Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

13-БӨЛҮМ

Ибадаткананын сүрөттөлүшү

Ибадаткананын сүрөттөлүшү

ЖЕЗЕКИЕЛ 43:10

ӨЗӨК ОЙ: Жезекиел көргөн даңкка толгон ибадаткана жөнүндөгү аяндын мааниси

1—3. а) Заңгыраган ибадаткана жөнүндөгү аян Жезекиелди эмне үчүн жубатышы мүмкүн эле? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.) б) Бул бөлүмдө эмнелерге токтолобуз?

ЭЛҮҮГӨ чыккан Жезекиелди көз алдыңарга тартсаңар. Туткунда жүргөнүнө 25 жыл болду. Иерусалимдеги ибадаткана качантан бери урап жатат. Жезекиел качандыр бир убакта ал жакта дин кызматчы болуп кызмат кылам деп үмүттөнүп жүрсө, анда үмүтү да урады. Анткени туткундар азаттыкка, болжолу, 56 жылдан кийин гана чыгат. Жезекиел элинин мекенине кайтып барарын жана ибадаткананын кайра куруларын көргөнчөлүк узак жашабай турганын билет (Жер. 25:11). Ушундан улам көңүлү чөккөнбү?

2 Жахабанын так ушундай убакта ишенимдүү кызматчысы Жезекиелге аян аркылуу ибадаткананы майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтүп, аны жубатып, үмүт бергени боорукердиги болгон! Аянында пайгамбар мекенине алынып барылып, абдан бийик тоонун үстүндө болуп калган. Ошол жерден ал «көрүнүшү жездей» болгон «бир кишини көргөн». Ал периште ага заңгыраган ибадаткананы жана анын аймагын кыдыртып көрсөткөн. (Окугула: Жезекиел 40:1—4.) Жезекиелге бардык нерсе өңүндө болуп жаткандай сезилген! Бул анын ишенимин бекемдеген, жүрөгүн толкуткан жана балким, терең ойго салган окуя болсо керек. Көргөндөрүнүн көбү ага тааныш болсо да, аяндагы ибадаткана мурунку Иерусалимдеги өзү көрүп жүргөн ибадатканадан кыйла айырмаланган.

3 Жезекиел китебинин акыркы 9 бөлүмү бүйүрдү кызыткан ушул аян менен аяктайт. Келгиле, адегенде бул аянды изилдеп, аны түшүнүш үчүн кандай маанай өрчүтүшүбүз керектигине токтололу. Анан Жезекиел аянында бир нече кылымдан кийин элчи Пабыл жазган улуу рухий ибадаткананы көргөнбү же жокпу, ошону карайбыз. Акырында ал аян Жезекиел менен туткундагы жүйүттөр үчүн кандай мааниге ээ болгонуна токтолобуз.

Түшүнүгүбүздү өзгөртүү керектигинин айкын болушу

4. Ибадаткана жөнүндөгү аян мурун кантип түшүндүрүлүп келген жана азыр эмне айкын болду?

4 Мурун адабияттарыбызда Жезекиел элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен еврей ишенимдештерине жолдогон катында сүрөттөгөн Жахабанын улуу рухий ибадатканасын көргөн деп айтылып келген *. Ошондой жыйынтыктын негизинде Пабылдын ыйык чатыр жөнүндө түшүндүрүп жазгандарына таянып, Жезекиел көргөн ибадаткананын көп өзгөчөлүктөрү каймана мааниге ээ жана белгилүү бир нерсени билдирет деп эсептөө жүйөлүүдөй көрүнгөн. Бирок Кудайдан тиленип терең изилдөөнүн, ой жүгүртүүнүн аркасында Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аяны жөнөкөйүрөөк түшүндүрүлүшү керектиги айкын болду.

5, 6. а) Элчи Пабыл ыйык чатырдагы айрым нерселер жөнүндө эмне деп айткан жана момун экенин кантип көрсөткөн? б) Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аянын түшүнүш үчүн Пабыл жазган ойлорду кантип эске алсак болот?

