Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮК

«Ыйык ысмыма толук берилгендик көрсөтөм». Таза сыйынуунун чабуулга туруштук бериши

«Ыйык ысмыма толук берилгендик көрсөтөм». Таза сыйынуунун чабуулга туруштук бериши

ЖЕЗЕКИЕЛ 39:25

ӨЗӨК ОЙ: Жахабанын өз элин улуу алааматта аман алып калышы

Жахаба адамдарды сүйөт, ошентсе да кылган иштери үчүн жоопко тартат. Ал ага сыйынам деп коюп, иш жүзүндө ага берилгендик сактабагандарга кандай карайт? Улуу алааматта кимди сактап калышты эмненин негизинде чечет? Сүйүүнүн Кудайы миллиарддаган ыймансыз адамдарды эмне үчүн жок кылат?

БУЛ БӨЛҮКТӨ

15-БӨЛҮМ

«Мен сойкулугуңду токтотом»

Аян жана Жезекиел китептеринде сойкулар жөнүндө жазылгандардан эмнелерди билүүгө болот?

16-БӨЛҮМ

«Маңдайына белги коюп чык»

Жезекиелдин күндөрүндө Кудайга ишенимдүү кишилердин куткарылуу үчүн кантип белгиленгени биз үчүн терең мааниге ээ.

17-БӨЛҮМ

«Оо, Гок,.. мен сага каршы чыгам»

Магок жеринен чыккан Гок ким жана ал кайсы жерге чабуул коёт?

18-БӨЛҮМ

«Каарым кайнайт»

Гок кол салганда, Жахаба каарданып, өз элин коргойт.