КУТУЧА (21А)
«Силер бере турган тартуу»
Келгиле, Жахаба бөлүп койгон жердин бөлүгүн Жезекиел менен чогуу кылдат карап чыгалы. Ал жерди беш аймакка бөлүүгө болот. Алар эмне болгон аймактар жана кандай максатта бөлүнгөн?
А. «Тартуу»
Башкаруучулар колдоно турган жер. Аны «башкаруу тилкеси» деп да атоого болот.
Б. «Бардык тартуу»
Дин кызматчылар, лебилер жана шаар үчүн бөлүнгөн жер. Ал жерге 12 уруудан болгондор да Жахабага сыйыныш үчүн жана башкаруу түзүлүшүнүн иш-чараларын колдош үчүн киришет.
В. «Төрөгө таандык жер»
«Ал жер анын Ысрайылдагы үлүшү болот». Ал жер «төрөнүн үлүшү... болот».
Г. «Ыйык тартуу»
Бул аймак «ыйык үлүш» деп да сүрөттөлгөн. Жогорку бөлүгү «лебилерге» бөлүнгөн. Ал жер «ыйык». Ортоңку бөлүгү — «дин кызматчыларга бөлүнгөн ыйык тартуу». Ал жерде «алардын үйлөрү» жайгашкан жана ал — «ыйык жай [же ибадаткана] үчүн ыйык жер».
Д. «Калган жер»
«Ал бүт Ысрайыл үйүнө таандык болот» жана «шаар үчүн, жалпы пайдалануу үчүн, отурукташуу үчүн, жайыт үчүн» колдонулат.