Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22-БӨЛҮМ

«Кудайга таазим кыл»

«Кудайга таазим кыл»

АЯН 22:9

ӨЗӨК ОЙ: Жезекиел китебиндеги негизги ойлорду кайталоо жана алардын азыркы учурда, ошондой эле келечекте колдонулушу

1, 2. а) Баарыбыз эмнени чечишибиз керек? б) Элчи Жакан Кудайга ишенимдүү бир периштеге таазим кылып сыйынмакчы болгондо, ал эмне деген?

АР БИРИБИЗ: «Мен кимге сыйынам?» — деген орчундуу суроого жооп берүүгө тийишпиз. Көптөр: «Кудайга сыйынбаганда кимге сыйынмак элек?!» — деши мүмкүн. Бирок Кудайга сыйынарыбыз ооздун жели эле болбошу керек. Кылган иштерибизден же Жахаба Кудайга, же Шайтанга сыйынарыбыз айкын болот.

2 Шайтан башкалардын ага сыйынышын көксөйт. Муну, бөтөнчө, Исаны азгырганга аракет кылганынан байкоого болот. Ушул китептин 1-бөлүмүндө кеп кылынгандай, Шайтан Исага аябагандай чоң нерсени — жер бетиндеги бардык падышалыктардын үстүнөн бийлик жүргүзүүнү — сунуш кылган. Анын самаганы эмне эле? Ал Исага: «Мага бир эле жолу сыйынып койсоң»,— деген (Мт. 4:9). Андан айырмаланып, элчи Жаканга аяндагы нерселерди көрсөткөн периште Жакандын ага таазим кылып сыйынышына каршы болгон. (Окугула: Аян 22:8, 9.) Кудайдын ал момун рухий уулу Жаканга: «Мындай кылба!» — деген. Ал «мага таазим кыл» дебей, «Кудайга таазим кыл» деген.

3. а) Бул китеп кандай максат менен чыгарылган? б) Эмнелерге токтолобуз?

3 Бул китеп, ошол периште буйрук кылгандай, Жахаба Кудайга гана сыйынууга болгон чечкиндүүлүгүбүздү бекемдөө үчүн чыгарылган (Мыйз. 10:20; Мт. 4:10). Келгиле эмесе, Жезекиелдин пайгамбарлык сөздөрүнөн жана аяндарынан таза сыйынуу жөнүндө эмнелерди билгенибизди кыскача кайталап өтөлү. Андан соң Ыйык Китептин жардамы менен келечекте жер жүзүндөгү ар бир адам акыркы сынакка туш боло турган убакка сереп салалы. Ал сынакта таза сыйынуунун толугу менен жана түбөлүккө калыбына келтирилерин кимдер көрөрү аныкталат.

Жезекиел китебинде баса белгиленген үч ой

4. Жезекиел китебинде кайсы үч ой баса белгиленген?

4 Жезекиел китебинен таза сыйынуунун тек гана кандайдыр бир каадаларды аткарып коюуну эле билдирбей турганын билдик. Таза сыйынуу үчүн 1) Жахабага толук берилгендик көрсөтүү, 2) Жахабага жаккандай сыйынууда биримдикти сактоо жана 3) башкаларды сүйүү талап кылынат. Анда бул китептин бөлүмдөрүндө талкууланган пайгамбарлык сөздөрдө жана аяндарда ушул үч ой кантип баса белгиленгенин карап чыгалы.

Биринчи ой: Жахабага толук берилгендик көрсөтүү

5—9. Жахабага толук берилгендик сактоо жөнүндө эмнелерди билдик?

5 3-бөлүм: Айланасында асан-үсөн жаркырап турган жана кубаттуу рухтардын үстүнөн башкарып турган Жахаба жөнүндөгү айран-таң калтырарлык аян бизге негизги чындыкты — сыйынуубузга Кудурети Чексиз Кудай гана татыктуу экенин — жүрөгүбүзгө бекем түйүп алганга жардам берди (Жез. 1:4, 15—28).

