Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10-БӨЛҮМ

«Жанданасыңар»

«Жанданасыңар»

ЖЕЗЕКИЕЛ 37:5

ӨЗӨК ОЙ: «Кагыраган сөөктөрдүн» жанданышы жөнүндөгү аян жана анын чоң масштабда аткарылышы

1—3. Жүйүттөрдүн тилегинин таш кабышына эмне себеп болгон? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.)

БАБЫЛДА жүргөн жүйүттөрдүн тилеги таш капкан. Беш жылдай убакыт бою Жезекиел пайгамбар алар үмүттөнүп жаткан нерсе куру кыял экенин айтып кан какшап келген. Бирок эч кандай майнап чыккан эмес. Ал пайгамбарлык мааниге ээ кандай иш-аракеттерди кылбасын, кандай мисал келтирбесин, кандай кабар жарыялабасын, туткунда жүргөндөр Жахабанын Иерусалимдин кыйратылышына жол берип коёруна такыр ишенгиси келген эмес. Алар атүгүл Бабылдын аскери Иерусалимди курчоого алганын билгенден кийин да анын тургундары коопсуз жашай беришет деп ойлошкон.

2 Эми болсо минтип шаардын курчоого алынганынан эки жыл өткөндөн кийин ал жактан качып чыккан бирөө Бабылга: «Шаар талкаланды!» — деп айтып келип отурат. Ал кабар туткундарды биротоло мүңкүрөттү. Алардын сүйгөн шаары, ыйык ибадатканасы, туулуп-өскөн жери — баары кыйратылды! Бөпөлөп багып келген үмүтү бир заматта ташка чабылды (Жез. 21:7; 33:21).

3 Бирок элдин кабыргасы сөгүлүп турган так ошол маалда Жезекиел Кудайдан үмүт жандырган аян алган. Ал аянда чилдей тарап кеткен туткундар үчүн кандай кабар камтылган эле? Анын Кудайдын бүгүнкү күндөгү элине кандай тиешеси бар жана жеке ар бирибизге кандай пайдасы бар? Эмесе, ушул суроолорго жооп алыш үчүн Жахабанын Жезекиелге кандай аян бергенине токтололу.

«Бул сөөктөр жөнүндө пайгамбарлык кыл» жана «шамалга пайгамбарлык кыл»

4. Жезекиел аян алганда эмнени байкаган?

4 Окугула: Жезекиел 37:1—10. Аянында Жезекиел сөөктөр жайнап жаткан өрөөнгө алынып барылат. Сыягы, Жезекиел болуп жаткан нерсенин баарын толук сезип көрүшү үчүн, Жахаба ага ал өрөөндө жаткан сөөктөрдүн арасынан өтүүнү буйрук кылган. Ал ошол жактан басып баратып өзгөчө эки нерсени — сөөктөрдүн канча экенин жана кандай абалда экенин — байкаган. Ал: «Өрөөндө сөөк абдан көп экен, алар кагырап кургап калыптыр»,— деп жазган.

5. Жахаба Жезекиелге кандай эки буйрук берген жана ал аларды аткаргандан кийин эмне болгон?

5 Андан соң Жахаба Жезекиелге акырындап калыбына келтирүү ишин ишке киргизе турган эки буйрук берген. Биринчи буйругу ал сөөктөргө жанданышы керектигин айтып, аларга «пайгамбарлык кылуу» болчу (Жез. 37:4—6). Жезекиел пайгамбарлык кылары менен «бир дабыш чыгып», «шагыраган үн угулган» жана «сөөктөр бири-бирине жакындап, бириге баштаган». Андан кийин «алардын үстүнө тарамыш тартылып, эт өсүп чыккан» жана «үстүн тери каптаган» (Жез. 37:7, 8). Экинчи буйругу ал денелердин «үстүнө үйлөшү» керектигин айтып, «шамалга пайгамбарлык кылуу» болчу. Жезекиел пайгамбарлык кылганда, «алардын ичине дем кирип, жандана башташкан» жана «буттарына турушкан». «Алар абдан көп, сан жеткис аскерди түзгөн» (Жез. 37:9, 10).

«Сөөктөрүбүз кагырап калды, үмүтүбүз үзүлдү»

6. Жезекиелге аянды түшүнгөнгө Жахабанын кайсы сөздөрү жардам берген?

