Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-БӨЛҮМ

«Кудайың Жахабага сыйын»

«Кудайың Жахабага сыйын»

МАТАЙ 4:10

ӨЗӨК ОЙ: Таза сыйынууну калыбына келтирүү зарылдыгы

1, 2. Иса б.з. 29-жылы күзүндө Жүйүт чөлүнө эмне болуп барып калган жана ал жакта эмне болгон? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.)

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 29-жылы. Ысрайылда эрте күз. Иса Жансыз деңиздин түндүгүндөгү Жүйүт чөлүндө жүрөт. Ал ошол жерге чөмүлгөндөн жана майлангандан кийин ыйык рухтун жетеги менен барган. Аскалуу, капчыгайлуу какыраган ал жерде Иса 40 күн болот. Ошондо элден обочо жерде орозо кармаганга, тиленгенге, ой жүгүрткөнгө мүмкүнчүлүгү болгон. Ошол убакта Жахаба Уулу менен сүйлөшүп, алдыда боло турган нерселерге даярдаса керек.

2 Анан Иса ачка болуп алсырап калганда, жанына Шайтан келет. Ошондон кийинки окуядан таза сыйынууну колдогондордун баарына, сага да тиешелүү маанилүү маселе айкын болгон.

«Эгерде Кудайдын уулу болсоң...»

3, 4. а) Шайтан Исаны алгач эки жолу азгырганда кандай сөздөрдү айткан жана аны эмнеден шек санатканга аракет кылган? б) Шайтан ушул сыяктуу ыкмаларды бүгүн кантип колдонууда?

3 Окугула: Матай 4:1—7. Шайтан Исаны азгырганда кууланып, алгачкы эки жолкусунда сөзүн «эгерде Кудайдын уулу болсоң» деп баштаган. Ал Исанын Кудайдын Уулу экенин талашка салганбы? Жок. Бир кезде Кудайдын уулу болуп, кийин бузулуп кеткен ал периште Исанын Кудайдын тун Уулу экенин эң жакшы билген (Кол. 1:15). Иса чөмүлгөндө Жахабанын асмандан: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен Уулумду колдойм»,— деп айтканын да укканы шексиз (Мт. 3:17). Кыязы, ал Исанын Атасына таяна аларына, ага чындап кам көрөрүнө шек санаткысы келген. Ташты нанга айлантууну сунуш кылып биринчи жолу азгырганда ал: «Кудайдын Уулу экенсиң, анда эмне үчүн Атаң бул какыраган чөлдө курсагыңды тойгузбайт?» — деп айткандай эле болгон. Ал эми ибадаткананы курчаган дубалдан боюн таштоону сунуштап экинчи жолу азгырганда: «Кудайдын Уулу экенсиң, Атаңдын сени сактап каларына чын эле ишенесиңби?» — дегендей эле болгон.

4 Азгыруучу Шайтан бүгүн деле ушул сыяктуу ыкмаларды колдонот (2 Кор. 2:11). Ал Кудайдын чыныгы кызматчыларынын алсырап калган же көңүлү чөккөн учурун күтүп, анан кол салат. Көп учурда ал муну анча байкалбаган жолдор менен кылат (2 Кор. 11:14). Ал бизди Жахаба эч качан сүйбөйт же ыраазы болбойт дегенге ишендиргенге аракет кылат. Жахабанын ишеничтүүлүгүнө, өз Сөзүндө убада кылгандарын аткарарына күмөн санатууга да бүт күчүн жумшайт. Бирок мунун баары карандай калп (Жкн. 8:44). Мындай калпты канткенде четке кага алабыз?

5. Шайтан алгачкы эки жолу азгырганда, Иса кантип жооп берген?

5 Шайтан Исаны алгач эки жолу азгырганда, анын кантип жооп бергенине токтололу. Иса Атасынын аны сүйөрүнөн шектенген эмес жана ага толук таянган. Ал Атасынын ыйык рухтун жетеги менен жазылган Сөзүнөн үзүндү келтирип, Шайтанды буйдалбастан четке каккан. Ага Атасынын ысымы жазылган аяттар менен жооп берген. Бул кандай гана жөндүү болгон! (Мыйз. 6:16; 8:3). Кудайдын Уулунун Атасынын ысымын колдонгону ага таянарынын мыкты далили болгон. Анткени Жахабанын ысымынын өзү эле анын бардык убадаларын аткарарына кепилдик берет *.

