Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

19-БӨЛҮМ

«Суу кайда агып барса, ошол жерде баары жанданат»

«Суу кайда агып барса, ошол жерде баары жанданат»

ЖЕЗЕКИЕЛ 47:9

ӨЗӨК ОЙ: Ибадатканадан агып чыккан дарыя жөнүндөгү аяндын байыркы учурдагы, биздин күндөрдөгү жана келечектеги аткарылышы

1, 2. Жезекиел 47:1—12-аяттарга ылайык, Жезекиел эмнени көргөн жана ага эмне деп айтылган? (Бөлүмдүн башындагы сүрөттү карагыла.)

ЖЕЗЕКИЕЛ ибадаткана жөнүндөгү аянда дагы бир кереметтүү нерсени — ал ыйык жерден суу агып чыгып жатканын — көрөт. Анын ал көк кашка сууну бойлоп баратканын элестетсеңер. (Окугула: Жезекиел 47:1—12.) Ыйык жайдын босогосунан жылжып аккан суу ибадаткананын аймагынын чыгыш дарбазасына жакын жеринен сыртка агып чыгат. Периште Жезекиелди ибадатканадан алып чыгып, узаган сайын аралыкты ченей берет. Ал аны улам-улам суудан өткөрөт, ошондо пайгамбар суунун тез эле тереңдеп баратканын сезет. Суу бара-бара киши боюн көмүп, сүзүп өткөнчөлүк чоң дарыяга айланат.

2 Жезекиелге дарыянын Жансыз деңизге куяры, анын суусу тийген жердин баарында деңиздин туздуу, жансыз суулары айыгары, балыктарга толору айтылган. Ал дарыяны бойлой өскөн ар кандай көп бак-дарактарды да көрөт. Алар ай сайын азык боло турган жаңы жемиш берет жана жалбырактары дарылыкка пайдаланылат. Ушунун баарын көргөндө Жезекиелдин жан дүйнөсү тынчтыкка бөлөнүп, үмүтү жанса керек. Ибадаткана жөнүндөгү аяндын бул бөлүгү ал үчүн жана туткундагы мекендештери үчүн эмнени билдирген? Биз үчүн кандай мааниге ээ?

Аяндагы дарыя туткундагылар үчүн эмнени билдирген?

3. Эмне үчүн байыркы учурдагы жүйүттөр Жезекиелдин аянындагы дарыяны сөздүн түз маанисиндеги дарыя деп түшүнүшкөн эмес?

3 Жүйүттөрдүн Жезекиелдин аянындагы дарыянын сөздүн түз маанисиндеги дарыя эмес экенин түшүнгөнү шексиз. Ыйык Жазмадагы бул билдирүү алардын эсине калыбына келтирүүгө байланышкан ыйык рухтун жетеги менен жазылган дагы бир пайгамбарлыкты — кыязы, эки кылымдан ашуун убакыт мурун Жоел пайгамбар жазгандарды — салса керек. (Окугула: Жоел 3:18.) Туткундагы жүйүттөр Жоелдин сөздөрүн окуганда түзмө-түз «тоолордон жаңы шарап тамарын», «адырлардан сүт... агарын» же «Жахабанын үйүнөн булак агып чыгарын» күткөн эмес. Анын сыңарындай, алар Жезекиелдин аянындагы кабар да кадимки дарыя жөнүндө эмес экенин түшүнсө керек *. Анда Жахаба элге кандай кабарды айткысы келген? Бул аяндын айрым бөлүктөрүн түшүнүүгө Ыйык Жазма эң сонун жардам берет. Бирок, негизинен, биз бул пайгамбарлыктагы так-даана айтылган жүрөк жылытарлык үч нерсени карап чыгабыз.

4. а) Жезекиелдин дарыя жөнүндөгү аянынын негизинде жүйүттөр Жахабанын аларга кандай баталарды төгөрүн күтө алышмак? б) Ыйык Китепте «дарыя», «суу» деген сөздөрдүн колдонулушу Жахабанын өз элине батасын берерине кантип ынандырат? («Жахабанын баталарынын дарыясы» деген кутучаны карагыла.)

