КУТУЧА (13А)
Эки башка ибадаткана, эки башка маани
Жезекиел көргөн ибадаткана:
-
Жезекиел аны Бабылда туткунда жүргөн жүйүттөргө сүрөттөп берген
-
Көп курмандыктар чалынган курмандык жайы болгон
-
Жахабанын сыйынууга койгон адил талаптарын баса белгилеп турат
-
Көңүлүбүздү 1919-жылы башталган рухий калыбына келтирүү ишине бурат
Улуу рухий ибадаткана:
-
Пабыл аны еврей ишенимдештерине жолдогон катында түшүндүрүп берген
-
Бир эле курмандык «бир эле жолу» чалынган курмандык жайы бар (Евр. 10:10)
-
Узак убакыт бою ыйык чатыр менен кадимки ибадаткана прообразы болуп келген рухий түзүлүштү — Жахабанын Машаяктын куткаруу курмандыгына негизделген сыйынуу чарасын — түшүндүрөт
-
Көңүлүбүздү Исанын б.з. 29—33-жылына чейин Улуу Башкы дин кызматчы катары аткарган ишине бурат