6 Анан Жахаба Жезекиелге ал аяндын маанисин: «Бул сөөктөр — бүт Ысрайыл үйү»,— деп түшүндүргөн. Чынында эле, Иерусалимдин кыйратылганын уккан туткундагы жүйүттөр өлүк абалдагыдай эле болушкан. Ошондуктан: «Сөөктөрүбүз кагырап калды, үмүтүбүз үзүлдү. Биз бөлүнүп калдык»,— деп боздошкон (Жез. 37:11; Жер. 34:20). Алардын боздогонун көрүп Жахаба адеп көңүлдү түнөрткөн, бирок чынында ысрайыл элине жаркын үмүт байлаткан сөөктөр жөнүндөгү ушул аянды көрсөткөн.

7. Жезекиел 37:12—14-аяттарда жазылгандай, Жахаба Жезекиелге кандай маалымат берген жана ал маалымат туткунда жүргөндөрдү эмнеге ынандырган?

7 Окугула: Жезекиел 37:12—14. Бул аян аркылуу Жахаба туткундарды аларды жандандырарына, өз жерине алып барып, отурукташтырарына ынандырган. Андан тышкары, ал аларга кайрадан «элим» деп кайрылган. Кайгы-муңга батып турган туткундарга бул сөздөр аябагандай дем-күч берсе керек! Калыбына келтирүү жөнүндөгү бул убаданын аткарыларына ишенүүгө кандай негиз бар эле? Ал убаданы Жахаба өзү берген. Ал: «Муну айткан да, ишке ашырган да мен, Жахаба»,— деген.

8. а) «Бүт Ысрайыл үйү» кантип рухий жактан өлүк болуп калган? б) Жезекиел 37:9дан ысрайыл элинин рухий жактан өлүшүнүн себебин кантип билүүгө болот? (Шилтемени карагыла.)

8 Байыркы ысрайыл эли бул аяндын көңүлдү түнөрткөн бөлүгүнүн аткарылышына кантип күбө болгон? Б.з.ч. 740-жылы он уруудан турган падышалык урап, туткунга кеткен кезде эле Ысрайыл каймана мааниде өлө баштаган. 130 жылдай убакыт өткөндөн кийин Жүйүттүн эли мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болгондо, «бүт Ысрайыл үйү» туткунда калган (Жез. 37:11). Ошондо туткундардын баары Жезекиелдин аянындагы сөөктөрдөй жансыз болуп калышкан *. Андан сырткары, Жезекиел жөн эле сөөктөрдү эмес, «кагырап кургап калган» сөөктөрдү көргөн. Бул алардын көп убакыт бою рухий жактан өлүк болгонун билдирген. Чынында эле, Ысрайыл менен Жүйүттү чогуу алганда, ал убакыт 200 жылдан ашык убакытка, б.з.ч. 740-жылдан б.з.ч. 537-жылга чейин, созулган (Жер. 50:33).

9. Байыркы учурдагы кадимки ысрайыл эли менен «Кудайдын Ысрайылы» кандай окшош нерсени башынан өткөргөн?

9 Ысрайылга байланышкан калыбына келтирүү жөнүндөгү Жезекиелдикиндей пайгамбарлыктар чоңураак масштабда да аткарылышы керек болчу (Элч. 3:21). Байыркы учурдагы кадимки ысрайыл эли «өлтүрүлүп», бир топ убакытка чейин каймана мааниде өлүк болгондой эле, «Кудайдын Ысрайылы» да — Машаяктын майланган жолдоочуларынан турган жыйналышы — каймана мааниде өлтүрүлүп, узак убакыт бою рухий туткунда болгон (Гал. 6:16). Туткунда жүргөн убагы ушунчалык көпкө созулгандыктан, алардын рухий абалы «кагырап кургап калган» сөөктөрдүн абалына окшоштурулган (Жез. 37:2). Мурунку бөлүмдө түшүндүрүлгөндөй, Машаяктын майланган жолдоочуларынан турган жыйналышынын туткундалышы б.з. 2-кылымында башталып, Исанын буудай менен отоо чөп жөнүндөгү мисалынан билгенибиздей, көп кылымга созулган (Мт. 13:24—30).

Жезекиелдин аянындагы «кагырап кургап калган» сөөктөр Жахабанын узак убакыт бою рухий туткунда жүргөн майланган кызматчыларын билдирет (8, 9-абзацтарды карагыла)

«Сөөктөр бири-бирине жакындап, бириге баштады»

10. а) Жезекиел 37:7—10-аяттарда Кудайдын эли жөнүндө эмнелер жазылган? б) Кудайдан корккон туткунда жүргөн жүйүттөрдүн ишенимин эмнелер акырындап калыбына келтирсе керек?

