Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮМ

Кудай алардын курмандыктарын кабыл алган

Кудай алардын курмандыктарын кабыл алган

ЕВРЕЙЛЕР 11:4

ӨЗӨК ОЙ: Жахабанын таза сыйынуу үчүн көргөн чарасынын тарыхы

1—3. a) Кайсы суроолорду карап чыгабыз? б) Таза сыйынуу үчүн талап кылынган кайсы төрт негизги нерсеге токтолобуз? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

АБЫЛ оторундагы койлорун кылдат карап жатат. Ал аларды козу кезинен баккан. Эми кээ бирлерин тандап, мууздап, Кудайга тартуу катары алып келди. Жеткилең эмес адамдын ушундайча сыйынганын Жахаба кабыл алганбы?

2 Элчи Пабыл ыйык рухтун жетеги менен Абыл жөнүндө: «Кудай анын курмандыктарын кабыл алган»,— деп жазган. Бирок Жахаба Кабылдын тартуусун кабыл албай койгон. (Окугула: Еврейлер 11:4.) Ошондон улам төмөнкүдөй суроолор туулат: Кудай эмне үчүн Абылдын сыйынуусун кабыл алып, Кабылдыкын четке каккан? Кабыл менен Абыл тууралуу жана Еврейлер китебинин 11-бөлүмүндөгү башка адамдар тууралуу жазылгандардан эмнени үйрөнө алабыз? Бул суроолордун жообу таза сыйынуу өз ичине эмнени камтырын тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.

3 Абылдын күндөрүнөн тартып Жезекиелдин күндөрүнө чейин болгон окуялар кыскача каралып жатканда сыйынуубуз Жахабага жагышы үчүн талап кылынган бири-биринен ажырагыс негизги төрт нерсеге көңүл бурганга аракет кылгыла: Адамдар Жахабага гана сыйынышы керек, тартуусунун сапаты эң мыкты болушу керек, Жахабага жаккандай жол менен сыйынышы керек жана ниети таза болушу керек.

Кудай Кабылдын сыйынуусун эмне үчүн четке каккан?

4, 5. Кабыл тартуусун Жахабага алып келиши керектигин эмнеден улам түшүнгөн?

4 Окугула: Башталыш 4:2—5. Кабыл тартуусун Жахабага бериши керектигин билген. Анын Жахаба жөнүндө билгенге убактысы да, мүмкүнчүлүгү да көп болгон. Кудайга тартуу алып келген кезде бир тууганы Абыл экөөнүн курагы 100 жаштын тегерегинде болсо керек *. Алар Эйден багы жөнүндө билип чоңоюшкан, атүгүл түркүн жашылча-жемиштерге толгон ал бакты алыстан көрүп жүрүшсө керек. Анын кире беришин кайтарып турган керуптарды көргөнү да шексиз (Башт. 3:24). Ата-энеси аларга бүт тиричиликти Жахаба жаратканын жана анын адамзатка байланышкан баштапкы ой-ниети алар башынан өткөрүп жаткан, акырындык менен соолуп отуруп өлүм менен бүтө турган жашоодон таптакыр башкача болгонун айтып беришкен көрүнөт (Башт. 1:24—28). Ушунун баарын билген Кабыл тартуусун Кудайга бериши керектигин түшүнсө керек.

5 Кабылга тартуу алып келүүгө дагы эмне түрткү бериши мүмкүн эле? Жахаба Обого кесепеттүү чечим чыгарууга азгырган «жыландын» башын жанчый турган «тукум» чыгарын айткан (Башт. 3:4—6, 14, 15). Тун уул катары Кабыл өзүн ошол «тукум» деп ойлосо керек (Башт. 4:1). Андан тышкары, Жахаба күнөөкөр адамдар менен байланышты таптакыр үзүп койгон эмес; Адам ата күнөө кетиргенден кийин деле, Кудай аны менен, сыягы, периште аркылуу сүйлөшкөн (Башт. 3:8—10). Жахаба Кабылга да, ал тартуу алып келгенден кийин, сүйлөгөн (Башт. 4:6). Демек, Кабыл Жахабага гана сыйынышы керектигин билген.

