Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14-БӨЛҮМ

Ибадатканага «байланыштуу мыйзам мындай»

Ибадатканага «байланыштуу мыйзам мындай»

ЖЕЗЕКИЕЛ 43:12

ӨЗӨК ОЙ: Ибадаткана тууралуу аяндагы Жезекиелдин замандаштарына жана бизге тиешелүү баалуу ойлор

1, 2. а) Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аяны тууралуу мурунку бөлүмдөн эмнени билгенбиз? б) Бул бөлүмдө кайсы эки суроого токтолобуз?

ЖЕЗЕКИЕЛ пайгамбар аянында андан бир канча кылым кийин жашаган элчи Пабыл сүрөттөгөн улуу рухий ибадаткананы көргөн эмес. Биз муну мурунку бөлүмдөн билгенбиз. Ошондой эле ал аян Кудайдын элине таза сыйынуу үчүн коюлган талаптардын маанилүүлүгүн түшүндүрүү максатында берилгенин билгенбиз. Эл Жахаба менен болгон мамилесин ошол мыйзам-талаптарды аткарганда гана калыбына келтире алмак. Ошол себептен Жахаба ушул негизги ойду бир эле аятта эки жолу: «Үйгө [ибадатканага] байланыштуу мыйзам мындай»,— деп баса белгилеген. (Окугула: Жезекиел 43:12.)

2 Андыктан эки суроого токтололу. Биринчиси: Жезекиелдин күндөрүндөгү жүйүттөр ибадаткана жөнүндөгү аяндан Жахаба Кудайдын таза сыйынуу үчүн койгон талаптары жөнүндө өзгөчө эмнени биле алышмак? Бул суроонун жообу: «Ал аян ушул акыркы оор күндөрдө жашап жаткан биз үчүн кандай мааниге ээ?» — деген экинчи суроого жооп алууга жардам берет.

Байыркы учурда жашагандар ал аяндан эмнени билишкен?

3. Аянда бийик тоонун көрсөтүлгөнү элге тийиштүү түрдө уялууга кантип түрткү берген?

3 Биринчи суроого жооп алыш үчүн ибадаткана жөнүндөгү аяндын таң калыштуу бир нече өзгөчөлүгүнө көңүл буралы. Абдан бийик тоо. Эл Жезекиел аянда көргөн жерди Ышаянын калыбына келтирүү иши жөнүндөгү жүрөк жылыткан пайгамбарлыгы менен байланыштырса керек (Ыш. 2:2). Жахабанын үйүнүн ошондой бийик тоонун үстүндө турганынан алар таза сыйынуунун жогору коюлуп, башка бардык нерседен бийик турушу керектигин билген. Албетте, таза сыйынуу баарынан жогору турат, анткени ал — «башка бардык кудайлардан алда канча жогору тургандын» чарасы (Заб. 97:9). Бирок ысрайылдыктар аны жогорулатууга салым кошкон эмес. Тескерисинче, кылымдар бою таза сыйынуунун тебеленип-тепселенип, четке кагылышына жана булганышына кайра-кайра жол берип келген. Андыктан Кудайдын ыйык үйүнүн даңкка жана атакка бөлөнүп жогорулатылышы жүрөгү таза адамдарга күнөөсүн ойлоп уялганга түрткү бергени күмөнсүз.

4, 5. Эл Жезекиелдин ибадаткананын абдан бийик дарбазалары жөнүндө айткандарынан эмнени биле алмак?

4 Абдан бийик дарбазалар. Аянынын башында Жезекиел ага баарын кыдыртып жүргөн периштенин дарбазаларды ченеп жатканын көргөн. Алардын түркүктөрүнүн бийиктиги 30 метрдей болгон (Жез. 40:14). Ал кире бериштердин ичинде күзөт бөлмөлөрү бар болчу. Ибадаткананын долбоорун изилдегендер мындан эмнени билишмек? Жахаба Жезекиелге: «[Ибадаткананын] кире беришине... көңүл бур»,— деген. Себеби эл «жүрөгү сүннөттөлбөгөн, сүннөткө отургузулбагандарды» так Кудайдын ыйык үйүнө, ага сыйына турган жайга, алып келчү. Жахаба: «Алар менин ыйык жайыма... кирип, арамдап жатышат»,— деген (Жез. 44:5, 7).