10 Байыркы учурларда Жахаба анын эли акырындап калыбына келтирилип, жанданарын алдын ала айткан (Жез. 37:7—10). Кудайдан корккон туткундардын Ысрайыл жерине кайтып барабыз деген үмүтү орундаларына болгон ишенимин акырындап калыбына келтирген нерселердин айрымдары кайсылар болгон? Аларга үмүт берген нерселердин бири мурунураак жашаган пайгамбарлардын айткан сөздөрү болсо керек. Мисалы, Ышая пайгамбар калдыктын, «ыйык тукумдун», мекенине кайтып барарын айткан (Ыш. 6:13; Аюп 14:7—9). Аларга үмүт отун өчүрбөгөнгө калыбына келтирүү жөнүндөгү Жезекиелдин жазгандары да жардам бергени шексиз. Ошондой эле алардын үмүтүн Бабылда Кудайга берилген Даниел пайгамбар сыяктуу адамдардын болгону жана Бабылдын б.з.ч. 539-жылы күтүлбөгөн жерден кыйратылганы ого бетер бекемдеген көрүнөт.

11, 12. а) «Кудайдын Ысрайылынын» арасында акырындап калыбына келтирүү иши кантип жүргүзүлгөн? («Таза сыйынуунун акырындап калыбына келтирилиши» деген кутучаны карагыла.) б) Жезекиел 37:10до жазылгандардан улам кандай суроо туулат?

11 Ал эми «Кудайдын Ысрайылынын», Машаяктын майланган жолдоочуларынан турган жыйналыштын, арасында акырындап калыбына келтирүү иши кантип жүргүзүлгөн? Көптөгөн кылымдарга созулган рухий туткундун учурунда Кудайдан корккон адамдар таза сыйынууну жактап чыкканда, «дабыш чыгып», «шагыраган үн угула» баштаган. Алсак, 16-кылымда Уильям Тиндаль Ыйык Китепти англис тилине которгон. Ошондо Ыйык Китептин карапайым эл окуй алгыдай болуп калганына Рим-католик чиркөөсүнүн жетекчилеринин каары кайнаган. Ошентип, Тиндаль өлүм жазасына тартылган. Анткен менен ошо сыяктуу башка тайманбас адамдар Ыйык Китепти башка тилдерге которууну уланта беришкен жана караңгылык каптаган дүйнөдө акырындап рухий жарык жайыла баштаган.

12 Кийинчерээк Чарлз Тейз Расселл менен анын шериктери Ыйык Китептеги чындыктарды ынталуулук менен кайра калыбына келтире баштаганда, сөөктөрдүн үстүнө «тарамыш тартылып, эт өсүп чыккандай» эле болгон. «Сион күзөт мунарасы» жана башка адабияттар жүрөгү таза адамдарга Ыйык Китептеги рухий чындыктарды тапканга жардам берген. Бул аларга Кудайдын майланган кызматчыларына кошулууга түрткү берген. 1900-жылдардын башында Кудайдын майланган эли «Жаратуу фотодрамасы» жана «Толук ачылган сыр» деген китеп сыяктуу куралдар чыкканда ого бетер күчтөнүп калган. Көп өтпөй эле Кудай өз элин бутуна тургуза турган убак келген (Жез. 37:10). Ал качан жана кантип болгон? Байыркы Бабылда болгон окуялар ушул суроого жооп алганга жардам берет.

«Жандана башташты да, буттарына турушту»

13. а) Б.з.ч. 537-жылдан тартып Жезекиел 37:10, 14тө жазылгандар кантип аткарылган? б) Он уруудан турган падышалыктын элинин арасынан айрымдардын Ысрайылга кайтып келгенин кайсы аяттардан билүүгө болот?

13 Б.з.ч. 537-жылдан тартып Бабылдагы жүйүттөр ушул аяндын аткарылышына күбө болушкан. Кантип? Жахаба аларды туткундан бошотуп, Ысрайыл жерине кайтып барышына жол ачуу менен аларды жандандырып, «буттарына тургузган». Иерусалимди, андагы ибадаткананы кайра куруп, Ысрайыл жерине отурукташыш үчүн жүйүттөрдөн 42 360 эркек жана ысрайылдык эместерден 7 000дей киши Бабылдан чыгып кеткен (Эзра 1:1—4; 2:64, 65; Жез. 37:14). Кийинчерээк, 70 жылдай убакыт өткөндөн кийин, Эзрага кошулуп 1750дөй киши Иерусалимге кайтып келген (Эзра 8:1—20). Ошентип, жалпы жонунан 44 000ден ашуун жүйүт кайтып келген. Алар чындап эле «абдан көп... аскерди» түзгөн (Жез. 37:10). Булардан тышкары, Кудайдын Сөзүндө б.з.ч. 8-кылымда ашурлуктар ата-бабаларын чачыратып жиберген он уруудан турган падышалыктын элинин арасынан да айрымдардын ибадаткананы кайра курууга жардам бериш үчүн Ысрайылга кайтып келгени жазылган (1 Жылн. 9:3; Эзра 6:17; Жер. 33:7; Жез. 36:10).

