Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУТУЧА (7Б)

Жезекиел китебиндеги негизги сөз айкаштары

Жезекиел китебиндеги негизги сөз айкаштары

«Адам уулу»

90дон АШУУН ЖОЛУ

Жезекиел 90дон ашуун жолу «адам уулу» деп аталган (Жез. 2:1). Муну менен Жахаба, сыймыктуу иш тапшырылса да, анын жөнөкөй эле пенде экенин эсине салган. Инжилдерде Исанын «адам Уулу» деп 80 жолудай аталганы көңүлгө аларлык. Бул анын адам кейпин кийген периште эмес, адам болгонун көрсөткөн (Мт. 8:20).

«Менин Жахаба экенимди билесиңер/билишет»

50 ЖОЛУ

Жезекиел Кудайдын «менин Жахаба экенимди билесиңер/билишет» деген сөздөрүн 50 жолу жазган. Муну менен ал таза сыйынууга Жахаба гана татыктуу экенин баса белгилеген (Жез. 6:7).

«Эгедер Теңир Жахаба»

200дөн АШУУН ЖОЛУ

«Эгедер Теңир Жахаба» деген сөз айкашынын 200дөн ашуун жолу кездешкени Кудайдын ысымын татыктуу түрдө даңктайт жана жаратылгандын баары Жахабага баш ийиши керектигин баса белгилеп турат (Жез. 2:4).