Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

20-БӨЛҮМ

«Жерди мурас катары бөлгүлө»

«Жерди мурас катары бөлгүлө»

ЖЕЗЕКИЕЛ 45:1

ӨЗӨК ОЙ: Жерди бөлүштүрүүнүн мааниси

1, 2. а) Жахаба Жезекиел пайгамбарга кандай көрсөтмөлөрдү берген? б) Кайсы суроолорду карайбыз?

ЖЕЗЕКИЕЛ ПАЙГАМБАРДЫН жаңы эле көргөн аяны 900 жылдай мурун жашаган Муса пайгамбар менен Жашыянын күндөрүн эсине салса керек. Ал убакта Жахаба Мусага Убадаланган жердин чектерин айткан. Кийинчерээк Жашыяга ал жерди Ысрайыл урууларына кантип бөлүштүрүп бериши керектигин айткан (Сан. 34:1—15; Жаш. 13:7; 22:4, 9). Эми болсо, б.з.ч. 593-жылы, Жезекиелге жана анын туткунда жүргөн мекендештерине Убадаланган жерди кайрадан Ысрайыл урууларына бөлүштүрүп бериши керектигин айтып жатат (Жез. 45:1; 47:14; 48:29).

2 Ал аянда Жезекиел менен анын туткунда жүргөн мекендештери үчүн кандай кабар камтылган? Эмне үчүн ал аян Кудайдын бүгүнкү күндөгү элине да дем-шык берет? Анда көрсөтүлгөндөр келечекте чоңураак масштабда аткарылабы?

Төрт нерсеге ынандырган аян

3, 4. а) Жезекиел көргөн акыркы аян туткунда жүргөндөрдү кайсы төрт нерсеге ынандырган? б) Бул бөлүмдө кайсы убадага токтолобуз?

3 Жезекиел көргөн акыркы аян өзү жазган китептин 9 бөлүмүн ээлейт (Жез. 40:1—48:35). Ал аян туткунда жүргөндөрдү ысрайыл элинин калыбына келтирилишине байланышкан жүрөк жылыткан төрт нерсеге ынандырган. Биринчиден, Кудайдын ибадатканасында таза сыйынуу калыбына келтирилмек. Экинчиден, адил дин кызматчылар менен койчулар калыбына келтирилген жерге кайтып келген элди жетектемек. Үчүнчүдөн, Ысрайыл жерине кайтып келе тургандардын баарынын үлүш жери сакталмак. Төртүнчүдөн, Жахаба алардын арасында жашап, кайрадан алар менен болмок.

4 Ушул китептин 13, 14-бөлүмдөрүнөн бул убадалардын алгачкы экөөнүн, чыныгы сыйынуунун калыбына келтирилиши менен адил койчулардын элди жетектешине байланышкан убаданын, кантип аткарылмактыгын изилдегенбиз. Бул бөлүмдө болсо үчүнчү убадага — жердин мурас катары бөлүштүрүлүшүнө — токтолобуз. Ал эми кийинки бөлүмдөн төртүнчү убаданы — Жахабанын өз элинин арасында болом деген убадасын — талдайбыз (Жез. 47:13—21; 48:1—7, 23—29).

«Бул жер силерге мурас катары тиет»

5, 6. а) Жезекиелдин аянында көрсөтүлгөндөй, кайсы жер бөлүштүрүлүшү керек болчу? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.) б) Жерди бөлүштүрүү жөнүндөгү аян кандай максатта берилген?

5 Окугула: Жезекиел 47:14. Аянда Жахаба Жезекиелдин көңүлүн жакында «Эйден багындай» боло турган жердин бир бөлүгүнө бурган (Жез. 36:35). Андан соң анын «Ысрайылдын он эки уруусуна бөлүнө» турган жер экенин айткан (Жез. 47:13). Бөлүштүрүлүп бериле турган ал жер туткундар кайтып келе турган калыбына келтирилген Ысрайыл жери болгон. Андан кийин, Жезекиел 47:15—21-аяттарда жазылгандай, Жахаба бүтүндөй ошол жердин тышкы чектерин майда-чүйдөсүнө чейин так-даана айтып берген.