6 5-бөлүм: Жахабанын ибадатканасынын арамдалганы көрсөтүлгөн аянды алганда Жезекиел пайгамбардын төбө чачы тик турса керек! Ал аян Жахабадан эч нерсени жашыруу мүмкүн эмес экенин көрсөткөн. Жахаба өз элинин буркандарга сыйынуу сыяктуу иштери менен ишенимсиздик кылып жатканын, адамдар көрбөгөн күндө да, көрүп турат. Андайды көргөндө анын жүрөгү ооруйт жана ал ошондой ишке барып жүргөндөрдү жазалайт (Жез. 8:1—18).

7 7-бөлүм: Жахабанын ысрайыл элинин тегерегинде жашаган жана аларды «мазактаган» элдерге каршы сот өкүмдөрүн жарыялаганынан анын өз элине жаман мамиле кылгандарды жоопко тартарын билүүгө болот (Жез. 25:6). Бирок ысрайылдыктардын ошол элдер менен карым-катнашта болгонунан дагы бир нерсени түшүнсөк болот: биз баарынан мурда Жахабага берилгендик сакташыбыз керек. Андыктан Жахабага сыйынбаган туугандарыбыз үчүн өзүбүз карманган нормаларды эч качан төмөндөтпөйлү; байлыкка таянып, ага берилбейли же бейтараптуулугубузду бузуп, Жахабага эмес, адамдык өкмөттөргө баш ийип калбайлы.

8 13, 14-бөлүмдөр: Абдан бийик тоодо жайгашкан ибадаткана жөнүндөгү аяндан Жахабанын бардык башка кудайлардан жогору турарын түшүнүп, анын жогорку талаптарына ылайык жашашыбыз керектигин билдик (Жез. 40:1—48:35).

9 15-бөлүм: Пайгамбарлыкта Ысрайыл менен Жүйүттүн сойкулардай сүрөттөлгөнү Жахаба үчүн рухий маанидеги ойноштук канчалык жийиркеничтүү экенин эскертип турат (Жез. 16, 23-бөл.).

Экинчи ой: Жахабага жаккандай сыйынууда биримдикти сактоо

10—14. Жахабага жаккандай сыйынууда биримдикти сакташыбыз керектиги Жезекиел китебинде кантип баса белгиленген?

10 8-бөлүм: Пайгамбарлыктагы Жахабанын өз элине кам көрүш үчүн «бир койчуну» дайындайм деген убадасы Исанын жетекчилиги алдында биримдикте жана тынчтыкта кызмат кылышыбыз керектигин баса белгилеп турат (Жез. 34:23, 24; 37:24—28).

11 9-бөлүм: Кудайдын элинин Бабылдын туткунунан бошонуп, өз мекенине кайтып келери жөнүндөгү Жезекиелдин пайгамбарлык сөздөрүндө бүгүнкү күндө Жахабага жаккандай иш кылууну каалагандар үчүн маанилүү маалымат камтылган. Жахабага сыйынгандар жалган диндин таза сыйынууну арамдаган таасиринен бошонуп, андан алыс болушу талап. Бири-бирибизден улутубуз, расабыз, экономикалык абалыбыз менен айырмаланганыбызга карабай, бизди башкалардан Кудайдын эли катары айырмалап турган биримдигибизди чыңдай беришибиз керек (Жез. 11:17, 18; 12:24; Жкн. 17:20—23).

12 10-бөлүм: Биримдик темасы кагырап калган сөөктөрдүн жанданышы жөнүндөгү аянда баса белгиленген. Жахабага биримдикте бир аскер катары кызмат кылган, тазаланып, калыбына келтирилген элдин арасында болуу кандай гана чоң сыймык! (Жез. 37:1—14).