6, 7. Кеп Кабылдын тартуусунун сапатында же аны кантип алып келгенинде болгонбу? Түшүндүргүлө.

6 Анда эмне үчүн Жахаба Кабылдын тартуусун жактырган эмес? Анын тартуусунун сапаты начар беле? Ыйык Китепте бул тууралуу эч нерсе айтылбайт. Тек гана анын «жер жемиштеринен тартуу алып келгени» жазылган. Кийинчерээк Мусага берген Мыйзамында Жахаба андай тартууну кабыл аларын билдирген (Сан. 15:8, 9). Ал учурдагы жагдай-шартты да эске алыш керек. Ал кезде адамдар жашылча-жемиш гана жешкен (Башт. 1:29). Ошондой эле Эйден багынан тышкары жердин баары Кудайдын каргышына калгандыктан, тартуу кылган нерселерди өстүрүш үчүн Кабылга кара жанын карч уруп эмгектенгенге туура келген (Башт. 3:17—19). Ал маңдай тери менен тапкан, жашоосу үчүн абдан зарыл болгон азыгын тартуу кылган! Ошентсе да Жахаба анын тартуусун кабыл алган эмес.

7 Анда анын кантип тартуу кылганы туура эмес болгонбу? Кудайга ошонусу жакпай калганбы? Андай деле эмес көрүнөт. Анткени Кабылдын тартуусун четке какканда Жахаба анын кантип тартуу кылганын жактырбаганын билдирген эмес. Негизи, Ыйык Китепте Кабылдын же Абылдын тартуусун кантип алып келгени айтылбайт. Анда кеп эмнеде болгон?

Кабылдын ниети таза эмес болгон (8, 9-абзацтарды карагыла)

8, 9. a) Жахаба эмне үчүн Кабылды жана анын тартуусун жактырган эмес? б) Ыйык Китепте Кабыл жана Абыл жөнүндө жазылгандардын эмнеси сен үчүн көңүлгө аларлык болду?

8 Пабылдын еврейлерге жазган сөздөрүнөн Кабылдын тартуу кылганда ниети таза эмес болгонун билүүгө болот. Ага ишеними түрткү берген эмес (Евр. 11:4; 1 Жкн. 3:11, 12). Мына так ошол себептен Жахаба Кабылдын тартуусун эле эмес, анын өзүн жактырган эмес (Башт. 4:5—8). Мээримдүү Ата катары Жахаба уулун жумшактык менен оңдоп-түзөгөнгө аракет кылган. Бирок Кабыл анын жардамын кабыл албай койгон. Анын каймана жүрөгү күнөөкөр дененин иштерине кирген нерселерге — «касташуу, чыр-чатак, көрө албастыкка» — толуп, ууланып калган (Гал. 5:19, 20). Ошондуктан таза сыйынуу үчүн талап кылынган ал аткарган башка нерселер пайдасыз болуп калган. Мындан көрүнүп тургандай, Жахабага жаккандай сыйынгыбыз келсе, кайсы бир ишти ага берилгендей көрүнүш үчүн эле кылганыбыз жарабайт.

9 Ыйык Китептен Кабыл жөнүндө көптү биле алабыз. Маселен, Жахабанын ага сүйлөгөнү, Кабылдын эмне деп жооп бергени, атүгүл тукум-уругунун аттары, айрым иштери жазылган (Башт. 4:17—24). Ал эми Абылдын балалуу болгон-болбогону, ошондой эле бир да сөзү жазылган эмес. Анткен менен Абылдын кылган иштери ушу күнгө чейин «сүйлөп жатат». Кандайча?

Таза сыйынууга байланыштуу Абылдын үлгүсү

10. Абыл таза сыйынуунун үлгүсүн кантип көрсөткөн?

