Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11-БӨЛҮМ

«Мен сени... күзөтчү кылып койдум»

«Мен сени... күзөтчү кылып койдум»

ЖЕЗЕКИЕЛ 33:7

ӨЗӨК ОЙ: Жахабанын күзөтчүнү дайындашы жана анын милдетин түшүндүрүшү

1. Жахабанын алдын ала айткан сөздөрүн жарыялаган күзөтчүлөр эмнени эскертип келишкенин жана эмне болгонун айтып бергиле.

ИЕРУСАЛИМДИН дубалынын үстүндө турган күзөтчү кылкылдап батып бараткан күндөн көзүн калкалап, тээ алысты тигиле карап турат. Бир маалда сурнайын ала калып, кере дем алат да, элге эскертиш үчүн катуу сурнай тартат. Ал бабылдыктар келатат деген суук кабарды кабарлап жатат. Бирок эч нерсени этибарга албаган шаардын тургундарына күзөтчүнүн эскертүүсүнө ылайык иш кылганга өтө эле кеч болуп калган. Ондогон жылдар бою Жахаба дайындаган күзөтчүлөр — пайгамбарлар — ушул күндүн келерин эскертип келген, бирок эл кулак салган эмес. Эми минтип шаарды бабылдыктар курчап турат. Бир нече ай курчоого алгандан кийин жоокерлер шаардын дубалын талкалап, ибадаткананы жер менен жексен кылып, тургундарын өлтүрүп, аман калгандарын туткундап кетет.

2, 3. а) Жер шарынын тургундарын эмне күтүп турат жана алар азыртадан кандай чечим чыгарышы керек? б) Кайсы суроолорго токтолобуз?

2 Бүгүнкү күндө Жахабанын сот өкүмүн ишке ашыра турган асман аскери жер шарынын Жахабага ишенбеген тургундарына каршы аттанып келатат (Аян 17:12—14). Ал беттешүү адамзат тарыхындагы улуу алааматтын туу чокусу болот (Мт. 24:21). Азыркы учурда Жахабанын күзөтчүсү аркылуу айттырып жаткан эскертүүсүнө кулак какканга али кеч эмес.

3 Жахабага күзөтчүлөрдү дайындоого эмне түрткү берген? Учурдагы күзөтчү кандай кабарды жарыялап жатат? Бул ишти кимдер аткарып келген жана биз кандай салым кошо алабыз?

«Аларга менин атыман эскертип айтышың керек»

4. Жахаба күзөтчүлөрдү эмне үчүн дайындаган? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.)

4 Окугула: Жезекиел 33:7. Кадимки күзөтчүлөр шаардын коопсуздугу үчүн көбүнчө анын дубалынын үстүндө турушчу. Алардын болгону шаар башкаруучуларынын тургундарга кам көрөрүнүн жакшы далили болгон. Күзөтчүнүн сурнайынын ачуу үнү таттуу уйкуда жаткандардын тынчтыгын бузганы менен, тийиштүү иш-аракет кылгандардын өмүрүн сактап калмак. Ошол өңдүү, Жахаба да күзөтчүлөрдү дайындаган. Бирок ысрайыл элин жүрөктүн үшүн алган кабар менен коркутуш үчүн эмес, аларды ойлоп, аман калышын каалагандыктан дайындаган.

5, 6. Жахабанын адилеттүүлүгүн айкын кылган нерселердин бири кайсы?

5 Жезекиелди күзөтчү кылып дайындаганда Жахабанын бизди жубаткан айрым сапаттары айкын болгон. Анда алардын экөөнү карап көрөлү.