13 12-бөлүм: Кудайдын элинин биримдиги бир таяк болуп бириктирилген эки таяк жөнүндөгү пайгамбарлык сөздө айрыкча баса көрсөтүлгөн. Ушул сөздөрдүн майлангандар менен башка койлордун үстүнөн аткарылып жатканын көрүү ишенимибизди кандай гана бекемдейт! Диний жана саясий жактан бөлүнүп-жарылып жаткан дүйнөдө жашап жатсак да, сүйүүбүз менен берилгендигибизден улам биримдикти сактайбыз (Жез. 37:15—23).

14 16-бөлүм: Сыя кутусу бар киши менен кыйратуучу куралдары бар кишилер жөнүндөгү аянда олуттуу эскертүү камтылган: куткарылуу үчүн белги «улуу алааматка» чейин эле Жахабага сыйынып жүргөндөргө гана коюлат (Мт. 24:21; Жез. 9:1—11).

Үчүнчү ой: Башкаларды сүйүү

15—18. Эмне үчүн башкаларга сүйүү көрсөтө беришибиз керек жана муну кантип кылсак болот?

15 4-бөлүм: Төрт тирүү жандык жөнүндөгү аяндан Жахабанын сапаттары жөнүндө, алардын эң башкысы сүйүү жөнүндө билдик. Сөзүбүз менен ишибиз сүйүүгө негизделгенде биздин Кудайыбыз Жахаба экенин далилдейбиз (Жез. 1:5—14; 1 Жкн. 4:8).

16 6, 11-бөлүмдөр: Сүйүүсүнөн улам Кудай Жезекиел сыяктуу күзөтчүлөрдү дайындаган. Кудай сүйүү болгондуктан Шайтандын жер жүзү боюнча жүргүзүп жаткан бийлигин кыйратканда кимдир бирөөнүн өлүшүн каалабайт (2 Пет. 3:9). Бизге да бүгүнкү күндөгү күзөтчүнүн ишин колдоо жоопкерчилиги артылган. Аны аткарсак, Кудайдын сүйүүсүн чагылдыруу сыймыгына ээ болобуз (Жез. 33:1—9).

17 17, 18-бөлүмдөр: Жахаба көптөр ырайымын четке кагарын жана берилген кызматчыларын жок кылууга аракет кыларын билет. «Магок жеринен чыккан Гок» Жахабага берилгендерге кол салганда, Жахабага аларды коргогонго сүйүүсү түрткү берет. Башкаларга болгон сүйүүбүз бизге да Жахаба элине кысым көрсөткөндөрдү жок кыларын мүмкүн болушунча көптөргө эскертүүгө түрткү берет (Жез. 38:1—39:20; 2 Тес. 1:6, 7).

18 19, 20, 21-бөлүмдөр: Жахабанын адамдарды сүйөрүн агып жаткан өмүр берүүчү суу жана жердин бөлүштүрүлүшү сүрөттөлгөн аяндардан айкын түшүнүүгө болот. Ал аяндарда, күнөөлөрүбүз кечирилиши үчүн жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү катары жеткилең жашоого жетишибиз үчүн, Жахабанын өз Уулунун өмүрүн берип бизге зор сүйүү көрсөткөнүнүн натыйжалары сүрөттөлгөн. Башкаларды сүйөрүбүздү көрсөтүүнүн эң мыкты жолдорунун бири — Жахаба анын Уулуна ишенгендерге кандай сонун келечек тартуулап жатканын айтуу (Жез. 45:1—7; 47:1—48:35; Аян 21:1—4; 22:17).

Миң жылдык башкаруудан кийин момундукту чагылдырган бөтөнчө иш

19. Миң жылдык башкаруусунун учурунда Иса эмне кылат? («Акыркы сыноо» деген кутучаны да карагыла.)

