Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (2Б)

Жезекиел. Жашоосу, кызмат кылган убактысы

Жезекиел. Жашоосу, кызмат кылган убактысы

Жезекиел деген ат «Кудай кубат берет» дегенди билдирет. Ал айткан пайгамбарлыктарда көп эскертүүлөр камтылса да, алардагы негизги кабар анын атынын маанисине ылайык келет жана Кудайга таза сыйынгысы келгендердин ишенимин бекемдейт.

ЗАМАНДАШ ПАЙГАМБАРЛАР

  • ЖЕРЕМИЯ

    Дин кызматчынын үй-бүлөсүнөн чыккан. Көбүнчө Иерусалимде кызмат кылган (б.з.ч. 647—580-ж.)

  • ХУЛДА

    Мыйзам китеби ибадатканада табылган б.з.ч. 642-жылдары кызмат кылган

  • ДАНИЕЛ

    Жүйүттүн падыша тукумунан болгон. Б.з.ч. 617-жылы Бабылга туткундалып кеткен

  • ХАБАКУК

    Сыягы, Жаякимдин башкаруусунун алгачкы жылдарында Жүйүт жеринде кызмат кылган

  • ОБАДИЯ

    Кыязы, Иерусалим кыйратылган кезде Эдомго каршы пайгамбарлык кылган

КЫЗМАТ КЫЛГАН ЖЫЛДАРЫ (БАРДЫК ЖЫЛДАР Б.З.Ч.)

ЖЕЗЕКИЕЛДИН УЧУРУНДАГЫ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР (БАРДЫК ЖЫЛДАР Б.З.Ч.)

  1. Болж. м-н 643: Төрөлгөн

  2. 617: Бабылга туткундалып кеткен

  3. 613: Пайгамбарлык кыла баштаган; Жахабадан аян алган

  4. 612: Ибадатканадагы арамдалган сыйынуу жөнүндө аян көргөн

  5. 611: Иерусалимдин элин айыптай баштаган

  6. 609: Аялы өлгөн жана Иерусалим акыркы жолу курчоого алына баштаган

  7. 607: Иерусалимдин кыйратылганын уккан

  8. 593: Ибадаткана жөнүндө аян алган

  9. 591: Небухаданасардын Мисирге кол саларын айткан; китепти жазып бүткөн

ЖҮЙҮТТҮН, БАБЫЛДЫН ПАДЫШАЛАРЫ

  1. 659—629: Жошия таза сыйынууну өркүндөткөн, бирок фараон Нехо менен болгон согушта каза тапкан

  2. 628: Жахаз аттуу начар падыша үч ай бийлик кылып, фараон Нехо тарабынан туткундалган

  3. 628-618: Жаяким деген начар падыша бийлик кылган жана фараон Нехо аны баш ийдирип алган

  4. 625: Небухаданасар Мисирдин аскерин талкалаган

  5. 620: Небухаданасар Жүйүт жерине биринчи жолу кол салган жана Иерусалимдеги Жаякимди баш ийдирип алган

  6. 618: Жаяким Небухаданасарга каршы көтөрүлгөн, бирок, кыязы, бабылдыктар Убадаланган жерге экинчи жолу кол салган учурда өлтүрүлгөн

  7. 617: Жекония деп да белгилүү болгон Жаякин деген начар падыша үч ай бийлик кылган жана Небухаданасарга багынып берген

  8. 617—607: Ситкия деген чечкинсиз, ыймансыз падыша бийлик кылган жана Небухаданасар аны баш ийдирип алган

  9. 609: Ситкия Небухаданасарга каршы чыгып, Небухаданасар Жүйүт жерине үчүнчү жолу кол салган

  10. 607: Небухаданасар Иерусалимди кыйраткан жана Ситкиянын көзүн оюп, Бабылга туткундап кеткен