14. а) Жезекиел 37:24төгү сөздөр бул пайгамбарлыктын чоң масштабда аткарыла турган убактысын аныктоого кантип жардам берет? б) 1919-жылы эмне болгон? («„Кагыраган сөөктөр“ жана „эки күбө“. Алардын кандай байланышы бар?» деген кутучаны карагыла.)

14 Жезекиелдин аянынын ушул бөлүгү чоң масштабда кантип аткарылган? Жахаба Жезекиелге ошого байланышкан пайгамбарлыкта ачып бергендей, калыбына келтирүү жөнүндөгү бул пайгамбарлык сөз Улуу Дөөтү — Иса Машаяк — Падыша катары башкара баштагандан бир аз убакыт өткөндөн кийин чоң масштабда аткарылмак * (Жез. 37:24). 1919-жылы Жахаба, чынында эле, өзүнүн элине рухун берген. Натыйжада алар «жанданып», Улуу Бабылдын туткунунан бошотулган (Ыш. 66:8). Ошондон кийин Жахаба алардын өздөрүнүн «жерине», рухий бейишке, отурукташышына жол берген. Жахабанын бүгүнкү күндөгү эли «абдан көп... аскерге» кантип айланган?

15, 16. а) Жахабанын бүгүнкү күндөгү эли кантип «абдан көп... аскерге» айланган? б) Жезекиелдин ушул пайгамбарлык сөзү жашоодогу кыйынчылыктарды көтөргөнгө кантип жардам берет? («Бутубузга тургуза турган жардам» деген кутучаны карагыла.)

15 Машаяк 1919-жылы ишенимдүү кулду дайындагандан көп өтпөй эле, Кудайдын кызматчылары туткундан кайтып келгендердин арасында кызмат кылган Закарыя пайгамбар аркылуу айтылган сөздөрдүн аткарылышын көрө башташкан. Ал: «Көптөгөн адамдар, күчтүү элдер асман аскерлеринин Кудайы Жахабаны издеш үчүн... келишет»,— деп айткан. Закарыя Жахабаны издеген ал адамдарды «ар кандай тилде сүйлөгөн элдерден» чыккан «он киши» катары сүрөттөгөн. Алар «бир жүйүттүн», рухий Ысрайылдын, этегинен бекем кармап: «Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук»,— деп айтышмак (Зак. 8:20—23).

16 Ушу тапта «абдан көп, сан жеткис аскер» миллиондоп саналат. Аларга рухий Ысрайылдан (майланган калдыктан) тышкары, кеңири мааниде «он киши» (башка койлор) да кирет (Жез. 37:10). Биз Машаяктын күн санап өсүп жаткан аскериндеги жоокерлер катары бизди келечектеги баталарга жетектеп бараткан Падышабыз Исанын жолун так жолдойбуз (Заб. 37:29; Жез. 37:24; Флп. 2:25; 1 Тес. 4:16, 17).

17. Кийинки бөлүмдө эмне каралат?

17 Таза сыйынуунун ушул калыбына келтирилиши Кудайдын элине чоң жоопкерчилик артмак. Ал кандай жоопкерчилик? Бул суроого жооп алыш үчүн кайрадан артка кайрылып, Жахаба Жезекиелге Иерусалим кыйратыла электе эле кандай иш тапшырганын изилдеп көрүшүбүз керек. Кийинки бөлүмдө мына ушул нерсеге токтолобуз.

^ 8-абз. Жезекиел аянда көргөн сөөктөр табият кырсыгынан өлгөндөрдүн эмес, «өлтүрүлгөн адамдардын» сөөктөрү болчу (Жез. 37:9). Он уруудан турган Ысрайыл падышалыгынын эли менен эки уруудан турган Жүйүт падышалыгынын эли басылып алынып, туткундалып, ашурлуктар менен бабылдыктардын жерине алынып кеткенде, «бүт Ысрайыл үйү» чынында эле рухий жактан өлтүрүлгөн.

^ 14-абз. Машаякка байланышкан бул пайгамбарлык сөз ушул китептин 8-бөлүмүндө каралган.