10 Тартууну кабыл алууга Жахаба гана татыктуу экенин билип, Абыл тартуусун ага алып келген. Анын тартуусунун сапаты эң мыкты болгон, анткени ал «малынын төл башыларынан» тандап тартуу кылган. Ал аларды курмандыкка чалыш үчүн курмандык жайын жасаган-жасабаганы Ыйык Китепте айтылбаса да, кантип тартуулаганы Кудайга жакканы күмөнсүз. Бирок эң негизгиси — 6 000 жылдай убакыт өтсө да, биз үчүн үлгү болгон нерсе — анын тартуу алып келгендеги ниети. Жахабага тартуу кылууга Абылдын ага болгон ишеними, адил нормаларына болгон сүйүүсү түрткү берген. Муну кайдан билүүгө болот?

Абыл таза сыйынуу үчүн коюлган негизги төрт талапты аткарган (10-абзацты карагыла)

11. Иса Абылды эмне үчүн адил деп сыпаттаган?

11 Адегенде Абылды жакшы билген Исанын ал жөнүндө эмне дегенине токтололу. Абыл жашаган кезде Иса асманда болчу. Ал Адам атанын ушул баласына бөтөнчө көңүл бурган (Накыл 8:22, 30, 31; Жкн. 8:58; Кол. 1:15, 16). Ошондуктан Абылды адил деп сыпаттаганда көргөн-билген нерсесин айткан (Мт. 23:35). Адил деп эмне жакшы, эмне жаман экенин аныктаган нормаларды Жахаба гана бекитиши керек деп эсептеген кишини айтууга болот. Андай киши ошону менен эле чектелбей, ошондой нормаларды туура деп эсептээрин сөзү, иши менен да көрсөтөт. (Салыштыргыла: Лука 1:5, 6.) Адил киши деген атка ээ болуш үчүн убакыт талап кылынат. Андыктан Абыл Жахабага тартуу алып келгенге чейин эле анын нормаларына ылайык жашаган киши катары белгилүү болушу керек болгон. Бул оңой-олтоң болгон эмес. Жүрөгү жамандыкка толгон агасы ага жакшы деле таасир этпесе керек (1 Жкн. 3:12). Энеси да Кудайдын так-даана айтылган буйругуна баш ийбей койгон, атасы болсо эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечүүнү каалап, Жахабага каршы чыккан (Башт. 2:16, 17; 3:6). Үй-бүлөсүнүн жолуна түшпөй, түз жолдо жүрүш үчүн Абылга эмне деген кайраттуулук керек болгон!

12. Кабыл менен Абылдын ортосундагы негизги айырма эмнеде болгон?

12 Эми элчи Пабылдын ишеним менен адилдикти кантип байланыштырганына көңүл буралы. Ал Абылдын «Кудайга Кабылдыкына караганда баалуу курмандыкты» «ишенимдин аркасында» чалганын жана «ошол ишеним аркылуу анын адил деп табылганы күбөлөндүрүлгөнүн» жазган (Евр. 11:4). Пабылдын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Кабылдан айырмаланып, Жахабага тартуу кылганга Абылдын ага болгон жана анын талаптарынын тууралыгына болгон чыныгы, өмүрүнүн аягына чейин сакталган ишеними түрткү берген.

13. Абылдын үлгүсүнөн эмнени биле алабыз?

13 Абылдын үлгүсүнөн таза сыйынуу таза ниеттен гана болушу керектигин билдик. Башкача айтканда, Жахабага толук ишенишибиз жана адил нормаларынын тууралыгына толук кошулушубуз керек. Андан тышкары, Жахабага берилгендикти көрсөткөн ишти бир эле жолу кылып коюу жетишсиз. Биз ага бардык жактан өмүр бою берилгендик сакташыбыз керек.

Таза сыйынуунун үлгүсүнө карманган уруу башчылары

14. Жахаба Нухтун, Ыбрайымдын жана Жакыптын тартууларын эмне үчүн кабыл алган?