6 Адилеттүүлүгү. Жахабанын адилеттүүлүгү анын ар бир адамга жекече мамиле кылганынан көрүнүп турат. Мисалы, Жезекиел айткан кабарды көптөр четке кагып коюшса да, Жахаба ысрайылдыктардын баарына козголоңчул калың топко кылгандай мамиле кылган эмес. Ал анын кабарын ар бир киши кандай угарын көргүсү келген. Ал пайгамбарына кабар айтышы керектигин айтканда «ыймансыз» жана «адил адам» деген жекелик сандагы сөздөрдү кайра-кайра колдонгон. Демек, Жахаба ар бир кишини кабарды кандай кабыл алганына жараша өзүнчө соттойт (Жез. 33:8, 18—20).

7. Жахаба адамдарды эмненин негизинде соттойт?

7 Жахабанын адамдарды эмненин негизинде соттоорунан да адилеттүүлүгүн көрүүгө болот. Адамдар мурун кылган иштери үчүн эмес, учурдагы эскертүүгө кандай жооп кайтарып жатканына жараша жоопко тартылат. Жахаба Жезекиелге: «Ал эми ыймансызга: „Сөзсүз өлөсүң“,— десем, ал күнөө кылганын токтотуп, акыйкаттык жана адилдик боюнча иш кылса,.. сөзсүз тирүү болот»,— деп айткан. Анан: «Анын кылган бир да күнөөсү эсте калбайт»,— деген абдан маанилүү ойду кошумчалаган (Жез. 33:14—16). Ошол эле учурда мурун адилдик жолунда жүргөндөр ошонусуна таянып, Кудайга каршы кылып жаткан азыркы иштерин актай алышпайт. Жахаба эгер кимдир бирөө «өзүнүн адилдигине таянып, адилетсиздик кылса, анын адил иштеринин бири да эсте калбай» турганын жана «ал кылган адилетсиздиги үчүн өлөрүн» айткан (Жез. 33:13).

8. Жахабанын адилеттүүлүгү дагы эмнеден айкын көрүнгөн?

8 Жахабанын өз өкүмүн ишке ашырганга чейин эскертүүгө жетиштүү убакыт бергени — адилеттүүлүгүнүн дагы бир далили. Жезекиел кызматын бабылдыктардын аскери Иерусалимди талкалаарына 6 жылдай калганда баштаган. Бирок ал Кудайдын элинин жоопко тартыларын эскерткендердин биринчиси болгон эмес. Иерусалим талкаланганга чейин 200 жылдай убакыт бою Жахаба Ошуя, Ышая, Микей, Жеремия пайгамбарларды күзөтчү кылып жөнөткөн. Ал Жеремияга ысрайыл элине: «Мүйүз сурнайдын үнүнө кулак салгыла!» — деп кайра-кайра айткан күзөтчүлөрдү койгонун эскертиши керектигин айткан (Жер. 6:17). Бабылдыктар акыры Жахабанын сот өкүмүн ишке ашырганда, көптөрдүн өмүрүнөн айрылганына Жахабаны да, анын күзөтчүлөрүн да эч ким күнөөлөй алмак эмес.

9. Жахаба туруктуу сүйүүсүн кантип көрсөткөн?

9 Сүйүүсү. Жахаба адил адамдарга эле эмес, ыймансыздарга да — анын жүрөгүн оорутуп, аброюна шек келтиргендерге да — эскертүүгө күзөтчүлөрүн жөнөтүп, туруктуу сүйүүсүн көрсөткөн. Ойлонуп көрсөңөр, Жахабанын эли катары белгилүү болгон ысрайылдыктар улам-улам андан баш тартып, жалган кудайларга сыйына беришкен! Жахаба мындай саткынчылыктын ага канчалык катуу тийгенин билдириш үчүн элин ойноштук кылган аялга салыштырган (Жез. 16:32). Ошентсе да аларга кол шилтеп салган эмес. Ал алардан өч алганга эмес, алар менен элдешкенге умтулган. Акырында айла жоктон, мындайча айтканда, колуна кылыч алганга аргасыз болгон. Эмне үчүн минтип айтууга болот? Ал Жезекиелге: «Мен... ыймансыздын өлгөнүнө эмес, ыймансыздын өз жолунан кайтып, өмүр сүргөнүнө сүйүнөм»,— деп айткан (Жез. 33:11). Жахаба өзгөргөн жок. Ал байыркы учурда кандай болсо, бүгүн деле ошондой (Мал. 3:6).