5 Ибадаткана жөнүндөгү бул аяндагы ар бир нерсе пайгамбарлык же каймана мааниге ээ деп ойлобошубуз керектиги жөндүүдөй сезилет. Эмне үчүн? Кызыктуу бир мисал карап көрөлү. Пабыл ыйык чатыр жана рухий ибадаткана жөнүндө айтканда ыйык чатырдагы жыпарзат түтөтүүчү алтын идиш, келишим сандыгынын капкагы, ичине манна салынган алтын идиш сыяктуу нерселерди санап өткөн. Ал андан соң ошол нерселердин пайгамбарлык мааниси жөнүндө айтты беле? Ыйык рух ага антүүгө түрткү берген эмес көрүнөт. Анын ордуна, Пабыл: «Бирок азыр буларга токтоло турган учур эмес»,— деп жазган (Евр. 9:4, 5). Ал ыйык рухтун жетегине баш ийүүгө жана Жахабаны момундук менен күтүүгө ынтызар болгон (Евр. 9:8).

6 Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аяны тууралуу да ушундай ойдо болсок болот. Ал аянда да көп нерселер майда-чүйдөсүнө чейин айтылган. Эгер кошумча тактоолор зарыл болсо, баарын айкын кылганга чейин Жахабаны момундук менен күткөнүбүз туурадай көрүнөт. (Окугула: Микей 7:7.) Анда анын руху бул аянга ошондон бери эч кандай жарык чачкан эмес деп жыйынтык чыгарышыбыз керекпи? Жок, андай эмес.

Жезекиел улуу рухий ибадаткананы көргөнбү?

7, 8. а) Эмнеге байланыштуу түшүнүгүбүз өзгөрдү? б) Ибадаткана жөнүндөгү бул аян Пабыл сүрөттөгөн рухий ибадатканадан эмнеси менен айырмаланган?

7 Буга чейин айтылгандай, көп жыл бою биздин адабияттарда Жезекиел элчи Пабыл рухтун жетеги менен еврей ишенимдештерине жолдогон катында сүрөттөгөн улуу рухий ибадаткананы көргөн деп түшүндүрүлүп келген. Бирок тереңирээк изилдөөнүн натыйжасында Жезекиел улуу рухий ибадаткананы көрүшү мүмкүн эмес болчу деген жыйынтыкка келдик. Эмне үчүн?

8 Биринчиден, Жезекиел көргөн ибадаткана Пабылдын рухтун жетеги менен жазган түшүндүрмөсүнө шайкеш келбейт. Ойлонуп көрсөңөр, Пабыл Мусанын убагындагы ыйык чатыр алда канча чоң нерсенин көлөкөсү жана үлгүсү болгонун айкын түшүндүргөн. Негизинен окшош эле үлгү боюнча курулган Сулаймандын жана Зоробабылдын убагындагы ибадатканалардагыдай эле, ыйык чатырдын «Ыйыктын ыйыгы» деп аталган бөлүгү болгон. Пабыл аны «адамдын колу менен жасалган ыйык жай» деп атап, «чыныгы жайдын» өзү эмес, анын «үлгүсү» болгонун түшүндүргөн. Анда чыныгы жайдын өзү эмне болгон? Пабыл ал Жахабанын турагы болгон «асмандын өзү» экенин айткан (Евр. 9:3, 24). Жезекиел ошол асманды көрдү беле? Жок. Башка аяндардан айырмаланып, Жезекиелдин аянында анын асманды көргөнүн билдирген эч кандай ой камтылбайт. (Салыштыргыла: Даниел 7:9, 10, 13, 14.)

9, 10. Курмандыктар жөнүндө айта турган болсок, Жезекиел көргөн ибадаткана Пабыл сүрөттөгөн улуу рухий ибадатканадан эмнеси менен айырмаланган?