6, 7. Шайтандын анча байкалбаган соккуларына кантип каршы тура алабыз?

6 Биз Шайтандын анча байкалбаган соккуларына Жахабанын Сөзүнө таянып, ысымынын мааниси тууралуу ой жүгүртүп каршы тура алабыз. Жахабанын өз кызматчыларын, анын ичинде көңүлү чөккөндөрүн да, сүйөрү, аларды ойлоору жөнүндө Ыйык Китепте жазылгандарды өзүбүзгө карата колдонсок, Шайтандын Жахаба бизди эч качан сүйбөйт же бизге эч качан ыраазы болбойт деген калпын четке кага алабыз (Заб. 34:18; 1 Пет. 5:8). Дайыма өз ысымынын маанисине ылайык иш кыларын эсибизде бек сактасак, ой-ниетин ишке ашырган Жахабанын ага толук таянышыбызга татыктуу экенинен шектенбейбиз (Накыл 3:5, 6).

7 Негизи, Шайтандын башкы максаты эмне? Ал эмне кылышыбызды каалайт? Бул суроолордун жообу Шайтан Исаны үчүнчү жолу азгырганда айкындалган.

«Чөгөлөп, мага бир эле жолу сыйынып койсоң...»

8. Шайтан Исаны үчүнчү жолу азгырганда эмнени ачык билдирген?

8 Окугула: Матай 4:8—11. Шайтан Исаны үчүнчү жолу азгырганда тымызын иш кылбастан, эмнени каалап жатканын ачык эле билдирген. Ал ага (кыязы, аян аркылуу) «дүйнөдөгү бардык падышалыктарды жана алардын даңкын» кынтыгы жок кылып көрсөткөн. Андан соң Исага: «Эгер чөгөлөп, мага бир эле жолу сыйынып койсоң, ушунун баарын сага берем»,— деген *. Ооба, Шайтан Исаны өзүнө сыйындырууну көксөгөн. Ал Исанын Жахаба Атасын эмес, аны кудай катары кабыл алышын каалаган. Шайтан ага бүт элдердин үстүнөн бийликке жана алардын бүт байлыгына ээ болуунун оңой көрүнгөн жолун сунуштаган. Ошонун баарына тикенек таажы кийип, ур-токмокко алынып, устунга кадалып азап тартпай эле ээ боло аларын айткысы келген. Шайтан ушунун баарын чын эле бере алмак. Анын дүйнөдөгү өкмөттөрдүн үстүнөн бийлиги бар экенин Иса да талашка салган эмес (Жкн. 12:31; 1 Жкн. 5:19). Ооба, Шайтан Исаны таза сыйынуудан баш тарттырыш үчүн ага бардыгын бергенге даяр болгон.

9. а) Шайтан эмне кылышыбызды каалайт жана азгырууга кантип аракет кылат? б) Сыйынуубуз өз ичине эмнени камтыйт? («Сыйынуу деген эмне?» деген кутучаны карагыла.)

9 Бүгүн деле Шайтан биздин түздөн-түз же кыйыр түрдө ага сыйынышыбызды каалайт. Ал «бул дүйнөнүн кудайы» болгондуктан, Улуу Бабылга кирген диндерди туткандар өз кудайларына сыйынганда акыр-түбү Шайтанга сыйынган болушат (2 Кор. 4:4). Бирок Шайтан миллиарддаган адамдардын ага сыйынып жатканына ыраазы болбой, Кудайдын кызматчыларын Кудайдын эркине каршы иш кылганга азгыргысы келет. Ал бизди Кудайдын жолунда жүрүп, «адилдик үчүн азап чеккендин» ордуна, бул дүйнөдө байлыкка, бийликке умтулганга азгырууга аракет кылат (1 Пет. 3:14). Эгер таза сыйынуудан баш тартып, Шайтандын дүйнөсүнүн бир бөлүгү болуп калууга азгырылып кетсек, чынында, Шайтанга таазим кылып, ага кудайыбыз катары сыйынып калган болобуз. Мындай азгырыкка кантип туруштук бере алабыз?

10. Шайтан үчүнчү жолу азгырганда, Иса эмне деп жооп берген жана эмне үчүн?