14 Абыл Жахабага таза сыйынган жеткилең эмес адамдардын биринчиси болгон, бирок акыркысы болгон эмес. Элчи Пабыл Жахабага жаккандай сыйынган Нух, Ыбрайым жана Жакып сыяктуу башка кишилерди да атап өткөн. (Окугула: Еврейлер 11:7, 8, 17—21.) Ал уруу башчыларынын ар бири жашоосунда Жахабага арнап курмандык чалган жана ал алардын тартуусун кабыл алган. Эмне үчүн? Анткени алар жөн эле курмандык чалып койбой, таза сыйынуу үчүн коюлган башка негизги талаптарды да аткарышкан. Эмесе, алардын үлгүсүнө токтололу.

Нухтун курмандык чалганы терең мааниге ээ болгон (15, 16-абзацтарды карагыла)

15, 16. Нух таза сыйынуу үчүн коюлган негизги төрт талапты кантип аткарган?

15 Нух Адам ата өлгөндөн 126 жыл өткөндөн кийин эле төрөлгөн. Ошол учурда эле дүйнөдө жалган кудайларга сыйынуу кеңири жайылып кеткен * (Башт. 6:11). Топон суунун алдында жашагандардын арасынан Нух менен анын үй-бүлөсү гана Жахабага жаккандай кызмат кылган (2 Пет. 2:5). Топон суудан аман өткөндөн кийин Нух Ыйык Китепте биринчи жолу сөз кылынган курмандык жайын курууга түрткү алып, Жахабага арнап курмандык чалган. Чын жүрөгүнөн жасаган ушундай иши менен ал үй-бүлөсүнө, өзүнөн тараган адамзатка сыйынууну кабыл алууга Жахаба гана татыктуу экенин айкын көрсөткөн. Курмандыкка чалууга жарактуу жаныбарлардын ичинен Нух «адал жаныбарлар менен канаттуулардын бардык түрүнөн» тандап алган (Башт. 8:20). Анын тартууларынын сапаты эң мыкты болгон, анткени Жахаба өзү ал жаныбарларды адал деп эсептеген (Башт. 7:2).

16 Нух курмандыктарын өзү курган курмандык жайына коюп, өрттөгөн. Анын Кудайга ушундайча сыйынганы ага жакканбы? Ооба. Ыйык Китепте Жахабанын ошол курмандыктардын жагымдуу жытын искегени жана андан кийин Нух менен анын уулдарына батасын бергени жазылган (Башт. 8:21; 9:1). Бирок Жахаба Нухтун тартуусун, негизинен, анын ниети таза болгону үчүн кабыл алган. Анын курмандык чалганы Жахабага болгон жана анын талаптарынын тууралыгына болгон ишенимин дагы бир жолу айгинелеген. Нух Жахабага дайыма баш ийгендиктен жана анын нормаларына карманып жашагандыктан, Ыйык Китепте ал тууралуу «чыныгы Кудайдын жолунда жүргөн» деп жазылган. Ошонун негизинде ал адил адам катары белгилүү болуп калган (Башт. 6:9; Жез. 14:14; Евр. 11:7).

17, 18. Ыбрайым таза сыйынуу үчүн коюлган негизги төрт талапты кантип аткарган?

17 Ыбрайымдын күндөрүндө да жалган сыйынуу кулач жайган. Ал жашаган Ур шаарынын тургундарынын баарына, кайсы жерде жашашпасын, Ай кудайы Наннанын урматына курулган ибадаткана көрүнүп турчу *. Атүгүл Ыбрайымдын атасы да бир кезде жалган кудайларга сыйынып келген (Жаш. 24:2). Бирок Ыбрайым Жахабага сыйынган. Ал чыныгы Кудай жөнүндө Нухтун уулдарынын бири болгон ата-бабасы Шемден билген сыяктанат. Ыбрайым менен Шем 150 жылдай замандаш болушкан.