10, 11. Жахабанын өз элине кылган мамилесинен эмнелерди үйрөнө алабыз?

10 Жахабанын ысрайылдыктарга адилеттүү мамиле кылганынан, сүйүү көрсөткөнүнөн эмнелерди үйрөнсөк болот? Үйрөнчү нерселердин бири: биз кабар айткан адамдарды жоон топ катары эле эмес, ар бирин жеке инсан катары көрүшүбүз керек. Кимдир бирөө жөнүндө анын мурунку жүрүм-туруму, маданияты, улуту, уруусу, экономикалык абалы же тили үчүн эле жакшы кабарды угууга татыксыз деп күн мурун терс ойдо болгонубуз чоң жаңылыштык болмок! Элчи Петир Жахабанын жардамы менен бүгүнкү күндө да маанилүү болгон бир нерсени түшүнгөн. Ал: «Мен Кудайдын бет карама эмес экенин эми чындап түшүндүм. Андан корккон, туура иш кылган адам, кайсы элден болбосун, Ага жагарын түшүндүм»,— деп айткан (Элч. 10:34, 35).

Башкаларга Жахаба карагандай карайбызбы? (10-абзацты карагыла)

11 Үйрөнчү дагы бир нерсе: өзүбүзгө сак болушубуз керек. Азыр кылынып жаткан туура эмес иштерди мурун кылынган адил иштер менен актоого болбойт. Жахабаны тааныбаган башка адамдардай эле, күнөө кылганга жакын экенибизди эстен чыгарбаганыбыз жакшы. Элчи Пабылдын Корунттагы жыйналышка берген кеңеши бизге да тиешелүү. Ал: «Ким туруп турам деп ойлосо, жыгылып калбашы үчүн сак болсун. Силер адамдар кабылып эле жүргөн азгырыктарга кабылып жатасыңар»,— деген (1 Кор. 10:12, 13). Биз эч качан «жакшы иштерди кылгандыктан жаман иштерди да кыла берсем болот» деп ойлоп, «өзүнүн адилдигине таянган» адамга окшоп калгыбыз келбейт (Жез. 33:13). Жахабага качантан бери кызмат кылып келатсак да, ага баш ийген, момун адам бойдон калганыбыз маанилүү.

12. Мурун олуттуу күнөөлөрдү кылган болсок, эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

12 Ал эми мурун кылган олуттуу күнөөлөрүбүз үчүн абийирибиз азыр деле кыйнап жатсачы? Жезекиел айткан кабардан Жахабанын өкүнбөгөн күнөөкөрлөрдү жазалай турганын билүүгө болот. Бирок ошол эле учурда анын өч алуунун эмес, сүйүүнүн Кудайы экенин да билсе болот (1 Жкн. 4:8). Эгер өкүнгөнүбүздү иш жүзүндө көрсөтсөк, Кудайдын ырайымына татыксызмын деп эч качан ойлобошубуз керек (Жкп. 5:14, 15). Жахаба рухий жактан ойноштук кылган ысрайылдыктарды айкөлдүк менен кечирген, бизди да айкөлдүк менен кечирет (Заб. 86:5).

«Элиңдин уулдарына кайрыл»

13, 14. а) Күзөтчүлөр кандай кабар жарыялашы керек эле? б) Ышая кандай кабар айткан?

13 Окугула: Жезекиел 33:2, 3. Жахабанын күзөтчүлөрү кандай кабар жарыялашы керек эле? Элге эскертүү алар аткарган иштин маанилүү бөлүгү болгон. Бирок алар жакшы кабар да жарыялашкан. Анда айрым мисалдарга токтололу.