4 Баталардын дарыясы. Ыйык Китепте «дарыялар», «суу» деген сөздөр көбүнесе Жахабанын өмүр берүүчү баталарын сүрөттөөдө колдонулат. Жезекиел ибадатканадан дарыя агып чыгып жатканын көргөн, андыктан Жахабанын эли ал аяндын негизинде ал аларга, таза сыйынууга бекем кармана беришсе, өмүр берүүчү рухий баталарын төгөт деп күтө алмак. Ал кандай баталар эле? Дин кызматчылар элге кайрадан рухий жетекчилик бермек. Ибадатканада курмандыктар чалынып, күнөөлөрү жуулмак (Жез. 44:15, 23; 45:17). Ушундайча алар ибадатканадан агып чыккан таза сууга жуунуп, кайрадан таза болушмак.

5. Дарыя жөнүндөгү аянда көрсөтүлгөндөр Кудайдын баталары баарына жетишүү төгүлө берерине шектенбөөгө кандайча жардам берген?

5 Кудайдын баталары баарына жетиштүү төгүлө берет беле? Аян буга түк да шектенбөөгө жардам берет. Анткени анда суунун кереметтүү түрдө улам кеңейе бергени — жылжып аккан суунун эки чакырымдай аралыкка жетпей эле күр-шар аккан чоң дарыяга айланганы — сүрөттөлгөн (Жез. 47:3—5). Калыбына келтирилген мекенинде жүйүттөрдүн саны көбөймөк. Жахабанын баталары да алардын муктаждыктарына жараша «кеңейе» бермек. Ооба, дарыя молчулукту, кененчиликти сүрөттөп турган!

6. а) Пайгамбарлык мааниге ээ бул аянда үмүт берген кандай убада камтылган? б) Аянда кандай эскертүү да камтылган? (Шилтемени карагыла.)

6 Өмүр берүүчү суу. Аяндагы Жансыз деңизге куйган дарыя анын көп бөлүгүн жандандырган. Ал суу ушунчалык көп балыкка жан киргизгендиктен, андагы балыктардын түрдүүлүгү Улуу деңиздегидей, Жер Ортолук деңиздегидей, болмоктугуна көңүл бурсаңар. Атүгүл бири-биринен, калыбы, бир топ алыс жайгашкан эки шаардын ортосунда Жансыз деңизди бойлой балык уулоо иши гүлдөп турган. Периште: «Суу кайда агып барса, ошол жерде баары жанданат»,— деген. Бирок бул Жахабанын үйүнөн агып чыккан суунун Жансыз деңиздин ар бир бөлүгүнө жеткенин билдиреби? Жок. Периште өмүр берүүчү суунун суусу баткактуу айрым аймактарга жетпей турганын түшүндүргөн. Ал жерлер «туз каптаган» бойдон калган *. (Жез. 47:8—11). Аянда таза сыйынуунун адамдарды жандандырарына, гүлдөтүп-өстүрөрүнө үмүт байлаткан убада камтылган. Бирок ал эскертүүнү да камтыган: Жахабанын баталарын баары эле кабыл алып, баары эле айыкмак эмес.

7. Аянда дарыянын боюнда бак-дарактардын өсүп турганы туткунда жүргөн жүйүттөрдү эмнеге ынандырган?

7 Тамак-ашка, дарылыкка пайдаланылган бак-дарактар. Суу боюндагы дарактар тууралуу эмне дешке болот? Алар айлананын көркүнө көрк кошуп турат. Бирок алардын терең мааниси да бар. Жезекиел менен анын мекендештеринин ошол дарактардын ай сайын жаңы, ширелүү жемиш берери тууралуу ойлонгондо кубанганы шексиз. Бул жүйүттөрдү Жахабанын аларды рухий жактан азыктандырарына да ынандырган. Дагы эмнеге ынандырган? Ал дарактардын «жалбырактары дарылыкка пайдаланылмактыгына» көңүл бурсаңар (Жез. 47:12). Булардан тышкары, Жахаба туткундан келгендердин рухий жактан айыгууга муктаж болорун билген жана так ошону убада кылган. Анын муну кантип кылганы калыбына келтирүүгө байланышкан башка пайгамбарлыкта айтылган. Аны 9-бөлүмдө караганбыз.

8. Жезекиелдин аяны чоң масштабда аткарыларын эмне көрсөтүп турган?