6 Жерди бөлүштүрүү жөнүндөгү бул аян кандай максатта берилген? Жердин чектеринин так-даана белгиленгени Жезекиел менен анын туткундагы мекендештерин сүйүктүү жери сөзсүз калыбына келтирилерине ынандырган. Жахабанын ушул тууралуу майда-чүйдөсүнө чейин айтканы туткундарга кандай гана дем-күч берсе керек! Кудайдын байыркы учурдагы эли чынында эле мурас катары бөлүштүрүлгөн ал жерге ээ болду беле? Ооба, так ошондой болгон.

7. а) Б.з.ч. 537-жылы кайсы окуялар башталган жана алар эмнени эске салат? б) Адегенде кайсы суроого жооп алабыз?

7 Б.з.ч. 537-жылы, Жезекиел аян алгандан 56 жылдай өткөндөн кийин, миңдеген туткундар Ысрайыл жерине кайтып келип, ага ээлик кыла башташкан. Тээ мурун болгон ал маанилүү окуялар бүгүнкү күндө Кудайдын элинин арасында болуп жаткан ошого окшогон окуяны эсибизге салат. Азыркы учурда Кудайдын эли да үлүшкө жер алган. Кандайча? Жахаба өзүнүн кызматчыларына рухий жерге кирип, ага ээлик кылганга жол берген. Андыктан байыркы убактагы Убадаланган жердин калыбына келтирилишинен бүгүнкү күндө Кудайдын элинин рухий жеринин калыбына келтирилиши жөнүндө көп нерсени билүүгө болот. Бирок аларды билүүдөн мурун «Рухий жер бүгүнкү күндө чынында эле бар деп эмне үчүн айта алабыз?» деген суроого жооп алалы.

8. а) Жахаба кадимки ысрайыл элинин ордуна кайсы элди тандаган? б) Рухий жер, же рухий бейиш, деген эмне? в) Ал качан пайда болгон жана ага кимдер отурукташкан?

8 Жезекиелге мурунураак берген аянда Жахаба Ысрайылдын калыбына келтирилиши жөнүндөгү пайгамбарлык сөздөрдүн кызматчысы «Дөөтү» — Иса Машаяк — Падыша катары башкара баштагандан кийин чоңураак масштабда аткарыларын билдирген (Жез. 37:24). Иса б.з. 1914-жылы башкара баштаган. Ал убакта кадимки ысрайыл элинин Кудайдын эли болбой калганына жана алардын ордуна Исанын ыйык рух менен майланган жолдоочуларынан турган рухий Ысрайыл тандалганына бир топ эле убакыт болуп калган. (Окугула: Матай 21:43; 1 Петир 2:9.) Бирок Жахаба кадимки ысрайыл элин рухий элге алмаштырып эле койбой, Ысрайыл жерин да рухий жерге, же рухий бейишке, алмаштырган (Ыш. 66:8). Ушул китептин 17-бөлүмүнөн билгенибиздей, рухий жер — майлангандардын калдыгы 1919-жылдан бери Жахабага сыйынып келаткан коопсуз рухий чөйрө. («Эмне үчүн 1919-жылы?» деген кутучаны (9Б) карагыла.) Убакыттын өтүшү менен ал рухий жерге жер бетинде жашоого үмүттөнгөн «башка койлор» да отурукташа баштаган (Жкн. 10:16). Рухий бейиш бүгүнкү күндө барган сайын өркүндөп жана кеңейип баратса да, анын баталарын Армагедондон кийин гана толугу менен сезе алабыз.

Жердин тең жана так бөлүштүрүлүшү

9. Жахаба жердин ич ара бөлүштүрүлүшү жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин камтылган кандай көрсөтмөлөрдү берген?