5 «Сүннөткө отургузулбагандар» Кудайдын Ыбрайымга берилип, ошондон бери келаткан айкын-так буйругуна баш ийген эмес (Башт. 17:9, 10; Леб. 12:1—3). Ал эми «жүрөгү сүннөттөлбөгөндөр» андан да начар абалда болгон. Алар Жахабанын көрсөтмөсүн, жетекчилигин кабыл албай, ага өжөрлүк менен каршы чыккан. Андай адамдардын Жахабанын ыйык үйүнө киришине жол берилбеши керек эле. Жахаба эки жүздүүлүктү жек көрөт. Анын эли болсо анын үйүндө эки жүздүүлүктүн гүлдөп-өсүшүнө жол берип койгон. Аяндагы дарбазалар менен күзөт бөлмөлөрү маанилүү бир нерсени баса белгилеген: мындай кыянаттыкка мындан ары жол берилбейт! Кудайдын үйүнө кириш үчүн коюлган бийик талаптар аткарылышы керек. Ошондо гана Жахаба элинин сыйынуусуна батасын бермек.

6, 7. а) Элине маанилүү бир ойду жеткириш үчүн Жахаба ибадаткананын аймагын курчап турган дубалды кантип колдонгон? б) Мурун Жахабанын элинин анын үйүнө карата мамилеси кандай болгон? (Шилтемени карагыла.)

6 Сырткы дубал. Бул аяндын дагы бир таң калтырган өзгөчөлүгү ибадаткананын бүтүндөй аймагын төрт тарабынан курчап турган дубалы болгон. Жезекиел төрт дубалдын ар биринин узундугу 500 камыш, 1555 метр, болгонун айткан (Жез. 42:15—20). Ал эми ибадаткананын өзү, башка курулуштары жана короолору ар бир тарабынын узуну 500 чыканак, 259 метр эле, болгон аянтты түзгөн. Демек, ибадаткананын сыртындагы аймак абдан чоң болгон жана ал да сырткы дубал менен курчалган *. Эмне үчүн?

7 Жахаба: «Эми бузуктугунан арылышсын, падышаларынын өлүктөрүн көз алдыман жок кылышсын, ошондо алардын арасында кылымдар бою жашайм»,— деген (Жез. 43:9). «Падышаларынын өлүктөрү», сыягы, буркандарды билдирген. Андыктан Жахаба аяндагы ибадаткананын аймагын курчап турган дубалды, мындайча атканда: «Мындай ыпылас нерселердин баарын жоготкула. Атүгүл жакын жолотпогула»,— деп айтыш үчүн колдонгон. Эгер сыйынуусун таза сакташса, Жахаба алардын арасында болмок. Бул анын батасы болмок.

8, 9. Жахабанын жооптуу кишилерге катуу кеңеш айтканынан эл эмнени биле алмак?

8 Жооптуу кишилерге катуу айтылган кеңеш. Жахаба элинин арасында чоң жоопкерчилик артылган кишилерге сүйүүгө негизделген, бирок олуттуу кеңеш айткан. Эли буркандарга табынып кеткенде, андан алыстап кеткен лебилерди катуу оңдоп-түзөгөн. Ал эми ыйык жайындагы «милдеттерди аткарган... Садок уулдарын» мактаган. Жахаба ар бир топко кылган ишине жараша адилеттүү, ырайымдуу мамиле жасаган (Жез. 44:10, 12—16). Олуттуу кеңеш Ысрайыл төрөлөрүнө да айтылган (Жез. 45:9).

9 Жахаба ушундайча элди көзөмөлдөгөн, колунда бийлиги бар кишилердин милдеттерин кандай аткарганына жараша жоопко тартыларын айкын билдирген. Алар да кеңештен, оңдоп-түзөөдөн жана жазадан тыш эмес болчу. Тескерисинче, алар Жахабанын кеңешин даярдуулук менен кабыл алып, анын талаптарын жактоо жагынан жетекчиликти колго алышы керек болгон.

10, 11. Туткундан кайтып келгендердин айрымдарынын Жезекиелдин аянында көрсөтүлгөндөрдөн сабак алганын эмнеден билүүгө болот?