8 Бирок 9-бөлүмдө туткундан келгендердин ошондой пайгамбарлыктардын чектелүү деңгээлде аткарылганын көрүшкөнү айтылган. Алардын аткарылышын адамдар өздөрү чектешкен. Кайра-кайра туура эмес жолго түшө берген, таза сыйынууну баркка албаган баш ийбес адамдарга Жахаба кантип батасын толугу менен төкмөк эле? Кудайга ишенимдүү жүйүттөр мекендештеринин жүрүм-турумунан улам жүрөгү ооруп, көңүлү кайт болгон. Ошентсе да алар Жахабанын убадалары сөзсүз аткарыларын билишкен. Ооба, Жахаба дайыма сөзүнө турат. (Окугула: Жашыя 23:14.) Демек, Жезекиелдин аяны бир күнү чоң масштабда аткарылмак. Ал качан болмок?

Бүгүнкү күндө агып жаткан дарыя

9. Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аяны чоң масштабда качан аткарылат?

9 14-бөлүмдөн билгенибиздей, ибадаткана жөнүндөгү аян «акыркы күндөрдө», таза сыйынуу болуп көрбөгөндөй жогору коюлган убакта, чоң масштабда аткарылмак (Ыш. 2:2). Жезекиелдин аянынын ушул бөлүгү учурда кандай мааниде аткарылып жатат?

10, 11. а) Бизге кайсы баталар дарыя сымал агып келүүдө? б) Акыркы күндөрдө улам көбөйүп жаткан муктаждыктар канааттандырылышы үчүн, Жахабанын баталарынын агымы кантип кеңейип жатат?

10 Баталардын дарыясы. Жахабанын үйүнөн агып чыккан суу бүгүнкү күндө кайсы баталарды эсибизге салат? Ал рухий саламаттыгыбызга өбөлгө түзгөн жана рухий жактан азыктандырган нерселердин баарын эсибизге салат. Кудайдын эң негизги батасы — Машаяктын күнөөлөрүбүздүн кечирилишине шарт түзгөн куткаруу курмандыгы. Кудайдын Сөзүндөгү таза чындыктар да өмүр берүүчү, тазартуучу сууга окшош (Эф. 5:25—27). Ушундай баталар биздин күндөрдө кантип агууда?

11 1919-жылы Жахабанын бир нече миң эле кызматчысы болгон жана алар зарыл болгон рухий тамакты алып жатканына абдан кубанышкан. Ондогон жылдар ичинде алардын саны өсө берген. Бүгүн Кудайдын элинин саны 8 000 000дон ашат. Ушунча көп кишиге чындыктын таза суусу жетиштүү болуп жатабы? Ооба! Бизге Ыйык Китептеги көп чындыктар ачылып берилди. Өткөн кылымда Кудайдын элине миллиарддаган нускадагы Ыйык Китептер, китеп-журналдар, китепчелер жана баракчалар «агып келди». Дүйнө жүзүндөгү көптөгөн адамдардын рухий суусуну кандырылышы үчүн, акактай таза чындыктардын агымы, аяндагы дарыя сымал, тез эле тереңдеп кете берген. Алсак, узак убакыттан бери Ыйык Китепке негизделген адабияттар басма түрүндө чыгарылып келет. Эми алардын электрондук түрү jw.org сайтында 900дөн ашуун тилде чыгууда. Чындыктын ушундай суулары жүрөгү тазаларга кандай таасир этүүдө?

12. а) Ыйык Китептеги чындыктар адамдарга кандай пайда алып келип жатат? б) Аянда биздин күндөр үчүн өз убагында берилген кандай эскертүү камтылган? (Шилтемени да карагыла.)

12 Өмүр берүүчү суу. Жезекиелге: «Суу кайда агып барса, ошол жерде баары жанданат»,— деп айтылган. Чындыктын суулары калыбына келтирилген рухий жерибизге келгендердин баарына кандай жол менен таасир эткени жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Ыйык Китептеги чындыктар жүрөгү жумшак миллиондогон адамдарга өмүр берип, рухий саламаттыгын чыңдоодо. Бирок аянда өз учурунда берилген эскертүү да камтылган: баары эле чындыкка болгон сүйүүсүн сактай бербейт. Жезекиел аянында көргөн Жансыз деңиздеги баткактуу, саздактуу жерлер сыяктуу, Ыйык Китептеги чындыктарды баалабай, Жахабаны таштап кеткендер да бар *. Биз эч качан ошолордой болуп калбайлы! (Окугула: Мыйзам 10:16—18.)

