КУТУЧА (19Б)
Жылжыган суунун чоң дарыяга айланышы
Жезекиел Жахабанын ыйык жайынан жылжып агып чыккан суунун эки чакырымга жетпей эле күр-шар аккан терең дарыяга айланганын көргөн. Ал жемиши тамак-ашка, жалбырагы дарылыкка пайдаланыла турган дарыяны бойлой өскөн барпайган бак-дарактарды да көргөн. Булар эмнени билдирет?
Баталардын дарыясы
БАЙЫРКЫ УБАК: Мекенине кайткан туткундар ибадатканадагы таза сыйынууну калыбына келтире баштагандан тартып аларга баталар төгүлө баштаган
БИЗДИН КҮНДӨР: 1919-жылы таза сыйынуунун калыбына келтирилиши Кудайдын ишенимдүү кызматчыларына рухий баталардын болуп көрбөгөндөй төгүлүшүнө жол ачкан
КЕЛЕЧЕК: Армагедондон кийин Жахабадан денелик да, рухий да баталарды алабыз
Өмүр берүүчү суу
БАЙЫРКЫ УБАК: Жахаба ага баш ийген элин, алар сан жагынан көбөйсө да, рухий жактан гүлдөтүп, аларга батасын мол төккөн
БИЗДИН КҮНДӨР: Өркүндөп-өсүп жаткан рухий бейиште Жахабанын күн санап өсүп жаткан кызматчылары анын агымы кеңейип жаткан рухий баталарынан пайда алууда жана рухий мааниде жанданууда
КЕЛЕЧЕК: Армагедондон аман өткөндөргө миллиондогон тирилгендер кошулат. Жахаба алардын баарына батасын ашыгы менен төгөт
Тамак-ашка, дарылыкка пайдаланылган бак-дарактар
БАЙЫРКЫ УБАК: Рухий мааниде Жахаба ишенимдүү элин калыбына келтирилген жеринде азыктандырган. Ал аларды узак убак бою мүңкүрөтүп келген рухий ооруларынан да айыктырган
БИЗДИН КҮНДӨР: Рухий тамактын жетиштүү болгону көптөргө бул дүйнөдө кеңири жайылган рухий ооруга туруштук бергенге жана рухий ачарчылыктан азап тартпаганга жардам берүүдө
КЕЛЕЧЕК: Машаяк менен анын 144 000 кошо башкаруучусу Кудайга баш ийген адамзатка жеткилеңдикке жеткенге жана күч-кубатка толуп, чың ден соолукта өмүр сүргөнгө жардам берет!