10 Туткундан кайтып келгендер бул аянда көрсөтүлгөндөрдөн сабак алганбы? Албетте, ошол кезде жашаган ишенимдүү эркек-аялдар ал укмуштуудай аян жөнүндө эмне деп ойлогонун так билбейбиз. Бирок Кудайдын Сөзүндө туткундан кайтып келгендердин кандай чоң иштерди бүтүргөнү, таза сыйынуунун калыбына келтирилгенин көргөнү жазылган. Алар Жезекиелдин аянындагы принциптерди колдонгонбу? Ооба, өзгөчө, туткунга кеткенге чейин жашаган козголоңчул ата-бабаларынан айырмаланып, кандайдыр бир деңгээлде колдонгон.

11 Закарыя, Акай пайгамбарлар, дин кызматчы жана көчүрмөчү Эзра, Некемия деген башкаруучу сыяктуу Кудайга берилген адамдар — баары Жезекиелдин аянында камтылгандай принциптерди элге үйрөтүп түшүндүргөн (Эзра 5:1, 2). Алар таза сыйынуу жогору коюлушу керектигин, материалдык нерселерден, керт башынын кызыкчылыгын көздөөдөн жогору турушу керектигин үйрөткөн (Акай 1:3, 4). Таза сыйынууга коюлган талаптардын аткарылышын талап кылган. Мисалы, бөтөн жерлик аялдар элдин Жахаба менен болгон мамилесинин бузулушуна себепкер болгондуктан, Эзра менен Некемия андай аялдары бар эркектерге аларды кетириши керектигин айтып, маселени кабыргасынан коюшкан. (Окугула: Эзра 10:10, 11; Нек. 13:23—27, 30.) Ал эми бурканга табынуу жөнүндө эмне дешке болот? Туткундан кайтып келген эл өздөрү тарых бою далай жолу тузагына түшкөн андай жийиркеничтүү күнөөнү акырында жек көрүп калган көрүнөт. Дин кызматчылар, башчылар же төрөлөр да, Жезекиел аянында көргөндөй, Жахаба кеңеш айтып, оңдоп-түзөгөндөрдүн арасында болушкан (Нек. 13:22, 28). Көптөр ал кеңешке момундук менен кулак каккан (Эзра 10:7—9, 12—14; Нек. 9:1—3, 38).

Некемия эл менен кошо иштеп жатып аларга таза сыйынуу жөнүндө айтып, окутуп-үйрөткөн (11-абзацты карагыла)

12. Жахаба туткундан кайтып келгендерге кантип батасын берген?

12 Кеңешке кулак какканын көрүп Жахаба элине батасын берген. Алар көптөн бери жетпей жүргөн рухий жыргалчылыкка кандайдыр бир деңгээлде жетип, тынчтыкка бөлөнүп, сак-саламат жашашкан (Эзра 6:19—22; Нек. 8:9—12; 12:27—30, 43). Ошонун баары эл акыры Жахабанын таза сыйынуу үчүн койгон адил талаптарына ылайык жашай баштагандыктан болгон. Ибадаткана жөнүндөгү аян Кудайга баш ийген көп адамдарга таасир эткен. Жыйынтыктай турган болсок, Жезекиелдин ал аяны туткундарга эки жагынан пайдалуу болгон. 1) Алар ал аяндан таза сыйынуу үчүн кандай талаптар коюларын жана ал талаптарга кантип кармануу керектигин билишкен. 2) Пайгамбарлык мааниге ээ сөздүн аткарыларына ынанышкан. Анткени таза сыйынуунун калыбына келтирилери жана эл таза сыйынууну колдоп-жактай берсе, Жахаба аларга батасын бере берери алдын ала айтылган. Ал аянда көрсөтүлгөндөр азыр да аткарылып жатабы?

Жезекиелдин аяны биз үчүн кандай мааниге ээ?

13, 14. а) Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аяны биздин убакка да тиешелүү экенин каяктан билебиз? б) Бул аян бизге кайсы эки жагынан пайдалуу? («Эки башка ибадаткана, эки башка маани» деген кутучаны да (13A) карагыла.)

13 Жезекиелдин бул аянынын бизге тиешеси барбы? Ооба. «Абдан бийик тоонун үстүнө коюлган» Кудайдын ыйык үйү жөнүндөгү Жезекиелдин аяны менен «тоолордун чокусунан бийик коюлган» «Жахабанын үйүнүн тоосу» жөнүндөгү Ышаянын пайгамбарлыгынын ортосунда окшоштук бар экенин эстесеңер. Ышая ал пайгамбарлыктын «акыркы күндөрдө» аткарыларын так айткан. (Жез. 40:2; Ыш. 2:2—4; Микей 4:1—4-аяттарды да карагыла.) Бул пайгамбарлыктар акыркы күндөрдөгү 1919-жылдан бери таза сыйынуу абдан бийик тоого коюлгандай жогору коюлуп, калыбына келтирилген убакытка тиешелүү *.