13. Бак-дарактар жөнүндөгү аяндан кандай маанилүү ойлорду биле алабыз?

13 Тамак-ашка, дарылыкка пайдаланылган бак-дарактар. Аяндагы дарыянын боюнда бак-дарактардын өсүп турганы биз үчүн бекемдээрлик ойду камтыйбы? Албетте! Ал дарактардын ай сайын жаңы, ширелүү жемиш берерин, жалбырактары дарылыкка пайдаланыларын эстесеңер (Жез. 47:12). Ал дарактар бизди эң маанилүү жактан, рухий жактан, кенен азыктандырып, айыктырып жаткан Кудайга кызмат кылып жатканыбызды да эске салат. Бул дүйнө рухий мааниде оорулуу да, ачка да десек болот. Ал эми Жахабанын бизге кантип кам көрүп жатканы жөнүндө ойлонуп көрсөңөр. Журналдарыбыздан кайсы бир макаланы окугандан кийин, райондук же региондук жыйындын соңку ырынан кийин, же болбосо кайсы бир видеону же телеберүүбүздү көргөндөн кийин ушундай сонун рухий тамак менен азыктанганыбыз зор бата экенин сезген учурларыңар болду беле? Ырас, биз рухий жактан жакшы тамактанып жатабыз (Ыш. 65:13, 14). Рухий тамак рухий саламаттыгыбыздын жакшырышына салым кошуп жатабы? Кудайдын Сөзүнө негизделген пайдалуу кеңештер адеп-ахлаксыздык, ач көздүк, ишенимдин жетишсиздиги сыяктуу рухий душмандарды жеңгенге жардам берүүдө. Жахаба олуттуу күнөөдөн улам рухий ооруга чалдыккандарга да көмөк көрсөтүш үчүн чара көрүп койгон. (Окугула: Жакып 5:14.) Ооба, Жезекиелдин бак-дарактар жөнүндөгү аянында көрсөтүлгөндөй, биз мол бата алып жатабыз.

14, 15. а) Жезекиелдин аянындагы суусу баткактуу айыкпаган жерлер жөнүндө айтылгандардан кандай маанилүү нерсени билсек болот? б) Жезекиелдин дарыя жөнүндөгү аянынын бизге кандай пайдасы тийип жатат?

14 Суусу баткактуу айыкпаган жерлер жөнүндө жазылгандардан да маанилүү бир нерсени билсек болот. Биз Жахабанын баталарынын жашообузга агып келишине эч качан бөгөт койгубуз келбейт. Эгер бул дүйнөдөгү рухий жактан ооруган көптөгөн адамдардай болуп, айыкпай жүрө берсек, кандай гана кейиштүү болмок (Мт. 13:15). Тескерисинче, баталардын дарыясынан пайда алып жатканыбыз бизге терең канааттануу тартуулайт. Кудайдын Сөзүндөгү чындыктын таза суусунан тамшанып ичкенде, кабар айтуу ишине катышып ошол чындыктарды башкаларга айтканда, ишенимдүү кулдан үйрөнүп жаткан аксакалдар сүйүүгө негизделген жетекчилик бергенде, соороткондо, жардам бергенде Жезекиелдин аянындагы дарыяны эстейли. Ал дарыя, каякка агып барбасын, өмүр берип, айыктырат!

15 Дарыя жөнүндөгү аяндын келечекте аткарылышы жөнүндө эмне деп айтууга болот? Мындан ары биле турганыбыздай, дарыя келечектеги Бейиште болуп көрбөгөндөй деңгээлде агат.

Аяндын Бейиштеги аткарылышы

16, 17. а) Өмүр суусу Бейиште кандай мааниде болуп көрбөгөндөй кеңейет? б) Бейиште баталардын дарыясынын кандай пайдасын көрөбүз?

