Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тактоолор

Тактоолор

Көп жылдар бою «Күзөт мунарасына» Жезекиелдин пайгамбарлык сөзүндөгү айрым нерселерге байланыштуу түшүнүгүбүздүн өзгөргөнү жазылып келген. «Акыры калыбына келтирилген таза сыйынуу» деген ушул китепте кошумча тактоолор камтылат. Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

Төрт тирүү жандыктын төрт бети эмнени билдирет?

Мурунку түшүнүк: Тирүү жандыктардын — керуптардын — төрт бети Жахабанын төрт негизги сапатын билдирет.

Тактоо: Тирүү жандыктардын төрт бетинин ар бири Жахабанын негизги төрт сапатынын бирин билдиргени менен, баарын чогуу алганда, алар өз ичине Жахабага таандык сапаттардын баарын камтыйт. Ошондой эле Жахабанын кубаты менен улуулугунун теңдешсиздигин түшүнүүгө жардам берет.

Негиз: Кудайдын Сөзүндө төрт деген сан көбүнесе бүт бардык нерсени өз ичине камтыгандыкты же толуктукту сыпатташ үчүн колдонулат. Демек, төрт бет, чогуу алганда, тек гана төрт бөлөк сапатты эмес, Жахабанын кастарлоо сезимин туудурган табиятынын негизин түзөт. Ошондой эле ал беттердин ар бири улуулукту, күч-кубатты билдирген тирүү жандарга таандык. Ошентсе да ар бир керуптун төрт бети катары көрсөтүлгөн каймана мааниге ээ ал кубаттуу төрт тирүү жандык Жахабанын тактысынын алдында турган. Бул Жахабанын бүт баарынын үстүнөн бийлик жүргүзөрүн баса белгилеп турат.

Катчынын сыя кутусу бар киши кимди билдирет?

Мурунку түшүнүк: Сыя кутусу бар киши майланган калдыкты билдирет. Учурда алар кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши аркылуу «эбегейсиз көп адамдарга» киргендердин маңдайына каймана белги коюп жатышат (Аян 7:9).

Тактоо: Катчынын сыя кутусу бар киши Иса Машаякты билдирет. Ал койлор деп табылган эбегейсиз көп адамдарга «улуу алаамат» учурунда белги коёт (Мт. 24:21).

Негиз: Жахаба сот жүргүзүүнү Уулуна тапшырган (Жкн. 5:22, 23). Матай 25:31—33-аяттарга ылайык, ким «кой», ким «эчки» болору чечиле турган акыркы сотту Иса жүргүзөт.

Охола менен Охолиба деген сойку эже-сиңди католик жана протестант болуп экиге бөлүнгөн христиан дүйнөсүнүн прообразыбы?

Мурунку түшүнүк: Эжеси Охола (Ысрайылдын борбору Самария) католицизмди, сиңдиси Охолиба (Жүйүттүн борбору Иерусалим) протестантизмди билдирет.

Тактоо: Бул сойку эже-сиңди христиан дүйнөсүнүн бир да бөлүгүнүн прообразы эмес. Алар жөнүндө жазылгандар бир учурда ишенимдүү болгон элинин рухий мааниде сойкулукка барганы Жахабага канчалык катуу тийгенин түшүнүүгө жардам берет. Ал бардык жалган диндерге карата так ошондой сезимдерди туят.

Негиз: Ыйык Китепте Охола менен Охолибанын христиан дүйнөсүнүн прообразы экени айтылбайт. Ысрайыл менен Жүйүт бир кезде Жахабанын ишенимдүү аялдарына салыштырылган, ал эми христиан дүйнөсү эч качан Жахаба менен андай ынак мамиледе болгон эмес. Мындан тышкары, Жезекиел китебинин 16, 23-бөлүмдөрүндө Кудайдын ишенимсиз элинин сойкуга салыштырылганы ал элдин өзгөрөрүнө жана калыбына келерине үмүт байлаткан. Улуу Бабылдын бөлүгү катары христиан дүйнөсүнүн болсо андай үмүтү жок.

Байыркы Ысрайыл христиан дүйнөсүнүн прообразыбы?

Мурунку түшүнүк: Ишенимсиз Иерусалим — христиан дүйнөсүнүн прообразы. Демек, Иерусалимдин кыйрашы пайгамбарлык мааниде христиан дүйнөсүнүн кыйрашын билдирет.

Тактоо: Ишенимсиз Иерусалимдеги жагдай, анын ичинде бурканга табынуучулук жана кыянат иштердин кеңири жайылганы христиан дүйнөсүн эске салат, бирок азыр Иерусалимди христиан дүйнөсүнүн прообразы деп эсептебейбиз.

Негиз: Байыркы Ысрайылды христиан дүйнөсүнүн прообразы деп эсептөөгө Ыйык Китепте так-айкын негиз жок. Байыркы Иерусалимден айырмаланып, христиан дүйнөсү таза сыйынууну эч качан жактаган эмес. Жахаба Иерусалимдин күнөөлөрүн убактылуу кечирген, ал эми христиан дүйнөсүнүн күнөөлөрү эч качан кечирилбейт.

Кургап калган сөөктөргө толгон өрөөн жөнүндөгү аян кантип аткарылган?