14 Ал эми Жезекиелдин аяны бүгүнкү күндөгү таза сыйынууга тиешелүү экени айдан ачык. Ал туткундан кайтып келген жүйүттөргө пайдалуу болгондой эле, бизге да эки жагынан пайдалуу. Биринчиден, ал аяндан Жахабанын таза сыйынуу үчүн койгон талаптарына кантип кармана аларыбызды билебиз. Экинчиден, ал бизди таза сыйынуу толугу менен калыбына келтирилерине жана Жахаба батасын берерине ынандырат.

Бүгүнкү күндөгү таза сыйынуу үчүн коюлган талаптар

15. Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аянындагы баалуу ойлорду тапканга аракет кылып жатып эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

15 Эмесе, Жезекиелдин аянындагы айрым өзгөчөлүктөргө көңүл буралы. Жезекиел менен бирге аяндагы заңгыраган ибадаткананы кыдырып жүргөнүңөрдү элестетсеңер. Бирок кеп улуу рухий ибадаткана жөнүндө жүрүп жатпаганын унутпагыла. Биз тек гана рухий ибадатканадагы сыйынуубузга тиешелүү баалуу ойлорду тапканга аракет кылып жатабыз. Алардын айрымдары кайсылар?

16. Жезекиелдин аянындагы чен-өлчөмдөрдөн эмнелерди биле алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

16 Чен-өлчөмдөрдүн баары эмнени билдирет? Аяндагы көрүнүшү жездей периште ибадаткананын баарын: дубалдарын, дарбазаларын, күзөт бөлмөлөрүн, короолорун, курмандык жайын кылдат ченеп чыккан. Анын баарын окуп чыгыш оңой болбошу мүмкүн (Жез. 40:1—42:20; 43:13, 14). Ошентсе да мындай майда-барат маалыматтан кандай баалуу ойлорду биле аларыбыз жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Жахаба ошол аркылуу талаптарынын маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгилеген. Ал талаптарды адамдар эмес, Жахаба коёт. Андыктан ага кантип сыйынарыбыз маанилүү деле эмес дегендер катуу жаңылат. Мындан тышкары, ибадаткананы майда-чүйдөсүнө чейин ченетүү менен Жахаба бизди таза сыйынуунун сөзсүз калыбына келтирилерине ынандырууда. Кудайдын убадасынын аткарылышы ибадатканага байланышкан чен-өлчөмдөрдөй эле так. Акыркы күндөрдө таза сыйынуунун калыбына келтирилерине шектенүүгө негиз жок экенин Жезекиел ушундайча ырастаган.

Ибадатканадагы так чен-өлчөмдөрдөн эмнени билдиңер? (16-абзацты карагыла)

17. Ибадаткананын сырткы дубалы бүгүнкү күндө эмнелерди эсибизге салат?

17 Сырткы дубал. Буга чейин билгендей, Жезекиел ибадаткананын бүтүндөй аймагы дубал менен курчалганын көргөн. Ал өзгөчөлүк Кудайдын элине диний ыпыластыктын баарын таза сыйынууга жакын жолотпошу керектигин, Кудайдын үйүн эч качан булгабашы керектигин эске салып турган. (Окугула: Жезекиел 43:7—9.) Бул кеңеш бүгүнкү күнгө да тиешелүү. Кудайдын эли нечен кылым бою Улуу Бабылдын рухий туткунунда болуп, бошонгондон кийин, Машаяк 1919-жылы ишенимдүү жана акылдуу кулун дайындаган. Айрыкча ошондон бери Кудайдын эли бурканга табынууга, бутпарастыкка байланышкан жалган окуулар менен иштерден арылууга бүт күчүн жумшоодо. Биз рухий ыпыластыкты таза сыйынууга жакын жуутпаганга аракет кылабыз. Падышалык залында жеке иштерибизди да жүргүзбөйбүз, сыйынууга байланышпаган иштерди сыйынууга аралаштыруудан сак болобуз (Мр. 11:15, 16).

