Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (20А)

Жердин бөлүштүрүлүшү

Жердин бөлүштүрүлүшү

Чектердин так белгиленгени туткундарды сүйүктүү мекенинин сөзсүз калыбына келтирилерине ынандырган. Ал аянда биз үчүн кандай маанилүү ойлор камтылган? Анын эки өзгөчөлүгүнө токтололу.

Коопсуз жер жана баалуу дайындоо

Туткундан кайтып келгендердин ар бири калыбына келтирилген Убадаланган жерден мураска жер алмак. Анын сыңарындай, бүгүнкү күндө да Жахабанын кызматчыларынын баарынын рухий бейиште жери бар. Уюмда канчалык жөнөкөй иш аткарбайлы, рухий бейиште баарыбыздын коопсуз жерибиз жана баалуу дайындообуз бар. Жахаба бардык кызматчыларын бирдей баалайт.

Тең бөлүштүрүлгөн үлүштөр

Жезекиелдин аянында калыбына келтирилген Убадаланган жердеги ар бир үлүштө анын тургундарына ал жердин ырыскысы бирдей тиймек. Ошол өңдүү эле, азыркы тапта Жахаба рухий бейиштин баталарын алууга бардык кызматчыларына бирдей мүмкүнчүлүк берүүдө.