18 Узак өмүр сүргөн Ыбрайым Кудайга көп жолу курмандык чалган. Ал андай тартууларды сыйынууга татыктуу болгон Жахабага гана алып келчү (Башт. 12:8; 13:18; 15:8—10). Ыбрайым ага эң мыкты сапаттагы нерсени бергенге даяр болгонбу? Бул суроонун жообу Ыбрайым өзүнүн сүйүктүү уулу Ыскакты курмандыкка чалганга даяр экенин көрсөткөндө айкын болгон. Жахаба ага кантип курмандык чалышы керектигин так-айкын айткан болчу (Башт. 22:1, 2). Ыбрайым анын көрсөтмөсүнүн баарын, акыркысына чейин аткарганга даяр болгон. Ал уулун курмандыкка чалмакчы болгондо, Жахаба аны токтотуп калган (Башт. 22:9—12). Жахаба анын сыйынууга жаткан иштерин, анын ниети таза болгондуктан, кабыл кылып, жактырган. Элчи Пабыл: «Ыбрайым Жахабага ишенди, ошон үчүн адил деп эсептелди»,— деп жазган (Рим. 4:3).

Жакып үй-бүлөсүнө үлгү көрсөткөн (19, 20-абзацтарды карагыла)

19, 20. Жакып таза сыйынуу үчүн коюлган негизги төрт талапты кантип аткарган?

19 Жакыптын жашоосунун көбү Жахаба Ыбрайымга жана анын урпактарына берем деп убада кылган Канаан жеринде өткөн (Башт. 17:1, 8). Ал жердин тургундары ыпылас сыйынууга белчесинен баткандыктан, Жахаба ал «жер аларды силкип саларын» айткан болчу (Леб. 18:24, 25). 77 жашында Жакып Канаандан кеткен жана үйлөнүп, кийин чоң үй-бүлөсү менен ал жерге кайтып барган (Башт. 28:1, 2; 33:18). Бирок анын үйүндөгүлөрүнүн айрымдары жалган кудайларга сыйынуунун таасирине алдырып коюшкан. Ошентсе да Жахаба ага Бейтелге барып, курмандык жайын курушу керектигин айтканда, ал чечкиндүү иш-аракет кылган. Жакып эң оболу үй-бүлөсүнө: «Өзүңөрдөгү бөтөн жерликтердин кудайларын жоготкула, тазалангыла»,— деген. Андан соң Кудай айткандын баарын так аткарган (Башт. 35:1—7).

20 Жакып Убадаланган жерде көп курмандык жайын курган, бирок алардын баарын Жахабага гана сыйыныш үчүн курган (Башт. 35:14; 46:1). Анын тартууларынын сапаты, Кудайга кантип сыйынганы жана сыйынгандагы ниети Кудайга жаккандыктан, Ыйык Китепте Жакып жөнүндө «адил киши» деп айтылган. Андай сыпаттама Кудайга жаккан кишилерге берилет (Башт. 25:27). Жакып андан тараган ысрайыл элине бүтүндөй жашоосу менен эң сонун үлгү калтырган (Башт. 35:9—12).

21. Уруу башчыларынын үлгүсүнөн таза сыйынуу жөнүндө эмнени биле алабыз?

21 Бул уруу башчыларынын үлгүсүнөн таза сыйынуу жөнүндө эмнени биле алабыз? Аларга окшоп, биз да Жахабага толук берилгендик сакташыбызга тоскоолдук кылган адамдардын курчоосунда жашайбыз. Балким, бизди үйдөгүлөрүбүз да колдобойттур. Андай кысымга туруштук бериш үчүн Жахабага болгон күчтүү ишеним өрчүтүшүбүз жана анын нормаларынын эң туура, адил экенине бекем ишенишибиз керек. Ошондой ишенимди Жахабага баш ийүү менен жана убактыбызды, күчүбүздү, каражатыбызды ага кызмат кылууга жумшоо менен көрсөтөбүз (Мт. 22:37—40; 1 Кор. 10:31). Жахабага сыйыныш үчүн бүт күчүбүздү берип, ал каалагандай жана таза ниеттен сыйынсак, ал бизди адил деп эсептейт. Муну билүү кандай гана дем-күч берет! (Окугула: Жакып 2:18—24.)

