Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (2А)

Жезекиелдин пайгамбарлыктарын түшүнүү

Жезекиелдин пайгамбарлыктарын түшүнүү

ПАЙГАМБАРЛЫК КЫЛУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Ыйык Китептеги «пайгамбарлык кылуу» деп которулган еврей тилиндеги нава деген этиш, негизинен, Кудайдын кабарын, сот өкүмүн, насаатын же буйругун жарыялоо дегенди билдирет. Бул этиш боло турган нерсени жарыя кылуу деген маанини да туюнтат. Жезекиелдин пайгамбарлыктарында ушулардын баары камтылган (Жез. 3:10, 11; 11:4—8; 14:6, 7; 37:9, 10; 38:1—4).

ЖАРЫЯЛООНУН ЖОЛДОРУ

  • АЯНДАР

  • МИСАЛДАР

  • ПАЙГАМБАРЛЫК МААНИГЕ ЭЭ ИШ-АРАКЕТТЕР

Жезекиел китебинде аяндар, мисалдар, пайгамбарлык иш-аракеттер жазылган.

АТКАРЫЛЫШЫ

Жезекиел айткан пайгамбарлыктардын айрымдарынын бир нече аткарылышы бар. Мисалы, таза сыйынуунун калыбына келтирилиши жөнүндөгү пайгамбарлыктар Кудайдын эли Убадаланган жерге кайтып келгенде кандайдыр бир деңгээлде аткарылган. Бирок, бул китептин 9-бөлүмүндө карай турганыбыздай, ал пайгамбарлыктардын көбү учурда аткарылып жатат жана келечекте да аткарылат.

Мурун Жезекиелдин пайгамбарлыктарындагы көп нерселерди каймана мааниге ээ деп эсептеп келгенбиз. Бирок бул китепте, Ыйык Китептин өзүндө эле айкын негиз болбосо, кайсы бир инсан, нерсе, жер же окуя сөзсүз түрдө учурдагы кимдир бирөөнү же бир нерсени билдирет деп түшүндүрүлбөйт *. Анын ордуна, Жезекиелдин көптөгөн пайгамбарлыктарынын чоң масштабда аткарылышына басым жасалат. Жезекиелдин айткан кабарынан, ошондой эле анын китебинде сөз кылынган элдер, жерлер, окуялар жөнүндө жазылгандардан үйрөнчү нерселер да каралат.

^ 12-абз. Кайсы бир нерсенин каймана мааниси жөнүндө билүү үчүн ушул булакты карагыла: «Күзөт мунарасы», 2015-ж., 15-март, 9—11-б., 7—12-абз.; ошол эле сандагы «Окурмандардын суроолору», 17, 18-б.