9 Жезекиелдин аяны менен Пабыл сүрөттөгөндөрдүн ортосундагы айырманы көбүрөөк баса белгилеген нерсе — курмандыктар. Жезекиел элге, башчыларга, дин кызматчыларга курмандык чалууга байланышкан жалпы көрсөтмөлөрдүн берилгенин уккан. Алар өз күнөөлөрү үчүн курмандык чалышы керек болгон. Ибадаткананын ашканаларында чогуу желчү тынчтык курмандыктарын да чалууга тийиш болгон (Жез. 43:18, 19; 44:11, 15, 27; 45:15—20, 22—25). Улуу рухий ибадатканада улам-улам чалынышы керек болгон ошондой курмандыктар чалынганбы?

Жезекиел көргөн ибадаткана улуу рухий ибадаткана эмес

10 Бул суроонун жообу айкын жана жөнөкөй. Пабыл муну: «Машаяк — аткарылган жакшы нерселердин башкы дин кызматчысы — адам баласынын колу менен курулбаган, жерге таандык болбогон алда канча улуу, жеткилең чатырга кирген. Ал ыйык жайга текелердин, букачарлардын каны менен эмес, өзүнүн каны менен бир эле жолу кирип, биз үчүн түбөлүк куткарылууга жол ачкан»,— деп түшүндүргөн (Евр. 9:11, 12). Демек, улуу рухий ибадатканада бир эле курмандык биротоло чалынган. Ал — куткаруу курмандыгы. Аны Башкы дин кызматчы Машаяк өзү чалган. Ооба, текелер жана букалар курмандыкка чалынган Жезекиелдин аянындагы ибадаткана улуу рухий ибадаткана болгон эмес.

11. Жезекиелдин күндөрүндө эмне үчүн Кудайдын улуу рухий ибадаткана жөнүндөгү чындыктарды ачып бере турган убагы келе элек болчу?

11 Мындан Жезекиел улуу рухий ибадаткананы көрүшү мүмкүн эмес болчу деп бүтүм чыгарууга жардам берген экинчи себепке барып такалабыз. Экинчи себеби Кудайдын мындай чындыктарды ача турган убагы келе элек болчу. Жезекиелдин аяны биринчи кезекте Бабылдагы жүйүттөргө тиешелүү болгонун эстесеңер. Алар Мусанын мыйзамы боюнча жашашкан. Туткунда жүргөн убагы аяктаганда алар Иерусалимге кайтып барып, ибадаткана менен курмандык жайын кайра куруу менен ал Мыйзамды таза сыйынууга карата колдонушу керек болгон. Алар, тарыхтан билгенибиздей, ошондон кийин 6 кылымдай убакыт бою курмандыктарды чала беришкен. Жезекиелдин рухий ибадаткана жөнүндө — бардык курмандыктар жокко чыгарылгандан кийин башкы дин кызматчы өз өмүрүн курмандыкка чалган ибадаткана жөнүндө — көргөн аяны жүйүттөргө кандай таасир этмектигин элестетип көрсөңөр. Алар мындай аянды кандай түшүнөт эле? Алардын Мусанын мыйзамына баш ийүүгө болгон чечкиндүүлүгү солгундап калышы мүмкүн беле? Ооба, адаттагыдай эле, Жахаба чындыктарды өз убагында жана эли даяр болгондо ачып берет.

12—14. Жезекиел көргөн ибадаткана менен Пабылдын рухий ибадаткана жөнүндө түшүндүрүп жазгандарынын ортосунда кандай байланыш бар? («Эки башка ибадаткана, эки башка маани» деген кутучаны карагыла.)