10 Шайтан үчүнчү жолу азгырганда, Исанын эмне деп жооп бергенине көңүл бурсаңар. Ал Жахабага толугу менен берилгендик сактаарын көрсөтүп, Азгыруучуну дароо четке кагып: «Кет жанымдан, Шайтан!» — деген. Буга чейинкисиндегидей эле, Иса бул жолкусунда да Жахабанын ысмы жазылган аяттан, Мыйзамды кайталоо китебинен, үзүндү келтирип: «Ыйык Жазмада: „Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл“,— деп жазылган»,— деген (Мт. 4:10; Мыйз. 6:13). Ушундайча ал бул дүйнөдө мансапка жетүүдөн жана азап-кайгысыз жеңил жашоодон баш тарткан. Анткени Шайтан сунуштаган нерсе кыска эле убакытка созуларын билген. Бирок, андан да маанилүүсү, сыйынууга Атасы гана татыктуу экенин жана Шайтанга «бир эле жолу сыйынып» койгону ага баш ийип каларын билдирерин түшүнгөн. Иса ал митаам Азгыруучуну кудай тутуудан чечкиндүү түрдө баш тарткан. Ошондо арам ою ойрон болгон Шайтан «анын жанынан кеткен» *.

«КЕТ ЖАНЫМДАН, ШАЙТАН!» (10-абзацты карагыла)

11. Шайтанга жана анын азгырыктарына кантип каршы тура алабыз?

11 Биз да Шайтанга жана анын ыймансыз дүйнөсүндөгү азгырыктарга каршы тура алабыз, анткени, Исадай болуп, кандай кылышты өзүбүз чечебиз. Жахаба бизге баалуу белек берген. Ал — чечим чыгаруу эркиндиги. Андыктан бизди эч ким, атүгүл күчтүү, амалкөй Азгыруучу да таза сыйынуудан баш тартууга мажбурлай албайт. Ишенимибизди «бекем сактап», Шайтанга олку-солку болбой «каршы турсак», ага «кет жанымдан» деп айткан болобуз (1 Пет. 5:9). Шайтан Исанын жанынан ал аны чечкиндүүлүк менен четке каккандан кийин гана кеткенин эсибизден чыгарбайлы. Ыйык Китепте да: «Ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат»,— деген кубат берерлик сөздөр жазылган (Жкп. 4:7).

Шайтандын дүйнөсүнүн азгырыктарына каршы тура алабыз (11, 19-абзацтарды карагыла)

Таза сыйынуунун душманы

12. Шайтан таза сыйынуунун душманы экенин Эйден багында кантип көрсөткөн?

12 Исаны акыркы жолу азгырганда Шайтандын таза сыйынуунун эң башкы душманы экени айкын болгон. Ал таза сыйынууну жек көрөрүн миңдеген жылдар мурун Эйден багында биринчи жолу ачык билдирген. Ал адегенде Обо энени азгырган, ал болсо Адам атаны Жахабанын буйругун бузууга көндүргөн. Ошентип, Шайтан аларды өзүнө баш ийдирген. (Окугула: Башталыш 3:1—5; 2 Кор. 11:3; Аян 12:9.) Чынында, ал алардын кудайы болуп калган. Азгырып-адаштыргандын ким экенин билбесе да, алар ага сыйынып калышкан. Андан тышкары, Шайтан Эйденде Адам менен Обону Кудайга каршы чыгууга тукурганда Жахабанын эгедерлигин, бийлик кылууга болгон укугун, эле талашка салбай, таза сыйынууга каршы чабуулун да баштаган. Эмне үчүн?

13. Эгедерликке байланыштуу маселе таза сыйынуу менен кандайча байланышта?

13 Эгедерликке байланыштуу маселе өз ичине таза сыйынууну да камтыйт. Сыйынууга чыныгы Эгедер гана, «баарын... жараткан» Кудай гана, татыктуу (Аян 4:11). Жахаба Адам ата менен Обо энени жеткилең кылып жаратып, Эйден багына жайгаштырганда бара-бара бүт жер бетинин ага өз эрки менен сыйынган жеткилең адамдарга толушун ниет кылган. Алар таза сыйынууну таза жүрөк менен колдошмок (Башт. 1:28). Шайтан болсо Эгедер Теңир Жахабага гана тиешелүү болгон нерсени — баарынын ага сыйынышын — эңсеген. Ошол себептен Жахабанын эгедерлигин талашка салган (Жкп. 1:14, 15).

14. Шайтандын таза сыйынууга каршы жасаган чабуулу ийгиликтүү болгонбу? Түшүндүргүлө.