9 Окугула: Жезекиел 48:1, 28. Тышкы чек араларын белгилегенден кийин Жахаба ал жердин ич ара кантип бөлүштүрүлүшү керектигин майда-чүйдөсүнө чейин айткан. Ал 12 уруунун мураска ала турган жери түндүктөн баштап түштүккө чейин, түндүктөгү Дан уруусунун жеринен тартып түштүктөгү Гат уруусунун жерине чейин, бирдей жана так бөлүштүрүлүшү керектигин айткан. 12 үлүштүн ар бири чыгыштагы тышкы чек арадан тартып батыштагы Улуу деңизге, Жер Ортолук деңизге, чейин созулган тилкени түзгөн. (Жез. 47:20).

10. Аяндын ушул бөлүгү туткундарды эмнеге ынандырган?

10 Аяндын ушул бөлүгү туткундарды эмнеге ынандырган? Жезекиелдин жердин бөлүштүрүлүшүн ушинтип майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп бергенинен туткундар ал иш жакшы уюштуруларын түшүнүшсө керек. Андан тышкары, жердин 12 урууга так бөлүнгөнү туткундан кайтып келгендердин ар бири калыбына келтирилген жерден сөзсүз мураска жер аларын баса белгилеп турган. Алардын эч кимиси үйсүз, жерсиз калмак эмес.

11. Жердин бөлүштүрүлүшү жөнүндө айтылган аянда биз үчүн кандай бекемдээрлик ойлор камтылган? («Жердин бөлүштүрүлүшү» деген кутучаны карагыла.)

11 Бул аянда бүгүнкү күндө биз үчүн кандай бекемдээрлик ойлор камтылган? Калыбына келтирилген Убадаланган жерде дин кызматчылардын, лебилердин, ошондой эле төрөлөрдүн эле эмес, 12 уруунун башка мүчөлөрүнүн баарынын жери болгон (Жез. 45:4, 5, 7, 8). Ошол өңдүү эле, азыркы учурда да рухий бейиште майлангандардын калдыгынын жана «эбегейсиз көп адамдардын» арасында жетекчиликти колго алгандардын эле эмес, эбегейсиз көп адамдарга киргендердин баарынын жери бар * (Аян 7:9). Уюмда канчалык жөнөкөй иш аткарбайлы, баарыбыздын рухий бейиште коопсуз жерибиз жана баалуу дайындообуз бар. Бул кандай гана жан сергитерлик ынандыруу!

Жахабанын уюмунда кандай жоопкерчиликти аркалабайлы, ал биздин аракетибизди баалайт (11-абзацты карагыла)

Эки чоң айырма биз үчүн кандай мааниге ээ?

12, 13. Жахаба урууларга жер бөлүштүрүүгө карата кандай өзгөчө көрсөтмөлөрдү берген?

12 Жахабанын жердин бөлүштүрүлүшүнө карата берген көрсөтмөлөрүнүн айрымдары анын Мусага берген көрсөтмөлөрүнөн айырмаланганы Жезекиелди ойго салса керек. Анда ошондой эки айырмага токтололу. Алардын биринчиси жерге, экинчиси анын тургундарына байланыштуу болгон.

13 Жер. Кудай Мусага чоңураак урууларга кичирээктерине караганда көбүрөөк жер берилиши керектигин айткан (Сан. 26:52—54). Ал эми Жезекиелге берген аянында бардык уруулар жерди бир туугандары менен «тең бөлүп алышы» керектигин айткан (Жез. 47:14). Демек, 12 уруунун ар биринин үлүшүнүн түндүктөгү чек арасынан түштүктөгү чек арасына чейинки аралыгы бирдей болушу керек болгон. Ошонун аркасында бардык ысрайылдыктар, кайсы урууга таандык болбосун, жакшы сугарылган Убадаланган жер өндүргөн ырыскынын баарына бирдей ээ боло алышмак.

