Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (14А)

Ибадаткана жөнүндөгү аяндагы баалуу ойлор

Ибадаткана жөнүндөгү аяндагы баалуу ойлор

Жогору коюлган, таза сакталган сыйынуу

Аяндагы ибадаткана «абдан бийик тоонун үстүнө» (1) коюлган. Таза сыйынууну баарынан маанилүү деп эсептеп, жогору коёбузбу?

Абдан чоң аймактын (3) борборундагы ибадаткананын аймагын курчаган сырткы дубал (2) эч нерсенин сыйынуубузду арамдашына жол бербешибиз керектигин эске салат. Жезекиел 42:20да «ыйыкты ыйык эместен бөлүп турган дубал» жөнүндө айтылган. «Ыйык эмеске» күндөлүк турмуштагы рухий эмес иштер кирет. Эгер алар таза сыйынуудан алыс болушу керек болсо, анда ыпылас, адеп-ахлаксыз жүрүм-турум Жахабага сыйынып жаткандардын жашоосунан канчалык алыс болушу керек!

Түбөлүк баталар

Ибадаткананын ыйык жайынан жылжып агып чыккан суу чоң дарыяга айланган жана жерге (4) өмүр менен түшүмдүүлүк алып келген. Бул баталар китептин 19-бөлүмүндө каралат.

Бардыгына бирдей коюлган талаптар

Абдан бийик сырткы дарбазалар (5) менен ички дарбазалар (9) Жахаба ага таза сыйынгысы келгендердин баарына жүрүм-турумга карата жогорку талаптарды коёрун эскертип турат. Сырткы да, ички да дарбазалардын көлөмү бирдей экенин байкасаңар. Бул абдан орундуу. Анткени, кызматта ээлеген абалы кандай болбосун, Жахабанын адил талаптары бардык кызматчылары үчүн бирдей.

Кудайдын дасторконунан тамактануу

Ашканалар (8) эл ибадатканага алып келген курмандыктарынын айрымдарынан өздөрү да жей алганын эске салат. Алар Жахаба менен чогуу тамактангандай эле болгон. Исанын жолдоочулары сыйынып жаткан рухий ибадаткана андан айырмаланат, себеби анда мурун эле «бир эле курмандык чалынган» (Евр. 10:12). Анткен менен биз даңктоо курмандыгын алып келүүдөбүз (Евр. 13:15).

Кудай берген кепилдик

Аяндагы майда-чүйдөсүнө чейин жазылган чен-өлчөмдөрдү окуп чыгуу оңой болбошу мүмкүн. Бирок алардан маанилүү бир нерсени биле алабыз: алар Жахабанын таза сыйынууну калыбына келтирем деген ой-ниети, ошол так жана өзгөрүлгүс чен-өлчөмдөрдөй эле, так жана ишеничтүү экенине кепилдик берет. Жезекиел аянында бир да кишини көргөнүн айтпаса да, Жахабанын дин кызматчыларга, төрөлөргө жана элге катуу кеңеш айтканын жазган. Кудайдын адил талаптарына анын бардык кызматчылары жооп бериши керек.