Таза сыйынуу үчүн тандалган эл

22—24. Мыйзамда ысрайылдыктардын тартууларынын кимге берилиши керектигинин, сапатынын жана кантип берилиши керектигинин маанилүүлүгү кантип баса белгиленген?

22 Жахаба Жакыптын урпактарына Мыйзам жыйнагын берип, алардан эмне талап кыларын айкын билдирген. Алар Жахабага баш ийишсе, анын «өзгөчө эли», «ыйык эл» болушмак (Чыг. 19:5, 6). Эмесе, Мыйзамда таза сыйынуу үчүн талап кылынган негизги төрт нерсе кандайча баса белгиленгенине көңүл буралы.

23 Жахаба ысрайылдыктарга ага гана сыйынышы керектигин так-таасын айткан. Ал: «Менден башка кудайларың болбосун»,— деген (Чыг. 20:3—5). Алардын тартууларынын сапаты эң мыкты болушу керек болчу. Мисалы, курмандыкка чала турган малдын кемтиги болбошу керек болгон. (Леб. 1:3; Мыйз. 15:21; салыштыргыла: Малаки 1:6—8.) Лебилер Жахабага арналган тартуулардан пайдаланышчу, бирок өздөрү да Жахабага тартуу кылышчу. Алар эл алып келген бардык «тартуулардын... эң жакшыларынан» тандап тартуу берүүгө милдеттүү болушкан (Сан. 18:29). Ал эми ысрайыл элинин кантип сыйынышы керектиги жөнүндө сөз кыла турган болсок, аларга эмнени, кайсы жерде жана кантип тартуу кылышы керектигине байланыштуу атайын көрсөтмө берилген. Жалпы жонунан аларга жүрүм-турумун жөндөп турган 600дөн ашуун мыйзам берилген жана: «Жахаба Кудайыңар кандай буйруса, баарын так ошондой аткаргыла, оңго да, солго да бурулбагыла»,— деп айтылган (Мыйз. 5:32).

24 Ысрайылдыктардын тартууларын каякка алып барганы маанилүү болгонбу? Ооба. Жахаба аларга ыйык чатыр курушу керектигин айткан. Ал чатыр таза сыйынуунун борбору болуп калган (Чыг. 40:1—3, 29, 34). Ошол кезде ысрайылдыктар Жахабанын алардын тартууларын кабыл алышын каалашса, аларды ыйык чатырга алып барууга тийиш болгон * (Мыйз. 12:17, 18).

25. Тартууга байланыштуу баарынан да эмне маанилүү болгон? Түшүндүргүлө.

25 Бирок баарынан да ысрайылдыктардын тартууну кандай ниет менен алып келгени маанилүү болгон. Тартуу кылууга аларга Жахабага жана анын нормаларына болгон чын жүрөктөн чыккан сүйүүсү түрткү бериши керек болчу. (Окугула: Мыйзам 6:4—6.) Алар Жахабага өзүн милдеттүү сезгени үчүн эле сыйынышканда, ал алардын курмандыктарын кабыл алчу эмес (Ыш. 1:10—13). Жахаба эч ким аны берилгендей түр көрсөтүп алдай албай турганын билдирип, Ышая пайгамбар аркылуу: «Бул эл мага ооз учунан гана жакындап, мени оозу менен гана даңктайт; жүрөктөрү болсо менден алыс»,— деп айткан (Ыш. 29:13).

Ибадатканадагы сыйынуу

26. Сулайман падыша курган ибадаткана башында кандай максатта курулган?