14 Болжол менен б.з.ч. 778—732-жылдары кызмат кылган Ышая пайгамбар бабылдыктардын Иерусалимди басып аларын жана тургундарын туткунга алып кетерин эскерткен (Ыш. 39:5—7). Бирок ал ыйык рухтун жетеги менен: «Ук! Күзөтчүлөрүң кыйкырып жатат. Жахабанын Сионду кайрып келатканын өз көзү менен көрүп, баары бирдей кубанычтуу үн салып жатышат»,— деп да жазган (Ыш. 52:8). Ооба, ал эң жакшы кабарды — таза сыйынуунун калыбына келтирилерин — жар салган!

15. Жеремия кандай кабар жарыялаган?

15 Б.з.ч. 647—580-жылга чейин кызмат кылган Жеремия адилетсиз түрдө «алаамат тилеген киши» деген атка конгон. Анын Жахаба жибере турган алааматтар жөнүндө ыймансыз ысрайылдыктарга эскертип маанилүү иш аткарганы шексиз *. Ошентсе да ал Кудайдын элинин өз жерине кайтып келерин жана ал жакта таза сыйынуунун калыбына келтирилерин айтып жакшы кабар да жарыялаган (Жер. 29:10—14; 33:10, 11).

16. Жезекиелдин кабары Бабылдагы туткундарга кантип дем-күч берген?

16 Ал эми Жезекиел күзөтчү катары б.з.ч. 613-жылы дайындалган жана кызматын, бери дегенде, б.з.ч. 591-жылга чейин аткарган. Ушул китептин 5, 6-бөлүмдөрүнөн билгенибиздей, ал ысрайыл элине алардын башына түшө турган кыйроо жөнүндө ынталуулук менен эскерткен. Ошондуктан өмүрүнөн айрыла тургандардын канына забын болмок эмес. Ал туткундарга Жахаба андан баш тарткан Иерусалим тургундарын жазалаарын эле эскертпестен, аларга Жахаба менен болгон мамилесин бекем сактап, келечектеги иштерди аткарууга даяр болгонго да жардам берген. 70 жылга созулган туткундук аяктаганда Жахаба жүйүттөрдүн калдыгын калыбына келтирилген Ысрайыл жерине кайтармак (Жез. 36:7—11). Ал калдыкты көбүнчө Жезекиелдин сөздөрүнө кулак төшөгөн туткундардын балдары менен неберелери түзмөк. Ушул китептин 3-бөлүгүндөгү башка бөлүмдөрдө айтылгандай, Жезекиел Иерусалимде таза сыйынуунун сөзсүз калыбына келтирилери жөнүндөгү эң сонун кабарды жарыялаган.

17. Жахаба күзөтчүлөрдү кандай учурларда дайындаган?

17 Жахаба б.з.ч. 607-жылы Иерусалим кыйратылганга чейинки мезгилде анын элине жиберилген ушул пайгамбарларды эле күзөтчү катары колдонгонбу? Жок. Жахаба күзөтчүлөрдү ниетинин ишке ашышына өбөлгө түзө турган ар бир маанилүү окуянын алдында ыймансыздарга эскертиш үчүн да, жакшы кабар жарыялаш үчүн да дайындап келген.

Биринчи кылымдагы күзөтчүлөр

18. Чөмүлдүрүүчү Жакан кандай иш аткарган?

18 Б.з. 1-кылымында Чөмүлдүрүүчү Жакан күзөтчү катары кызмат кылган. Ал кадимки ысрайыл элине жакында Кудай аларды четке кагарын эскерткен (Мт. 3:1, 2, 9—11). Бирок анын иши ушуну менен эле чектелген эмес. Иса Жакандын Машаякка жол даярдай турган «кабарчы» болгонун айткан (Мал. 3:1; Мт. 11:7—10). Жакандын иши өз ичине «Кудайдын Козусу» Исанын келгени жана «бул дүйнөнү күнөөдөн арылтары» жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоону да камтыган (Жкн. 1:29, 30).