18, 19. а) Аяндагы ибадаткананын дарбазалары бийик болгонунан эмнени биле алабыз? б) Жахабанын бийик нормаларын төмөндөтүүнү көздөгөндөргө кандай карашыбыз керек? Мисал келтиргиле.

18 Абдан бийик дарбазалар. Аяндагы абдан бийик дарбазалар жөнүндө ой жүгүртүүнүн кандай пайдасы бар? Ибадаткананын ал өзгөчөлүгүнөн туткундан кайткан жүйүттөр Жахабанын адеп-ахлак нормалары абдан бийик экенин билишкени шексиз. Байыркы учурда ушундай болсо, анда азыркы учур тууралуу эмне дешке болот? Биз Жахабага анын улуу рухий ибадатканасында сыйынабыз. Анда эки жүздүүлүктөн качып, жүрүм-турумубуздун таза болушу андан бетер маанилүү эмеспи? (Рим. 12:9; 1 Пет. 1:14, 15). Ушул акыркы күндөрдө Жахаба элине өзүнүн адеп-ахлак нормаларына тыгыз карманууну акырындык менен үйрөтүп келатат *. Алсак, жаман иш кылганына өкүнбөгөндөр жыйналыштан чыгарылат (1 Кор. 5:11—13). Мындан тышкары, дарбазалардын кире бериштериндеги күзөт бөлмөлөрү Жахабага жакпаган бир да киши ага сыйыныш үчүн рухий ибадатканага кире албай турганын эскертип турат. Мисалы, эки башка жашоо өткөрүп жүргөндөр Падышалык залына кире бериши мүмкүн, бирок Кудай талап кылган нерселерди аткармайын, ага жага албайт жана андай кишилердин рухий ибадатканада сыйынышына жол берилбейт (Жкп. 4:8). Адамдар бузулуп, адеп-ахлактык ыпыластыкка белчесинен баткан ушул убакта Жахабанын таза сыйынууну таза сактап жатканы чын эле керемет!

19 Ыйык Китепте бул дүйнө акырына жакын калганда ого бетер бузулары айтылган. Анда: «Кара өзгөй адамдар, алдамчылар башкаларды адаштырып, өздөрү да адашып, барган сайын бузула беришет»,— деп жазылган (2 Тим. 3:13). Ушу тапта Жахабанын бийик нормалары өтө эле жогору, эскирип калган же туура эмес деп ойлоп адашкандар барган сайын көбөйүүдө. Силер алардын таасирине алдырасыңарбы? Маселен, кимдир бирөө бир жыныстагы адамдардын жыныстык мамиледе болушуна карата Кудайдын нормалары туура эмес дегенге ынандырууга аракет кылса, ага кошуласыңарбы? Же андай иштерди кылгандар «ыпылас иштерге барып» жатканын өзүнүн Сөзүнө так-даана жаздырып койгон Жахабага кошуласыңарбы? Кудай адеп-ахлаксыз жүрүм-турумду туура көрбөшүбүз керектигин эскерткен (Рим. 1:24—27, 32). Ошондой маселелерге келгенде Жезекиел көргөн ибадаткананы жана анын абдан бийик дарбазаларын көз алдыбызга элестетип, бул ыймансыз дүйнө бизди канчалык кысымга албасын, Жахаба өзүнүн адил талап-нормаларын төмөндөтпөй турганын унутпаганыбыз жакшы. Биз асмандагы Атабыздын оюна кошулуп, туура нерсени жактайбызбы?

Таза сыйынууга катышканыбызда «мактоо курмандыгын» алып келген болобуз

20. «Эбегейсиз көп адамдар» үчүн Жезекиелдин аянында дем-шык берерлик кандай ойлор камтылган?