26 Ысрайылдыктардын Убадаланган жерге отурукташканына бир нече кылым болгондо, Сулайман падыша ыйык чатырдан алда канча чоң таза сыйынуунун борборун курган (1 Пад. 7:51; 2 Жылн. 3:1, 6, 7). Башында ал ибадатканада тартуулар Жахабага гана алынып келинчү. Сулайман падыша жана эл ал жакта эң жакшы сапаттагы көп сандаган тартууларды Кудайдын Мыйзамында жазылган боюнча алып келишкен (1 Пад. 8:63). Бирок ошол ибадатканадагы сыйынууну Жахабага жаккыдай кылган нерсе ал имараттын кымбат материалдардан курулганы же тартуулардын көптүгү болгон эмес. Баарынан маанилүүсү тартуулардын кандай ниет менен алынып келгени болгон. Ибадаткананы Кудайга арноо аземинде Сулайман так ошол нерсени баса белгилеген. Ал: «Жахаба Кудайыбызга бүт жүрөгүңөр менен кызмат кылгыла, бүгүнкү күндөгүдөй, анын көрсөтмөлөрү менен осуяттарына карманып жашагыла»,— деген (1 Пад. 8:57—61).

27. Ысрайылдын падышалары жана эли эмне кылган жана Жахаба эмне кылган?

27 Тилекке каршы, ысрайылдыктар кийинчерээк падышасынын кеңешине ылайык иш кылбай калышкан. Алар таза сыйынуу үчүн коюлган негизги талаптардын баарын толук аткарбай калышкан. Ысрайылдын падышалары жана эли жүрөктөрүнүн бузулушуна жол берип, Жахабага ишенбей, анын адил нормаларын четке кагып салышкан. Элин оңдоп-түзөш үчүн жана иштеринин кесепети кандай болорун эскертиш үчүн Жахаба сүйүүсүнөн улам пайгамбарларын кайра-кайра жиберген (Жер. 7:13—15, 23—26). Ошол пайгамбарлардын арасында Кудайга берилген Жезекиелдин болгону көңүлгө аларлык. Ал таза сыйынуунун тарыхындагы оор мезгилде жашаган.

Жезекиелдин таза сыйынуунун арамдалышын көрүшү

28, 29. Жезекиел жөнүндө эмнелерди билебиз? («Жезекиел. Жашоосу, кызмат кылган убактысы» деген кутучаны карагыла.)

28 Сулайман курган ибадатканадагы сыйынуу Жезекиелге жакшы тааныш болгон. Анын атасы дин кызматчы болгон жана кезеги келгенде ибадатканада кызмат кылчу (Жез. 1:3). Жезекиелдин бала чагы бактылуу өткөн көрүнөт. Атасынын ага Жахаба жөнүндө айтып берип, Мыйзамды окутуп-үйрөткөнү шексиз. Жезекиел, болжолу, бир жашка чыгып калганда, ибадатканадан «мыйзам китеби» табылган *. Ошол учурда башкарып жаткан Жошия деген жакшы падыша ал китептеги сөздөрдү укканда абдан таасирленип, таза сыйынууну өркүндөтүүгө жигердүү киришкен (2 Пад. 22:8—13).

Жезекиелдин атасынын ага Жахаба жөнүндө айтып берип, Мыйзамды окутуп-үйрөткөнү шексиз (28-абзацты карагыла)

29 Жезекиел, ага чейин жашаган ишенимдүү кишилердей эле, таза сыйынуу үчүн коюлган негизги төрт талапты аткарган. Анын китебин изилдеп жатып Жахабага гана сыйынганын, дайыма ага эң жакшысын бергенин, өзүнө айтылгандардын баарын Жахаба талап кылгандай аткарганын билебиз. Ушунун баарын кылганга Жезекиелге чын жүрөктөн чыккан ишеними түрткү берген. Бирок анын замандаштарынын көбү андай болгон эмес. Жезекиел Жеремиянын — б.з.ч. 647-жылы кызматын баштаган жана Жахабанын жакындап келаткан сот күнүн ынталуу жарыялаган пайгамбардын — сөздөрүн угуп чоңойгон.