19 Миң жылдык башкаруусунун учурунда Иса миллиарддагандарды тирилтип, душманыбыз «өлүмдүн» айынан тарткан азаптын баарынан арылтат (1 Кор. 15:26; Мр. 5:38—42; Элч. 24:15). Адамзат тарыхы кайгы-муңга жана жоготууга жык толгон жүрөк оорутарлык окуяга окшош. Бирок ар бир муунду тирилткен сайын Иса тарых барактарындагы зээнди кейиткен ал окуяларды өчүрүп, тирилгендерге баарын жаңы барактан баштаганга мүмкүнчүлүк берет. Ал куткаруу курмандыгынын негизинде оорунун, согуштун жана ачарчылыктын бардык кесепетин жоёт. Андан тышкары, бизге азап-кайгынын тамырын — Адам атадан өткөн күнөөнү — түп-орду менен жок кылууга жардам берет (Рим. 5:18, 19). Ооба, Иса «Ибилистин иштерин» толугу менен кыйратат (1 Жкн. 3:8). Андан кийин эмне болот?

Тирилгендерде баарын жаңы барактан баштоого мүмкүнчүлүк болот

20. Иса жана анын 144 000 кошо башкаруучусу бөтөнчө момундукту кантип көрсөтүшөт? Түшүндүргүлө. (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.)

20 Окугула: 1 Корунттуктар 15:24—28. Адамзаттын баары жеткилең жашоого жетип, жер бети акыры Жахаба башында ниет кылгандай Бейишке айланганда, Иса менен 144 000 кошо башкаруучусу бөтөнчө момундук көрсөтүшөт: Падышалыкты Жахабага тапшырышат. Алар миң жыл бою ээ болуп келген бийлигин ага өз эрки менен өткөрүп беришет. Падышалык ишке ашырган нерселердин баары кылымдан кылымга кала берет.

Акыркы сыноо

21, 22. а) Миң жылдын аягында дүйнө кандай болот? б) Жахаба Шайтан менен жин-перилерди эмне үчүн бошотот?

21 Андан кийин Жахаба жердеги букара элине канчалык бекем ишенерин айгинелеген бир иш кылат. Ал миң жыл бою туңгуюкта камалып жаткан Шайтан менен жин-перилерди бошотууга буйрук берет. (Окугула: Аян 20:1—3.) Ал кезде дүйнө алар мурун билгенден кыйла айырмаланган болот. Анткени Армагедонго чейин көпчүлүк Шайтанга алданып келген жана адамзат коому жек көрүүнүн, бейкалыстыктын кесепетинен бөлүнүп-жарылып келген (Аян 12:9). Ал эми миң жылдын аягында бүт адамзат ынтымактуу бир үй-бүлө сыяктуу биримдикте Жахабага сыйынып жаткан болот. Жер тынчтыкка бөлөнгөн Бейишке айланат.

22 Жахаба дүйнөнү тазалагандан кийин Шайтан менен жин-перилер сыяктуу кылмышкерлерди эмне үчүн бошотот? Себеби миң жылдын аягында жашап жаткандардын басымдуу бөлүгүнүн Жахабага сыйынгандар катары ага болгон берилгендиги сынала элек болот. Көптөр учурунда Жахабаны таанып-билбей эле өтүп кетишкен жана алар Бейиште тирилишет. Жахаба аларга өмүрүн эле кайрып берип койбой, денелик жана рухий муктаждыктарынын баарын канааттандырат. Алар жалаң гана жакшы адамдардын курчоосунда болуп, жаман чөйрө дегенди билбей жашашат. Тегерегиндегилердин баары Жахабаны сүйгөн жана ага кызмат кылгандар болот. Шайтан, Аюптун ниетине шек келтиргендей эле, ошол тирилгендердин ниетине да Кудайга аларды коргоп, батасын берип жатканы үчүн эле кызмат кылып жатышат деп шек келтире алат (Аюп 1:9, 10). Андыктан Жахаба ысымдарыбызды өмүр китебине биротоло жазганга чейин, Атабыз жана Эгедерибиз катары ага болгон берилгендигибизди эч кандай шек туулбай тургандай кылып далилдегенге мүмкүнчүлүк берет (Аян 20:12, 15).

