Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (18А)

Жахаба улуу согуштун болорун эскертип келет

Жахаба улуу согуштун болорун эскертип келет

Ыйык Китепте Жахабанын ага жана элине каршы чыккандардын баарын жок кыла турган зор мааниге ээ согушу жөнүндө эскертилген бир нече пайгамбарлык камтылган. Төмөндө айрымдары келтирилди. Алардын окшоштуктарына жана Жахабанын бүт адамдарга ал эскертүүлөрдү угуп, ошого ылайык иш кылууга мүмкүнчүлүк берип жатканына да көңүл бургула.

БАЙЫРКЫ ЫСРАЙЫЛДЫН КҮНДӨРҮ

ЖЕЗЕКИЕЛ. «Мен Гокко каршы бүт тоолуу аймагым боюнча кылыч чакырам,— дейт Эгедер Теңир Жахаба» (Жез. 38:18—23).

ЖЕРЕМИЯ. «Жахаба... ар бир адам менен соттошот. Ыймансыздарды кылыч мизине алат» (Жер. 25:31—33).

ДАНИЕЛ. «Асман Кудайы... Падышалыкты орнотот. Ал Падышалык... падышалыктардын баарын талкалайт» (Дан. 2:44).

Б.З. 1-КЫЛЫМЫ

ИСА. «Дүйнөнүн башталышынан бери болбогон жана кийин да болбой турган улуу алаамат болот» (Мт. 24:21, 22).

ПАБЫЛ. «Кубаттуу периштелери менен келе турган... Иса» «Кудайды тааныбагандардан... өч алат» (2 Тес. 1:6—9).

ПЕТИР. «Жахабанын күнү ууру сыяктуу келет... жер жана андагы иштер ашкереленет» (2 Пет. 3:10).

ЖАКАН. «Элдерди кырыш үчүн [Исанын] оозунан узун курч кылыч чыгып турат» (Аян 19:11—18).

БИЗДИН КҮНДӨР

Ыйык Китеп — тарыхтагы эң көп тилге которулган, эң кеңири таралган китеп

ЖАХАБАНЫН БҮГҮНКҮ КҮНДӨГҮ КЫЗМАТЧЫЛАРЫ

  • Жүздөгөн тилдерге которулган Ыйык Китепке негизделген адабияттарды миллиарддаган нускада таратууда

  • Жыл сайын кабар айтуу ишине жүз миллиондогон саат жумшоодо