12 Анда Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аяны менен Пабылдын рухий ибадаткана жөнүндө түшүндүрүп жазгандарынын ортосунда кандай байланыш бар? Пабылдын жазгандары Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аянына эмес, Мусанын күндөрүндөгү ыйык чатыр жөнүндө айтылгандарга негизделгенин эсибизден чыгарбайлы. Ырас, Пабыл Сулайман менен Зоробабылдын тушундагы ибадатканаларда орун алган жана кыязы, Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аянында көрсөтүлгөн бир нече өзгөчөлүккө токтолгон. Бирок, жалпы жонунан алганда, Жезекиел менен Пабылдын жазгандарында эки башка нерсеге басым жасалат *. Алардын жазгандары жөн эле бири-бирине үндөш болбостон, бири-бирин толуктап турат. Кандайча?

13 Ыйык Китептеги ушул эки билдирүүнүн ортосундагы байланыш тууралуу мындай бүтүмгө келсек болот: Пабылдын жазгандарынан Жахабанын сыйынууга байланышкан чарасын, ал эми Жезекиелдин жазгандарынан Жахабанын сыйынууга карата койгон талаптарын билебиз. Жахабанын сыйынууга байланышкан чарасы жөнүндө көбүрөөк билишибиз үчүн, Пабыл рухий ибадатканадагы башкы дин кызматчы, курмандыктар, курмандык жайы, Ыйыктын ыйыгы сыяктуу нерселердин маанисин ачып берген. Ал эми Жахабанын таза сыйынууга койгон бийик талаптары баса белгилениши үчүн, Жезекиелдин аянында Жахабанын талаптары жөнүндөгү акылыбыз менен жүрөгүбүзгө терең таасир калтырарлык көп майда-барат нерселер сүрөттөлгөн.

14 Демек, өзгөргөн түшүнүгүбүздүн негизинде эмне десек болот? Жезекиелдин аяны биз үчүн анчалык маанилүү эмес деп айтууга болобу? Жок. Анын кайсы жагынан пайдалуу экенин түшүнүш үчүн Жезекиелдин күндөрүндө жана андан кийин жашаган жүйүттөргө кайсы жагынан пайдалуу болгонун карап көрөлү.

Аян туткундагы жүйүттөр үчүн кандай мааниге ээ болгон?

15. а) Жезекиелдин аянында пайгамбарлык мааниге ээ кандай негизги кабар камтылган? б) Жезекиел китебинин 8-бөлүмү менен 40—48-бөлүмдөрүндө кандай айырмачылык бар?

15 Бул суроого Ыйык Китептен жооп алыш үчүн алгач аны менен байланышы бар, жагдайды айкын жана толук түшүнгөнгө жардам берген бир нече суроону карайлы. 1) Ал аянда пайгамбарлык мааниге ээ кандай негизги кабар камтылган? Жөнөкөй сөз менен айтканда, аяндагы негизги кабар таза сыйынуунун калыбына келтирилери болгон. Жезекиелдин муну айкын түшүнгөнү күмөнсүз. Ал мурун эле жазган бул кабар Жезекиел китебинин Иерусалимдеги ибадатканадагы кейиштүү абал баяндалган 8-бөлүмүндө камтылган. Жахаба ал абалды Жезекиелге аян аркылуу көрсөткөн. Андыктан Жезекиел андан кескин айырмаланган жагдай жөнүндө майда-баратына чейин сүйүнүп жазса керек. Аларды 40—48-бөлүмдөрдөн окуй алабыз. Ал аянда таза сыйынуунун арамдалганын эмес, анын кандай болушу керек болгонун — Жахабага сыйынуунун Мусанын мыйзамына ылайык келген жеткилең үлгүсүн — билүүгө болот.

16. Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аяны Ышаянын бир кылым мурун айткан сөздөрүн кандайча ырастаган?