16 Бейиште досторуңар менен үй-бүлөңөрдүн курчоосунда рахаттанып жашап жатканыңарды элестетесиңерби? Жезекиелдин аянындагы дарыя жөнүндө окуп-изилдегендерибиз ал жашоону айкыныраак элестеткенге жардам берет. Кандайча? Аяндагы Жахабанын сүйүүсүн айгинелеген так-даана көрсөтүлгөн үч нерсеге дагы бир жолу токтололу.

17 Баталардын дарыясы. Каймана дарыя кандайдыр бир мааниде Бейиште абдан кеңейет, анткени анын рухий эле жактан эмес, денелик жактан да пайдасын көрөбүз. Миң жылдык башкаруунун тушунда Кудайдын Падышалыгы ишенимдүү адамдарга куткаруу курмандыгынан мурункудан да көбүрөөк пайда алганга жардам берет. Адамдар бара-бара жеткилеңдикке жетишет! Ал убакта доктур, медайым, оору-сыркоо, оорукана, медициналык камсыздандыруу деген болбойт! Өмүр суусу Армагедондон аман өткөн миллиондогон адамдарга — «улуу алааматтан» өткөн «эбегейсиз көп адамдарга» — агып барат (Аян 7:9, 14). Бирок ошол учурда ага турган баталардын ал дарыясы, канчалык таасирдүү көрүнбөсүн, андан ары боло турган нерселерге салыштырмалуу жылжып аккан суудай эле болуп калат. Аянда көрсөтүлгөндөй, ал дарыя көбөйө берген муктаждыктарды канааттандырыш үчүн кеңейгенден кеңейе берет.

Бейиште баталардын дарыясынын таасири менен ар бир киши жаш жана чың ден соолукта болот (17-абзацты карагыла)

18. Миң жылдык Падышалыктын тушунда «өмүр суусу аккан дарыя» кандай мааниде агымы шар чоң сууга айланат?

18 Өмүр берүүчү суу. Миң жылдык Падышалыктын убагында «өмүр суусу аккан дарыя» агымы шар чоң сууга айланат (Аян 22:1). Миллиондогондор эле эмес, миллиарддагандар тирилет жана аларга Бейиште түбөлүк жашоо мүмкүнчүлүгү берилет! Анткени Жахабанын Падышалык аркылуу төгө турган баталары өз ичине өлүм уйкусунда жаткан көп адамдарга — сөөгү эчак эле сөпөт болуп калгандарга — өмүр берүүнү да камтыйт (Ыш. 26:19). Бирок алардын баары эле түбөлүк жашайбы?

19. а) Бейиште Кудайдан келген чындыктын жаңы суулары болорун эмне көрсөтүп турат? б) Айрымдар келечекте кандай мааниде «туз каптаган» бойдон калат?

19 Бул ар бир адамдын өзүнөн көз каранды болот. Ал кезде жаңы түрмөктөр ачылат. Жахабадан келген сергитерлик суу өз ичине жаңы чындыктардын ачылышын, жаңы рухий көрсөтмөлөрдү камтыйт. Ошолор тууралуу ой жүгүртүү жүрөгүбүздү толкутпайбы? Бирок, тилекке каршы, айрымдар ал баталарды четке кагып, Жахабага баш ийбей коюшат. Айрымдар Миң жылдык Падышалыктын тушунда козголоң чыгарышы мүмкүн, бирок аларга Бейиштеги тынчтыкты бузууга жол берилбейт (Ыш. 65:20). Балким, биз ошондо Жезекиелдин аянын эстеп, «туз каптаган» бойдон калган суусу баткактуу жерлер жөнүндө ой жүгүртөттүрбүз. Абдан баалуу өмүр суусунан көшөрүп ичпей койгондор кандай гана акылсыздык кылышат! Миң жылдык Падышалыктын соңунда козголоңчулардын тобу Шайтан тарапты ээлейт. Бирок Жахабанын адил башкаруусун четке каккандардын баарын бир эле нерсе күтүп турат: алар түбөлүккө жок болушат (Аян 20:7—12).

20. Миң жылдык Падышалыктын тушунда биздин пайдабыз үчүн көрүлгөн кайсы чара Жезекиел аянында көргөн бак-дарактарды эсибизге салат?