14. Жахабанын келгиндерге карата берген көрсөтмөлөрү Мусанын Мыйзамында бекитилгендерден эмнеси менен айырмаланган?

14 Тургундар. Мусанын Мыйзамында келгиндердин укуктары корголгон жана аларга Жахабага сыйынууга жол берилген, бирок үлүшкө жер берилген эмес (Леб. 19:33, 34). Ал эми Жахабанын Жезекиелге азыркы айткандары мурун Мыйзамда бекитилгендерден айырмаланган. Жахаба ага: «Келгин кайсы урууга келип жашап калса, ага ошол уруудан мурас бергиле»,— деген көрсөтмө берген. Ушундай буйрук берип, Жахаба «Ысрайыл уулдары» менен келгиндердин ортосундагы чоң айырмачылыкты жокко чыгарган (Жез. 47:22, 23). Аянда Жезекиел калыбына келтирилген жерде анын тургундарынын баарынын бирдей жана биримдикте сыйынып жатканын көргөн (Леб. 25:23).

15. Жерге жана анын тургундарына байланыштуу берген көрсөтмөлөрү Жахаба жөнүндөгү кайсы өзгөрүлгүс чындыкты тастыктап турат?

15 Жерге жана анын тургундарына байланыштуу Жезекиелге берилген эки маанилүү көрсөтмө туткундарга бир топ күч-кайрат бергени шексиз. Анткени ал көрсөтмөлөрдөн, ысрайылдыкпы же Жахабага сыйынган бөтөн жерликпи, Жахабанын алардын баарына үлүшкө бирдей жер берерин билишкен (Эзра 8:20; Нек. 3:26; 7:6, 25; Ыш. 56:3, 8). Ал көрсөтмөлөр канат байлаткан өзгөрүлгүс чындыкты, Жахабанын бардык кызматчыларын бирдей баалай турганын да, тастыктап турган. (Окугула: Акай 2:7.) Асманда жашаганга үмүттөнөбүзбү же жердеби, бүгүнкү күндө бул чындыкты баарыбыз абдан баалайбыз.

16, 17. а) Жер менен тургундар жөнүндө бул билгендерибиздин биз үчүн кандай пайдасы бар? б) Кийинки бөлүмдөн эмнени билебиз?

16 Жер менен тургундар жөнүндө бул билгендерибиздин биз үчүн кандай пайдасы бар? Бул ортобуздагы теңдик жана биримдик учурдагы дүйнөлүк боордоштугубуздун дароо эле байкалган өзгөчөлүгү болушу керектигин эсибизге салды. Жахаба баарына тегиз карайт. Андыктан: «Ушу жагынан Жахабадан үлгү аламбы? Улуту же жашоодогу жагдай-шарты кандай болбосун, ишенимдештеримдин ар бирине чын жүрөгүмдөн урмат көрсөтөмбү?» — деп ойлонуп көрүшүбүз зарыл (Рим. 12:10). Жахабанын баарыбызга рухий бейиште жашаганга бирдей мүмкүнчүлүк бергени абдан кубантат. Ал жерде асмандагы Атабызга бүт жаныбыз менен берилип ыйык кызмат кылып, анын баталарын алып жатабыз (Гал. 3:26—29; Аян 7:9).

Баарына тегиз караган Жахабадан үлгү алабызбы жана башкаларга чын жүрөктөн урмат көрсөтөбүзбү? (15, 16-абзацтарды карагыла)

17 Анда Жезекиелдин акыркы аянынын акыркы бөлүгүндө берилген төртүнчү убаданы — Жахабанын туткундар менен болору жөнүндөгү убадасын — карап чыгалы. Ал убададан эмнелерди биле алабыз? Бул суроонун жообун кийинки бөлүмдөн билебиз.

^ 11-абз. Жахабанын дин кызматчыларга жана төрөгө рухий бейиштен берген атайын жери жана дайындоосу жөнүндө билиш үчүн ушул китептин 14-бөлүмүн карагыла.