20 Короолор. Ибадаткананын тышкы короосунун кенендигин көргөндө, ал жакка Жахабага кубанычтуу сыйынган канча киши чогула аларын ойлоп Жезекиелдин жүрөгү толкуса керек. Бүгүнкү күндө Исанын жолдоочулары андан алда канча улуу ибадатканада сыйынып жатышат. Рухий ибадаткананын тышкы короосунда Жахабага сыйынган «эбегейсиз көп адамдар» үчүн Жезекиелдин аянында дем-шык берерлик ойлор камтылган (Аян 7:9, 10, 14, 15). Жезекиел ал короолор сыйынгандар өздөрү алып келген тынчтык курмандыктарын чогуу жей турган ашканалар менен тегерете курчалганын көргөн (Жез. 40:17). Демек, кандайдыр бир мааниде алар Жахаба менен чогуу тамактанышкан. Бул болсо алардын ортосундагы тынчтыктын белгиси болгон. Азыр биз Мусанын мыйзамына карманган жүйүттөргө окшоп курмандык чалбайбыз. Биз жыйналыштан жооп берип, ишенимибизди чагылдырган сөздөрдү сүйлөп же кабар айтып таза сыйынууга катышканыбызда «мактоо курмандыгын» алып келген болобуз (Евр. 13:15). Жахаба берип жаткан рухий тамак менен да азыктанып жатабыз. Андыктан: «Сенин короолоруңдагы бир күн миң күндөн артык»,— деп ырдаган Корактын уулдарыныкындай сезимде болгонубуз таң калыштуу эмес (Заб. 84:10).

21. Исанын майланган жолдоочулары Жезекиелдин аянында дин кызматчылык жөнүндө айтылгандардан эмнени биле алышат?

21 Дин кызматчылык. Жезекиел дин кызматчылар менен лебилер кире алган ички короонун дарбазалары дин кызматчылардын уруусунан болбогондор кире алган тышкы короонун дарбазаларына окшош болгонун көргөн. Бул дин кызматчылардын тобундагы эркектерге алар да Жахабанын таза сыйынууга койгон талаптарына жооп бериши керек болгонун эскертип турган. Азыркы убак жөнүндө эмне деп айтууга болот? Азыр Кудайдын кызматчыларынын арасында атадан балага өткөн дин кызматчылык жок, бирок майлангандар жөнүндө: «Силер „тандалган тукумсуңар, падыша болуп кызмат кыла турган дин кызматчыларсыңар“»,— делген (1 Пет. 2:9). Байыркы Ысрайылда дин кызматчылар өзүнчө бөлүнгөн короодо сыйынышчу. Бүгүнкү күндө майлангандар Жахабага өзүнчө эмес, анын башка кызматчылары менен бирге сыйынышат. Бирок асырап алган балдары катары алар Жахаба менен өзгөчө мамиледе (Гал. 4:4—6). Жезекиелдин аянында майлангандар үчүн да пайдалуу эскертүүлөр камтылган. Майлангандар андан, байыркы учурдагы дин кызматчылардай эле, алар да баш ийип, кеңешти жана оңдоп-түзөөнү кабыл алышы керектигин биле алышат. Исанын жолдоочулары катары деги эле баарыбыз «бир койчунун» көзөмөлү алдында кызмат кылып жаткан «бир отор» экенибизди эстен чыгарбаганыбыз жакшы. (Окугула: Жакан 10:16.)

22, 23. а) Аксакалдар бүгүнкү күндө Жезекиелдин аянында төрө жөнүндө айтылгандардан эмнени биле алышат? б) Келечекте эмне болушу мүмкүн?

22 Төрө. Аянда төрө абдан чоң роль ойногон киши болгон. Ал дин кызматчылардын уруусунан болгон эмес жана ибадаткананын аймагында дин кызматчылардын жетекчилигине баш ийген. Бирок элдин арасында көзөмөлчүлүк милдетти аткарган, ошондой эле дин кызматчыларга курмандыктардын айрымдарын алып келип жардам берген (Жез. 44:2, 3; 45:16, 17; 46:2). Андыктан учурда жыйналыштагы көп милдет аткарган эркектер үчүн үлгү болуп эсептелет. Негизи, аксакалдар, анын ичинде кыдыруучу көзөмөлчүлөр да майланган ишенимдүү кулга дайыма баш ийиши керек (Евр. 13:17). Аксакалдар Кудайдын элине жыйналыштарда, кызматта даңктоо курмандыктарын алып келүүгө жардам бергенге көп күч жумшашат (Эф. 4:11, 12). Андан сырткары, алар бийлигин кыянат колдонгону үчүн Жахабанын Ысрайыл төрөлөрүн ашкерелегенине да көңүл бурушу керек (Жез. 45:9). Аксакалдар кеңешке же оңдоп-түзөөгө муктаж эмеспиз деп да ойлошпойт. Тескерисинче, жакшы кайтаруучу, жакшы көзөмөлчү болушу үчүн Жахабанын аларды оңдоп турушун каалашат жана ошондой мүмкүнчүлүктүн ар бирин баалашат. (Окугула: 1 Петир 5:1—3.)