30. a) Жезекиел жазган пайгамбарлыктардан эмнелерди биле алабыз? б) Пайгамбарлык кылуу деген эмне жана Жезекиелдин пайгамбарлыктарын кантип түшүнүшүбүз керек? («Жезекиелдин пайгамбарлыктарын түшүнүү» деген кутучаны карагыла.)

30 Жезекиелдин Кудайдын жетеги менен жазган сөздөрүнөн Кудайдын элинин ага кызмат кылуудан канчалык алыстап кеткенин билсе болот. (Окугула: Жезекиел 8:6.) Жахаба Жүйүттү жазалай баштаганда, Бабылга туткунга кеткендердин арасында Жезекиел да болгон (2 Пад. 24:11—17). Туткунга алынса да, ал жазаланган эмес. Анткени Жахабанын туткундалып кеткен элинин арасында ага тапшыра турган иши бар болчу. Жезекиел көргөн укмуштуудай аяндардан, ал жазган пайгамбарлыктардан таза сыйынуунун Иерусалимде кантип калыбына келтирилмектигин биле алабыз. Андан да маанилүүсү, таза сыйынуунун акыры толугу менен кантип калыбына келтирилип, бүт дүйнө жүзү, Жахабаны сүйгөндөрдүн баары, ага сыйынарын билебиз.

31. Бул китептен эмнелерди биле алабыз?

31 Бул китептеги бөлүктөрдү окуп жатканда Жахабанын турак жайына баш багып көрүүгө, таза сыйынуунун кантип толугу менен арамдалганын, Жахаба аны кантип калыбына келтиргенин, өз элин кантип коргогонун билүүгө, ошондой эле бардык адамдар Жахабага сыйына турган келечектеги заманга сереп салууга мүмкүнчүлүк болот. Кийинки бөлүмдө Жезекиел өзү көргөн жана жазган биринчи аянга токтолобуз. Ал аян Жахабанын улуулугун, анын уюмунун асмандагы бөлүгүн элестетүүгө жардам берет жана толук берилгендикти талап кылган таза сыйынууга жалгыз гана Жахаба татыктуу экенин баса белгилейт.

^ 4-абз. Абыл Адам ата менен Обо эне Эйденден куулуп чыгарылгандан көп өтпөй эле төрөлсө керек (Башт. 4:1, 2). Башталыш 4:25те «Кудай анын [Абылдын] ордуна... башка тукумду», Шетти, бергени жазылган. Абыл киши колдуу болгондон кийин, Шет төрөлгөндө, Адам ата 130 жашта болчу (Башт. 5:3). Демек, Кабыл Абылды өлтүргөндө, Абыл жүздөргө чыгып калса керек.

^ 15-абз. Башталыш 4:26да Адам атанын небереси Эноштун күндөрүндө адамдардын «Жахабанын ысмын туура эмес колдоно баштаганы» жазылган. Алар Жахабанын ысмын буркандарга карата колдонушса керек.

^ 17-абз. Эркек кудай Нанна Син деген ат менен да белгилүү болгон. Ур шаарынын тургундары көптөгөн кудайларга сыйынышса да, шаардагы ибадатканалар менен курмандык жайлар көбүнчө Наннага арналган болчу.

^ 24-абз. Ыйык чатырдан келишим сандыгы алынып салгандан кийин, Жахаба тартууларды ыйык чатырдан башка жерлерден деле кабыл ала берген көрүнөт (1 Шем. 4:3, 11; 7:7—9; 10:8; 11:14, 15; 16:4, 5; 1 Жылн. 21:26—30).

^ 28-абз. Б. з. ч. 613-жылы пайгамбарлык кызматын баштаганда Жезекиел 30 жашта болсо керек. Демек, ал б. з. ч. 643-жылдары төрөлгөн көрүнөт (Жез. 1:1). Жошия б. з. ч. 659-жылы башкара баштаган жана Мыйзам китеби, сыягы, анын түп нускасы Жошиянын башкарганына 18 жылдай болуп калганда, башкача айтканда, б. з. ч. 642—641-жылдары табылган.