16 Таза сыйынуу кайрадан тийиштүү абалга келтирилиши үчүн жогору коюлушу керек болгон. Бир кылымдан ашуун убакыт мурун Ышая пайгамбар: «Акыркы күндөрдө Жахабанын үйүнүн тоосу тоолордун чокусунан бийик коюлат, адырлардан жогору көтөрүлөт»,— деп жазган (Ыш. 2:2). Ал таза сыйынуунун калыбына келтирилип, тоолордун чокусуна коюлгандай жогору көтөрүлөрүн алдын ала айкын көргөн. Ал эми Жезекиелдин аянында Жахабанын үйү кайсы жерде турган? Ал «абдан бийик тоонун үстүнө коюлган» (Жез. 40:2). Жезекиелдин аяны таза сыйынуунун калыбына келтирилерин ушундайча ырастаган.

Жезекиел көргөн ибадаткана абдан бийик, жогору жерде жайгашкан (16-абзацты карагыла)

17. Жезекиел китебинин 40—48-бөлүмдөрүндө жазылгандарды кыскача айтып бергиле.

17 Жезекиел китебинин 40—48-бөлүмдөрүнө ылайык, Жезекиелдин уккан-көргөнүнө кыскача токтололу. Ал периштенин ибадаткананын дарбазаларын, дубалын, короолорун, ыйык жайын ченегенин көргөн (Жез. 40—42). Анан жүрөк толкутарлык окуя болгон: ибадатканага Жахабанын даңкы келген! Жахаба тоң моюн элине, дин кызматчыларга жана башчыларга аларды оңдоп-түзөгөн көрсөтмөлөрдү берген (Жез. 43:1—12; 44:10—31; 45:9—12). Жезекиел ыйык жайдан агып чыгып, өмүр менен батага ээ кыла турган жана Жансыз деңизге куйган дарыяны да көргөн (Жез. 47:1—12). Бирдей бөлүктөргө бөлүнгөн жерди, анын ортосуна жакын жерден таза сыйынуу орун алганын да көргөн (Жез. 45:1—8; 47:13—48:35). Мунун баары эмнени билдирген? Ооба, Жахаба өз элин таза сыйынуунун калыбына келтирилерине жана жогору коюларына ынандырган. Ал өзү ошол жерде болуп, сыйынуу үйүнө батасын бермек жана айыктыруунун, өмүрдүн, тынчтыктын булагы болуп, калыбына келтирилген жерге ибадатканасынан баталарды «агызмак».

Жезекиел көргөн ибадаткана Жахабанын таза сыйынууну калыбына келтиреринин даңктуу сүрөттөлүшү болгон (17-абзацты карагыла)

18. Жезекиелдин аянын түзмө-түз түшүнүү керек беле? Түшүндүргүлө.

18 2) Жезекиелдин аянын түзмө-түз түшүнүү керек беле? Жок. Аны түзмө-түз түшүнбөш керектигин Жезекиел өзү жана аянын сүрөттөп бергенин уккан туткундагы жүйүттөр дароо эле аңдашса керек. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Ибадаткананын «абдан бийик тоонун үстүндө» турганын эстесеңер. Аян Ышаянын пайгамбарлык менен тыгыз байланышта болсо да, аяндагы ибадаткана кадимки ибадаткана жайгашкан жерге батмак эмес. Сулайман курган ибадаткана Иерусалимдеги Мориа тоосунда жайгашкан жана убагы келгенде ошол жерге кайра курулмак. Бирок ал «абдан бийик тоо» болгонбу? Жок. Мориа тоосу чокусу аныкы менен бирдей же андан бийигирээк тоолор менен курчалган болчу. Анын үстүнө, Жезекиел көргөн ибадаткана ээлеген аймак абдан чоң болгон. Анын дубал менен тосулган аймагы ушунчалык чоң болгондуктан, Мориа тоосунун чокусуна батмак эмес. Ал атүгүл Сулаймандын күндөрүндөгү Иерусалим шаарынын аймагынан да чоң болчу. Мындан тышкары, туткундар ибадаткананын ыйык жайынан кадимки дарыя агып чыгып, Жансыз деңизге куят жана анын жансыз суусун айыктырат деп күтүшкөн эмес. Ошондой эле Убадаланган жердин аймагы тоолуу болгондуктан, уруулардын үлүш жерлери, аянда сүрөттөлгөндөй, түз сызык менен бөлүнгөн эмес. Ооба, ал аянды сөздүн түз маанисинде түшүнүүгө негиз жок болчу.