23 Жахаба сүйүүгө толгон жөндөмдүү көзөмөлчүлөрдү жер бетинде боло турган Бейиште да дайындай берет. Чынында, аксакалдар көптөргө жардам бере турган жөндөмдүү койчу болууга азыртадан эле үйрөтүлүүдө. Жахаба алардын көбүн Бейиште да колдонот (Заб. 45:16). Алардын жаңы дүйнөдө Кудайдын бизге берген батасы болору жөнүндө ой жүгүртүү жүрөгүбүздү козгобойбу?! Калыбына келтирүү иши тууралуу башка пайгамбарлыктар сыяктуу эле, балким, Жезекиелдин аянын да Жахаба өзү туура көргөн учурда айкыныраак түшүнөттүрбүз. Андагы айрым нерселер келечекке тиешелүү болушу мүмкүн, алардын аткарылышын азыр түшүнбөшүбүз ыктымал. Аны убакыт көрсөтөт.

Бийик дарбазалар менен короолордон сыйынуубуз жөнүндө эмнени билүүгө болот? (18—21-абзацтарды карагыла)

Жахабанын таза сыйынууга батасын бериши

24, 25. Жезекиелдин аянында Жахабанын өз элине, эгер алар таза сыйынууну жакташса, бата берери кантип сүрөттөлгөн?

24 Акырында Жезекиелдин аянындагы абдан маанилүү бир нерсени эсибизге салалы. Аяндагы ибадатканага Жахаба кирген жана элине, анын таза сыйынуу үчүн койгон талаптарына берилгендик менен кармана беришсе, ошол жакта каларын убада кылган (Жез. 43:4—9). Жахабанын ошол жерде болгону анын элине жана алардын жерине кандай таасир этмек?

25 Кудайдын баталары аянда пайгамбарлык мааниге ээ эки нерсе менен: 1) ибадаткананын ыйык жайынан агып чыккан жана жерге өмүр менен түшүмдүүлүк алып келген дарыя, 2) орто ченинде ибадаткана жана анын аймагы жайгашкан, түз сызык менен так бөлүнгөн Убадаланган жер менен сүрөттөлгөн. Буларды кандай түшүнсөк болот? Негизи, биз азыр Жахаба өзү алда канча ыйык жана улуу сыйынуу түзүлүшүнө — улуу рухий ибадатканага — кирип, аны тазалаган жана жактырган убакта жашап жатабыз (Мал. 3:1—4). Пайгамбарлык мааниге ээ бул эки көрүнүш китептин 19—21-бөлүмдөрүндө каралат.

^ 6-абз. Жахаба ушундайча анын элинин ыйык үйүнө карата мурун кылган мамилесинен кескин айырмаланган нерсени баса белгилеген. Ал: «Өздөрүнүн босогосун менин босогомо, эшиктеринин кашегин менин эшиктеримдин кашегине жанаша коюшкандыктан, ортобузду дубал гана бөлүп турган. Алар ыйык ысмымды жийиркеничтүү иштери менен булгашкан»,— деген (Жез. 43:8). Байыркы Иерусалимде Жахабанын ибадатканасын кадимки үйлөрдөн бир эле дубал бөлүп турган. Эл Жахабанын адил нормаларынан алыстап кеткенде анын үйүнүн так жанына арам нерселерин алып келишкен, тактап айтканда, өздөрүнүн буркандарына сыйынышкан. Бул абдан жийиркеничтүү болгон.

^ 13-абз. Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аяны калыбына келтирүү ишине байланышкан акыркы күндөрдө аткарылып жаткан башка пайгамбарлык сөздөр менен да байланышта. Мисалы, Жезекиел 43:1—9-аяттар менен Малаки 3:1—5-аяттардын, ошондой эле Жезекиел 47:1—12-аяттар менен Жоел 3:18-аяттын ортосундагы окшоштуктарга көңүл бурсаңар болот.

^ 18-абз. Рухий ибадаткана б.з. 29-жылы Иса чөмүлүп, Башкы дин кызматчы катары кызмат кыла баштаганда пайда болгон. Бирок таза сыйынуу Исанын элчилеринин көзү өткөндөн кийин бир канча кылым бою тебеленип келген. Ал эми 1919-жылдан тартып чыныгы сыйынуу жогору коюлган.