14 Шайтандын таза сыйынууга жасаган чабуулу ийгиликтүү болгонбу? Ал Адам ата менен Обо энени Кудайдан баш тарттырып кеткен. Ошондон бери мүмкүн болушунча көптөрдү Жахабадан алыстатыш үчүн таза сыйынууга каршы согуш жүргүзүп келет. Анын Жахабанын кызматчыларын азгырганга жумшаган аракети Исанын жолдоочуларынын жыйналышы уюшулган мезгилге чейин солгундаган эмес. Ал эми б.з. 1-кылымында Шайтан чындыктан четтөөчүлүктү жайылткан. Ошонун айынан жыйналыш булганып, таза сыйынуу жоюлуп кеткендей көрүнгөн (Мт. 13:24—30, 36—43; Элч. 20:29, 30). Б.з. 2-кылымынан баштап Жахабанын кызматчылары жалган диндин дүйнөлүк империясы Улуу Бабылдын узак убакытка созулган кулчулугунда калышкан. Бирок Шайтан Кудайдын таза сыйынууга байланыштуу ниетинин ишке ашышына бөгөт коё алган эмес. Кудайга өзүнүн ниетин ишке ашырууга эч нерсе тоскоол боло албайт (Ыш. 46:10; 55:8—11). Анткени бул анын ысымы менен түздөн-түз байланышта. Жахаба дайыма ысымынын маанисине ылайык иш кылат. Ооба, ал ниетин сөзсүз ишке ашырат!

Таза сыйынуунун жактоочусу

15. Жахаба ага каршы чыккандарга карата жана ой-ниетинин ишке ашышына байланыштуу чара көрүш үчүн Эйден багында кандай иш-аракет кылган?

15 Жахаба ага каршы чыккандарга карата жана ой-ниетинин ишке ашышына байланыштуу чара көрүш үчүн Эйден багында дароо иш-аракет кылган. (Окугула: Башталыш 3:14—19.) Адам ата менен Обо эне Эйден багынан куула электе эле Жахаба ага каршы чыгып күнөө кылгандарга ирет-ирети менен, адегенде Шайтанга, анан Обо энеге, акырында Адам атага өкүм чыгарган. Шайтанга — көзгө көрүнбөгөн тукуруучуга — өкүмүн жарыялаганда Жахаба ага каршы чыгарылган козголоңдун кесепеттерин жоё турган «тукумдун» келерин айткан. Убада кылынган ошол «тукум» Жахабанын таза сыйынууга байланыштуу ой-ниетинин ишке ашышында маанилүү роль ойномок.

16. Эйденде чыккан козголоңдон кийин Жахаба ой-ниетин ишке ашырыш үчүн эмнелерди кыла берген?

16 Эйденде козголоң чыккандан кийин Жахаба ой-ниетин ишке ашырыш үчүн иш-аракет кылганын токтотуп койгон эмес. Кийинки бөлүмдөн биле турганыбыздай, ал жеткилең эмес адамдар ага жаккандай сыйына алышына чара көргөн (Евр. 11:4—12:1). Ошондой эле Ыйык Китепти жазууга катышкан бир нече пайгамбарга, анын ичинде Ышаяга, Жеремияга, Жезекиелге таза сыйынуунун калыбына келтирилиши жөнүндө жүрөк козгоорлук пайгамбарлык сөздөрдү жазууга түрткү берген. Таза сыйынуунун калыбына келтирилиши — Ыйык Китептеги абдан маанилүү тема. Ошол пайгамбарлыктын баары убада кылынган «тукумдун» негизги бөлүгү боло турган Иса Машаяк аркылуу аткарылмак (Гал. 3:16). Шайтан үчүнчү жолу азгырганда Исанын ага берген жообунан көрүнгөндөй, Иса — таза сыйынуунун жактоочусу. Ооба, Жахаба таза сыйынуунун калыбына келтирилишине байланыштуу пайгамбарлыктарды аткарыш үчүн Исаны тандап алган (Аян 19:10). Ал Кудайдын элин рухий туткундан бошотмок жана таза сыйынууну калыбына келтирип, анын тийиштүү орунду ээлешине кам көрмөк.

Силер эмне кыласыңар?

17. Таза сыйынуунун калыбына келтирилиши эмне себептен биз үчүн абдан маанилүү?