19, 20. Иса менен анын шакирттери кандайча күзөтчүнүн милдетин аткарышкан?

19 Күзөтчүлөрдүн эң көрүнүктүүсү Иса болгон. Ал, Жезекиел сыяктуу эле, Жахаба тарабынан «Ысрайыл үйүнө» дайындалган (Жез. 3:17; Мт. 15:24). Иса кадимки ысрайыл элине жакында Кудай аларды четке кагарын, Иерусалим талкаланарын эскерткен (Мт. 23:37, 38; 24:1, 2; Лк. 21:20—24). Ошентсе да эң негизги иши жакшы кабар жарыялоо болгон (Лк. 4:17—21).

20 Жерде жүргөндө Иса, бөтөнчө, шакирттерине: «Сергек болгула» — деп айтып, аларга күзөтчүлөрдөй иш кылышы керектигин буйруган (Мт. 24:42). Алар анын буйругуна баш ийишкен жана күзөтчүлөргө окшоп, Жахабанын Ысрайыл үйүн жана Иерусалим шаарын четке какканын эскертишкен (Рим. 9:6—8; Гал. 4:25, 26). Өздөрүнө чейинки күзөтчүлөрдөй эле, алар да жакшы кабар таратышкан. Алардын кабары өз ичине рух менен майланган Кудайдын Ысрайылына эми башка улуттагылар да кирерин жана алар да Машаякка жердеги таза сыйынууну калыбына келтирүүгө жардам берүү сыймыгына ээ болорун жарыялоону камтыган (Элч. 15:14; Гал. 6:15, 16; Аян 5:9, 10).

21. Пабыл кандай үлгү калтырган?

21 1-кылымдагы күзөтчүлөрдүн ичинен элчи Пабыл эң мыкты үлгү калтырган. Ал, Жезекиелге окшоп, өз милдетине олуттуу караган. Эгер аны аткарбай койсо, башкалардын канына забын болуп каларын билген (Элч. 20:26, 27). Башка күзөтчүлөрдөй эле, Пабыл элге эскерткенден тышкары, жакшы кабар да жарыялаган (Элч. 15:35; Рим. 1:1—4). Ал ыйык рухтун жетеги менен Ышаянын пайгамбарлык сөзүнөн үзүндү келтирип: «Тоолорду ашып, жакшы кабар жарыялап келаткандын... буту кандай сонун»,— деп жазган жана ушул сөздөрдү Машаяктын Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айткан жолдоочуларына карата колдонгон (Ыш. 52:7, 8; Рим. 10:13—15).

22. Элчилер көз жумгандан кийин эмне болгон?

22 Элчилер көз жумгандан кийин Исанын жолдоочуларынын жыйналышында алдын ала айтылган чындыктан четтөөчүлүк күч алган (Элч. 20:29, 30; 2 Тес. 2:3—8). Буудай менен отоо чөп чогуу өскөн узак мезгил аралыгында Исанын буудайга салыштырылган жолдоочуларына караганда отоо чөпкө окшогон жалган жолдоочулары көптүк кылып келген жана Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабардын ордуна, жалган окуулар кулач жайган (Мт. 13:36—43). Бирок адамдардын иштерине кийлигише турган убагы келгенде Жахаба аларга ачык-айкын эскерте турган жана жакшы кабар жарыялай турган күзөтчүлөрдү дайындап, кайрадан сүйүүсү менен адилеттүүлүгүн көрсөткөн. Ал күзөтчүлөр кимдер болгон?

Ыймансыздарга эскертиш үчүн Жахабанын кайрадан күзөтчүлөрдү дайындашы

23. Расселл жана анын шериктери кандай милдетти аткарышкан?