23. Ар бир киши кандай жагдайга туш болот?

23 Шайтанга адамдарды Кудайга кызмат кылуудан баш тартууга азгырганга кыска убакытка мүмкүндүк берилет. Ошондо ар бир киши Адам ата менен Обо эне туш болгондой жагдайга туш болот. Ар бирибиз Жахабанын нормаларын кабыл алып, анын бийлигин колдоп, ага сыйынабызбы же ага каршы чыгып, Шайтанды колдойбузбу, чечишибиз керек болот.

24. Козголоңчулар эмне үчүн Гок жана Магок деп аталган?

24 Окугула: Аян 20:7—10. Миң жылдын аягында козголоң чыгара тургандардын Гок менен Магок деп аталары көңүлгө аларлык. Алар улуу алаамат учурунда Кудайдын элине кол сала турган, Жезекиел алдын ала айткан козголоңчулардыкындай сапаттарды чагылдырышат. «Магок жеринен чыккан Гок» деп аталган ал топ Жахабанын бийлигине каршы чыккан ар кандай элдерден түзүлөт (Жез. 38:2). Ошо сыңары, Машаяктын Миң жылдык башкаруусунун аягында каршы чыга тургандар «элдер» деп сүрөттөлгөн. Алардын ушинтип сүрөттөлгөнү кызыктуу. Эмне үчүн? Себеби Миң жылдык башкаруунун тушунда ар кайсы улутка, элге бөлүнүүчүлүктүн баары жоюлат. Бардык элдер бир эле өкмөттүн, Кудайдын Падышалыгынын, букара эли болот. Биз бир эле рухий эл болобуз. Ал пайгамбарлыкта козголоңчулардын Гок жана Магок деп аталганы жана алар тууралуу «элдер» деп айтылганы Шайтандын Кудайдын элинин арасынан айрымдарды бөлүп-жарууда ийгиликке жетерин көрсөтүп турат. Бирок эч ким Жахаба тарапты же Шайтан тарапты ээлегенге мажбурланбайт. Ар бир жеткилең киши чечимди өзү чыгарат.

Козголоң чыгара тургандар Гок менен Магок деп аталышат (24-абзацты карагыла)

25, 26. Шайтан тарапка канча киши өтөт жана алар эмне болот?

25 Шайтан тарапка канча киши өтөт? Алардын саны «деңиздин жээгиндеги кумдай» болот. Бул сөз айкашы козголоң чыгара тургандардын сөзсүз эле басымдуулук кыларын билдирбейт. Ыбрайым пайгамбарга берилген убаданы алалы. Жахаба ага тукуму «деңиз жээгиндеги кумдай» болорун айткан (Башт. 22:17, 18). Бирок анын тукумун түзгөндөрдүн саны 144 001 гана болгон (Гал. 3:16, 29). Бул чоң сан болгону менен, адамзаттын жалпы санына салыштырмалуу аз эле болуп калат. Ошол өңдүү эле, Шайтанга кошула тургандардын саны көп болушу мүмкүн, бирок өтө көп болбойт. Ал козголоңчулар Жахабанын берилген кызматчыларына чоң коркунуч туудурбайт.

26 Козголоңчулардын тарабына өткөндөр бир заматта жок кылынат. Алар Шайтан жана жин-перилер менен кошо биротоло жок болушат, кайра эч качан тирилишпейт. Алардын туура эмес чечими жана анын кесепети гана эсте калат (Аян 20:10).

27—29. Акыркы сыноодон өткөндөрдү эмнелер күтүп турат?

27 Ал эми акыркы сыноодон өткөндөрдүн ысымдары «өмүр китебине» түбөлүккө жазылып калат (Аян 20:15). Андан соң Жахабанын берилген уул-кыздары ага бир үй-бүлө катары ал татыктуу болгондой сыйынышат.