20 Тамак-ашка, дарылыкка пайдаланылган бак-дарактар. Жахаба Бейиште жашай тургандардын эч кимисинин түбөлүк өмүрдөн айрылып калышын каалабайт. Өзү сунуш кылып жаткан кереметтүү мүмкүнчүлүктөн пайдаланганга жардам бериш үчүн ал Миң жылдык Падышалыктын тушунда Жезекиелдин аянындагы бак-дарактарга окшогон чаранын көрүлүшүнө кам көрөт. Бейиште Жахабадан рухий баталарды эле эмес, денелик баталарды да алабыз. Иса менен 144 000 кошо башкаруучусу падышалар катары асмандан миң жыл бийлик жүргүзүшөт. Иса менен бирге алар дин кызматчылардын тобу катары куткаруу курмандыгын колдонуп, ишенимдүү адамдардын баарына жеткилеңдикке жетүүгө жардам берет (Аян 20:6). Сөздүн түз маанисинде да, рухий жактан да айыгууга өбөлгө түзгөн ал чара Жезекиел көргөн дарыянын боюндагы жемиши азыкка, жалбырактары дарылыкка пайдаланыла турган бак-дарактарды эсибизге салат. Жезекиелдин аяны элчи Жакан жазган башка билдирүүгө шайкеш келет. (Окугула: Аян 22:1, 2.) Жакан көргөн дарактардын жалбырактары «элдерди айыктырганга колдонулган». Ырас, миллиондогон ишенимдүү адамдар 144 000дин дин кызматчы катары аткарган кызматынан пайда алат.

21. Жезекиелдин дарыя жөнүндөгү аяны тууралуу ой жүгүртүү силерге кандай таасир этти жана эмки бөлүмдөн эмнени билебиз? («Жылжыган суунун чоң дарыяга айланышы» деген кутучаны карагыла.)

21 Дарыя жөнүндөгү аян тууралуу ой жүгүрткөндө жан дүйнөңөр тынчтыкка бөлөнүп, үмүтүңөр жалындай түшпөйбү? Бизди кандай гана кереметтүү жашоо күтүп турат! Бейиштеги жашоону элестеткенге жардам бериш үчүн Жахаба миңдеген жылдар мурун көп пайгамбарлыктарды жаздырып койгон. Ушундайча ал бизди, аян түрүндө берилген ошол убадалардын аткарылышын өз көзүбүз менен көрүшүбүз үчүн, Бейиште жашаганга чыдамдуулук менен чакырып жатат. Силер ошол жашоону көрөсүңөрбү? Балким, бул мен үчүн чын эле мүмкүнбү деп ойлоноттурсуңар. Кийинки бөлүмдөн Жезекиелдин пайгамбарлыгындагы акыркы сөздөр бизди ушуга кантип ынандырарын билебиз.

^ 3-абз. Мындан тышкары, өз жергесин жакшы билген туткундагы жүйүттөр дарыянын Иерусалимден агып чыгып, Жансыз деңизге куюшу мүмкүн эмес экенин билишсе керек. Анткени анда дарыя айрым жерлерден өрдү көздөй агышы керек болуп калмак.

^ 6-абз. Айрым изилдөөчүлөр бул жерде туз жөнүндөгү маалымат оң мааниде колдонулган деп эсептешет. Анткени бузулуудан сактап турган касиети бар тузду чогултуу Жансыз деңиздин аймагында кирешелүү иш болуп келген деп түшүндүрүшөт. Анткен менен аятта ошол баткактуу суулардын «айыкпай» турганы так-айкын айтылганы көңүлгө аларлык. Алар жансыз, айыкпаган бойдон калат, анткени Жахабанын үйүнөн агып чыккан өмүр берүүчү суу аларга жетпейт. Демек, бул контекстте ошол суусу баткактуу жерлердин туздуу болгону терс мааниде колдонулган көрүнөт (Заб. 107:33, 34; Жер. 17:6).

^ 12-абз. Ушу менен катар эле, Исанын тор жөнүндөгү мисалына токтололу. Торго көп балык түшкөн, бирок баары эле «жакшы» болуп чыккан эмес. Жараксыздарын ыргытууга туура келген. Ушундайча Иса Жахабанын уюму менен байланышта болгондордун бир тобу убакыттын өтүшү менен ишенимсиз болуп калышы мүмкүн экенин эскерткен (Мт. 13:47—50; 2 Тим. 2:20, 21).