23 1914-жылга чейинки мезгилде Ч. Т. Расселл жана анын шериктери «кабарчынын» милдетин аткарып, орношу керек болгон Машаяк башкарган Падышалыкка «жол даярдашкан» * (Мал. 3:1). Кудайдын өкүмү жөнүндө эскертиш үчүн жана Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялаш үчүн ал топ «Сион күзөт мунарасы жана Машаяктын катышуусунун жарчысы» деген журналды колдонуп күзөтчүнүн милдетин да аткарган.

24. а) Ишенимдүү кул күзөтчүнүн милдетин кантип аткарып келет? б) Байыркы убактагы күзөтчүлөрдөн эмнелерди үйрөндүңөр? («Мыкты күзөтчүлөрдүн айрымдары» деген кутучаны карагыла.)

24 Падышалык орногондон кийин, Иса ишенимдүү кул катары кызмат кыла турган чакан топту дайындаган (Мт. 24:45—47). Ошондон бери учурда Жетектөөчү Кеңеш катары белгилүү болгон ишенимдүү кул күзөтчүнүн милдетин аткарып келет. Алар «Жахабанын... өч алар күнү» жөнүндө эскерткенден тышкары, «ырайым кылар жылын» да жарыялоодо. (Ыш. 61:2; 2 Корунттуктар 6:1, 2ни да карагыла.)

25, 26. а) Машаяктын жолдоочуларынын баары кайсы ишти аткарышы керек жана ал кантип аткарылып жатат? б) Кийинки бөлүмдө эмнеге токтолобуз?

25 Азыркы убакта күзөтчүлүк ишти ишенимдүү кул жетектеп жатса да, Иса жолдоочуларынын «баарына» «сергек болууну» буйрук кылган (Мр. 13:33—37). Эгер ошол күзөтчүгө колдоо көрсөтүп, рухий жактан сергек турсак, ал буйрукка баш ийген болобуз. Ал эми рухий жактан сергек экенибизди кабар айтуу милдетин аткаруу менен көрсөтөбүз (2 Тим. 4:2). Бизге бул ишти аткарууга эмне түрткү берет? Мунун бир себеби биз башкалардын өмүрүн сактап калууну каалайбыз (1 Тим. 4:16). Жакында биздин күндөрдөгү күзөтчүнүн эскертүүсүн капарына албаган көптөгөн адамдар өмүрүнөн айрылат (Жез. 3:19). Бирок бизге биринчи кезекте эң жакшы кабарды — таза сыйынуунун калыбына келтирилип жатканын — жарыялоону абдан каалаганыбыз түрткү берет. «Жахабанын ырайым кылар жылы» али уланып жаткан азыркы маалда дагы көптөргө адилеттүүлүккө жана сүйүүгө толгон Жахаба Кудайыбызга биз менен чогуу кызмат кылууга эшик ачык. Жакында бул ыймансыз дүйнө жок кылынганда, аман калгандар анын Уулу Иса Машаяктын ырайымдуу башкаруусунун үзүрүн көрүшөт. Анда биздин күндөрдөгү күзөтчүгө ушундай жакшы кабарды жарыялаганга кантип жардам бербей коёбуз?! (Мт. 24:14).

Жакшы кабарды жарыялап, биздин күндөрдөгү күзөтчүгө кубанып жардам берип жатабыз (25-абзацты карагыла)

26 Бул дүйнө соңуна чыкканга чейин эле Жахаба өз элин кереметтүү түрдө бириктирүүдө. Кийинки бөлүмдөн мунун кандайча ишке ашып жатканын көрсөткөн пайгамбарлык мааниси бар эки таяк жөнүндөгү мисалга токтолобуз.

^ 15-абз. «Алаамат» деген сөз Жеремия китебинде 50дөн ашык жолу кездешет.

^ 23-абз. Бул пайгамбарлык сөз жөнүндө жана анын кантип аткарылганын билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!» деген китептин «Асманда Падышалыктын төрөлүшү» деп аталган 2-бөлүмүн карагыла.