар берет»,— деп жазылган.