Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (19A)

Жахабанын баталарынын дарыясы

Жахабанын баталарынын дарыясы

Жахаба төгүп жаткан баталарды элестетиш үчүн Ыйык Китептеги «дарыя» жана «суу» деген сөздөр колдонулган айрым билдирүүлөрдү карап көрөлү. Алардын баарын чогуу алып караганда, Жахабанын бизге батасын кантип төгүп жатканын көрүп ишенимибиз бекемделет. Кандайча?

ЖОЕЛ 3:18. Бул пайгамбарлык сөздө ибадаткананын ыйык жайынан булак агып чыгып жатканы айтылат. Ал «акация дарактары» өскөн какшып калган өрөөндү сугарыш үчүн агат. Жоел да, Жезекиел да жемишсиз жерди жанданткан дарыя жөнүндө аян алышкан. Эки аянда тең дарыя Жахабанын үйүнөн, ибадатканадан, агып чыккан.

ЗАКАРЫЯ 14:8. Закарыя Иерусалимден агып чыгып жаткан «өмүр суусун» көргөн. Ал суунун жарымы чыгыштагы деңизге — Жансыз деңизге — куйган. Ал эми жарымы батыштагы деңизге — Жер Ортолук деңизге — куйган. Иерусалим «улуу Падышанын», Жахабанын, шаары болгон (Мт. 5:35). Закарыянын ал шаар жөнүндө айтканы Жахабанын келечекте бүт жердин үстүнөн жүргүзө турган башкаруусун эсибизге салат. Бул пайгамбарлык сөздөгү суу Жахабанын Бейиште ишенимдүү адамдардын эки тобуна — улуу алааматтан аман өткөндөргө жана андан кийин тирилгендерге — батасын берерин билдирет.

АЯН 22:1, 2. Жакан Жезекиелдин аянындагы дарыяга абдан окшош болгон каймана дарыяны көргөн. Бирок ал ибадатканадан эмес, Жахабанын тактысынан агып чыккан. Андыктан Жакан көргөн аянда, Закарыя көргөн аяндагыдай эле, Жахаба Миң жылдык Падышалыктын тушунда төгө турган баталар баса белгиленген сыяктанат.

Албетте, Жахабанын башкаруусунун тушунда төгүлө турган баталар менен Жезекиелдин аянындагы дарыя билдирген баталардын ортосундагы айырма анча деле чоң эмес. Ал баталардын баарын Жахаба төгөт жана алар ишенимдүү адамдардын баарына агып барат.

ЗАБУР 46:4. Ушул бир эле аятта, сыягы, эки нерсе — сыйынуу да, башкаруу да — камтылганына көңүл бурсаңар. Бул аяттан Падышалык менен башкарууну билдирген «Кудайдын шаарын» да, таза сыйынууну билдирген «Эң Жогорку Кудайдын ыйык, улуу чатырын» да кубанычка бөлөгөн дарыя жөнүндө айтылганын көрүүгө болот.

Бул билдирүүлөрдөн, баарын жалпысынан алып караганда, Жахабанын ишенимдүү адамдарга батасын эки жол менен төгөрүнө ынанабыз. Бизге, биринчиден, анын башкаруусу, экинчиден, таза сыйынуу үчүн көргөн чарасы түбөлүккө пайда алып келет. Андыктан, келгиле, Жахаба Кудай менен анын Уулу берип жаткан түбөлүк өмүргө алып барчу сүйүүгө толгон чараны билдирген «тирүү суудан» азыртадан эле иче берүүгө чечкиндүү бололу (Жер. 2:13; Жкн. 4:10).