Мурунку түшүнүк: Куугунтукталган майлангандар 1918-жылы Улуу Бабылдын туткунуна түшүп, өлүк сыңары дээрлик иш-аракетсиз абалда болушкан. Кыска убакытка созулган ал туткундук 1919-жылы Жахаба аларды Падышалыктын жарчылары катары жандандырганда соңуна чыккан.

Тактоо: Өлүк абалга салыштырылган рухий туткундук абдан узак убакытка созулган жана 1918-жылдан кыйла мурун башталган. Ал б. з. 2-кылымында башталып, б. з. 1919-жылы аяктаган жана аны, негизинен, Исанын мисалындагы буудай менен отоо чөп чогуу өскөн көпкө созулган убакыт аралыгына окшоштурууга болот.

Негиз: Байыркы Ысрайыл б. з. ч. 740-жылдан тартып б. з. ч. 537-жылга дейре узак убакыт бою туткунда болгон. Жезекиелдин пайгамбарлык сөзүндө сөөктөрдүн «кургак» болгону, «кагырап кургап калганы» айтылат. Бул ошол сөөктөрдү билдиргендердин абдан узак убакыт бою өлүк абалда болгонун көрсөтөт. Сөөктөрдүн калыбына келтирилиши убакытты талап кылган акырындык менен жүрө турган процесс катары сүрөттөлгөн.

Эки таяктын бир таяк болуп бириктирилиши кандай мааниге ээ?

Мурунку түшүнүк: Ишенимдүү майланган калдыктын биримдиги Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда кыска убакытка бузулган, бирок алар 1919-жылы кайрадан биримдикке ээ болушкан.

Тактоо: Бул пайгамбарлык сөздө Жахабанын ага сыйынгандарды бириктирери баса белгиленген. Убакыттын өтүшү менен, 1919-жылдан кийин, майлангандардын калдыгына саны күн санап өсүп жаткан жерде жашоого үмүттөнгөндөр кошулган. Учурда эки топ тең Жахабага бир эл катары сыйынып жатат.

Негиз: Бул пайгамбарлык сөздө бир таяктын адегенде экиге бөлүнүп, кийин кайра бир таяк болуп бириктирилгени көрсөтүлгөн эмес. Демек, бир топтун экиге бөлүнүп кетип, кийин кайра бириктирилери айтылган эмес. Пайгамбарлыкта эки бөлөк топтун бириктирилери сүрөттөлөт.

Магок жеринен чыккан Гок деген ким?

Мурунку түшүнүк: Магок жеринен чыккан Гок — асмандан куулуп түшкөндөн кийин Шайтанга карата колдонулган пайгамбарлык мааниге ээ ат.

Тактоо: Магок жеринен чыккан Гок Жахабага сыйынгандарга улуу алаамат учурунда чабуул коё турган жердеги улуттардын бирикмесин билдирет.

Негиз: Гоктун пайгамбарлык мааниге ээ сүрөттөлүшү, тагыраак айтканда, жырткыч куштарга жем болору жана ага жерден көрүстөн берилери анын рух эмес экенин көрсөтүп турат. Мындан тышкары, Гоктун чабуулу Даниел жана Аян китептеринде жердеги улуттардын Кудайдын элине коё турган чабуулу жөнүндө айтылгандарга окшош (Дан. 11:40, 44, 45; Аян 17:14; 19:19).

Жезекиел көргөн жана кыдырган ибадаткана элчи Пабыл түшүндүрүп жазган улуу рухий ибадаткана болгонбу?

Мурунку түшүнүк: Жезекиелдин аянындагы ибадаткана менен элчи Пабыл түшүндүрүп жазган рухий ибадаткана бир эле нерсени билдирет.

Тактоо: Жезекиел б. з. 29-жылы пайда болгон рухий ибадаткананы эмес, Мусанын Мыйзамына ылайык келген таза сыйынуунун мыкты үлгүсүн көргөн. Пабылдын ыйык рухтун жетеги менен жазгандарында Исанын Улуу Башкы дин кызматчы катары б. з. 29—33-жылына чейин аткарган иштерине басым жасалган. Ал эми башкы дин кызматчы жөнүндө сөз да кылынбаган Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аянында б. з. 1919-жылы башталган рухий жактан калыбына келтирүү ишине басым жасалган. Андыктан Жезекиелдин ибадаткана жөнүндөгү аянында майда-баратына чейин көрсөтүлгөн өзгөчөлүктөрдүн жана чен-өлчөмдөрдүн пайгамбарлык маанисин издебейбиз. Анын ордуна, негизги максатыбыз Жахабанын таза сыйынууга койгон талаптарын билүү болушу керек.

Негиз: Жезекиелдин аянындагы ибадаткана рухий ибадатканадан маанилүү жактардан айырмаланат. Мисалы, Жезекиелдин аяны жаныбарлардан көп курмандык чалынганы менен өзгөчөлөнөт; ал эми рухий ибадатканада бир эле курмандык «бир эле жолу» чалынган (Евр. 9:11, 12). Машаяк келгенге чейинки кылымдарда Жахабанын рухий ибадаткана жөнүндөгү терең чындыктарды ача турган убагы келе элек болчу.