28 Ошол келечек жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Силерди үзүрү үзүлбөгөн эмгекке, жан дүйнөңөрдү байыткан достук мамилеге бай жашоо күтүп турат. Өзүңөр да, жакындарыңар да эч качан азап тартпайсыңар. Жахабанын алдында андан ары Исанын курмандыгынын негизинде эмес, өз алдыңарча жеткилең, күнөөсүз абалда боло аласыңар. Ар бир кишиде Жахаба менен достук мамиле өрчүтүүдө эч кандай чек болбойт. Баарынан маанилүүсү, асмандагылар да, жердегилер да Жахабага жеткилең түрдө таза сыйынышат. Ошондо таза сыйынуу толугу менен биротоло калыбына келтирилет!

Жеткилеңдикке жеткенден кийин Жахабанын алдында Исанын курмандыгынын негизинде эмес, өз алдыңарча күнөөсүз абалда боло аласыңар (28-абзацты карагыла)

29 Силер ошол улуу күндү көрөсүңөрбү? Эгер Жезекиел китебиндеги ушул негизги үч нерсени — Жахабага толук берилгендик көрсөтүүнү, ага жаккандай сыйынууда биримдикти сактоону жана башкаларды сүйүүнү — уланта берсеңер, сөзсүз көрөсүңөр. Жезекиелдин пайгамбарлык сөздөрүндө дагы бир акыркы негизги ой камтылган. Ал эмне болгон ой?

Асмандагылар да, жер бетиндегилер да акыры биримдикте таза сыйына турган убак канчалык кубанычтуу болорун элестетсеңер! (27—29-абзацтарды карагыла)

«Жахаба экенимди... билишет»

30, 31. «Алар менин Жахаба экенимди... билишет» деген сөздөр а) Кудайдын душмандары үчүн эмнени билдирет? б) Кудайдын эли үчүн эмнени билдирет?

30 Жезекиел китебинде «алар менин Жахаба экенимди... билишет» деген сөздөр айлана-тегеректи дүңгүрөткөн добулбастын добушундай кайра-кайра кайталанат (Жез. 6:10; 39:28). Кудайдын душмандары үчүн бул сөздөр согуш менен өлүмдү билдирет. Алар Жахабанын бар экенин билүүдөн да көп нерсени билүүгө аргасыз болушат. Алар анын улуу ысымы «Болтурат» дегенди билдирерин өмүрүнөн айрылта турган ушундай чоң жаңылыштык кетиргенден кийин гана билишет. «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба» аларга каршы күрөшкөн «күчтүү жоокер» болот (1 Шем. 17:45; Чыг. 15:3). Алар маанилүү бир чындыкты — ой-ниетин ишке ашырууга Жахабага эч нерсе тоскоолдук кыла албай турганын — өтө эле кеч түшүнүп калышат.

31 Ал эми Кудайдын эли үчүн «алар менин Жахаба экенимди... билишет» деген сөздөр тынчтык менен өмүрдү билдирет. Жахаба бизди, өзү башында ниет кылгандай, анын сапаттарын жеткилең түрдө чагылдырган уул-кыздары кылат (Башт. 1:26). Жахаба азыр деле биздин сүйүктүү Атабыз жана камкор Койчубуз. Жакында болсо жеңишке жете турган Падышабыз болот. Эмесе, ал күн келгиче Жезекиелдин китебинде жазылгандарды жүрөгүбүздө бек сактайлы. Күн сайын Жахабанын ким экенин, кандай Кудай экенин билерибизди сөзүбүз жана ишибиз менен көрсөтө берели. Ошондо улуу алааматтын кыйратуучу шамалы коё берилгенде коркпойбуз. Кайра, куткарыларыбызга аз калганын билгендиктен башыбызды бийик көтөрөбүз (Лк. 21:28). Ага чейин болсо башкаларга сыйынышыбызга жалгыз гана өзү татыктуу болгон, ысымы бардык ысымдардан улуу болгон Жахабаны таанып-билгенге, аны сүйгөнгө жардам бере берели! (Жез. 28:26).