19—21. Жахаба Жезекиелдин аянынын элине кандай таасир этишин каалаган жана эмне үчүн ал аларга ошондой таасир этиши мүмкүн эле?

19 3) Ал аян Жезекиелдин элине кандай таасир этиши керек болчу? Жахабанын таза сыйынууга койгон бийик талаптары жөнүндө ой жүгүрткөндө жүйүт эли уялышы керек болчу. Жахаба Жезекиелге: «Ысрайыл үйүнө Үй тууралуу айт [ибадаткананы сүрөттө]»,— деген. Жезекиел ибадаткананы ысрайылдыктар «аны ченей» алгыдай, долбоорун изилдей алгыдай кылдат сүрөттөшү керек болчу. Эл ал ибадаткана тууралуу эмне үчүн терең ойлонушу керек эле? Буга чейин билгенибиздей, аны куруш үчүн эмес, Жахаба айткандай, «кылган иштери үчүн уялышы» үчүн ойлонушу керек болгон. (Окугула: Жезекиел 43:10—12.)

20 Ал аян эмне үчүн жүрөгү таза адамдардын абийирин козгоп, уялганга түрткү бериши мүмкүн эле? Жезекиелге: «Адам уулу, сага айта тургандарымды, Жахабанын үйүнө байланыштуу көрсөтмөлөрдүн, мыйзамдардын бардыгын жүрөгүңө түй»,— деп айтылганына көңүл бурсаңар (Жез. 44:5). Жезекиелге көрсөтмөлөр менен мыйзамдар тууралуу улам-улам айтыла берген (Жез. 43:11, 12; 44:24; 46:14). Ага Жахабанын нормалары, атүгүл чыканактын узундугуна жана салмактын тактыгына байланышкан нормалар жөнүндө да кайра-кайра айтылган. (Жез. 40:5; 45:10—12; салыштыргыла: Накыл сөздөр 16:11.) Ооба, бир эле ушул аянда Жезекиел түп нускадагы «өлчөм», «ченем» деген сыяктуу сөздөрдү 50дөн ашуун жолу колдонгон.

21 «Чене», «өлчө», «салмак», «мыйзамдар», «көрсөтмөлөр» деген сыяктуу сөздөр менен Жахаба элине эмнени айткысы келген? Сыягы, ал көркөм тил менен маанилүү бир чындыкты — таза сыйынууга карата талаптарды ал гана коёрун — алардын эсине салгысы келген. Ошол талаптардан алыстап кеткендер уялышы керек болчу. Ал аянда жүйүттөр үчүн кандай сабактар камтылган эле? Кийинки бөлүмдө айрым мисалдарга токтолобуз. Алар ал маанилүү аян биз үчүн кандай мааниге ээ экенин айкыныраак түшүнүүгө жардам берет.

Ибадаткана жөнүндөгү аян эмне үчүн жүрөгү таза адамдарга уялууга түрткү бермек? (19—21-абзацтарды карагыла)

^ 4-абз. Рухий ибадаткана — Жахабанын Иса Машаяктын курмандыгына негизделген таза сыйынуу үчүн көргөн чарасы. Анын б.з. 29-жылы пайда болгонун билебиз.

^ 12-абз. Мисалы, Пабыл башкы дин кызматчыга жана анын Күнөөдөн арылуу күнүндөгү ролуна басым жасаган (Евр. 2:17; 3:1; 4:14—16; 5:1—10; 7:1—17, 26—28; 8:1—6; 9:6—28). Ал эми Жезекиелдин аянында башкы дин кызматчы жөнүндө да, Күнөөдөн арылуу күнү жөнүндө да эч нерсе айтылбайт.