17 Таза сыйынуунун калыбына келтирилиши жөнүндөгү пайгамбарлыктарды изилдесек, жүрөгүбүз козголуп, ишенимибиз бекемделет. Ал пайгамбарлыктар биз үчүн абдан маанилүү, анткени асман-жердегилердин баары Эгедер Теңир Жахабага биримдикте сыйына турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Ошондой эле ал пайгамбарлыктар бизге үмүт берет, себеби аларда Кудайдын Сөзүндөгү эң бир дем-күч берерлик сөздөрдүн айрымдары камтылган. Ооба, кимибиздин эле Жахабанын убадаларынын аткарылышын, анын ичинде өлгөн жакындарыбыз тириле турган, жер бейишке айлана турган, адамдар чың ден соолукта түбөлүк жашай турган убакты, көргүбүз келбесин?! (Ыш. 33:24; 35:5, 6; Аян 20:12, 13; 21:3, 4).

18. Бул китепте эмнелер каралат?

18 Бул китептен Жезекиел китебиндеги жүрөк толкуткан пайгамбарлыктарды изилдейбиз. Алардын көбүндө таза сыйынуунун калыбына келтирилишине басым жасалат. Жезекиелдин жазгандарынын башка пайгамбарлыктар менен кандай байланышта экенин, алардын Машаяк аркылуу кандайча аткарыларын жана бизге кандай тиешеси бар экенин карап чыгабыз. («Жезекиел китебине сереп салуу» деген кутучаны карагыла.)

19. Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң жана эмне үчүн?

19 Б.з. 29-жылы Жүйүт чөлүндө Шайтандын Исаны таза сыйынуудан баш тарттырууга жасаган аракетинен эч кандай майнап чыккан эмес. Ал эми биз жөнүндө эмне дешке болот? Шайтан азыр бизди таза сыйынуудан алыстатып кетүүгө мурункудан да көп күч жумшоодо (Аян 12:12, 17). Андыктан бул китеп бизге ошол амалкөй Азгыруучуга каршы турууга чечкиндүү болгонго жардам берсин. Ошондой эле сөзүбүз менен да, ишибиз менен да «Кудайың Жахабага сыйын» деген сөздөргө бүт жүрөгүбүз менен кошуларыбызды көрсөтө берели. Ошондо Жахабанын даңктуу ой-ниетинин аткарылышын — асмандагылар менен жердегилердин баары биримдикте таза сыйынууну таза жүрөктөн колдой турган убакты — көрүү сыймыгына ээ болобуз. Анткени Жахаба так ошондой сыйынууга татыктуу!

^ 5-абз. Айрымдар Жахаба деген ысымдын мааниси «болтурат» дегенди билдирет деп түшүнүшөт. Бул Жахабанын Жараткан катары да, ой-ниетин ишке ашыруучу катары да аткарган ролуна төп келет.

^ 8-абз. Ыйык Китеп жөнүндөгү бир эмгекте Шайтандын сөздөрүнө карата мындай делген: «Адам менен Обо туруштук бере албаган сыноо туурасында жазылган эң биринчи билдирүүдө... кеп алардын же Шайтандын, же Кудайдын эркин аткарууну тандаары жөнүндө болгон. Бул маселенин төркүнү чынында экөөнүн бирине сыйынуу болгон. Шайтан жалгыз Кудайдын ордуна өзүн кудай кылып көрсөтүп, мактанган».

^ 10-абз. Луканын Инжилинде Шайтандын Исаны азгырганы башкача тартипте жазылган, ал эми Матайдын Инжилинде, кыязы, хронологиялык тартипте жазылган. Эмне үчүн минтип айтууга болорунун үч себебин карап көрөлү. 1) Лукадан айырмаланып, Матай Шайтандын Исаны экинчи жолу сынаганын баяндаганда грек тилиндеги тоте деген сөздү колдонгон. Бул сөз ага чейин бир нерсе болгонунан кабар берет. 2) Шайтан Исаны адегенде «эгер Кудайдын Уулу болсоң» деген сөздөр менен тымызын азгырып, андан кийин гана Он осуяттын биринчисин бузууга ачыктан-ачык азгырган деп эсептөө жөндүү сыяктанат (Чыг. 20:2, 3). 3) Исанын «Кет жанымдан, Шайтан!» деген сөздөрдү үчүнчү жана акыркы азгырыктан кийин айтканы көбүрөөк жөндүүдөй көрүнөт (Мт. 4:5, 10, 11).